Байыркы кытай даанышмандарынан насыйкат

  • 10.12.2021
  • 3909

Мэн-цзы айткан: “Адамгерчиликтүү иш жасоо бул – аброй, ал эми адамдыктан кетүү бул – шермендечилик. Азыр адамдар уят болууну каалашпайт, бирок өзүлөрүн адамгерчиликсиз алып жүрүшөт. Бул балчыкты жаман көрүп туруп сазды кечкендей эле жорук. Эгерде жогоруда айтылгандарды көңүлгө алсак, анда адамгерчиликтүүлөрдү урматтап, окумалдарды баалоо кажет, тактыга жан дүйнөсү таза жана татыктуу адамды отургузуп, ал эми таланттууга өзүнө жараша иш таап берүү керек”.

*     *     *

Мэн-цзы айткан: “Айтылуу Ся, Шан жана Чжоу үч дөөлөттүн өкүмдарларынын тактыга татыктуу боло алышканынын себеби: алар адамгерчиликтүү болуп, элге жакшылык кылууга таянышкан”. Бийликтен кулап, кубаланып калуулары да адамдыктан кетип, жакшылыкты жандабай коюунун натыйжасынан. Башкаруучуларынын жакшы-жаман ниеттерине жараша мамлекеттер гүлдөгөн жана кыйраган, өлүп тынган же өз жашоосун улаган.

*     *     *

Ци падышалыгынын башкаруучусу Цзы Дянь Мэн-цзыдан сураптыр:

– Билимдүү инсан эмне кылышы керек?

Мэн-цзы жооп бериптир:

– Билимдүү инсан жакшылыкка умтулушу керек.

Цзы Дянь кайра сураптыр:

– Жакшылыкка умтулуу деген эмне?

Мэн-цзы жооп бериптир:

– Бул адамгерчилик кылуу жана адилет болуу.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз