Парзы – Ата-энеден мурда Алланы ыраазы кылуу.
Милдети – арабдардын каада-калтын кыргызга жайылтуу.
Таңгалганы – 17 кылымда муфтиятты орус ханышасы Екатерина экинчи мусулмандарды бир адам аркылуу башкаруу үчүн атайы курдурганы.
Өнөрү – узун этек, узун сакал өстүрүү.
Көздөгөнү – көп катын алуу.
Тилегени – Кыргызстанды ислам өлкөсүнө айландыруу.
Аракети – караңгылыкты жайылтуу.
Корккону – илим-билим.
Башына келбеген суроо – Мухаммед пайгамбар башка диндеги ишенимдерге шек келтиргенби?
Адаты – араб идеологиясын тотугуштай кайталоо.
Үмүтү – бейиш.
Мокочосу – тозок.
Ээрчиткен көлөкөсү – шайтан.
Чочуганы – теңирчилик.
Сыймыгы – арабдар курган мечиттердин көбөйүшү.
Тапкан эрмеги – көчөдө көрүнгөндү мечитке ээрчитүү.
Жек көргөн макалы – "Чала молдо дин бузар"; "Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба", "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр"...
Келишкис душмандары – илимдүү-билимдүүлөр.
Сыйынганы – Кааба ташы.
Жетпегени – арабдардын куу чөлү.
Издегени – пайда, сооп.
Күнүмдүк колунан түшпөгөн буюму – Батыштын технологиясы.
Жамандаганы – Батыш.
Куралы – уу сөз.
Ырахаты – өзү түшүнбөгөн араб тилинин мистикалык аваз үнү.
Аткарган парзы – Куранда жазылбаган мифтер.
Дымагы – баарын билем деп ойлойт.
Фактыларды топтогон Манас урпактары
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR