АҢГЕМЕ
Бул окуя тээ илгери, Буурчак падышанын убагында болуптур: акылдуу ата-энеден бир жинди бала туулат. Иванушка кичинекей кезинде эле ата-энеси бул бала деги кимди тартып калды экен?– деп таң калышчу. Энекеси атасын тартыптыр десе, атакеси энекесине окшоштурчу, акыры талашып-тартышып жүрүп, экөөбүздү тең тартса керек деген чечимге келишкен.
Ата-энеси баланын жинди болуп калганына деле капа болушмак эмес. Жинди тыпыйып үйүнөн чыкпай жүрө берсе анын эмнеси жаман эле, – бирок ал башкача жинди болуп жатпайбы, көз жаздымынан чыгарбай карап турбаса, анын кылык-жоругу үчүн башчылардын алдында жооп берип калышың мүмкүн. Шоктук кылат, адамдын оюна келбеген нерселерди жасайт. Ага мындай кылууга деги ким укук берди экен? Же ушундай мыйзам бар беле?
Жиндилер да ар кандай болушат, а бул акылдуу жинди. Тиги колуңду созсоң жеткидей жерде жашаган Милитриса Кирбитьевнаны уулу Левка – ал дагы жинди. Жеңин колунун учтарына чейин түшүрүп алып, жылаңаяк көчөгө чуркап чыгат да, бир буту менен оромпой тээп секирип, тамагы айрылгыча: “Тили-тили, Левканы сабашты, би-ми-би-ми, бом-бум!” деп кыйкырып жүрө берет. Азыр аны муздак бөлмөгө камап салышчу болгон. Тим кой, ошол жерде кыйкырып олтура берсин! Ал тургай бир жолу губернатор текшерүү менен келгенде Левканы ага көргөзүшкөндө, ал аны жактырып: “Аны жакшылап баккыла, бизге жиндилер керек!” деген экен.
Токоч
А бул жинди – башкалардай эмес. Үйдө китеп окуп же энекеси менен атакесине эркелеп олтурат да, бир убакта жылан чакпай, жылкы теппей эле капыс жерден бир нерсени ойлой калып, туруп чуркап жөнөйт. Тим эле өрт каптап келе жаткандай. Жети өлчөп, бир кесчү иштерге ойлонуп олтурбай баш оту менен кирип кетет; айтпай турган сөздөрдү балп эткизип салат. Же күлөрүңдү билбейсиң, же ыйларыңды билбейсиң. Ага кыйкырасыңбы, сабайсыңбы баары бир – сезип да, тыңшап да койбойт. Өз билгенин жасайт да, үйгө келип, эч нерсе болбогонсуп ата-энесине эркелеп олтуруп калат.
— Ээ, айланайын сага эмне болду? Көчүк басып отуруп бир аз эс алсаң боло!
— Апаке, мен чарчаган жокмун.
— Күчүгүм, кайда жүгүрүп келе калдың? Эч кимге айтпай эле чуркап кеттиң да!
— Апаке, мен Левкага барып келдим. Левка ооруп калыптыр, ал нан сурады; наабайчынын дүкөнүнөн токоч алып жеткизип бердим.
Муну укканда энекеси бакырып жиберди.
— Ай, кудайым-ай! Сен мени өлтүрөсүң го! Ал эмне кылганың, кокуй! Демек, сен токочту дагы уурдап алдың да!
— Кантип «уурдаптырмын»? А «уурдады» деген эмне?
Кошуналары атасы менен апасына канча жолу айтышпады дейсиң:
— Өзүңөрдүн жиндиңерди тыйгыла! Ал өз жиндилиги менен бизге канча зыян келтирип жатканын билесиңерби!
Бирок ата-энелери эч нерсе кыла алышчу эмес, “Тыйгыла! деш оңой. А аны кантип тыя аласың? Байкуш ата-эненин жүрөгү жинди баласы үчүн акылдуу баласына караганда көбүрөк ооруй турганын адамдар кантип түшүнбөйт?”
Мына, атасы жинди уулуна түшүндүрө баштайт: “Токоч бирөөнүн оокаты, ага тийүүгө болбойт”. — Ал бир нерсени түшүнө баштагансыйт: “Ошондойбу, атакеси!” Бирок ошол учурда кайдан-жайдан Левка пайда болуп: “Ваня, мага нан берчи!” – дейт. Ал – шуу этип чуркап чыгат да, наабайчынын дүкөнүнөн токочту эч сураксыз алып жөнөйт! Муну кандай түшүнсө болот: ал уурдадыбы же уурдаган жокпу?
Квартал башчысы
Наабайчы чыдап жүрдү, чыдап жүрдү, акыры бир күнү чындап жинденди: ал квартал башчысына арыз жазып барды. Жиндинин ата-энесине квартал башчысы келип мындай деди: “Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы, жиндиңерди сабап койбосоңор болбойт”. Энекесинин жүрөгү ооруду, бирок башка айла жок. Атакеси квартал башчысынын айтканын угуп, жиндини сабады.
Бирок жинди эч нерсе түшүнгөн жок. Эти катуу ооруду, ыйлады, ошентсе да “Эмне үчүн?” деп сураган да жок, “Экинчи андай кылбайм!” деп да айткан жок. Ал болгону таң калды: “Атам мени эмне үчүн сабады болду экен?”
Ошентип, бул ага сабак болбой, бекер кетти: Иванушканы сабаганга чейин кандай жинди болсо, таяк жегенден кийин деле ошондой жинди бойдон калды. Левканын көчөдө жылаңаяк жүгүрүп жүргөнүн терезеден көрөт да – сыртка чуркайт, өтүгүн чечип ыргытып, көйнөгүнүн жеңин колунун учуна чейин түшүрүп, тиги менен кошулуп ары-бери чуркай баштайт.
— Мунун кылганын кара! — деп нааразы болот энекеси, — жиндини туураган кантип жакшы болсун!
— Апаке, мен аны туураган жокмун, мен аны ойнотуп жатам, ал жалгыз зеригип жатпайбы.
— Ойно! Ойной бер! Жинди менен кошо өзүң да жинди болор бекенсиң!
Экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп, атасы энесине кыйкырды:
— Сөзгө түшүнбөгөн неме менен эмне сүйлөшөсүң! Эркелетип жүрүп эмнеге жеттиң?! Көтөнгө тез-тез чаап турганда эмдигиче адам болуп калмак!
Коргоочу
Бардык кошуналары атасынын айтканын туура көрүштү: биринчиден жиндилерди жазалоо тууралуу мыйзам бар; а экинчиден Иванушка баарын тажатып бүткөн эле.
Жакында эле кошунанын балдары аркандалып турган текенин жанын койбой эрмектеп ойногулары келишкен экен, – ал текеге болушуп ортого түшө калат. Ортодо калган немени артынан теке сүзүп, алдынан балдар колуна тийген нерселер менен соккулашат, а ага болсо баары бир, – үйүнө көгала кылып жеткизип келишти! А эртеси жинди кайрадан бир окуяга кабылды: ашпозчунун колунан корозду жулуп кетти. Ашпозчу колтугуна корозду кысып келаткан. А жинди анын алдынан чыгат:
– Кузьма, корозду кайда алып барасың?
— Кайда болмок эле, алып барып союп, шорпо бышырам…
Жинди аны карай атырылып секирди дейсиң! Кузьма эсине келгенде — короз дубалдын кырына чыгып, канаттарын каккылап кыйкырып жаткан!
Атасы ага түшүндүрүп кирди:
–Короз — сеники эмес да, а эмне үчүн ашпозчудан жула качасың?
А ал өз айтканын бербей безилдейт:
– Менин корозум эмес экенин билем, бирок ал ашпозчунуку да эмес, ал өз алдынча...
Үй-бүлөсү анын жароокер жана жоош деп жакшы көрүшкөнү менен убакыт өткөн сайын ал өз жоруктары менен бардыгын тажатты. Бир нерсе жегиси келдиби – апасынан барып: “Апаке, буфетте турган май токочтон жесем болобу?” – деп бир ооз сурамай деген жок анда, өзү барат да каалашынча аңтарып, колуна тийгенин жеп кете берет. Ойногусу келеби, – унчукпай кийинет да суранбай-этпей көчөгө чыгып кетет. Бир жолу үйдүн жанынан кайырчы өтүп баратып, терезенин түбүнө токтойт, а апасы эсине жара чыккансып ошол күнү үстөл үстүнө үч сомдук акчасын калтырып кеткен экен, – ал үч сомду алат да кайырчыга берип салат!
— Оо, кудайым-ай! Бул тапкан ташыганын көрүнгөнгө чачкан бир байкуш болот ко! —сыздап жиберди апакеси.
— Сөзсүз ошондой болот, — деди атакеси апакесине жинденип, — какыс-кукус кылып сабап койгондун ордуна талтаңдатып эркелете берсең андан да жаман болот!
Айла жок, апакеси да жиндини сабады. Бирок чынын айтканда эне кургур эптеп эле чабымыш болгону болбосо... А ал жүрөктү эзип, ботодой боздоп ыйлап, энекесин кучактады.
— Ах, апакем! Менин байкуш апам!
Ошондо апакеси уулуна кол көтөргөнүнө аябай, аябай өкүндү, уулуна боору ооруп өзү да кошо ыйлады.
— Айланып кетейин жиндим! Экөөбүздү кудай албай койду го!
Бир жолу ал өзүн да, апакесин да аз жерден жок кылып ала жаздады. Ал күнү алар үй-бүлөсү менен дарыя жээгинде эс алып жүрүшкөн. Атасы менен апасы колтукташып артта келатышкан, а жинди алдыга түшүп, алар Нигерге куйган булактарды ачканы жүрүшкөндөй, а өзүн алдыда күтүп турган коркунучтар жокпу билип келүүгө жиберилген чалгынчыдай сезип бараткан эле. Капыстан алар кыйкырган үндү угушту: карашса кимдир-бирөөнүн кичинекей баласы сууга чөгүп бараткан экен! Аны-муну дегиче жинди сууга секирип түштү, жиндинин артынан кийип турган кийими менен апасы сууга секирди. Алардын артынан сууга формачан эки полиция кызматкери. А атасы тордун жанында туруп алып, канатын каккылаган канаттуу сыяктанып, эки колун өйдө-ылдый шилтеп кыйкырганы: “Меникилерди сактап калгыла! Меникилерди! Акыры, полициялар үчөөнү тең суудан алып чыгышты.
Апасы чочуп калганы болбосо эч нерсе болгон жок, а жинди бир ай бою эти ысып төшөктө жөөлүп жатты. Ал өзүнүн жиндилик кылганын түшүндүбү же эсине келгенде жанында арыктап, купкуу болгон апакесин көрүп, ага боору оорудубу, айтор көзүнүн жашын көлдөтүп:
– Апаке! апаке! Апакебайым! Эмнеге экөөбүздү кудай алып кеткен жок? – деп ыйлап жиберсе болобу.
А жанында турган атакеси жинди жок дегенде ушул жолу: “Кечирип койгулачы, атаке, апаке экинчи мындай кылбайм!” – деп айтат ко деп үмүт кылган. Бирок андай сөз чыккан жок.
Бул окуядан кийин атасы менен апасы көпкө чейин жиндини эмне кылабыз деп кеңеш өткөзүштү. Залда кучакташып ары-бери басышты, маселени ары жагынан, бери жагынан карашты, көпкө кеңешип, тыңгылыктуу жооп таба алышкан жок.
Үй кодекси
Атакеси акыйкат жүргөн адам эле. Ал үйүндө да, конокко барса да, көчөдө жүрсө да “Аткарбагандан соң мыйзамды жазуунун кажети барбы?” – деп какшап жүрчү. Жадагалса анын көрүнүшү да күлкүлүү эле, бир колунда тараза кармап, а экинчи колу менен анын бир табагына жакшы жоруктарынын, экинчи табагына жаман жоруктарынын салмагын ченеген таштарды салганы жаткандай сезилчү. Ошондуктан, жогору жактагы айтылып өткөн кылык-жоругун эске алып, Иванушкага карата катуу чара колдонууну чечип, үй-бүлөлүк кодекс кабыл алууну талап кылды.
— Күнөө жасадыбы, демек, ошого жараша жазасын алуу керек. Мынакей көр!
Ал бир барак кагазга жазып алган кодекстин долбоорун көргөздү:
Кылык-жоруктардын аталышы |
Канча балак менен жазаланат |
Улуулардын тилин албоо |
5-7 |
.... |
..... |
Бирок эне деген эне да. Акыйкаттуулукка ал деле каршы эмес болчу, бирок ал аны башкача, – алгачкы коомдо жашаган адамдар түшүнгөн мааниде, эл “акыйкат” адам тууралуу кеп кылышканда түшүнгөндөй мааниде түшүнчү. Демек, жаза колдонбой эле, кечирим берүү керек. Ал юридикалык жактан билими төмөн болсо дагы атасын бир мүнөткө жеткизбей уят кылды.
– Биз аны эмне үчүн жазалашыбыз керек? Сууга чөгүп бара жаткан баланын өмүрүн сактап калгысы келгени үчүнбү?
Ошентсе да атакеси жиндини мындан ары үйдө алып калуу мүмкүн эместигин, аны “окуу жайына” берүү керектигин көшөрүп айтып, апакесин көндүрүүгө жетишти.
Алгачкы мезгилдерде окуу жайындагы бир кылка өткөн тынч жашоо жиндинин кылыктарынын чыгышына шарт түзгөн жок. Анын жан-дүйнөсүн козгоп, капилеттен курч сезимдерин ойготчу эч нерсе жок эле. Биринчи жылы окутуп деле жыргатышкан жок, болгону окуу материалдары менен тааныштырышты. Анын үстүнө чогуу окуган жолдошторунун арасында анчалык айырма – бирөөгө боор ооруп, болуша турган, жардам бергенге муктаждык жараткан айырма жок болчу.
Бардыгы жайма-жай, окуунун ийгилиги негизинен эс-тутумга байланыштуу жүрүп жаткан. Ал эми эс-тутуму мыкты жана жүрөгү таза болгондуктан Иванушканын жинди аты өчүп, аз эле жерден акылдуу деген атакка илинип кала жаздады.
— Мен сага айттым беле? — деп дардая түштү атакеси.
— Болду, болду, таарына бербечи! — деди апакеси аны эртерээк уяткарып койгонуна өкүнгөндөй.
Татаал илимдер
Окутула турган сабактардын көлөмү өскөн сайын, Иванушканын иши да татаалдаша баштады. Көпчүлүк сабактарды ал таптакыр түшүнө албай калды. Тарыхты, юриспруденцияны, байлыкты топтоо жана аны бөлүштүрүү илимдерин түшүнчү эмес. Түшүнгүсү келбей жалкоолонуп жаткандыктан эмес, ал бул сабактарга чындап эле мээси жетпей турган. Мугалимдер менен устаттарынын түшүндүрөбүз деген аракеттерине “Андай болушу мүмкүн эмес!” деген бир гана жообу бар эле.
Ошондо анын чындап эле накта жинди экендигине көздөрү жетти. Сабакты кээде жаттап алганы эле болбосо, өлүп баратса да илим башына кирбеген жинди экендигин көрүштү. Жаратылыш кээде таш боор болот: илимдин алгачкы кириш бөлүгүн гана ачууга жөндөм берип, ал материалдардан тыянак чыгарууга кезек жеткенде – жылчыксыз тосмо коюп салат, анда эле иштин бүткөнү.
Атакеси кайрадан жинденип, жинди бала туудуң деп апакесин күнөөлөй баштады. Апакеси байкуш ага каяша айткан жок, күчүн көз жашына чыгарып жүрдү. Чын эле Иванушка өмүр бою жинди бойдон калабы!
— Сен жок дегенде түшүнүп жаткандай болуп койбойсуңбу! — деп үйрөтчү ал Иванушкага, — өзүңдү колго алып, бир аз болсо да түшүнүүгө аракет кыл, кел мен сага көрсөтүп берейин!
Энекеси китепти ачат да окуй баштайт: «§. уялаш бир туугандардын ортосунда мурасты бөлүштүрүүнүн тартиби тууралуу» — ал баары бир эч нерсе түшүнбөйт! Анан экөө тең ыйлашат: апакеси да, жинди да.
А атакеси бер жактан бакырат: эң алгач уялаш бир туугандарды ажырата билиш керек: биринчиден, кандаш бир туугандардан, экинчиден уялаш болгон менен ошол эле учурда кандаш бир туугандардын катарында болгондордон, үчүнчүдөн ача балталардан...
— Карачы, атаң кандай мыкты билет! — деп таң калат апакеси ыйлап жатып.
Апасынын көз жашын көргөн жинди көп эле жолу өзүн колго алууга аракет жасады. Ошондой учурларда класска кирет да, дептерин ачып, эки кулагын алакандары менен жаап алып, жаттай баштайт. Жаттап алганын татынакай кылып айта баштайт да... бир кезде эле Александр Македонский жөнүндө адамдын оюна келбеген бир нерсени балп эткизип жибергенде, мугалимдин таз башындагы үч кыл чачы тик тура калат.
— Олтур! — дейт мугалим, — киши деле болуп жыргатпайсың! Сен эч качан мамлекеттик адам боло албайсың. Ата-энең жакшы адамдар болгонуна кудайга шүгүр де. Эгерде алар башкача болгондо... Олтур! Колуңдан келсе өзүңдүн жаман кылыктарың менен устаттарыңдын көңүлүн оорутпаганга аракет кыл!
Анын бул айтканы туура чыкты: ата-энесинин кадыры менен жиндини класстан класска көчүрүп жүрүшүп, акыры окуу жайын кадимки балдардай эле бүтүрүп чыкты. Ал үйүнө аттестатын алып келгенде апасы аны ачып карады да ыйлап жиберди. А атасы сурданып ага суроо узатты:
— Эй, куу тумшук, дагы эмне балээнин ичинен чыгып келдиң?
— Ата, мен эч нерсе кылган жокмун, — деп жооп берди ал, — бул, окуу жайынын ушундай эрежеси болсо керек...
Ал сөзүнүн аягына да чыккан жок; көчөгө чыккан Левканы көрө калып, ага чуркап кетти.
Левка
Левканы ал мурдагысынан да жакшы көрүп калды, анткени байкуш жинди баштагыдан да аянычтуу болуп калган эле. Алты жыл мурдагыдай эле колуна тырмоо алып, жылаңаяк жүргөн, бирок чачтары саксайып өсүп, бою шыргыйдай болуп чоңоюптур. Милитриса Кирбитьевнанын аны карабай калганына көп болгон; тамак берчү эмес, кийинтип деле жыргаткан жери жок. Ошондуктан, ал дайыма ачка жүрчү, токоч саткан боорукер айымдар болбогондо, эчак ачкасынан өлүп калмак.
Бирок ал баарынан да көчөдөгү балдардын кордугун көп көрчү. Аны бир кадам да жөн бастырышчу эмес: аны туурашчу, иттерин ага айдакташчу, санынан чымчып кетишчү, көйнөгүнүн этегинен тарткылашчу. Керелден кечке анын озондоп ыйлаганы угулуп турчу. Ал этинин катуу ооруганына чыдабай ыйлачу, бирок кайсы жери ооруп жатканын түшүнчү эмес.
Жинди Левкага болушчу, суукта жылытып, кийинтип, курсагын тойгузар эле. Левкага керек нерсенин бардыгын ал сурабай алчу; эгерде керектүү нерсени таба албай калса, бербейт деген түшүнүктүн ага тиешеси жоктой, үнүн ишенимдүү чыгарып, бер деп талап кылар эле. Жиндилер гана жалдырабай, кокус бербей койсо уят болом го, шагым сынат деп ойлобой, туура жасап жатам деген терең ишеним менен ушинтип талап кыла сүйлөй алышат. Ал эч кимден да, эч нерседен да коркчу эмес, эч нерседен жийиркенчү да эмес, жана да анда коркуу сезими деген нерсе жок болчу.
Полицияны көргөндө чочуп, көчөнүн аркы жээгине чыга каччу эмес, тескерисинче, эч күнөөсү жок адамдай анын алдынан сүзө качырып чыкчу. Шаарда өрт чыкса – ал биринчилерден болуп отко кирчү; бир жерде катуу ооруган адам төшөктө жатканын укса – ага барып, керектүү кызматын көргөзүп жанында болчу. Андай учурларда жинди эмей эле соо адамдар таппаган сөздөрдү таап, оорулуунун көңүлүн көтөрчү.
Анын жүрөгүн өйүгөн бир маселе бар эле: ал өзүнүн жиндилигин жасап жүргөндө, ага тынчсызданган апакеси түндүн бир оокумуна чейин көз ирмебей, уктай албай чыкчу. Бирок анын тагдырында өзүн аёо дегенди билбеген, башкалар үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр, эч кимдин эркине баш ийбеген, жапайы, түшүнүксүз бир нерсе бар эле, ал окуянын аягы эмне менен бүтөрүн, жакын адамдарын кандай абалда калтырарын ойлонуп да койбой, ошол нерсеге эркинен тышкары жетеленип кетчү.
Колукту
Жиндинин ата-энеси дайыма аны бир аз да болсо адам кейпине келтириш үчүн эмне айла кылсак деген ойдо жүрүштү. Бир жолу атакеси аны жергиликтүү училищага тарбиячы кылып орноштурган (бул кызматка айлык албай иштесе жинди деле жарай берет дешсе керек, а балким ал айлык акы менен деле жарамак!); бирок жинди ал жерде адамдын оюна келбеген жаман иш жасагандыктан, полиция ал ишти ата-энесинин кадыр-баркын сыйлагандыктан гана жабууга араң макул болгон. Ошондон кийин апакесине “жиндини үйлөнтүп коюшса, балким кудайдан болуп, анын акыл-эси оңолуп калгысы бардыр” – деген ой келди.
Сураштырып жүрүшүп, колуктуну да табышты. Колукту конок үйүндө эки дүкөн кармаган, менменсинген сулуу Подвохина деген көпөстүн жаш жесири эле. Жесир өз ишин мыкты билчү, эң мыкты сапаттагы товарлар менен соода кылып, эч кимге көз каранды болбой тың жашачу. Кыскасы, жиндиге мындан артык колукту жок эле. Сырт келбетинде эч айыбы жок, жоош, жаш жигит – өз кезегинде колуктуга да жакты. Ал тургай башкалардан айырмаланып, ал жиндинин кирди-чыкты акыл-эси бар экенин байкады. Болгону аны тарбиялап алуу гана керек экен. А бул иш колунан келеринен шектенген жок.
Бирок жиндинин жалпы адамзатка тиешелүү инстинкттери ушунчалык терең уктап калган экен, ал тургай уялчаак, боорукер жесир да таң калды. Жанында жүрүп, бир да жолу сезими ойгонуп, бир да булчуңу кыймылдап койгон жок ко, чиркин... таттуу сүйүүнүн ыракатын күткөн үмүтү акталбаган жесирден уялмак түгүл, эч бир ыңгайсыздыкты да сезбеди. Жинди жесирдин берген тамагын жеп, чайын ичип жүрө берди, ал өз үйүнөн Подвохинанын үйүнө эмнеге көчүп келгенин түшүнгөн деле жок окшобойбу.
– Зериккен жоксузбу, Сиз эч нерсени түшүнбөйсүзбү? – деп сурайт жаш, сулуу жесир.
– Жок, аябай зеригип жатам! Бул менин эч нерсе кылбай бекер жүргөнүмдөн дешет.
– Анда аракет кылып... бирөөнү сүйүңүз!
– Коё туруңузчу! Кантип сүйбөй коёюн! Бардыгын сүйүү керек! Бактылууларды – өз жашоосунда бакытка жеткендиги үчүн; бактысыздарды – азап-тозокту көп көрүшпөгөндөрү үчүн сүйөм.
Ушинтип, үй-бүлөлүк турмуш да оңунан чыккан жок. Жесир зымырайып өзүн кармап жүрдү, ал тургай бир жылча күтө турмай да болду, бирок бир-эки айдан кийин шаар башчысы Лиходеевге тийип алды. Эми алардын конок үйүндө төрт дүкөнү бар; аптанын жөнөкөй күндөрү төрт дүкөнү тең иштейт; ал галантерея товарларын сатат, а күйөөсү – бакалея товарлары менен соода кылат; кардарларын полициянын жана мамлекеттин башка майрамдарында ичине эт салынган токоч нан менен сыйлашат.
А жинди кайрадан ата-энесинин моюнуна минген, өрт өчүрүп, оорулууларды багып, үйүнө бир үйүр кайырчыларды жыйнап эч нерсе менен иши жок жүргөнү жүргөн.
— Оо кудай, ашка жүк, башка жүк кылбай бул жиндини алып кетсең гана! — деп апакесине угузбай кобуранат атакеси.
А апакеси кудайдын боорукердигинен үмүтүн үзбөй, ага жалынганы жалынган. Кудай акыл-эсин оңдоп, Иванушка полиция мырзанын жана анын жардамчысынын жолуна сөзсүз түшөт! — деп ишенет. Ал деле бир кызмат ордун ээлеш керек да! Бардыгынын кызматы болуп, жалгыз аныкы жок болушу мүмкүн эмес болчу.
Бир гана адам жиндиге башкача көз караш менен карап, ага туура баа берди, ал адам да бул жердик эмес, капыстан бул шаарга кайрылып калган жолоочу эле. Ал жиндинин атакесинин эски таанышы болгондуктан ага учураша кетүүнү чечкен. Алар аркы-беркини айтып көпкө олтурушту: өтүп кеткен жаштык кездерин, ал учурда баштарынан өткөзгөн окуяларды жыргап эстешти, учурдагы абалдары тууралуу да кеп салышты. Атакеси бөлмөнүн каалгасын бекем жаап койду да, бири-бирине жан дүйнөсүнүн каалгасын кенен ачып, эч нерсени жашырбай сырларын төгүштү. Кучакташты. Сөз менен айтышпаса да ичтеринен: “Сен ушундай экенсиң да, бир тууганым!” деп ойлоп жатышты. Албетте, жинди тууралуу да сөз болбой койгон жок; оңолбой калгандыктан, эми аны көзүнчө эле “жинди” деп чакырып башташкан эле.
Жиндинин ичинде арамы жок экен
Жолоочу жинди тууралуу кызыгуу менен укту, а эртең менен кайрадан сапарга чыгарда мындай деди:
– Ал жинди эмес, болгону, ичинде арамы жок ниети таза адам экен, ошондуктан ал бул жашоого ыңгайлаша албайт тура. Кээси болот, арам ойлорунан чындап эле арылгылары келет, бирок бул процесс көпчүлүк учурларда өтө оор өтүп, андай адамдардын бир тобу кризиске кабылат. А анын организминде арам ойго орун жок болгондуктан, андай ойлордон арылам деп убара да болбойт. Жаратылыш аны өзү коргоого алган. Бир учурда жашоо аны жиндилик менен акмакчылыктын бирин тандоого мажбурлайт. Мен ал мүнөттүн келишин шаштырбагыла деп кеңеш берет элем, анткени ал мезгил келгенде бул дүйнөдө андан бактысыз адам болбойт. Бирок ошондо да мен бул нерсеге толук ишенем, – ал жинди боюнча калгысы келет.
Мына ушундай деди да жолоочу шаардан чыгып кетти. А атакеси ойлонуп калды. Ал өзүнүн бала кезден берки өмүрүн көз алдынан чубуртуп өткөзүп, өзүндө кандай арам ойлору болгонун, андан кантип кутулганын эстей баштады. Албетте, ал канчалык катуу талап койгон менен, сыноодон мыкты чыкты. Анда эч качан арам ой болбоптур, демек, андан кутулуунун жолдорун издөөнүн да кажети да жок эле. Анда ал эмне үчүн жинди эмес?
Ойлонуп, ойлонуп олтуруп, досу акылынан айнып калыптыр деп чечти. “Петербургдун булуң-бурчтарында олтуруп алышып, баш көтөрбөй окуй беришкенден улам, мээлери айланып айлампаштарга айланат окшобойбу А биз эч жакка алыс барбай өзүбүздүн Пошехондордо калабыз: окуп кыйын болуп кетпейбиз, бирок мээ кайыктарга да кошулбайбыз, – ушундай болгону эле жакшы да.
Жиндиликте жаратылыштын эч кандай тиешеси жок, ал былжырайт, эгерде кокустан кудайдын буйругу менен менин жиндиме акыл-эс кирип калса, ал андан бактысыз болуп кетпейт болчу, кызматка орношуп, эл катары жашап кетмек.”
Ал ушинтип ойлонуп алып, кыялына өзү да ишенди: мына-мына Иванушка акылына кирип, башкаларга үлгү болот, каалаган кызматына орношот. Бирок андай болмок турсун жинди бир кутмандуу таңда үйдөн чыгып кетип, ошол боюнча кайрылып келген жок.
Бир топ жылдар өттү; карып калган кемпир-чалдын көздөрүнүн жашы кургаган жок. Алардын аны күтпөгөн бир да күнү, бир дагы көз ирмеми болбоду. Бардыгы жиндини унутуп калышты. Ал бир гана атакеси менен апакесинин эсинен кетпеди, басса-турса да алардын оюнан: “Ал шордуу кайда жүрөт болду экен? Кандай күндү көрүп жүрөт? Курсагы ток, кийими бүтүнбү? Тирүүбү же өлүп калдыбы? Жиндиге кырсыкка кабылуу кыйынбы?” – деген сыяктуу жүздөгөн суроолор кеткен жок.
Балдарынын алаканына тикенек кирип онтолосо, өз жүрөктөрүнөн өткөзгөн байкуш ата-энелердин башына түшкөн мындай оор кайгыны, кудай бир да жандын башына салбасын!
Бирок бир күнү жинди кайрылып келди. Кандай жоголуп кетсе, ошондой эле капыстан пайда болду. Мурдагы ден-соолугу чың, күчү ашып-ташып турган жиндиге таптакыр окшобойт. Жүзү кумсарып, арыктап сөөктөрү эле калыптыр. Катуу кыйналганы кебетесинен көрүнүп турду. Кайда тентип жүрдү? Кандай турмуш өткөздү? Бир нерсени түшүнөбү же баягыдай элеби? – андан эч ким бул суроолорго жооп ала алган жок. Үйүнө келгени түнөрүп, бир ооз сөз айтканга жарабай унчукпай жүрдү.
Кандай болгон күндө да жолоочунун айтканы туура чыкты: анын өлгүчө жинди деген аты өчкөн жок.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ