Илгери, илгери ири мүйүздүү малдын пири Зеңги баба эл арасында жашачу экен. Ал көңүл буруп, кунт коё караган адам бат эле байычу тура. Муну билип калган караламан калк анын боз үйүнүн айланасына топурап батпай кетет.
Башында ал ак көңүлдүүлүк менен бардыгына жардам берет, өзгөчө кедейлерди байытышка аракет кылат. Бирок барган сайын өзүн пайдаланып калыш үчүн ар кандай шылуундар жайнап кеткенин байкаган Зеңги бабанын кыжыры келип, эч кимди дит багып карабайт. Анткен менен өзүнө көңүл бурдургусу келгендерден терс бурулуп качса дагы алар бура бастырбайт. Мындан улам адамдарга ого бетер таарынган ал эч кимге көңүл бурбас болот. Оңой байыгысы келгендердин аргасы кетет.
Көпчүлүк арасында эл катары эле аны пайдалангысы келген бир жалгыз төөлүү кедей да жүргөн эле. Канткенде Зеңги бабанын көңүлүн өзүнө бурса болорун көпкө ойлонгон ал бул жерден баарынан түңүлгөн немедей жөнөп кетет. Бирок ал обочого барып, төөсүн союп, терисин кеп кылып сыйрып, ичине толтура саман тыгып, мойнуна арта көтөрүп Зеңги бабаныкына жөнөйт. Ал жакындап барганда көргөн кишилер таң калганынан кыйкырып жиберишет:
- Карасаңар, карасаңар төө көтөргөн киши!
- Ой укмуш! Балбандыгыңа баракелде!
- Күчү күч экен ой!
Мындай шумдукту Зеңги баба да өмүрү көрбөгөндүктөн боз үйүнөн атайы чыгып, төө көтөргөн балбанды таң кала карап туруп калат. Ал эми томоякка ушул эле керек да! Ошентип жалгыз төө менен кеткен ал көп күн өтпөй бир бада уй айдап үйүнө кайтат.
Ал эми адамдардын оңой оокатка оожалгысы келме ач көздүгүнөн тажаган Зеңги баба көп өтпөй кайып болуп кетиптир.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ