Элеттеги кары кемпир катуу ыза болду. Келини өз абийири менен босогосун аттабады. Ал жалгыз уулунун турмушу үчүн күйүп-бышып, өзү көп кыздардан ушул келинин жактырып, өмүр бою тапкан-ташыганын кудасынын үйүнө төгүп-чачып алып барды. Эл таң калган той өткөрдү. Кайгынын баары тойдун эртеси башталды. Кабагын бүркөгөн уулу энесине сөз айтпады. Тек гана тойдо кийген жаңы кийимдеринин бирин калтырбай чечти да, эски кийимдерин кийген бойдон үйдөн чыгып кетти. Ал айылды кесип өткөн чоң жолдо шашып келатты. Кечээ тою түшкөн жигитке бүшүркөй карагандарга элес албагандай салам-алик да айтышпады. Ошол бойдон бир нече күн үйүнө келбеди.
Кемпир жалгыз калган келининин үстүнө шар кирип бара албады. Тизеси калтырап, ансыз да күчү кайткан буттары шалдырап, эски сөрүсүндө отуруп калды. Илгери мындай учурда кыз баланы атасынын үйүнө кайра жеткирип салышкан, ал өлүм менен барабар болгон. Кемпир ызасына чыдабай үн салып ыйлап жибергиси келди, көкүрөгү толуп чыкты. Бирок эл-журттан намыс кылды. «Түрүң менен, түсүң менен куруп калгыр, албарсты, ичинде ошончо дарты бар экен, неге айтпайт, бирөөнүн тагдырын, мал-пулун кор кылбай» – ушинтип ичинен күбүрөнгөн кемпир мал сойчу курч бычакты көтөрүп кирип, суйкайган сулуу келининин бетин жара тилип жибергиси келди.
«Дагы диплом алып, бала тарбиялай турган болгон имиш, шуркуя десе». Кемпирден бешбетер бозала болгон кудагыйы жетип келип жалынып жалбарды: «Кудай акы, бир аз чыдай туруңуз, элге, тууган-урукка шерменде болбойлу, мал-пулуңузду төлөп берели, бу наалатынын мындайын билсем өлөйүн».
Эл-журттан намыс кылып үч адам эптеп эки жыл чамасы бирге жашады. Данектей наристенин төрөлүшү да көңүлдөгү ызаны кетире албады. Келин чоң чатактан кийин атасынын үйүнө кетип калды. Кызын көтөрүп күн сайын эртең мененки автобуска түшүп райборбордогу бала бакчада иштеп жүрдү. Ушул күндөрдүн биринде наристе автобустан кокус атасын көрүп калды. Атасы автобустун арткы эшигинен кирген эле. Буту жер баса элек бала бар күчү менен атасын көздөй талпынды. Апасынын колунан чыгалбай тушалган ал автобусту жаңыртып ыйлап коё берди. Кызды келиндин колунан алып атасына узатканга эч ким даабады.
Наристе ыйлай берди, калың кийингендиктен тердеп да чыкты. Келиндин эси кетти соорото албай. Бала эч нерсеге алаксыбай койду, апасын тепкилеп бошонууга аракет кылды. Эки көзү атасында, эки колун канат кылып аны көздөй жайып алган. Апасы буттарын коё берсе эле учкудай болуп турат. Тик турган атасы кызынын жаш толгон көздөрүн карай албай карбаластап калды. Же колун созуп кызын ала албады. Автобустагылар ар ким өз алдынча бул үйбүлөнүн жакында болгон чырын талкуулап, ичтеринен боппоз болуп эси кеткен келинди да, кызарып карбаластаган жигитти да: «Өлүп кетишсин, ушуну көрмөк» деген кыязда болушту. Бирок наристенин кулакты жарган ачуу кыйкырыгы эч кимисин кайдыгер калтыра албады.
Баланын үнүн келиндин арт жагында отурган абышка керең кулагы менен да туйду шекилди, чыдабады, териштирип да отурбады, ага чалдын чамасы да жок эле. Ал кызды келиндин колунан жулуп алды да, атасын көздөй берип жиберди. Наристе колдон колго өтүп атасына жетти. Жетээр менен үнү тып басылды.
Бир кезде тагдыр менен ойноп отко түшкөн келин кызын күч менен кармаган колдору шалдырап, денесинен бөлүнүп калгандай отуруп калды. Азыр автобустан түшкөндө эмне болору да ага баари бир эле.
Болпойгон бетин жаш менен тер чайган наристе саамга атасынын колунда өпкөлөп тынчый түштү. Эми мойнун созуп автобус ичинен апасын издей баштады. Көздөрү алаңдап апасы тарапка талпынды. Атасы менен апасынын ортосундагы карыш аралык кызды дагы азапка салды. Ал атасынын колунда тыбырчылап апасына кол созду. Наристе дагы ыйлай баштады. Автобустагылар туш-туштан жаалап киришти:
– Алчы, кызыңды, боздотуп бүттүңөр, баланын убалы урсун силерди!
– Баланы минтип кыйнаган жоругуңар жолдо калсын!
Ар ким өз билгенин айтып жатты. Келиндин кулагы тунуп чыкты. Деми кысылып, дүйнө караңгылады. Кызы колуна тийген ал биринчи эле аялдамада, райборборго жетпей түшүп калды. Бу чөлкөмдөн алыс кеткиси келди, кайда барарын өзү да билбейт…
23.03.1991