Осман Чевиксой: Сен ыйласаң

  • 25.02.2022
  • 3267

АҢГЕМЕ

- Кандайсың балам?

- Жакшымын апа!

- Үнүң башкача келип атат.

- Бул телефондон го, - деп койдум. Ишендиң.

Анан келиниңди, неберелериңди сурайсың. “Алардын баары жакшы, баары өз иштеринде” - дейм, сен ишенесиң.

Сен мага ар дайым ишендиң, апа. Чын айттымбы, калп айттымбы, сен мага ишендиң. Калп айтып жатканымды билсең да, мага бетиме айткан жоксуң. Мен калп атсам да айтыш керек болгон калптыр деп ойлодуң, жалганга эмес мага ишендиң, апа. Айтайын десем, калп айтыш керек деп ойлодуң, калпка эмес, мага ишендиң апа. Сен мени ар дайым кечирдиң. Мына сиз дагы бир жолу ишенип жатасыз. Мени дагы бир жолу кечиришиң керек болуп атат. Анткени келиниң, неберелериң, эч ким мен айткандай жакшы эмес апа, эч ким өз иштеринде эмес, баары менин жанымда жүрүшөт...

Баарын коркуттум, апа. Мени жоготуп алуудан, атасыз, чоң атасыз калуудан коркушту. Бир аз болгондо сен кичүү уулуңсуз калгандай, улуу уулуңсуз да калмаксың. Экинчи жолу уулсуз калууга чыдай алат белең, апа?

Эч күткөн эмеспиз, кайдандыр чыкты. Баары ушунчалык тездик менен болуп өткөндүктөн, эч кимибиз түшүнө албай калдык. Көзүмдү ачсам ангио үстөлүндө экенмин. Оюма сен келдиң, апа. Сен үчүн бул мындай оор абалга кептелип, учурда өлбөгөнүмө кубандым. Мынча азап-кайгыдан кийин сен менин да кайгымды көтөрө алмак эмессиң. Мен буга абдан кубанычтамын, апа. Анан мени башка үстөлгө алып барышты. Көзүмдү дагы бир жолу ачсам, реанимацияда экенмин. Эч кимге таарынба, асыл апам. Муну сага айтпоону, жашырууну кааладым, алардан сурандым. Көзүмдү ачкан сайын "Апам укпасын!" дедим. Айтышкан жок. Уксаң эмне кылмаксың... Капаланып ыйлагандан башка колуңдан эч нерсе келмек эмес...

Эки күн бою сансыз кабелдер менен аппараттарга туташтырылып, температурамды, кан басымымды, тамырымды, канымдын көрсөткүчтөрүн жана башка аталышын билбеген башка аппараттарга көз каранда калып, аларга байланып, жашап жатканымды сага эч качан айтмак эмесмин, апа. Мени бир саамга болсо да зымдар менен шлангдар өткөрүлүп, кыймылдай албай калган балаңдай элестетүүңдү каалабайм. Буга күчүңдүн жетиши оңой болбойт. Мен кыйын абалда калсам да  "Дубалдын аркы бетине кеттим, кайра келдим!" деп кыскача айта салмакмын. Анан кебимди буруп, теманы өзгөртүп, түшүндүрүүдөн  кутулмакмын.

Реанимациядан чыгып, бөлмөмө жайгашкандан кийин жарым сааттан кийин сага телефон чалдырдым, апа. Абдан коркконум эмоцияга алдыруу (мукактануу) болчу. Андай абалга түшкөндө үнүм калтырап, дароо ыйга айланып кете турган. Ушундай үн сени азапка салмак, апа.

Менин коркконум өтүп кетти. Кесилип, бычылган, тигилген азырынча кооптуу учурдан өткөн оорулуу сыяктуу эмес, тескерисинче, дени сак, суук кандуу, ал тургай бир аз эмоциясы жок, бардык иштери иретке келтирилген, эч кандай көйгөйү жок адамдай сүйлөдүм.

– Баары жакшы, апа, баары өз иштеринде, – дегенден кийин сен мага мен жөнүндөгү түшүңдү айттың.

Кичинекей кезимде өзүм курактуу эки бала менен Юкарышык суусунун жээгинде кумда ойноп жүрүптүрмүн. Аба ырайы сонун, асман ачык экен. Жамгыр жаабай турганда жогору жактан ушундай сел келип, алдына эмне келсе ошону жутуп, алып кетип жатыптыр. Күн күркүрөгөндөй күркүрөп, тездик менен жакындаптыр. Теңтуштарым сел жакындап калганын көрүп, коркуп капталга качып кетишиптир. Суу жээгинде жалгыз мен калыптырмын. Мен резина бут кийимимдин бирине кум куюп ойноп жатыптырмын. Ушунчалык сууга чөмүлүп, селди көрбөй, үнүн да укпаптырмын. Оозум менен жүк ташуучу авто-унаанын үнүн туурап, кум ташууну улантыптырмын. Мени тездик менен жакындап келе жаткан коркунучтан алып чыгуу үчүн күрөшүп, бирок жете албаптырсың.

– Кач, балам, сел келе жатат, кач! – Кыйкырайын деп, үнүң чыкпаптыр.

Сел жакындаганда сел мени кандай алып кетти, кантип алып кеткенин көрбөйүн деп көзүңдү бекем жааптырсың. «Кетти, балам. Жалгыз чүрпөм, жаным, боорум кетти!” – деп онтоп, бир секунддан кийин көзүңдү ачканда көргөн көзүңө ишене албаптырсың. Анткени мен ошол жерде туруптурмун. Мен жүк ташыган бут кийимимдин бирин көтөрүп алып, экинчиси бутумда, таң калган көз карашта алдымдан агып жаткан ажыдаардын арылдаган үнү сыяктуу баткак сууга карап туруптурмун. Сен корккондон эмес, кубанычтан ыйлап ойгонуптурсуң.

Чынында, сен көргөн түш менин башыман өткөргөнүм менен дал келди, апа. Менин башыман өткөргөндөрүм түшүңө кирген сыяктуу. Мен эптеп кутулуп, аман калдым. Муну сага айта алган жокмун.

"Буйруса, баары жакшы болот!" – дедим мен.

– Жакшы деп айталы жакшы болот, – деп сен да айттың.

Алгачкы биринчи айда  күндүз да, түнкүсүн да эч кирпик көзүн какпадым. Кирпигим кирпигиме тийген жок десем ишенесизби, апа? Ооба, биринчи айда такыр уктаган жокмун. Уктабаган бойдон бир ай бою калдым. Күнү-түнү көзүм ирмелбей карап гана турдум. Кээде эч нерсени ойлобой, кээде көп ойлонуп, кээде оюмдун түпкүрүндө адашып, көрбөй карадым. Көрбөй карап туруп жоголгон убакыттарда келиниң кирип келди.

– Эмнеге ыйлап жатасың, жаным! - деди. "Тагдыр! Кана, сен тагдырга ишенгениң? Билесиңби, биз Алладан келген нерсеге дайыма ыраазы болгонбуз. Билесиңби, бизди бири-бирибизге жазганына, эмне тилесек бергенине ыраазы болбодук беле, сүйүнчүбүз, бактылуу болчубуз. Карасаң сени мага, мени сага буйрутканы кандай сонун. Мен бактылуумун, ыраазымын, сенин да бактылуу экениңди билем. Ыйлабачы, суранам?"

Балдарымдын апасы мени ушундай сөздөрү менен көңүлүмдү жубатты.

Анын да ыйлаганын билчүмүн. Бирок мага көрсөтпөй, коридордун обочо бурчтарында, конок үйдө терезеден сыртты карап ыйлап жүрдү. Ал кызарган көздөрү, бирок кургабаган кирпиктери менен жаныма келчү. Үнүнө, мамилесине токтоо болуп, ыйлаганын жашырчу. Мени билбейт деп ойлойт. Менин түшүнгөнүмдү билсе да уланта берди. Ошентип ал мага дем берип, мени кайгыдан коргоп жатам деп ишенди. Бул туура эмес деп да эсептелбейт болчу. Ал айтканда мен чындап эле жакшырып, оңолгом. Мен бат айыгам деп ишенгем.

Күн өткөн сайын бир аз оңолуп калдым.

Андан кийин эмне болгонун билесиңби, апа?

Бир түнү кечинде жанымда карап отурган сүйүктүү күзөтчүмдөн чай сурадым. Ооба, менин жаным чай каалады, апа! Жанымда карап отурган жубайым ушунчалык сүйүнгөнүн сөз менен жеткире албайм. Анын көздөрү кубанычка толду. Отургучтан ыргып туруп, нөөмөттөгү дарыгерге чуркады. «Жеңил кара чай, итмурун, карагат чайларын ичкендин зыяны жок!» — дептир доктур. Ал учкан бойдон кайра келди. Электр чайнекке суу кайнатты. Мага анан өзүнө чай куйду. Дөңгөлөктүү үстөл үстүнө уруксат берилген тамактардан алып чыкты. Түн ичинде таңга маал Жакынкы Чыгыштын эң чоң ооруканасы катары пайдаланууга берилген оорукананын бир керебеттүү жеке бөлмөсүндө келиниң экөөбүз печенье жедик, чай ичтик, пикник кылдык, апа. Анан мага ийне сайганы келген медайымга кармалып калдык. Биз эреже бузуучулар катары абдан уялдык. Сүйлөгөнгө сөз таппай калдык. Бетибиз кызарып кетти. Бирок медайым ачууланган жок, жөн гана жылмайып койду. «Оо... Биздин бейтап айыгып калды, ал тургай чай ичип да жатат...» деди ал жылуу үнү менен.

Ооруканадан чыкканга чейин жанымдагы мени караган жубайымды сүйүнтүш үчүн күнүгө кечинде анын колунан чай сурадым. Ал буга чынында  кубанчу. Күндө кечинде эч ойлонбостон чай кайнатып, дасторкон даярдачу. Даярдаган тамактарынын баарына сүйүүсүн кошуп жасап, мени менен бирге отуруп тамактанчу. Ар бир түнү кээ бирөөлөрү катуу уйкуда, кээ бири уйкусуздуктан кыйналып жатышканда биз бөлмөбүздө пикник кылчубуз. Бакыт дегениң бул болсо анда эмне, апа?

Үйгө чыгып келгенден кийин сиз менен телефон аркылуу сүйлөшүүм миң эсе жеңилдеди. Үнүм дээрлик калыбына келип, үшкүрүгүм сейрек, эмоциям басаңдап калды. Менин бузулган өңүмдүн мурунку абалына келүүсү үчүн айлар керек болчу, бирок баары бир мени көргөн жоксуң, айлап көрбөй калдың. Эмнеси болсо да сенден жашыра турган болдук. Сени менен көпкө чейин көрүшмөк эмеспиз. Башка облуста жашаганыбыз экөөбүзгө кандай жакшы шанс болду. Мен бир эле сен эмес, ар кимден айлап алыстап кетмекмин, апа. Бул биздин тандоо эмес, бул менин дарыгерлеримдин буйругу болчу, жана анын учунда менин өмүрүм бар болчу. Сен мени абдан назик кылып чоңойттуң, жаным абдан таттуу, билесиң апа.

Айлар бою төшөктө калуунун; ачкачылык, жакырчылык, бөтөн жерде калуу, муктаж болбоо үчүн эң оор жумуштарда иштөө жана  ашык болгон  сыяктуу адамды эрезеге жеткиргениңди билбептирмин, апа. Бактыга жараша, аны жашап анан көрүү бар экен.

Уктап жатканда, ойгонгондо кыймылдап, солго-оңго бурулушу чоң бакыт экен, апа. Кыймылдабай калганда жумшак керебеттер да тикенектей болуп, кыймылсыз болгондо ага чөгүп кетерин башыман өткөндө билдим. Ким билет, баркын билбей, айырмасын билбей жашап жаткан дагы канча жакшылыктар бар...

Үйлөнүү тоюнда айтылган «жакшы жана жаман күндө» деген сөздү жөн гана сөз катары эмес, кармашкан колдору үзүлбөй дайым бирге болуп, биринчи такандап кыймылдап баштаганда, жардамсыз биринчи кадам таштаганда кубанганынан ыйлап алуу шорпо ичирүү, байпак кийгизүү дегенди көрүп анан билдим.

"Сүйүүм" деген сөздүн чыныгы маанисин "Биринчи сен!" деген, “Сен унчукпасаң капа болом, таарынсаң ыйлайм, ыйласаң өлөм! – деген бир дүйнө  сулуусу мага үйрөттү.

Ден соолук, бакыт, үй-бүлө, сүйүү, тынчтык, ыклас, берилгендик, бакыт, дагы да бакыт деген сөздөрдүн сырын жашап анан билдим.

Чексиз, караңгы түндөрдү жарыктандырууга бир жуп көз жетиштүү экен.

Мына "Бүттү!" деген чакта, адамды жашоого кайра  алып келүүгө бир жуп сөз, жетиштүү болот экен.

- Билесиңби, менин дубаларым эле эмес, жүрөгүм да сени менен, эки жүрөк менен баратасың,  күчтүүсүң, кайра келесиң! – деген биринин бар болушу дүйнөгө дагы таасир эте алат экен.

Жашоонун маңызы -  ал өлүм менен бетме-бет келгенде, ал тургай, бир аз ары барып, кайра келгенде андан да жакшыраак кармалып турат экен.

Мунун баарын жашап анан  үйрөндүм, апа.

Түрк тилинен которгон Клара КУДАЙБЕРГЕНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз