Азиз Несин: Токтой тур, не болорун көрөбүз

  • 26.07.2021
  • 3568

АҢГЕМЕ

Босфор тарапта Кара-Деңизге жакын Анадолуда деңиз жээгинде жайгашкан кичинекей чайхана...

Ал чайхананын кардарлары ошол айылдын жашоочулары болгондуктан бири-бирин жакшы таанышат. Көпчүлүгү пенсияга чыккандар. Пенсияга чыккандан кийин алардын сөздөрү жалаң эле жашоонун оордугу, кымбатчылык, арты тыйылбаган тынымсыз кабыл алынган мыйзамдар тууралуу.

Бүгүн да алгач мурунку дарттарынан баштап өлкөнүн чечилбей жаткан маселелерин талкуулай башташты. Өкмөт инфляцияны отуз пайызга түшүрүү үчүн сөз берген болчу, бирок 80 пайызга көтөрүлдү.

- 80 пайызгабы? Ах, эми эмне болот? Германия, Франция, Швейцарияга жумушчуларды жөнөтүп жатышыптыр, эми жумушсуздарды Арабия, Австралияга да тентитишет тура. Анысы аз келгенсип Советтер Союзуна да жумушчуларды жөнөтүшүүдө. Кетүүнү каалаган жумушчулар өтө көп, кезекке кирүү үчүн бир-бирин тебелеп салышыптыр.

- Алла, Алла!.. Мына, коммунист Россияга жумушчуларды дагы жөнөтүшөт бекен?!

- Акчанын коммунисти, фашисти, дини-ыйманы болчу беле, жолдош, акча-акчадыр, келсин кайсы жактан келе турган болсо да келсин. Мен коммунисттин акчасына мечит салдырып, куран курсун окута баштасам жакшы эмеспи!.. Сооп болот.

- Макул анда, мунун аягы кайда барат, тууган? Аллах, акыретибизди оңдосо экен!

 - Мырзалар, уктуңар беле, мамлекеттин бүтүн тапкан пайдалары, алган тышкы карызыбызды, жылдык пайызды төлөгөнгө да жетпейт экен... Америкадан алган карыздар менен эски карыздардын пайызын араң төлөнөт тура...

- Алла, Алла... Муну менен жашообуз кандай болот, тууган?..

- "Аямеф" деген эл аралык уюмду уктуңар беле... Ошол, улуттар аралык акча чогултуучу фонд экен...

- Улуттар аралык деген эмне?

- Ал деген Америка дегендик. Көрдүңүзбү, өз өлкөбүздө кайсы жерге эмне саларыбызды,  эмнени кандай жасаарыбызды, фабрика, жолубузду, бардык нерсебизге чечимди Америка берет тура, катыгүн...

- Чындаппы?.. Муну билбейт болчумун... Мейли, жашообуз мындай болсо, анда аягыбыз эмне болот?..

Күнүгө, күндө кечинде ушул темалар сүйлөшүлөт... Ар бир сүйлөшүүдө окшош сөздөргө кайра-кайра таң калуулары бүтпөйт. "Чындаппы!", "Алла, Алла!.." деген сөздөрдү айтуудан жадашпайт. Чайханадагы чалдар бири-бирине дайыма жоопсуз суроолорду беришет.

- Жашоо мындай болсо, келечек эмне болот?

- Күтөлү, көрөбүз!

- Күтөлү, эмне болорун?

- Мунун аягы кайда барат, мындай кетсе? - Ойлонуудабыз. - Күт, көрөбүз, эмне болорун?

Бул таң да адаттагы эле темадан башталды жана чайханадагы ар ким бири-бирине: "Токтой тур, күтөлү, эмне болорун?" дешти.

Көп азапты көргөн, эки кылымды жашаган Топканадагы аскер мектебинен пенсияга чыккан абышка:

- Көптөн бери эле "Токтой тур, көрөбүз эмне болорун" деп жатасыз, бул сөздөрүңүз менин жакын таанышымдын жашаган окуясын эстетти,- деди.

Баары ошол абышканы тиктеп калышты. Жакын таанышы жашаган окуяны айтып берүүсүн суранышты. Көңүл бурдурууну каалаган абышка, окуяны мындайча баштады. Өлкөбүз тар заманга тушугуп, бейиштей болгон Босфордун эң көркөмдүү тоолорун, кырларын, жерлерин, бензин менен байыган араптарга сата башташты эле го... Мына, ошол убактарда бир бай арап пайда болду. Шейхпи, ханзаадабы же башкабы, айтор түшүнүксүз бирөө. Аты Ебул-Фатых Ел-Мышки. Босфордун эң кереметтүү тоосунан бирөөсүн сатып алды. Ал жерге конок үйбү, сарайбы, бир курулуш курдуруп жатканын уктук. Ошол убакта бул арап бир түрк кызына үйлөнгүсү келет. Кайсы түрк кызы экени белгисиз, түрк кызы болсо болду... Негизгиси сулуу болсун дептир.

Ебул-Фатыхка жер сатып алууда жардам берген кишилер, ага кыз издей башташат. Ебул-Фатых издеген кызда төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр болушун ортомчуларга эскертет: жаш, апасы өппөгөн жана абдан таза, өтө ак көңүл кыз болсун дейт. Ушул заманда Стамбулдан мындай кыз табуу мүмкүнбү? Ебул-Фатыхта акча көп, сөзсүз издегенин табарына ишенет.  Ебул-Фатых өзүнө керектүү түркчө сөздөрдү үйрөнө баштайт, үйлөнө турган кызга "жат, тур, чоюл, аркаңды кара" деген сыңары сөздөрдү айтуу үчүн...

Ортомчулар Ебул-Фатыхка көптөгөн кыздарды көрсөтүшөт, эч кимди жактырбайт. Сүттөй ак, баклажандай көркөмдүү, сандары жоон болушун самайт. Акырында бир кызды жактырат. Биз Ебул-Фатыхты ошондо таныдык. Анткени, Ебул-Фатых сүйгөн кыз менин катынымдын алыс тууганынын кызы болчу... Кыз ошол арап каалагандай, 17 жаштагы, куран окуган, апакай, жоон сандуу... Ак көңүлдүүлүгүнө карасак, акмактан бираз эле айырмасы боло тургандай ак көңүл... Ал эми Ебул-Фатыхты көрсөңүз, коркуудан илебиңизге учуктар жайнап кетиши толук мүмкүн. Кыздын атасынан да карыган арап. Адамга окшогон түрү суук скелет сыяктуу бул арапты көргөн бирөө, эки колун көк асманга көтөрүп: "Эй, Жараткан, баарын сен каалагандай Жаратасың.." деп таң калыптыр.  Анын үстүнө бул араптын өз өлкөсүндө эсеби толук белгисиз, үчпү же бешпи катыны болгондуктан, бул кызды өкүмөт никеси менен эмес, имам никеси аркылуу кыйдырууну каалайт.  Кандай болгон күндө да Ебул-Фатых кыз менен үйлөндү.

Өтө ишенчээк, ак көңүл кыз, өтө жакыр үй бүлөдө чоңойгондуктан турмуш куруп, бай жерге барганына абдан бактылуу. Күйөөсүнүн аты Ебул-Фатых ел-Мышки өтө узун ат, кыздын ата-энеси кыскартып Фытых аба дешет. Кээде Фатых Мырза дешсе арап аты бираз түркчөгө окшошуп калат. Кыздын өзүнөн алты жаш кичүү иниси бар. Абдан акылдуу. Ал Фатых аба дебей, Фытык аба дейт.

Мен дагы катыным менен эки жолу үйүнө бардык. Босфор тоосундагы чоң сарайын салганга чейин Нишанташынан жогорку сапаттагы квартира сатып алыптыр, ал квартираны кыздын менчигине жаздырган. Биз ошондо Фытых аба менен тааныштык.

Андан бери канча убакыт өттү...

Мындан кийинки болгон окуяны мага жубайым айтып берди. Ал болсо, Фытых абанын жаш аялынан угуптур. Анткени, аял бардык нерсени ким менен жолукса айта берет экен. Фытык абанын сулуу, кичиней аялы дайыма көчөдө шейшеп оронуп жүрөт. Фытык аба кызганчаак болгондуктан жаш аялын туугандары менен жолугушуусун көп жактырбайт. Бирок, Фытык аба үйдө болбогон күндөрү жаш аялы үйдө олтургандан жадайт. Кызганчаак аба "аялын төрт дубалга камап койду" деген сөзгө калууну каалабайт. Аялына ишенген күйөөдөй көрүнгүсү келет тегерекке.  Мына, ошондуктан үйдө болбой турган эки күн ичинде жубайына алыска барбай жакын жерге чыгып келүүгө болорун айтат. Жаш аял абдан кубанат, бирок көчөдө жалгыз кантип жүрөт? Киного барсам болобу? - деп сурайт. Фытык аба көпкө ойлонот. Чечим чыгаруу оңой эмес. Барба десе, аялына басым жасагандык болот, бар дегенге көңүлү чаппайт. Чогуу барганга болбойт. Акырында мындай дейт:

- Ооба...Уруксат... Биринчи, ал кинону мен көрөйүн, андан соң  сен көр...

Фытык аба ошол аймактагы кинотеатрдагы бардык кинолорду көргөндөн кийин "Азирети Өмердин адилеттүүлүгү" аттуу кинону көрүүгө уруксат берет.

Нежмие – жаш аялдын аты. Кинотеатрга барат... Фытык абанын ою уйгу-туйгу...Эртеси кечинде сапардан үйүнө кайтып келет. Ох, шүгүр Нежмие үйдө экен.

- Нежмие?

- Ооу.

- Мен жокто эмне жасадың?

Нежмие баарын төкпөй-чачпай айта баштайт.

- Ах, сураба...

Кантип сурабай коёт, кызыгуудан араң турат.

- Эмне болду, Нежмие?

- Башыма бир нерсе келди.

- Эмне келди башыңа?

Нежмие айтып жатат:

- Сен айткан кинотеатрга баруу үчүн орондум.

- Абдан жакшы.

- Көчөгө чыктым.

- Анан?

- Жолдо баратсам бир киши жандап басты.

- Бир киши?

- Ооба... Мен басып баратсам, ал да жанымда баратты. Мен баратам, ал да баратат. Токтой тур, көрөбүз, эмне болорун деп кызыктым.

Фытык аба абдан жинденди, бирок аялына билгизбей таң калгандай түр көрсөттү!

- Алла, Алла... Мен да кызыга баштадым. Токтой тур, эмне болот, көрөлү?

- Мен баратам, ал баратат... Ушундай жанымда. Бир карыш алыстабайт. Токтой тур, көрөбүз, эмне болорун дедим ичимден...

- Фасупханеллах... Токтой тур, көрөбүз, эмне болорун?

- Сен айткан киного билет алдым, ал адам да киного кирди.

Бул убакта Фытык аба аялынан сурайт:

 - Абдан кызык. Көрөбүз, эмне болорун? Андан соң?

- Андан соң мен олтурсам, жанымдагы бош орунга олтурду.

- Таң калыштуу! Токтой тур, көрөмүн эмне болорун?

- Жарыктар өчүрүлдү, кино башталды.

- Айт, Нежмие?

- Ал киши колу менен санымды сылай баштады.

- Эмне деп жатасың, катын?!.

- Оронгон шейшептин алдынан колун салды. Ааа! Таң калып эле калдым...

- Эмне кылды?

 - Аны мен дагы билбейм, кызыгып жатамын го, эмне болорун күтүүдөмүн...

- Алла, Алла мен да кызыгуудамын, токтой тур, көрөбүз, эмне болот?

- Анан ал киши ал жак, бул жагымды кармалай баштады. Чынында абдан кызыктым. Сен болсоң, кызыкпайт белең?..

Фытык абанын көзүнөн от чыгууда, бирок аялы өтө ак көңүл, ашыкча ишенчээк болгондугун билгендиктен баарын сурап жатты!

- Нежмие, токтой тур, күтөлү, эмне болорун?

- Анан "Азирети Өмердин адилеттүүлүгү" аттуу кино бүттү. Лампочкалар күйдү. Мен турсам, ал да турду.

- Андан соң киши?

- Ооба.

- Токто, күтөлү  эмне болорун?

- Театрдан чыктым, ал дагы чыкты. Мен басып баратам, ал дагы жанымда.

- Ах, Нежмие анан. Токтой тур, көрөбүз, эмне болорун?

- Мен дагы кызыгуудамын. Мен бурчтан кайрылдым.

- Ал дагы кайрылдыбы?

- Кайрылды.

- Тезирээк айт, Нежмие, анан?

- Биздин үйдүн эшигинен кирдим, ал киши да кирди. Токтой тур, көрөбүз, эмне болорун, кызыгуудамын.

Фытык аба тердеп чыкты...

- Анан?

- Биздин кабатка чыктым, ал киши да чыкты.

- Вай, адам вай!..

- Сумкамдан ачкычты алып биздин бөлмөнү ачтым, ичкери кирсем, ал да кирбедиби...

- Ичкериби?

- Ооба.

- Токтой тур, көрөбүз, эмне болорун, тез айт, Нежмие...

- Үйгө келгенде албетте, жатуу бөлмөсүндө чечиндим. Ал дагы чечинсе болобу?

- Эмне деп жатасың, Нежмие? Токтой тур, көрөбүз эмне болорун?

- Чечинип төшөккө жаттым. Боло турган нерсе эмес, ал дагы мени менен төшөккө жатты.

Фытык аба ысык темирге отуруп алгандай бакырды:

- Айва-аааах! Токтой тур, көрөбүз эмне болорун?

- Мен дагы төшөктө эмне болоруна кызыгуудамын.

- Ах, Нежмие, жарылайын деп калдым. Тез айт, анан эмне болду, Нежмие?

- Эч нерсе жаным... Эч нерсе эмес экен, мен да бекер эле убараланып кызыгыпмын.

Тамчы-тамчы тер агып жатты Фытык абадан.

- Жок де... Макул, эмне болду, Нежмие? Эмне кылды анан?

 - Ой, сен күнүгө түнү эмне кылсаң ошону эле жасады...

Мээсине ок жегендей болгон Фытых аба эмне кылат эми, аялы болсо ошончолук ак көңүл, ошончолук ишенчээк. Жаман окуя болгонунан да кабарсыз... Эч нерсе болбогондой... Сабаганга болбойт. Кубалаганга болбойт.

Эркектигине чаң жугузбоо, жигиттигине сөз келтирбөө үчүн Фытык аба мындай дейт:

- Ах, Нежмие, мен дагы маанилүү бир нерсе болгон го деп ойлоп жаттым эле. Токтой тур, көрөбүз эмне болорун деп бекер убарагерчиликке барыпмын. Көрсө, маанисиз эле окуя тура.

Окуяны айтып берген кары пенсионер абышка:

- Мына, көрдүңөрбү достор, ушул окуяны алдына чыккандын баарына айта берет экен аялы. Менин катыным да өз оозунан угуптур.

Титиреген колундагы кофесин столго койгон мурунку аким пенсионер:

- Алла, Алла, эч түшүнгөн жокмун, сен бул окуяны эмне үчүн айтып бердиң? Мааниси кайда?

Абышка:

- Күнүгө бул жерде сүйлөп-сүйлөп, аягы "Токтой тур, көрөбүз, эмне болорун?" деп кызыгып жатасыңар го, мына сизди ошол кызыгуудан, күтүүдөн куткаруу үчүн эмне болорун айтып бердим.

Түрк тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз