Таштандыга карай кеткен из менен,
Ырыскысын ошол жерден издеген,
Эрте айрылып энчиленген атынан,
Эл катары жашап жүрѳт биз менен.
Мерез турмуш, кыш айланып жоосуна,
Кѳп үйрүлбѳйт шаарына да, тоосуна.
Калч-калч этет тиши тийбей тишине,
Тоңгон колун тосуп улам оозуна.
Туруп алып контейнердин тушуна,
Жылытканы бутун урат бутуна.
Анан басат ошол жакка чечкиндүү,
Жолукчудай жоктон тапкан кутуна.
Контейнерлер карап турат кыркалап,
Тигил шашат дегдегенсип «сый тамак».
Жектейм! Жээрийм! Бирок аяп акча издейм,
Ырысы жок чѳнтѳгүмдү сыйпалап.
Мекеним
Мекеним! Сѳѳлѳт баркың басылганбы?
Ырыскың ыдырата чачылганбы?
Олжого келген шордуу келиндердей,
Отуз жыл бою багың ачылбады.
Ѳзүңдү кимдер гана башкарбады?
Билбейсиң: бригадирби, башкармабы?
Ѳлкѳнү тоногону аз келгенсип,
Кор кылды жардылыкка каңтарганы.
Бийликке улам арсыз неме келип,
Туу сайган тууруң турат тебеленип.
Аларды тандаган ким? Шайлаган ким?
Ким үчүн мынча элди чебеленип?
Кырк бѳлѳк! «Бирбиз», - дешет актап аны,
Калппы деп кетем антип какшаганы.
Кѳчѳдѳ кѳкүткѳндѳр бийлик кылып,
Коркунуч коколоду баш калааңы.
Азайып акыл кепти угар кулак,
«Кимдерди бийлик жыты кумар кылат?
Эл дагы алданабы шылуундарга?»
Суроолор… жан сыздатат ичтен бурап.
Мекеним, кулдук урам элесиңе,
Кѳз ачып, келер бекен эл эсине?
Биз качан түйүлѳбүз муштум болуп,
Айланып мамлекеттин денесине.
08.10.2020-ж.
* * *
Негедир кѳрүнбѳйсүң кѳптѳн бери,
Сапары күздүн дагы карып барат.
Боздотуп дарактарды ѳктѳм жели,
Айтышып жаткансышат алым сабак.
Түнѳрѳт табиятка бүлүк түшүп,
Сай-сайлап жалбырактар сапырылып.
Удургуйт булут сымал үзүк-үзүк,
Сезимдер сенден калган жашырынып.
Жанымды айландырып ѳз үйүнѳ,
Жалгыздык кѳз ирмебейт тикирейип.
Кѳйгѳйлѳр тырмак салар кѳңүлүмѳ,
Турушат босогодо итирейип.
Ушинтип кѳр тирилик ѳтүп жатат,
Жашоонун турмуш деген айылында.
Булуттар каяккадыр жылат, шашат,
Күн чыгат баягы эле калыбында.
Топ жазбай учат куштар жылуу жакка,
Зарылып күтүшѳт ко кѳктѳмдү эми?
Ѳзүң жок ээнсирейт сулуу бак да,
Негедир кѳрүнбѳйсүң кѳптѳн бери.
2020-ж.
* * *
Сен кыз элең бардар үйдүн эркеси,
Мен кембагал бала – кычы желкеси.
Анан бир күн кечке ойноп корооңдо
Шадыраңдап бардым дагы эртеси.
Алышабыз арамдык жок кенедей,
Кармашабыз элди кѳзгѳ элебей.
Түшүнүксүз бир жапайы сезимдер,
Чымыратып чырмап барат желедей.
Билбейм, билбейм тартылабы жанга жан,
Биз ойногон ѳлкѳ чеги – дарбазаң.
Сен качканда мен калп эле жете албай,
Сен кууганда мен бат эле карматам.
Бир ажайып кѳкүрѳккѳ шаң толуп,
Эдиреңдейм ѳзүмѳ ѳзүм хан болуп.
Кубанычка толуп коюн-колтугум,
Каректерим карайт сени шам болуп.
Бир кезде анан жонго тийди үбѳлүк,
Сен ар жакта, мен бир жакта түнѳрүп…
Каткырыктар кара кийип томсорот,
Ошол күнү кеткен мага Күн ѳлүп.
Ындын ѳчүп, ыза уулады жанымды,
Дарбазаңдын бейиш жагы жабылды.
Ой-сезимдер элесиңе кул болуп,
Ѳчүрѳ албай койдум ошол жалынды.
Баш аякты жыйнап билим алгыча,
Сен турмушка чыгып кеттиң аңгыча.
Арзан вино сатып алып дүкѳндѳн
Ошол күнү ичтим эстен тангыча.
Ичеримде тамак түзѳп жѳтѳлдүм:
«Бул дүйнѳдѳн жалгыз сен деп ѳтѳрмүн?
Ѳмүрүңдү бакыт коштоп жүрсѳ экен» –
Деп биринчи тостумду арнап кѳтѳрдүм.
Ашык кылган кошунамдын эркеси,
Балалыгым бир кайрылып келсечи!..
Бүгүн масмын! Талкалаймын баарысын!
Эмне болсо ошо болсун эртеси.
Апрель, 2021-ж.
Каалоо-тилек
(Мамлекеттик кызматка барган үкѳм Октябрь Капалбаевге)
Ачык болсун жүзүң дагы, жолуң да,
Кытмыр, кекчил боло кѳрбѳ оюңда.
Алды-артыңды жакшы сѳздѳр жылоолоп,
Алып келди ѳтѳ жооптуу орунга.
Коом бирде жерийт, бирде жактырат,
Бирде сүйүп, бирде карайт аткылап.
Эзелтеден эр жигитти сынаган
Маңдайыңда Чындык менен Калп турат.
Калпың саркеч кийим – кийсең жарашып,
Чиновниктин кѳбү тандайт талашып.
Жылуу сүйлѳп, жыла басып азгырат,
Үйүр боло кѳрбѳ ошого адашып.
Чындык деген баарына эле жарашпайт,
Коллегаңдын тең жарымы жаратпайт.
Бирок Чындык Калптай эки сүйлѳтпѳйт,
Эл алдында кызартып жер каратпайт.
Бала эмессиң, эр жигитсиң тандамал,
Ѳзүң билип анын бирин тандап ал.
Жаңылышсаң күткѳн үмүт акталбай
«Мажирѳѳ» - деп мамлекетиң арданаар.
Булганбасын ниетиң, пейлиң – акыл жак,
Оокат кылба ыпыластарга жакындап.
Калп дегениң – куру убада, кургак сѳз,
Бир карасаң патриот – лакылдак.
Кылактаса кызыкчылык карааны,
Кызыйт тура саясаттын алаңы.
Экиленме спектакль ойнолот,
Сценада персонаждар баягы.
Түркүн-түркүн жандар сенин жан жагың,
«Май кармаган жалайт, - дешчү, - бармагын».
Кѳрүп турган кѳпчүлүктү кѳзгѳ илбей,
Аш кылышты уурдап зордоп алганын.
Башчылардын тандап жалаң бечелин,
Багы ачылбай мүңкүрѳдү Мекениң.
Унутпагын!
Бүгүн сактап калбасак,
Эркиндиктин эртең ѳлүп кетерин.
Май, 2021-ж.
Сулуунун портрети
Перизаттай пешенеси чырактуу!!
Кѳрүнүшү – кѳлдѳ сүзгѳн бир ак куу.
Кыялды ээлеп, сезимдерге кѳз ымдайт,
Чын сүйүүнүн кепилдиги сыяктуу.
Кайдыгердей карап ѳткѳн аз аны,
Кѳз карашы арбайт алып мазаны:
Бирде убада берсе чексиз бакытка,
Сестендирет бирде арман азабы.
23.05.2021.
Сенин туулган күнүңдө
Ак никелүү шеригисиң жанымын,
Бир жашадык бир кылымдын жарымын.
Букеттерге, каалоолорго карк кылып,
Туулган күнүң белгилейбиз, жарыгым!
Ааламында атырлардын аңкыган,
Шаңданабыз шампан атып тарс улам.
Ыр ырдайбыз жаштык, сүйүү жөнүндө,
Тост көтөрүп улам тосттун артынан.
Чырмап бизди таттуулуктун чынжыры,
Гимн созот бокалдардын шыңгыры.
Кан базарда калган чака тыйындай,
Калат мында дагы өмүрдүн бир жылы.
Бүгүн айкөл, бүгүн жоомарт көп жүрөк,
Сезим сели жерге батпайт көк тиреп.
Жаным эрип мен кашыңда отурам,
Бырыш баскан колдоруңду өпкүлөп.
Түркияга-Разакка
Пандемия деген дарт багындырып,
Шайыр-шатман жүргөн кез сагындырып,
Кубангандан, жан досум, кат жолдодум,
«Аман-эсен», - деп угуп, жаным жылып.
Сен жашаган азыркы жер эсенби?
Боору бирге түрк деген эл эсенби?
Менин болсо өзүмө боорум ачыйт,
Карап алып күзгүдөн кебетемди.
Кыйналдык биз. Өзүңдүн алың кандай?
Өмүр шерик Гүлзуура жарың кандай?
Жолугар күн көксөтүп көздөн учат,
COVID кургур турса экен жанымды албай.
Эс чыгарган бул ооруу бүлүк белем!
Элдин көбүн эңшерди күйүт деген.
Кооптонуу кор кылды үйгө камап,
Маңдай-тескей отурам үмүт менен.
Күндө тарып оюмдун чабыттары,
Алсыратты жанымдын кайыкканы.
Өзүмдү-өзүм сооротом алакасытып,
«Өчпөстүр! - деп, - өмүрдүн жарык шамы».
Жашообу ушу жалтанткан, куну качкан,
А төбөмдө шаңкаят тунук асман.
Жашыл бактар жадырайт жан тартышып,
Жалбырактар шыбырайт улуу дастан.
Арыла албай асылган ой-санаадан,
Жандык болдук жалдырап кол караган.
Жаман экен жабыркоо кусаланып,
Жаш баладай күн сайын жол караган.
Этюд
Умтулуп колдор колго,
Манжалар чырмалышып.
Чалынат ойлор ойго,
Жол таппай кыйналышып.
Сый-сыпаа карап мени,
Көзүңдө көп сыр жатат.
Акылым аяп сени,
Жакалап жарга такайт.
Жолотпой жолум торойт,
Суроолор түмөндөгөн.
Кубаныч койнунуна оройт,
Магдырайм... Күмөндөнөм.
Колуңду колум кыйбай,
Тамырлар шыбырашат.
Көркөмүң көзгө сыйбай,
Боюмду чымыратат.
Бир бороон сезим ичтен,
Бүт дүйнөм сынга алышат.
Эңсешкен, эзилишкен,
Манжалар чырмалышат...
Сүйлөшчү, жеңе!
Куурамай болдум куш уйкум качып,
Сүйлөшчү, жеңе, жаныма жатып.
Делөөрүп жаным денеме батпайм,
Ушунун айтчы сырларын ачып.
Көңүлдү чырмап көксөгөн тилек,
Уктасам түшкө мырзалар кирет.
Азгырып ойду алекке салып,
Тартат да турат табышмак илеп.
Ал жалган экен көзүмдү ачсам,
Жигиттер кайда канаттуу атчан?
Тосомун таңды агарып аткан,
Узатам Күндү кызарып баткан.
“Алчактап жүрбө айың сөз кетет!”-
Апакем тыят сөөмөйүн кезеп.
Астыртан акыл айткандар чыгып:
“Сөз жеген кыздар сөөлөттүү”, - дешет.
Эл сымал эркин жүрсөмбү деймин,
Эстүү жан болсо сүйсөмбү деймин.
Көп эле экен бөркү бар мырза,
Кимине арзыйм, кимине теңмин?
Кастарлап бирин көзүрдөй бөлүп,
Кадырлап жүрсөм өзүмдөй көрүп:
Арсыз кыз дейби асылып кирет,
Абдырай түшөм көңүлүм чөгүп
Сен жашта, жеңе, ушундай беле?
Болобу жашоо ушундай деле...
Өзгөнү баалай алабы деги,
Өзүмчүл, ач көз жутунма неме?
Ойлоном анан кыйлага кейип,
Оңолом кайра кыялга эрип.
Тагдырлаш таппай байланып багым,
Калбасам экен зардал кыз делип.
Бир өрүп чачты, бир туруп жазып,
Телмиреп түнгө – терезем ачык.
Сүйүүнү эңсеп ташкындайт кумар,
Сүйлөшчү, жеңе, жаныма жатып.
Жылаажын үнүң
Ырахат берип угумдуу,
Азгырса арбап,
Араңдан тыям сугумду.
Тизгиндеп тилди,
Кѳздѳргѳ берип эркиндик,
Билдирбей жигин,
Ичиме катам бугумду.
Жылмайсаң карап,
Аркардай кѳзүң жайнатып,
Жыргалга батам,
Жылдыздуу түндѳй айга ашык.
Капылет сезим
Сыйкырлап эм-дартымды,
Кантейин эми…
Коюптур сага байлатып.
Ѳчѳбү десем
Ѳччүдѳй эмес ал жалын,
Илдетке окшоп,
Ичимде жүрѳт арманым,
Жаркылдап жашап,
Караган кѳздү сүйүнтүп,
Эсен жүр менин,
Эзилип сүйгѳн ардагым.
Тоодогу түн
Олтурам жалгыз,
Убайым тартып умсунуп,
Сырдашар жан жок,
Калгансыйм такыр унтулуп.
Жалгыздык чырмап,
Ойлордун он кат торунан
Сызылып ичтен,
Бошоно албайм булкунуп.
Дубалга окшойм,
Кертилип, кемип ураган,
Азайып барат,
Абайлап ал жай сураган.
Жылдызды аяйм
Тобунан жалгыз бөлүнүп,
Жылт этип анан,
Туңгуюк түнгө кулаган.
Өмүрдүн билбейм,
Күзүбү азыр кышыбы,
Карайлап кетем
Кандырбай жашоо кызыгы.
Кумарды козгоп,
Кайдадыр мени азгырат,
Саманчы жолдун
Самсаалап кеткен сызыгы
Ажайып асман,
Сан жеткис шамдар жанданып,
Тигилем көккө,
Баладай баёо таңданып.
Тирүүлүк чиркин
Мынчалык эмне керемет!
Жомоктой түнгө,
Жок болуп барам арбалып.
Ичер суу бүтсө,
Тизмеден мени чийеби?
Коогалаң ойлор…
Коюулайт түндүн иреңи.
Карышкыр улуп,
Караңгы тарап тунжурап,
Келгенсийт көрдүн
Ным жыттуу муздак илеби.
Шаар түнү
Цивилдүү жашоо жарык,
Караңгы түнүң үркөт.
Машина - көчө тарып
Ааламга түтүн бүркөт.
Калың бак катат жүзүн,
Булбулсуз жесир калып.
Муз түспөл боппоз түтүн
Асмандын бетин жабып.
Карайлап жылчык издеп,
Жылдыздар шыкаалашат.
“Жанга ынак жарык биз!”- деп
Неон нур чычалатат.
Жасалма сулуулуктар,
Жалтырак көргөзмөсү.
Арзанга жаны кумар,
Адам көп өлгөн көзү.
Түн. Көчө. Сүйүү. Кумар,
Абдырайт жалгыздыгым.
Көз ымдайт маяк сымал,
Жылт эткен жалгыз чылым.
Бакыттар күлүп калат,
Басмырлап сарсанаам.
Бүлбүлдөйт үмүт тарап,
Сен жакка алпарабы?
19-август, 2021-жыл.
Эреркөө
Көңүлдү арбап көздөгү көктөм,
Берилип сүйүп, бет ачып өпкөм.
Күндөрдүн ысык суугун көрдүк,
Кырчын тал сымал жанаша өскөн.
Өр таяп улам булаткан түтүн,
Жатабыз жашап өмүрдүн күзүн.
Кыйналдык бирге, кубандык бирге,
Бырышка бийлик берген жок жүзүң.
Көз менен кордоп атпадың мени,
Арзанга баалап сатпадың мени.
Кагышты казан-аяктар кээде,
Бек турду бирок үй-бүлө чеги.
Суз тартып эми суубасын демиң,
“Картайбайт жүрөк, туйласын!”- дегин.
Өттү күн узак, калган күн кыска,
Кыйбасым менин, кыйбасым менин.
22-август, 2021-ж
* * *
Өзүңдү көргүм келет,
Кыялга азгырылып.
А көңүл элеп-желеп,
Калчудай жазгырылып.
Кубанчым толкуп ташып,
Жан дүйнөм батыра албай.
Сүйгөн көз сүрдөйт шашып,
Кирпикке жашына албай.
Өтүмсүз жаш баладай,
Солдоëм маңдайыңда.
Бал сөздөр баш бага албай,
Топурайт таңдайымда.
Акылым эсен жыйып,
Кыялга азгырылган.
Кете албайм сени кыйып,
Жалтанам жаштыгыңан.
Көгөрүп алпурушкан,
Көк жетим кыялдарым.
Сен жакка талпынышкан
Ойлорду тыя албадым.
16-август, 2021-ж.