Урицкий жана барымтадагылар

  • 13.09.2021
  • 3345

Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы

<<<<< Башы

Москвада октябрь төңкөрүшүнүн учурунда юнкерлер офицерлер менен, дегеле гимназисттер толугу менен Кызыл гвардияга жана солдаттарга каршылык көрсөтүшкөн. Большевиктер албетте, колдорунан келишинче бул контрреволюциялык шүмшүктөрдү да атып сала беришкен.

Аларга кошуп, погондорун чечүүдөн жана кресттен баш тарткысы келбеген отставкадагы штабс-капитан Виленкинди да атып салышкан. Виленкин болсо оставкадагы георгиев орденинин ээлери еврей офицерлердин ынтымак коомунун төрагасы болгон. (Жаңы мезгил келгени аскер адамдары жана еврейлер сиңирген кызматтары үчүн кенже офицердик чиндерди алуу укугуна ээ боло башташкан — Виленкин наамы боюнча улук болчу).

Еврей жана революционер, эсер Леонид Канегиссер бул жырткыч адам өлтүрүү үчүн революциялык өч алууну көздөп, башка еврей революционерди, эсдек, Петроград ЧКнын төрагасы Мосей Урицкийди атып өлтүргөн. ЧК муну контрреволюциянын кулак угуп, көз көрбөгөн карасанатайлыгы деп жарыялаган. Эми контрреволюция революциянын жазалай турган кылычынын алдында титиреп турушу керек болду. Ошентип Урицкийдин өлүмүнүн эсесине революция террор иретинде эл массасынан миң адамды кармап туруп кырып салган.

ДУХОНИНДИН ШТАБЫНА ЖӨНӨТҮЛСҮН

Октябрдан кийинки алгачкы апталарда баары жактын баары калаймакан чаң-будуң түшүп, бири бирине аралашып, минишип эле жатып калды!

Аскер жаатында мына бул окуялар болуп жатты:

1. Большевиктер немистерден Кызыл Гвардиянын айлыктарына, гезиттерге, аппаратка, тигиге-буга деп дагы эле акча алып жатышты. Немистер болсо силер убада кылган тынчтык кайда, ашыгы менен төлөп беребиз деген акчаңар кана деп жер тепкилеп башташты.

2. 7-ноябрь күнү Духонин башкарган аскерлер Петроградка барууга, ал жактагы кандайдыр бир түшүнүксүз согушка кирүүгө эч бир шашылбай жатканына, үгүтчүлөр аскерлерди бийлик жок деп бузуп-жарып жатканына көзү жеткен Ленин Духонинге буйрук жөнөтөт! Азамат да Ленин! Революционер болсоң ушундай бол! Кайдагы бир кудай урган неме менен сылыктап, өлжүрөп сүйлөшүп отуруунун кереги не, буйрукту катуу бер, иш тамам! Эй ит... Мен деген сага буйрук берип атам! Аткарбай эле көрчү! Эсиңе келсең мен сени балким бир кызматка отургузармын деген сестенткен эскертүү бар эле анда. Окурман, маанайды, мамилелердин ыргагын мындай байкасаңыз!   

Буйрук мындай: тезинен австриялык-немистик кол башчылар менен жалпы мунасага келишүү боюнча сүйлөшүүлөр башталсын. Штабда өз аскерлеринин арасында беймарал отурган Духонин аны аткаруудан баш тартат. Баш тартканда да ушунчалык жек көрүп, көшөрө баш тартат. Питердеги түрү суук куниктер такыр болбой калышкан экен дейт. Айтор, баш тартат, бүттү. 

3. Духонинге эсиңе кел деп бир сутка убакыт беришет. Андан кийин жаңы бийлик ага: сен четтетилдиң! кызматтан алындың дейт.

Духонин болсо былк этпей ордунда отурат. Четтегиси жок. Анткени ал өзүн мыйзамдуу өкмөт бекиткен, кызматыма Уставка ылайык киришкенмин деп эсептейт, а силер болсо кайдагы бир жалданма козголоңчуларсыңар дейт.

Анан да акыл айткысы келет: түшүнсөңөр, Германиянын соодасы бүттү, бүгүн же эртең капитуляция болушу мүмкүн, - андай болуп аткан соң мынчалык курмандыкка баруунун кереги барбы? Биз жеңүүчүлөрбүз! Ансыз да күнү бүтүп турган душман менен тынчтык келишимине баруу – бул көк мээлик менен саткынчылык эмеспи! Бул Германиянын кызыкчылыктарына төп келбесе, Россиянын кызычылыгына таптакыр каршы келет! Биз фронтту эч бир кыймылсыз, эч бир согушпай жөн гана кармап турсак да  - немис аскерлерин өзүбүзгө байлап алабыз, биз Англия, Франция менен кошо жеңүүчүлөрдүн катарына киребиз, бошалар (француздар немистерди жек көрүү менен ушинтип аташкан) менен мадьярлардан (венгрлер) алсызданып бараткан экономикага акча да алабыз дейт Духонин.

4. Ии, ооба. Тапкан экенсиң. Лампасчан кеңкелес дешет большевиктер. Ошонун эртеси эле 1917-жылдын 10-ноябрында Совнарком армияны демобилизациялоо туурасындагы декретин чыгарат!!!

Бүттү. Ломго каршы эч бир иле жок дегендей иш болду. Эми солдаттар жаңы бийлик тарапта. Бүткүл армия фронтту таштап, үймөлөктөшө поюздарга минет да үйүн көздөй жол тартат.

Фронт жылаңач калган жок, фронт орду түбү менен жоголот.

(Ошол эле маалда! Бир эле сокку менен! «Советтик бийликтин жеңиштүү жүрүшү»! жарыяланат. Үйлөрүнө кайткан солдаттар – булар негизинен дыйкандар менен шаардан чыккан анча-мынча жумушчулар, — заматта петрограддыктарга кошулуп өзүлөрүндө совет бийлигин орнотушат. Жерди алгыла, буржуйларга өлүм, эч кандай согушка барбайбыз! деген ураандар жаңырат. Иш деп мына ушуну айт). Ошентип куйруктарына дүрмөт байланган көгүчкөндөр чатырлардын ичине учуп киргендей – шаарлар заматта отко чулганып жатып калат.

Чоң саясат дегенди мына ушинтип жүргүзөт, өлжүрөк интеллигент мырзалар.

Ошол эле убакта бул иштерге большевиктер Германиядан акча да алып алышкан! Келишимди аткарып, ыраазчылык алууга да үлгүрүшкөн. Кыймылдардын бири бирине кандайча айкалышканы түшүнүктүүбү?

5. Большевиктер жаңы кол башчыны бир жума бою издеп таппай коюшат! Анткени генералдардын баары изин суутуп, офицерлер болсо ар кайсы коңулга кире качышкан, айтор, бычакка сап болор киши жок! Арга куруганда Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы кылып... прапорщикти дайындашат. Күлкүң келет, бирок революция менен жарандык согуш – булар дайыма кандуу трагедия менен келесоолордун анекдотунун айкалышы эмеспи, анда кара юмор деген кокодон. 

Бирок айта кетели, каардуу согуш мезгилинин прапорщиги Крыленко бул жогорку кызматта көпкө турган эмес, анткени жолдош Троцкий армияга полковниктер менен генералдарды кайтаруунун жолун дароо эле тапкан.

Бирок ал азырынча балтикалык матростордон жана латыш кызыл аткычтарынан куралган отряды менен Могилевго келип ставканы камакка алган, штабдагыларды тыптыйпыл атып салып, Духонинди болсо кабинетинде отурган жеринен эле кирип барып найзалуу мынтыктар менен сайып өлтүрүшкөн.

«Духониндин штабына жөнөтүлсүн» деген учкул кеп мына ошондон улам тараган жана Жарандык согуш аяктаганча колдонуудан түшкөн эмес. Аны менен бирге эле: “Могилев губерниясына жөнөтүлсүн», «солго», «чыгаша кылынсын», “дубалга” деген сөздөр да айтылган. Кээде гана: «Айга жөнөтүлсүн» деп да айтышкан. Андыктан алгачкы Айга учкандар – биздикилер болгон.

УЧРЕДИТЕЛДИК ЧОГУЛУШ

Лениндин көтөрүлүш туурасындагы: «Кечээ эрте болчу, ал эми эртең кеч болуп калат» деген атактуу фразасынын керемет сыйкыр сыры эмнеде? Ал мында: кечээ дубалдын астына өзүнүн аскерлери менен Корнилов бастырып келген эле, козголоңду ошол замат тамыры менен аёосуз басып деле салышмак, бирок азырынча өкмөт башында турган Керенскийди ары-бери ойноктотуп, аны менен мамилени бузбай туруу керек эле. Эртеси болсо Учредителдик чогулушка, башкача айтканда, мыйзамдуу парламентке шайлоо өтмөк. Анда большевиктер азчылыкты түзөрү бышык, ал эми мындай парламентти оодарып көр – баары ошол замат чогулуп, кекиртектен алаары турган кеп, бул чыныгы элдик мыйзамдуу бийликти бетпактык менен басып алуу деп чыгышары шексиз эле. Ошондо кадеттер менен меншевиктер Россияны парламенттик демократиянын жана батыштын цивилизациялуу социализм жолу менен алып жөнөшмөк. Бир келген мүмкүнчүлүк ошону менен колдон чыгып кетмек! Анүстүнө ыдырап бараткан Австро-Венгрия 25-октябрда Убактылуу өкмөт менен сепараттык келишимге кол коюуга да даяр эле!

1. Шайлоого баардыгы даяр болчу! Шайлоо дайындалган мөөнөттө: 1917-жылдын 12-октябрында болуп өттү! Башкача айтканда, Октябрь төңкөрүшүнөн эки жума кийин болду. Большевиктер менен Советтерде аны жокко чыгарууга эч кандай негиз жок болчу. Ага мүмкүнчүлүк да жок эле. Элдин эркин муунткандардын өзүлөрүн шыпырып салышмак. Советтер деген Советтер, а парламент деген парламент.

Ошентип большевиктер да бардык партиялар менен бирге шайлоого барышкан. Көп деле добуш ала алышкан эмес…

Биринчи орунду, орточо алганда, 40% добушка ээ болгон эсерлер ээлешкен.

Шаарларда болсо экинчи орунду — конституциялык демократтар, кадеттер алышкан.

Улуттук провинцияларда болсо жакында эле пайда болгон жергиликтүү улутчул партиялар тегиз басымдуулук кылышкан.

Большевиктер 23 % добушка жетишкен. Парламенттик көпчүлүк туурасында кеп да болушу мүмкүн эмес болчу.

2. Шайлоодон эки жумадан кийин 28-ноябрда Учредителдик чогулуштун салтанаттуу ачылышы болмок! Бул дата тээ мурунтан эле белгиленген. Эркиндиктин, демократиянын жана элдик бийликтин жаңы доору башталганы жаткан.

Бирок ага келер делегаттардын аздыгын шылтоологон жаңы петрограддык бийлик ачылышты... келерки жылга – январга жылдырып салган!

Питердин көчөлөрүндө Учредителдик чогулушту колдогон жүрүштөр башталган! Кызматчылар, жумушчулар, тейлөөдөгү адамдар, айтор калк түп көтөрүлө ураандарды кармап көчөлөргө чыгышкан! (Ал эми аларды караган мекеме-уюмдар жок, Убактылуу өкмөт жок! Гезиттердин баары жабылган! Подъезддерде жана жол кесилиштеринде – кызыл гвардиячы күзөтчүлөр гана жүрүшөт, алар: тапанча көтөргөн кара тамандар, чемичке чаккан мылтыкчан солдаттар, багалеги балбактаган шымчан, бомба менен пулемёт тасмаларын артынып алган матростор эле.   

3. Ошол эле күнү 28-ноябрда Совнарком кадеттердин партиясын «эл душмандары» деп жарыялаган декретин кабыл алган. Алардын лидерлери камакка алынып, трибуналга берилсин делинген. Жаңы бийликке каршы тирешип, нараазы болдуңар эле, ушуну көрмөксүңөр дешкен.

(Негизи Советтерде эсерлер менен меньшевиктер деле бар эле, аларга тыюу сала албайсың. Ал эми анархисттер ириде парламент - республика – мамлекет дегендерди көрөргө көзү жок – анысы менен большевиктерге кай бир даражада ылымталаш булар. Ал эми кадеттерди камакка ала берсе болот, тоскоолдук жарата тургандар мына ушулар, аларды тыптыйпыл кырып салганга азырынча алы келбейт большевиктердин). Парламентте болсо тазалоо жүрүп жатат! Ал жактан таасирлүү делингендер жана макул эместер орду түбү менен жоготулат!

4. 1918-жылдын 3-январы. Бүткүл эл тарабынан шайланган россиялык парламенттин ачылыш аземи улам жакындап келатат. Ошондо Советтердин жумушчу органы эсептелген ВЦИК – Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу Комитети сонун бир токтом алып, ага ылайык, Учредителдик Чогулуш ар кандай бийликтен ажыратылат. Ага бүгүнкү биздин Мам. Думадай (2007) орун аныкталат.

Токтомдо: «…Бардык бийлик Советтерге жана советтик мекемелерге таандык. Ар кандай башка мекемелердин мамлекеттик бийликтин функцияларын ээлеп алуу аракети – контрреволюция болуп эсептелет жана куралдуу күчтү колдонууга чейинки каражаттар менен басылат. Учредителдик Чогулуштун милдеттери коомду социалисттик жактан кайра түзүүнүн түп тамырынан берки негиздерин иштеп чыгуу менен чектелет» деп айтылат.

Мына ушундай. Силер негиздерин иштеп чыга бергилечи, биз аларды карап көрөлү дешет большевиктер. Бирок ошол да жок болуп атпайбы!

Уландысы бар>>>>>>

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз