Дилазык: Сократттын сөздү электен өткөзкөнү

  • 13.07.2021
  • 3871

Бир адам Сократтан сурайт:

– Билесиңби, сен жөнүндө досуң мага не дегенин?

– Коё тур, – деп токтотот Сократ, – бир нерсени айтардан мурда үч электен өткөр, анан айт. Адегенде аны чындыктын элегине алалы. Ал айткан сөздүн чындыгына көзүң жетеби?

– Жок, мен аны бирөөдөн уккам.

– Демек, сен бул сөздүн анык экенин билбейсиң. Экинчи электен өткөзүп, – анын жакшы-жаман экенин көрөлү. Сен менин досум жөнүндө жакшы сөз айткың келип турабы?

 – Жок, тескерисинче.

 – Демек, сен ал жөнүндө уккананыңдын чын, төгүнүн билбей туруп жаман нерсе айткың бар. Үчүнчү элекке келели, – анын керектүүлүгүн текшерип көрөлү. Сенин мага айтар сөзүңдү сөзсүз угушум керепи?

–Жок, анын анча деле кажети жок.

 – Анда эмесе, – деп жыйынтыктаптыр Сократ – Сенин айтар сөзүңдө же чындык жок, же жакшы ниет жок, же бир пайда жок. Андай сөздү айтып эмне кыласың?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз