Абдил Шерматов: Туш-тушуӊда тунжураган түркөйлүк

  • 07.04.2022
  • 2548

*     *     *

Жыргаймын көрсөм – жая албайм кучак,
Жакалайт бир күч жанымды тушап.
Таба албас татаал табышмак белең?
Жандырар учур көзүмдөн учат.

Кыялдын анан кызыгы бүтүп,
Акмалайт тышта жалгыздык күтүп.
От менен ойноп жаткандай болом,
Сезимдер селт дейт дүрбөлөң түшүп.

Мигранттын ыры
Ырыскымды өз жеримден таба албай,
Мүӊкүрөдүм кара жанды бага албай.
Туш-туш жакта күӊкор болуп жүрүшөт,
Көк жал уулуӊ, жапжаш кызыӊ маралдай.

Көз кызартып бийлик үчүн тирешкен,
Чуу көтөрмөй илдет болуп илешкен.
Ата-журтту шылуундарга талаттык,
Жанга окшотуп бирге тилек тилешкен.

Шыдыр жүрүп ошолордун базары,
Бизге түштү жан багуунун азабы.
Кечир мени, кечире көр, Мекеним,
Бул өксүгөн уулуӊдун казалы.

Сен тарапка булут жылса калкыган,
Көркүӊдү эӊсейм, жытыӊды эӊсейм аӊкыган.
Ичтен сызып, чыдап тайкы тагдырга,
Көр оокат деп кара жанды карч урам.

Сени беттеп сызат ойлор – жагалмай,
Жарга урунат жанга конуш таба албай.
Кусалыктан куурап жүрөм, Мекеним,
Сагынганда сага чуркап бара албай.

Түшкө кирсе көздөй тунук булагыӊ,
Жакшылыкка жоруп дуба кыламын.
Каржалганда жандан кечер кез болот,
Кайрат берип өчө көрбө, чырагым.
Февраль, 2021-жыл.

Шаар түнү
Цивилдүү жашоо – жарык,
Караӊгы түнүӊ үркөт.
Машина – көчө тарып,
Ааламга түтүн бүркөт.

Калыӊ бак катат жүзүӊ,
Булбулсуз жесир калып.
Муз түспөл боппоз түтүн,
Асмандын бетин жабып.

Карайлап жылчык издеп,
Жылдыздар шыкаалашат.
«Жанга ынак жарык биз!» - деп,
Неондор чычалатат.

Жасалма сулуулуктар,
Жалтырак көргөзмөсү.
Арзанга жаны кумар,
Адам көп өлгөн көзү.

Түн. Көчө. Сүйүү. Кумар,
Абдырайт жалгыздыгым.
Көз ымдайт маяк сымал,
Жылт эткен жалгыз чылым.

Алымбек датканын аманаты

(Алайдын кулуну Мырзакматов Мелис мырзага арналат)

Улам оӊдоп жабдыктарын аттардын,
Кыйытасыӊ жөнү барын качкандын.
Түн жамынып кетсем кески уурудай,
Кантип жашайм астында анан асмандын?
Жабышпайбы анда мага жаман ат,
Шылдыӊдайт ко көрө албастар табалап?
Өлүмгө тик карай албай тургандар,
Коркунучка күндө иттей таланат.
Мен хандыктын кишисимин экинчи,
Жан эмесмин жүргөн эшик сагалап.

Коркпо өлөт деп! Өлүм – өлүк туудурат,
Өлсөм кыргыз ысымымды туу кылат.
Ыркырашып так талашкан Коконду
Күндө матап менин кунум куудурат.

Душманыма – олжо менин өлүмүм,
Хан, бектерге – коркунучтуу өлүгүм.

Тагдыр деген топ ташындай төлгөнүн,
Эртеӊ кандай бааланарын өрнөгүм,
Билбейм. Бирок эркиндикти талашар,
Мен Кокондон башка жолду көрбөдүм.
Азоо аттай туйлап жүгөн салдырбай,
Күндө коргоп эркиндигиӊ алдырбай,
Кокондукка теӊ атадай жүргөн жөн,
Күчкө ээ болуп ал хандыктын жармындай.
Билем бүгүн тар тайгалак жолдобуз,
Кабак каштын ортосунда кор болуш.
Жанды тиштеп жатка кызмат кыласыӊ,
Болбогон соӊ тирек кылар ордобуз.
Ичиркенип ичтен түтөп тымызын,
Жан багабыз жаттын чаап кылычын.
Так талашкан Кокон бегин коргойсуӊ,
Айла канча! Найза учунда ырысыӊ.
Буйрубаса мамлекетти жараткан,
Корсуӊ дайым ыза муунтуп канап жан…
Далай мыкты кыргыз жүрөт Кокондо,
Бир биринен күн чубагын талашкан.

Сүйлөп турса бир бүткөндөй киндигиӊ,
Ишенесиӊ билбей кимдин кимдигин.
Кокон тандайт ошолордун ичинен,
Жасоолдукка, желдеттикке дилгирин.
Эстен чыгып ата-теги, эл-жери,
Ал кыргыздар сатат, мууздайт бир бирин.

Күнүн көрүп жалгыз жорткон бөрүнүн,
Ат жалында өтүп жатат өмүрүм.
Мамлекет деп миӊ толгоном күн сайын,
Жандыра албай чаташкан ой өрүмүн.

Мен да адаштым далай ирет жолумдан,
Жашыра албайм – менин дагы колум кан.
Кыӊыр ишке азгырылгам мен дагы,
Кол үзө албай ордо ичинде «оюндан».
Мадаминден наам алганда эсиркеп,
Оӊду-солду сүйлөгөнмүн кесир кеп.
Наадандыктан тез соолугуп намысым,
Болгон жокмун «куп» деп турма эпилдек.
Ээлеп алса элиӊ жүрөк толтосун,
Ойлоносуӊ, тагдырынан коркосуӊ.
Ажыратуу кээде турат кыйынга,
Пастык менен бийиктиктин ортосун.

Жердин бизге берген экен окчунун,
Кожоюну болдук колот-коктунун.
Биз кылычтай жалаӊдабай калыппыз,
Ойлоп жалаӊ өз карындын токтугун.
Мындайларыӊ келбейт тизгин бергиси,
Анан кайдан чыгат көк жал эр киши?
Күндө мокоп, кара башын калкалап,
Келип турса бечарадай өлгүсү?
Жаны сыздап, күндө түтөп каӊырык,
Ким мага окшоп азап тартты жаӊылып?
Туш-тушуӊда тунжураган түркөйлүк…
Дубанадай кеткиӊ келет ак уруп.

Бул бир ачуу дүрт дей түшкөн жалындай,
Кекиртектейт кегим жүргөн алынбай.
Манжаларым мыкчыйт сабын кылычтын,
Кайдан табам жалгыз жолду жаӊылбай?
Акыл калчап төр талашып турбасаӊ,
Атыӊ өчөт карт тарыхтан табылбай.

Бак талаштын, билем болбойт оӊою,
Эл ээрчиткен эрлер керек оболу.
Ичтен ирип, алсыраган Кокондон,
Бошонууну келип турат оролу.
Басмырланбай башкаларга теӊ болуп,
Деген элем: «Хандык түзүп коёлу».
Асабасы айбатына төп болуп,
Ала-Тоого ажайып бир көрк толуп,
«Келер каптап шерт кылышкан кыргыз», - деп,
Жол карадым эки көзүм төрт болуп.
Үмүт үзүп келдим көнгөн Коконго,
Кайра өтөр көпүрөмө өрт коюп.

Моюн сунуп букарасы болушка,
Аркалыктар кайрылыптыр оруска.
Эс тартканы эркиндик деп какшанган,
Мага орун жок андай Ата конушта.
Барымтага басып берген түнөгүн
Коргойт экен. Уксам сыздайт жүрөгүм.
Өз журтума өзүм ээлик кыла албай,
Андай жерде кантип жашам жүрөмүн?
Сөз бекитип, сөздөн танган элимден,
Үзүлдү эми биротоло күдөрүм.

Бул арманым, бул сага айткан керээзим,
Башкалардан кулагы үчүн эмесин,
Унутпагын! Жар четинде турамын,
Тагдыр мээлеп өлөр жерге жебесин.
Жек көрүүӊдү какта намыс чогуна,
Жалын болсун жыйган кезде эл эсин.
Ушу бойдон көрүшпөсөк биз эгер,
Айт: кыргыздар эл эмес жер тизелер.
Атыӊ барса арыбастан Алайга,
Ооздугун жара тиштеп кишенер.
Түн бир оокум… Жөнө! Магай кыйылба!
Аргымактан башка жан жок ишенер.

Аскалары көз салышып сыртынан,
Башын жөлөп бир бирине кыр-кыраӊ,
Жаткан чыгар жаш баладай түш көрүп,
Журтум Алай – көк шибери ыӊкыган.
А мен ойлордун канжарына бой таштап,
Жан сөгүлүп далбаа-далбаа жыртылам.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз