О`Шакир: Кошоктошкон кош саптар

  • 29.01.2022
  • 3518

Көйрөңдөнүп кийген суусар тебетей,
Көңдөй башты көрсөм жиним келет эй!

♦ ♦ ♦  

Агартуу иш оңбосо мекениңде,
Арапкулдун каласың жетегинде!
♦ ♦ ♦

Ар бир ажо казынаңды, мүлкүңдү
Тоноп жатса – өнүгүүгө мүмкүнбү?!

♦ ♦ ♦

Коом болдук тунбай чаңдаган,

Корс мүнөз, түркөй, дардалаң!

♦ ♦ ♦   

Уурдатып ийип добушту,
Уу-чууну баштап коюшту.

♦ ♦ ♦   

Кыргызстанда баарысы бар, дурус жер,
Туалет гана таппайт байкуш туристтер.

♦ ♦ ♦   

Таалайыбыз ушубу – тойкана, мечит жайнаган,
Тамадалар, таксырлар тотукуштай сайраган.
♦ ♦ ♦

Кемпайбыз биз – кен казган тоосу ууланган,
Кемпайбыз биз – кен байлыгы уурдалган.

♦ ♦ ♦

Алкаш болуп жүрүп мурда сапсыйган,
Азыр көрсөң, таксыр көбү саксынган.

♦ ♦ ♦

Чыгаан эрлер депутат деп шайланып,
Чыга келди чыккынчыга айланып.

♦ ♦ ♦ 

Кыргыздарга бүткүл дүйнө эли таң –
Кыйратпаган үчүн жемкор элитаң.

♦ ♦ ♦

Электорат саткан үчүн добушун,
«Элитаңдын» баштап берер жолу ушул!

♦ ♦ ♦

Партиялар шайлоого үгүттөгөн,
Клан бизде – мурундан чүлүктөгөн.

♦ ♦ ♦

Түктүү жерди сел бузат,
Түркөй молдо эл бузат.

♦ ♦ ♦  

Шейх-банкирлер берген үчүн санап пул –
Шектүү бизде молдолор көп арапкул.

♦ ♦ ♦

Бир жемкорду камап коёр алы жок,
Бийликпи ушу – намысы жок, ары жок?!

♦ ♦ ♦

Өлкөбүздө болуп канча ыңкылап,
Өнүгө алган жокпуз бирок ымтырап.

♦ ♦ ♦

Өлүм коштоп – кылсак дагы төңкөрүш,
Өйдөгө эмес, кеттик жолго эңкейиш!

♦ ♦ ♦

Манас баштап айкөл делген улутту,
Маңкурт чалыш чоңдорубуз курутту.

♦ ♦ ♦

Ой-сезими, түшүнүгү капаста
Орускулдар баарысынан опасно!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз