* * *
Чыңгыз хан 515 аял алган
деп жүрөт билбейм, бирок чынбы, жалган.
Мен болсо өмүрүмдө бирди сүйүп,
Шого да жетпей жүрөм жалгыз арман.
А мүмкүн жетер белем жетким келсе,
А мүмкүн өбөр белем өпкүм келсе.
А бирок жете албадым, өбө албадым,
Турбайбы сүйүү деген өкүм нерсе.
Болсо да өкүм нерсе, сүйөм бирок,
Ушу азыр болк-болк этип турат жүрөк.
Бирөөнө жетпесем да арзып, күйүп,
Түшүмө 515 аял кирет.
Ойгоном. Олтурамын кайта жалгыз,
Оюмда жалгыз ошол кайталангыс.
Жетпесе миллион эркек ашыгына
Ошонун бирөөмүн деп айталам түз.
Бутумда ошол турат басарымда,
Көзүмдө ошол турат жатарымда.
Түшүмдө ошол турат. Миллион эркек
сагалайт. Мен да турам катарында.
А мүмкүн жетермин да эрте-кечпи,
Сүйүү бул оомал-төкмөл нерсе эмеспи.
А бирок жетпей койдум, ообой койду
Шум тагдыр анык тура мерез-кески.
Болсо да мерез-кески – сүйөм бирок,
Ушу азыр болк-болк этип турат жүрөк.
Катынды 515 камчыга алып,
Түшүмө Чыңгыз хандын өзү кирет.
* * *
Аялымдан издейм көзүңдү,
Андан дагы таппай өзүңдү:
Жакшы жомок болдуң сен мага,
Жалаң жоктон бүткөн шекилдүү.
Кыйлалардан издейм түрпүңдү,
Кинолордон издейм күлкүңдү.
Алар эмне – баары арзыбас,
Алар эмне – баары бүркүндү.
Романдан издейм атыңды,
Розадан издейм затыңды.
Бой жибитпей кайра өксүттү,
Болсо да алар канча татымдуу.
Эх! Карматпас кыял окшодуң,
Ээнсиредим, жалгыз боздодум.
Жакшы кеңеш, пикир ордуна –
Жашоо керек дешти досторум.
Жараат болдуң чыкпас өзөгү,
Жаннат болдуң бейиш төшөгү.
Май айындай көңүл азгырат,
Махабаттын чалкан өзөгү.
Жаным деймин, десем болобу?
Сен айтпасаң шонтип оболу.
Ачык айтчы сүйүү ханшасы,
Сурап жатат сүйүү королу.
КЫЗГАНАМ
Кызганамын эмне үчүн,
Эмне сени кызганам?
Телегейиң тегизби,
Теңдеш жокпу кыз саган?
Моймол көздөр көп сендей,
Көп сен өңдүү ак маңдай.
Кыскасы арбын сулуулар,
Кылт эттирбес капкандай.
Карек кадайм аларга,
Катарлашпайт бүт саган.
Бирсиң миңге татыган,
Бир өзүңдү кысканам.
Жакшыдан да кызганам,
Жамандан да кызганам.
Көмүскөдөн кол шилтеп,
Көз кызгансыйт бүт саган.
Эзилишмей жок азыр,
Эринибиз муздаган.
Алдемеден кооптонуу,
А баары бир кызганам.
Үйдө отуруп жарк этсең,
Үйрүлөмүн, суктанам.
Суктанам да тарс чочуп,
Кайра өзүмдөн кызганам.
А сен нени ойлойсуң,
Кереги жок түк маган.
Кыяматы болгончо,
Кызганам да, кызганам.
КАНТИП
Агып жаткан дайраны,
Бөгөп, буруп кайра аны
нукка салсам, шимирип
канды тектир кайрагы.
Жабалактап чөп чыкты,
Жашыл ыраң көк чыкты.
Адам өкүм бийлигин
Айкын ачык сездик бу.
Башкарууга антип же
Баш ийбесе – тартипке.
Садагасы сүйүүмдү
Сактайм кантип архивге?
* * *
Көксөп жүрүп көптү бир,
Көчкөн журттай өттү өмүр.
Бууданымды ташка чаап,
Тууганымды кектедим.
Самай берип көптү бир,
Сары журттай көчтү өмүр.
Каалап көңүл ийгендин
Кадырына жетпедим.
Көргөнүмдөн, көрбөгөн
Көйгөйүм көп өңдөнөм.
Сөздөрүмдө термелем,
Көздөгөнүн бербеген.
Калар болсо жазганым –
Жок мен андан башкамын.
Дайырбекти бүт жашап,
Кайыр кепти таштадым.
Жакшы десең жакшымын,
Жаман десең жаманмын.
Ыры жомок, өзү чын,
Чыры домок адаммын.
* * *
Барбы, жокпу уккан кулак жазыгы,
Ал башка кеп. Жалгыз чындык. Ким сага
айтса эгерде жүрөгүндө турганды,
Отеллодой бүтүм керек бир гана.
Канча аппак таза болсун жүрөгү,
Дездемона – аял! Демек, күнөөлүү.
Эрке талтаң сулуу аялы теңдешсиз,
Эңгезердей кара кулду кучактап
Жаткандыгын көзү көргөн падыша,
Өлтүрбөстөн муунтуп же бычактап,
Ташка айланып өрттөнбөгөн, күйбөгөн,
Кечил болуп өткөн экен дүйнөдөн.
Кара таандай каптап келген душмандан
Кан майданда көргөн кезде дүмөктү,
Анык сынап алган экен актыгын
Эр Семетей ок аттатып Чүрөктү.
Аттиң бирок, оопай чындык баягы
Ошол Чүрөк Кыяздын да аялы.
* * *
Алма шактан алыс түшпөгөн,
Атаңгөрү! Ушул дүйнөдөн.
Эңгезердей акмак баласын
Эркелетип жатып күймөлөм.
Эрезеге жетсе толот ээ,
Эңгезердей акмак болот ээ!
Балканактай акмак болот ээ,
Баралына жетсе согот ээ!
Атасына уулу күйбөгөн,
Атаңгөрү! Ушул дүйнөдөн.
Алдей айтып жатып уулума,
Алда неден шекип күймөлөм.
Өмүр берсе өсүп толот ээ,
Өзүмө окшоп кешпир болот ээ.
Ардууларга арсыз күлөт ээ,
Арманы сан жетпейт жүрөт ээ.
Көрөңгөлүү ушул дүйнөдөн,
Көңүл калбайт, бирок күймөлөм!