Будда: Өзүңдү жеңгениң, миң согушту утканың

  • 13.02.2024
  • 5511

Эгерде бирөөнү алдасаң, ал адам келесоо экенин билдирбейт, болгону сага ашыкча ишенип алгандыгынын белгиси.

*     *     *

Бирөөгө бир нерсе түшүндүрөм деп убара болбо, адамдар өздөрү уккулары келген гана кепке гана кулак түрөт.

Энтони Хопкинс

*     *     *

Чыныгы дос сен жөнүндө эмне ойлосо, баарын көзүңө айтып, а башкаларга сенин жакшы жагыңды гана айткан адам.

Омар Хайям

*     *     *

Кечиримди дайыма эле күнөөлүү адам сурабайт. Мамилени баалап, аны бузгусу келбеген адам кечирим сурайт.

Эрих Мария Ремарк

*     *     *

Симпатия — бул сырткы келбеттин жакканы, жакшы көрүү — сырткы келбетин жана мүнөзүн жактыруу, а сүйүү — бул кемчиликтерине карабай жакшы көрүү.

Антуан де Сент-Экзюпери

*     *     *

Эгер адам жөнүндө билгиң келсе, ал тууралуу башкалар эмне дегенин укпа, ал башка адамдар жөнүндө кандай ойдо экендигин ук.

Вуди Аллен

*     *     *

Эгер бирөөгө жаман көрүнө баштасаң, демек, ал адамга көп жакшылык кылгансың.

Лев Толстой

*     *     *

Өзүңдү жеңгениң, миң согушту утканың.

Будда

*     *     *

Өз бааңды төмөндөтүп, депрессияга түшөрдө мурда тегерегиңдегилер кеңкелес эместигине көзүң жеткидей болсун.

Зигмунд Фрейд

*     *     *

Көпчүлүк корккон үч нерсе бар: ишенүү, чындыкты айтуу, өз алдынча болуу.

Федор Достоевский

*     *     *

Бирөөгө сын тагаардан мурда анын бут кийимин кийип, анын баскан жолун басып өт, анын көз жашын, оорусун сез. Ал чалынган ар бир ташка чалын. Андан кийин сен ага туура жашаганды билем деп айт.

Далай-лама

*     *     *

Кептин баары көйгөй, тобокелчиликтен качып, жүз эсе көп тобокелчиликке кабылганыбызда.

Марк Аврелий

*     *     *

Эгерде кетип баратсаң сени кайра артка чакырышпаса, демек сен тандаган багыт туура.

Жим Керри

*     *     *

Көз менен көргөн нерсеге көз жумуп койсоң болот. Бирок жүрөк менен сезгенди укпай коюуга болбойт.

Фридрих Ницше

Сен жөнүндө айтылган ушактарга эч терикпе. Анткени, суу үстүнөн жүгүрсөң да сөзсүз: “Көрдүңөрбү, ал жада калса сууда сүзгөндү билбейт” дечүлөр табылат.

Маргарет Тэтчер

*     *     *

Коркосуңбу — жасаба, жасадыңбы — коркпо, а жасаганыңа — өкүнбө.

Чыңгысхан

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз