Шам жарыгы өчкөндө аялзаттын баары сулуу

  • 02.10.2023
  • 5207

*     *     *

Эркектерден акча талап кылган аялдардын амалына эсеп жок. Аларды он оозум, он тилим болсо да эсептеп бүтпөйм. 
Овидиус

*     *     *

Кызганчаак аялдын кектүү каргышы – адамды кутурган иттен да жаман ууландырат.
Уильям Шекспир

*     *     *

Аялдардын көз жашындай тез кургаган нерсе жок.
Жон Вебстер

*     *     *

Пакиза аялдардын көбү кол тийбеген кенч сыяктуу.
Франсуа де Ларошфуко

*     *     *

Аялдар эркектерге караганда дайыма көбүрөк чектен чыгышат. Же өтө жакшы, же өтө начар.
Ла Бруйере

*     *     *

Аял сага жүрөгүн берүүгө даяр болсо, сен анын денесинин башка бөлүгүнө көз артасың.
Жон Ванбрю

*     *     *

Сотто жолукмайынча аялды эч качан тааныбайсың.
Норман Мейлер

*     *     *

Эркектерде аялдарга караганда көйгөй көп. Алгач, аялдарга чыдоо керек.
Франсуаса Саган

*     *     *

Күйөөсүнүн тамашасына дайыма күлгөн аял – чыккынчы. Аялына «сенсиз эмне кылмак элем?» деген эркекте ар жок.
Жермен Грир

*     *     *

Бардык аялдар акыры өз апаларына окшоп калышат. Бул алардын трагедиясы. Эч бир эркек апаларындай боло алышпайт. Бул да алардын трагедиясы.
Оскар Уайлд

*     *     *

Аял менен үч гана нерсени жасай аласың: сүйөсүң, ал үчүн азап чегесиң, ал тууралуу чыгарма жаратасың.
Лоуренс Даррелл

*     *     *

Эркек менен бактылуу болуш үчүн аны өтө көп түшүнүп, өтө аз сүйүшүң керек. Аял менен бактылуу болуу үчүн аны өтө көп сүйүп, бирок түшүнүүгө аракет кылбай койгон оң.
Хелен Роуланд

*     *     *

Эркектер менен аялдардын ойлору бир эле темада төп келишет: экөө тең аялдарга ишенбейт.
Х.Л.Менхен

*     *     *

Сулуу эмес, адепсиздиги чектен ашкан кээ бир аялдар эркектин акыл-оюн ээлеп алышат.
Рудярд Киплинг

*     *     *

Кудай эркекти жаратты, бирок ал жалгыз эместигин көрүп, өзүн ого бетер жалгыз сезбеш үчүн ага аялды кошуп берди.
Пол Валерий

Көпчүлүк аялдар сүрөттөгүдөй жаш эмес.
Макс Бирбом

*     *     *

Каракчылар акчаңды же жаныңды алышат. Аялдар жаныңды да, акчаңды да алышат.
Сэмюэл Батлер

*     *     *

Чыныгы жашын айткан аялга эч качан ишенбе. Чыныгы жашын айткан аял ар нерсени айта берет.
Оскар Уайльд

*     *     *

Отуз жылдан бери аялдар тууралуу изилдөөлөрүмө карабастан азыр деле жообун таба албаган суроом: "Аял эмнени каалайт?"
Зигмунд Фрейд

*     *     *

Эркек башынан өткөргөн бакыттан ыракат алса, аял берген бакытынан ыракат алат.
Пьер Чодерлос де Лаклос

*     *     *

Шам жарыгы өчкөндө аялзаттын баары сулуу.
Плутарх

*     *     *

Аялдар сүйүү үчүн жаратылган, түшүнүү үчүн эмес.
Оскар Уайльд

*     *     *

Аял өзү теңдүү эркектен дайыма жаш көрүнөт.
Элизабет Барретт Браунинг

Орусчадан оодарган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз