Кубатбек Жусубалиев: Орус балтанын ыры

  • 22.02.2022
  • 3932

АҢГЕМЕ

Мен такай кыштын күнү бош болуп калганда эрмекке ээр чабат эмесминби, бир күнү устаканада отуруп алып, түнкү саат он эки, бирге чейин чабам, күндүзү эл мүшайт этет, ал үчүн түн ичи чабыш керек, анан ээр чаап отурсам, эки чабан келди. Бири Мукашов Бекташ деген, бири Ниязалиев Азык деген – экөө келди.

Эмнеге келгендерин билбейм. Түнү келиштиби, күнү келиштиби, муну да билбейм. Макиш билет. Келип, карап турушту. Кыкең эмнеге уста? Кыкең карап турганга уста. Өлө уста! Кыйлага карап турушту. Анан «ой-ой балтаң курч экен» деп калышты. «Балта укмуш да, чачка өтөт» дедим. «Ой атаңдын көрү, жөн эле мактай бересиң, итиңди да мактайсың, Макиш деп макилдеп оозуңан түшүрбөйсүң, балтаңды мактайсың, мактай бересиң, мактай эле бересиң, деги мактабаган эмнең калды?» деп калышты. Баарын санап чыгышты. Мактаганымы санашты. Мактабаганымды санашты. «Ал, кыйын болсоң, чачымды» деп калды. Мукашов Бекташ айтты. «Жибит!» дедим. Макул болду. Устакананын ичи тар. «Жүрү» деп үйгө алып кирдим. Чачын жибиттим. Муздак суу менен жибиттимби же жылуу суу менен жибиттимби, ошондо Макиш? Же, кургак эле алып кирдимби? Менин кургак эле алып кирмей адатым бар. Эсимде жок. Макиш билет…

Түнкү саат он эки. Айтса, түнү келишкен экен. Балтанын сабы узун. Ээр чапкан, отун жарган орус балта. Анан балтаны дагы оңдоп курчуттум. «Отур» дедим. Отурду. Макиш шыпыргысын алып эле үйүн шыпырып атат. Таза жерди эле шыпыра бериптир. Анан түндөсү да үй шыпырчы беле, качан башын кесет деп коркуп аткан турбайбы, анда жаш кези, анча-мынчадан коркчу, эми балакеттен да коркпойт, а биз бала кезде бизди чоң кишилер короздорчо эле уруштура беришчү: «Эй Кулжанбек!» дешет. «Эмне?» дейм. «Конокбайдан коркосуңбу же кудайдан коркосуңбу?» дешет, мисалы да, «кудайдан корком, а Конокбайдан итим да корпойт» дейм, «анда барып бир муштачы!» дешет, анан мен барып Конокбайды бир муштайм, Конокбай мени бир муштайт. Урушуп кетебиз. Мушташып кетебиз. Чоңдор тамаша кылып турушат. Азыркы балдарды минтип короздорчо уруштура албайсың. Азыр эч ким кудайдан коркпойт. Шишибиз толду...

Эй, жазуучу бала, азыркы адамзатың бир нерседен коркушабы?.. Туура. Өлүмдөн коркушат. Өлүмдөн гана коркушат. Чычып ийишет ко! А мен ошол эле бала бойдон келатам. Кудайдан гана корком. Башка эч нерседен коркпойм. Азыр да мушташып кетем… Көрсө, коркуп аткан турбайбы, анан балта менен чачын алып кирдим. Тартып, тартып алып, бир жерин да кескен жокмун. Чачтары да катындыкындай өскөн экен. Саксайган узун чачы бар экен. Биттеп кетиптир. Балтамын мизи кызыл-жаян кан болуп жатып калды.

Таза бир сыйра алгандан кийин, «кайра алгын» деди. Кайра кырдым. «Кандай?» десем, айтат: «Балтанын салмагы мойнумду, только, оорутуп ийди» дейт… Анан ошону менен үйүнө барбайбы, жарым түн болсо, тебетейин алганда үйдүн ичи жарк дей түшсө керек, ай тийгендей эле, тоонун чокусунан чыга келип ай тийгендей эле үйдүн ичи жарк дей түшсө керек, атасы өзү кызык сүйлөгөн киши болчу: «Ой, чачың эмне болгон?», «э-ээ ата, баягы Кулжанбек байкеме алдырып, чоң, баягы сага ээр чаап берген орус балтасы менен алды» дептир, «э-ээ кудай урган, өлүп калсаң эмне болот, жиндисиң го тосуп берип» дептир, анан жанындагысы да күбө болуп айтып киргенде, ичтеринде бир угут бар го, «жиндисиңби, тосуп берип, мээң чыга түшпөйбү!» деп коёт дейт, андан көрө кыкеңдин мээси бар бекен? Минтип сураган киши жок. Атасы өзү кызык сүйлөгөн киши болчу…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз