Конфуций өзү жөнүндө сүйлөгөндү жактырган эмес, өз турмуш жолун бир нече саптарга гана калтырган.
- Он беш жашымда өзүмдүн ой жүгүртүүмдү илимге бурдум.
- Отуз жашымда бекем негизимди түптөдүм.
- Кырк жашымда шектенүүлөрдөн бошодум.
- Элүү жашымда Асмандын эркин тааныдым.
- Алтымыш жашымда чындыкты жалгандан айырмалаганды үйрөндүм.
- Жетимиш жашымда жүрөгүмдүн айтканына баш ийдим жана кааданы бузганым жок.
Чындыкты кантип издөөнү жаадан атылган ок үйрөтөт. Жаагердин жебеси буйтап кетсе, башка бирөөнү күнөөлөбөйт, күнөөнү өзүнөн издейт.
* * *
Мамлекет акыл-эс менен макулдашылып башкарылса, жакырчылык менен кедейчиликке уят, мамлекет акыл-эс менен макулдашылбай башкарылса, байлык менен ар-намыска уят.
* * *
Унчукпай коюу – ишенимдүү дос, сени эч качан алдабайт.
* * *
Акылман өз кемчиликтеринен уялат, бирок аларды оңдоодон уялбайт.
* * *
Пайдалуу үч дос, зыяндуу үч дос бар. Пайдалуусу – түз, чынчыл жана уга билген дос. Зыяндуу дос – эки жүздүү, тантык жана карөзгөй келет.
* * *
Ойсуз окуу пайдасыз, окуусуз ой андан да коркунучтуу.
* * *
Окуп, бирок ой жүгүртпөө – убакытты текке кетиргенге тете, ой жүгүртүп, бирок окубагандык бул – жок кылгандык.
* * *
Мени билбейт деп тынчсызданба, сени башкалар билүүгө татыктуусуңбу, ошого тынчсыздан.
* * *
Мени билбейт деп кайгырба, өзүңдүн билимсиздигиңе кайгыр.
* * *
Сенде жогорку даража жок үчүн кайгырба, андан көрө мен ошол жогорку даражага татыктуумунбу деп кайгыр.
* * *
Ар ким коомдогу өз ордун билиши керек. Падыша – падыша, букара – букара, ата – ата, уул – уул болууга тийиш.
* * *
Сүйлөшө турган киши менен сүйлөшпөй коюу – адамды жоготуу; сүйлөшпөй турган адам менен сүйлөшүү – сөздү жоготуу. А акылдуу адам адамды да, сөздү да жоготпойт.
* * *
Адамдарга согуш өнөрүн үйрөтпөй туруп согушка жиберүү – демек, аларды ажалдын оозуна салып берүү.
* * *
Өзүңө эмнени каалабасаң, аны башкаларга жасаба.
Орусчадан оодарган Ризван ИСМАИЛОВА