Лилиан РОСС: Хемингуэйдин чыгармачылык портрети

  • 03.05.2022
  • 2896

Америкадагы ашкан улуу романист, нары чакан аңгеменин жетик чебери Эрнест Хемингуэй эле болсо керек… Ал киши Нью-Йоркко анда санда гана болбосо, көп келүүчү эмес. Аялы жана тогуз кызматкери менен Гаванадан тогуз чакырым алыс Фринк Виджиа фермасында эч жакка чыкпай, узак жылдардан бери жашап келе жатат. Карамагында 52 мышык, 16 ит, 200гө жуук көгүчкөн, 3 ую бар. Нью-Йоркко болсо, жол үстү гана тие кетүүчү.

1949-жылдын аяк ченинде Хемингуэй Европага баратып, Нью-Йоркко бир нече күн аялдады. Мына ушул учурдан пайдаланып мен ага кезигишсек деген оюмду айтып кат жаздым. Машинкага бастырылып, мага жиберилген жооп катта: «Кезигишүүгө каршы эмесмин, аэропорттон көрүшөлү. Мен өзүм жактырбаган кишилерди көргүм келбейт. Келгенимди билдирип, элге дабран салууну да, бирөөлөргө убактымды бөлө берүүнү да жактырбайм, – деп жазыптыр, – Бронкстеги зоопаркта, Метрополитен музейинде, азыркы заман көркөм өнөр мүзейинде, табият тарыхынын мүзейинде болгум келет. Бокс оюнун жакшы көрөм. Метрополитендеги Брейгель өңдүү асыл адамдардын сүрөттөрүн, бир эмес, эки Гойяга татырлык жакшы сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын, Эль Греконун «Толедосун» көргүм келет. Ал эми, Тутс Шоруга (Нью-Йорк борборуна жайгашкан жазуучулар, сүрөтчүлөр жана артисттер келүүчү ресторан) баргым келбейт. Шаардан кетээр кеткенче эч кимге сөз айтпоого тырышам. Түнкү барларга да барбайм. Басма сөз өкүлдөрү менен кезигишүүдөн баш тартууга да болбойт. Кыскасы, убактым жолдош-жоролорумду көрүүгө гана жетет».

Карындаш менен каттын аягына «Башканы койгондо да убакыт дегениңиз бизде аз эмеспи» деген сөздү да кошуптур.

Бирок Гаванадан учуп келгенде Хемингуэйден өтө эле шашылган кишинин кебетеси байкалган жок. Ал «Айдлуайлд» аэродромуна кечке жуук учуп келиши керек эле, мен тозуп алуу үчүн ошол жерге бардым. Аэродромго жетерим менен самолёт да келип конду. Хемингуэй жүгүн алууга кеткен аялын күтүп калган экен. Бир колунда көптөгөн мейманканалардын белги кагаздары чапталган, эски портфелин колтугуна кыса кармап, экинчи колу менен маңдайынан тери куюлган кодогой бир тарамыштай кишини кучактап алыптыр. Хемингуэй кызыл шодландка көйнөк, мойнунда жүндөн токулган кооз галстук, кызгылт-сары түстөгү токума желеткесинин тышынан далы жагы тарыраак, жеңи кыска күрөң пиджагин бастыра кийиптир. Сур түстөгү фланель шым, бутунда жүндөн токулган тор көздүү байпак, аң терисинен тигилген өтүк. Ушул түрү менен ал бир тарбалаңдаган аюну элестетип тургансыйт.

Кежигесине кайыра тараган узун чачындагы саамайы да, муруту да аппак, бир келки тегизделбесе да кыска сакалы бар. Сол көзүнүн астына жаңгактай чор байлаптыр. Болот кырбылуу көзайнеги көздөрүн жаап турат, көзайнектин мурдунун кырына тийип турган жерине кичине кагаз кыстарып алыптыр. Манхэттенге барууга такыр ашыкчу түрү жок. Жаңкы портфелин катуу кысып, анын ичинде «Өзөн жээгинде, бак саясында» деген жаңы китебинин али бүтпөгөн кол жазмасы бар экенин айтып атты. Жаңкы кичине бойлуу адамды да портфелиндей кыса кармап, анын самолётто өзү менен кошо келгенин айтты. Эгер айткандарын туура түшүнгөн болсом, бул пекене кишинин аты – Маерс экен, командировка менен Кубага барып кайра келаткан өңдүү. Майерс Хемингуэйдин кучагынан чыгып алууну каалап турса да Хемингуэй аны досторчо аймалап, оңойлук менен коё берчү түрү жок.

– Самолётто бул киши күнү кечке китеп окуду, – деди Хемингуэй.

Жергиликтүү индеецтердин англис тилин бурмалап сүйлөгөнүндөй сүйлөйүн десе да, сөз ыргагынан борбордук батыштын кишиси экени билинип турду.

– Кыязы китеп сага жаккан экен, – деди ал Майерсти акырын гана далыга кагып. Ошентти да күлүмсүрөп анын бетине бир карап алды.

– Кош, аман бол! – деди Майерс.

– Китеп аны абдан эзген, – деди Хемингуэй, – Китеп жаай башталган да, андан ары кишинин шилисин катырып, эсин оодарганга чейин арыштап кете берет. Мен кишилердин боюн балкытып, шилесин абдан катырмайынча токтобойм. Андан ары болсо, окуучу эркин дем ала турган чакка чейин чиеленишкен окуяларды бошоңдотобуз. Китеп машина өңдүү, анын да темпин акырындата барып токтотуу керек.

– Кош, саламатта кал, – деди Майерс дагы. Хемингуэй аны коё берди.

– Китеп менен окуучу ортосунда тең чыгуу болбош керек, – деди ал: – Кайра ойногондо да ал окуучуну утуп чыгышы керек.

Бирок Майерс бул сөзгө маани берген жок.

– Бул китеп «Кош бол, куралымдан» жакшырак, – деди Хемингуэй, – мен муну жакшы китебим деп ойлойм. Бирок ар нерсени эртерек мактап жибермейибиз бар. Асиресе, башкалардан өзүңдү жогору койгонуңда ошондой болот, – деди да ал Майерстин колун кысып силкип-силкип алды.

– Китебимди окуганыңа өтө ыраазымын, ыракмат, ошого.

– Өзүңүзгө да ыракмат, – деп Майерс акырын өз жолуна түштү.

Хемингуэй анын артынан саал карап турду да, мен жакка бурулду:

– Жазган китебиң бүтөйүн дегенде, өзүң да өлүмтүк болуп каласың, – деди кабагын салып, – бирок аны башкалар билбейт. Анын үстүнө китебин жазып болгон соң жазуучу башкаларды бышкырып да карабайт деп ойлошот. Жазуунун өзү өтө жооптуу иш экени капарынан чыгып кетет.

Мындан ары ал өзүнүн катуу чарчап жүргөнүн, бирок денсоолугу кадыресе экендигин, салмагын 97 килограммга чейин кемиткенин, кан басымынын да төмөндөгөнүн айтты. Анын үстүнө жаңы китебин кайра оңдоо керектигин, ошон үчүн да өзүнө жакканга чейин кайра-кайра көчүрүп жаза берүүгө бел байлаган экен.

– Роман жазган киши топ кууган оюнчу эмес, ал кадалган жеринен кан алышы керек, – деди Хемингуэй, – канчалык жан кейитсе да, эмне кылса да дегенине жетиши керек.

Ушул учурда Хемингуэйдин жубайы Мэри келди. Ал чолок кыркылган аксаргыл чачтуу, куру бар узун булгун ичик кийген, тулкусу кичирээк, бирок ачык мүнөз бышык аял экен. Анын артынан толгон чемодан жүктөлгөн кол арабасын түрткүлөп жүк ташыгыч да келди.

– Папа, жүктөрүбүздүн баары толук экен, – деди жубайы Хемингуэйге. – Папасы, эми биз кете берсек болот.

Бирок Хемингуэй шашпаган кыяпат билдирди да, чемодандарын санай баштады. Чемодандардын жалпы саны он төрт экен. Анын жарымы Мэри айымдын мага айтканына караганда күйөөсү сызып берген үлгүгө салынып жасалган чоң фибра чемодандар, ар биринин тышына Хемингуэйдин өзү ойлоп тапкан өзгөчө белгилер чапталыптыр. Хемингуэй чемодандарды санап бүткөндө – жубайы жүкчүлөргө жүктү кайда алып барарын түшүндүрүп кой деп күйөөсүнөн өтүндү. Хемингуэй жүкчүгө бир аз аялда деди да, жубайына бурулуп:

– Кымбаттуум, биз көп ашыкпайлычы. Алды менен адатыбыз боюнча бир аз ичип коюшубуз керек ко, – деди.

Биз аэропорттун пивоканасына кирдик. Хемингуэй портфелин орундукка таштап коюп өзүнө жакындатты. Содалуу суу кошулган виски сурады. Жубайы да ошону каалады. Мен бир стакан кофеге заказ бердим. Хемингуэй пивокананын ээсине вискини эки эселегин деп ишарат кылды. Өзү эки колун столго коюп, кыңылдап кандайдыр бир обонго салып, вискини чыдамсыз күтүп отурду. Хемингуэй айым караңгы түшкөнгө чейин Нью-Йоркко жетип калаарбыз дегенди айтты.

Хемингуэй ага мындай жооп берди:

– Биз кайсы убакта жетсек да мага баары бир, себеби, Нью-Йорк өзүнчө бир орой, алдамчы шаар, ал түн ичинде да күндүзгүдөй, ага бараарыма анчалык кубанып турганым жок. Ал эми Венецияга баратсаң башка иш. Батыш жакта Байоминг штатында, Монтан Айдахо штаттарында болууну жакшы көрөм. Андан кийин Куба менен Париж, Венециянын тегереги мага катуу жагат, – деди ал. -Дүйнөдө Вест-Порттон ашкан жек көргөнүм жок.

Хемингуэй айым сигарет чегип мага да сунду. Мен сигаретти күйөөсүнө сундум эле, бирок ал «Мен тамеки чекпейм, тамеки чегүү кишинин жыт сезүү жөндөмүн начарлатат, ал эми, жытты жакшы сезүү аңчыларга өтө кажет» деди.

– Жытка сезимтал адамга сигареттин жыты өтө жаман тиет, – деди да кадимки соккудан коргонгон адамча муштумун бетине такап эңкейе түшүп кытылдап күлдү. Анан дагы булгунду, бугу-маралды, суусар менен башка аңдарды жытына карап жакшы ажыратарын айтты.

Буфетчи ичимдик алып келди. Хемингуэй вискини бир нече жолу оозун толтура кылкылдата жутуп жиберди да, кээде кишилерге караганда аңдар менен жакшыраак тил табышаарын айтты. Бир учурда Монтанда турганында анын бир аюсу бар экен. Аю аны менен бирге жатып аракты да бирге ичип, экөө жакшы «дос» болуп кетиптир. Анан менден «Бронксдеги зоопаркта аюлар барбы? – деп сурады. Мен аны билбейм, бирок Борбор паркында аю бар экенине күмөнүм жок, – дедим.

– Бронксте дайыма Гранин Райс экөөбүз зоопаркка бирге барып жүргөнбүз, – деди ал. – Зоопаркка барганды жакшы көрөм. Тек жекшембиден башка күндөрү гана. Мен элдин айбандарга күлгөнүн жаман көрөм. Негизи, андайларга айбандардын өзү күлсө жакшы болмок.

Хемингуэй айым сумкасынан кичинекей блокнотун алып мага күйөөсү экөө Нью-Йорктон кеткенче кылаар иштеринин тизмесин жасаганын айтты. Булар термостун капкагын, италия тилинин башталгыч грамматикасын, Италиянын кыскача тарыхын сатып алмакчы экен. Хемингуэйге жүндөн токулган төрт көйнөк, пахтадан токулган төрт трусик, жүн кездемеден эки трусик, үйдө кие турган башмак, кур жана плащ алышы керек экен.

– Биздин папабыздын эч качан плащы болгон эмес, – деди, – ошон үчүн да плащ алуубуз керек (Хемингуэй бырс күлдү да үстөлгө көкүрөгүн ныгарды). – Плащ болгондо да суу өтпөгөн жакшы плащ, – деди Хемингуэй айым дагы бир жолу, – андан кийин анын көзайнегин оңдотуу керек. Ага мурдунун кырын өйүбөгөн көзайнек керек. Азыркысы мурдунун кырын катуу оорутуп жүрөт. Ошон үчүн дайыма мурдунун үстүнө кагаздан кепил коюп жүрөт. Ал кагаздарын мончодо жуунганда гана алмаштырат.

Хемингуэй дагы бырс күлдү. Буфетчи кирип келди эле, Хэмингуэй вискиден дагы алып келүүсүн өтүндү. Андан кийин айымга бурулуп:

– Мэри, мейманканага жайгашарыбыз менен Капустага телефон чалышыбыз керек, – деди.

Ал дагы бир жолу муштуму менен бетин калкалап, кытылдай күлүп “Капуста» – Марлен Дитрих деген эски досума эркелетип коюлган ат. Финк Виджиа фермасында айтыла жүргөн мындай күлкүлүү аттар менен тамашалуу учурлар көп, – деп түшүндүрдү.  – Ушундай күлкүлүү шыкак сөздөрдү өтө жакшы көрөбүз.

– Алды менен Марленге телефон чалалы да, андан кийин икра менен шампанга заказ берели, папа, – деди Хемингуэй айым, – Икра менен шампанды көптөн бери сагынып жүрөм.

– Капуста, икра, шампан, – деп Хемингуэй кандайдыр бир кыйын аскери буйрукту жадына сактаган кишидей жай чубуртуп өттү. Ошентти да стаканын бошотуп, буфетчиге дагы алып кел деп ымдап, мен жакка бурулду: – Мени менен плащ сатып алууга барасызбы?

– Плащ сатып алуу керек, көзайнекти да оңдотуу керек, – деди Хемингуэй айым.

Мен экөөнө тең чын ыкыласым менен жардамдашарымды айттым. Хемингуэйдин бокска баргысы келгенин эскерттим. Ушул жумада болуучу жалгыз гана бокс оюну, аны жакшы билген бир досумдун айтканына караганда бүгүн кечинде Сент-Николас рингинде болмок эле. Мен ошол досумдун төрт билети бар экенин, ал билеттерди үчөөбүзгө ыраазылык менен берээрин айттым. Хемингуэй боксёрлордун атын атаганымда «алардын баары жалкоо немелер» деди.

– Жалкоо экендери чын, – деп Хемингуэй айым өзүлөрү жашаган Кубада боксёрлор алда канча жакшы экенин айтты.

Хемингуэй кандайдыр көңүлү толбогонсуп мага кадала карады да:

– Кызым, ар качан да эсиңде болсун, жаман боксерлордун оюнун көрүүгө баргандан көрө барбаган жакшы. Бокска биз Европадан кайтып келгенден кийин баралы. Себеби, эң болбогондо бир жылда бир жолу жакшы боксёрлордун оюнун көрүүбүз керек да. Бокска көп барбаган киши анын кандай оюн экенин да унутуп калат. Бул жооптуу иш, – деп бир жөтөлүп алды, – антпесең бара-бара көнүп, үй күчүк болуп каласың.

Биз буфетте дагы бираз отурдук. Андан кийин Хемингуэй мени мейманканага бирге баруумду өтүндү. Жүктөрүн таксиге жайгаштырдык да, өзүбүз башка машинага отуруп жөнөп кеттик. Кенен-кесири проспекти менен келатабыз. Хемингуэй жолдон көз албай карап отурду. Хемингуэй каным мага анын дайыма ушундай экенин, адатта шофёрдун жанына отурбай тургандыгын, анын бул адаты, аркы дүйнөлүк биринчи согуштан бери келатканын айтып отурду. Европага барганда эмне иштейсиздер деп сурадым. Булар Парижде бир жумадай туруп, андан ары машина менен Венецияга барарын айтты.

– Парижге кайра-кайра келе бергенди жакшы көрөм, – деди Хемингуэй мурдагыдай эле жолдон көзүн албай, – анда барсам үйдүн ички бөлмөсүнө кире бергендей болом, эч кимдин суроолоруна жооп катпайм. Ошон үчүн да мен жөнүндө эч ким эч нерсе билбейт. Чиркин, илгерки бир кездердегидей чачыңды бир жолу да тегиздетпей, кандай болсо ошондой жүрө бересиң. Ал шаарда белгисиз бир кафеге кирип жүргөндү жакшы көрөм. Ал жерде бир тааныш официант жана анын нөөмөтчүсү бар. Жаңы чыккан сүрөттөрдү ал түгүл эскилерин да көргөндү, ал жерде жаңы велосипед жарышы менен бокс оюнуна барганды, дагы жаңы велосипедчилер менен, боксёрлор менен таанышууну жакшы көрөм. Дайыма өзүмдүн жакшы көргөн тамактарым даяр турган нары арзан ресторандарды таап алчумун. Шаардын ал чети менен бул четин жөө аралаганды жакшы көрөм. Анткени, шаардын тиги бир жеринде башыңан каталык кетирген болсоң, ал эми мына бул жеринде кээде башыңа жакшы бир ойлор түшө калган болот. Кеч күүгүм мезгилинде ат байгесинин программасын окуп, кайсы ат алдыга келерин болжоого тырышып, эртеси Отейилдеги же Энгиендеги ошол жарыштарда озуп чыгар деген күлүктөргө байге саюуга кумармын.

– Ошол өңдүү жарыштарда биздин папабыздын дайыма жолу болуп турат, – деди Хемингуэй айым.

– Жарыштын программасын жакшы билсең гана, – деп жооп берди Хемингуэй аялына.

Ушул учурда Квинсборо көпүрөсүнөн өтүп баратканбыз. Манхэттендин асман тиреген бийик үйлөрү да көрүнө баштаган эле. Үйлөрдүн баардыгы тең күндүзгүдөй жарык экен, бирок ага Хемингуэй көңүл бурган да жок.

– Мен жакшы көргөн шаар бул эмес, – деди ал, – Нью-Йорк жол үстү гана көрө кетер, чындыгында адамды кууратар шаар. Ал эми Париж болсо, менин экинчи үйүм болгон. Бул шаарда жападан жалгыз жүрсөм да, өзүбүз ошол турмушта жашап, жумуш иштеп, окуп, чоңоюп өлчөөсүз бакытка кенелбедикпи, ошон үчүн да дайыма кайра келүүгө ынтызар болобуз.

Хемингуэйдин өз үйү өңдөнүп калган дагы бир шаар – Венеция. Акыркы жолу аялы менен Италияга барганында Венеция менен Кортина чөлкөмүндө төрт ай турушкан. Ал жерде аңчылык кылып, азыркы жаңы китебинде ошол жерди жана ал жердеги адамдарды сүрөттөгөн.

– Чиркин, Италиядай жер бар болду бекен? – деди ал. – Ал жерде бул дүйнөңөн кетип бейишке баргандай сезесиң. Анын ажайып көрүнүшүн тил менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.

Хемингуэй айым ошол жерде лыжа тээп жүрүп бутунун томугун чыгарып алганын, ошондо да экөө ошол жерге барып дагы лыжа тепкилери келерин айтты. Ал эми Хемингуэй Падуя шаарында көзү ооруп ооруканада жаткан экен, бирок, ошондо да Италияга барып өзүнүн ал жердеги жакшы достору менен дидарлашкысы келет экен. Шамалдуу күнү гондола кыйгын айдагандарды, анан өзүлөрү мурда жаткан «Гритти Палас» меманканасын, шаардын Торчелло районундагы «Локанду Чиприани» деген эски кербен сарайын, Венециянын түндүк чыгышындагы, эң мурдагы, Венеция шаарын салуудан мурдагы байыркы венециялыктар мекендеген деңиз колтуктарындагы аралды көрүүгө ынтызарланды. Бүгүнкү күндө Торчеллодо жетмишке жакын кишилер жашайт, алар өрдөк уулап жан багышат экен. Хемингуэй ал жерде эски кербен сарайынын багбаны менен бирге өрдөк атышыптыр.

– Биз каналдар менен кетип баратып, асманда учкан өрдөктөрдү аттык. Мен деңиз суусу тартылган кезде калың камышка кирип тартар атчумун, – деди Хемингуэй, Припят сазынан учкан өрдөктөрдүн жолу ошол жерден өтчү. Мергендигим үчүн эл таңгалчу. Ал жерде да кандайдыр бир чымчык бар, ал түндүктө чокуп жеген жүзүмүн издеп түштүк тарапка учат. Жергиликтүү эл бул кушту жерде жүргөнүндө гана атып алат. А мен болсом учуп баратканда атып түшүрчүмүн. Бир күнү ошол кушту бытыра менен атканымда, жаңкы багбан кубанганынан кыйкырып жиберди. Дагы бир жолу айдын жарыгында чагылышып, бийик учуп бараткан өрдөктү атып түшүргөн элем. Өрдөк каналга жалп этип түшүп калды. Багбаным катуу кайгырганы шончо, мен анын көңүлү эми ордуна түшпөс деп ойлогом. Бир бөтөлкө шараптын да ага жардамы болгон жок. Ар кимибиз бир бөтөлкөдөн шарап алып чыкканбыз. Бой жылытуу үчүн өзүмдүн бөтөлкөмдү келатып эле ичип койгом. Ал болсо өз шарабын ачуу ызасын басам деп аймап ичип алды. Бир аз унчукпай отурган соң, Хемингуэй, – Венеция ажайып өлкө, – деп сөзүн кыскартты.

Хемингуэйлер «Шерри-Недерлэнд» мейманканасына келишти. Хемингуэйдин өзү анкета толтуруп атып, күтүүчү кызматкерге: «Менин мында түшкөнүмдү эч ким билбесин, – деп эскертти. – Дитрих айымдан башка эч кимди көргүм келбейт, эч ким менен телефон аркылуу сүйлөшпөйм”.

Анан буларга арналган номерге баруу үчүн жогору көтөрүлдүк. Номери – конок күтчү, уктоочу, тамак даярдоочу бөлмөлөрдөн экен. Хемингуэй эшик алдында бир аз токтой калып, конок күтүү бөлмөсүн көзү менен сыдырып өттү. Бөлмө тамдарына көзгө бирден түшө турган ачекейленген кагаз чапталган, 18-кылымдын үлгүсүндөгү эмеректер коюлган кенен-кесири бөлмө экен. Меш өңдүү очокто жасалма таш көмүр жатат.

Хемингуэй босогодо туруп:

– Накта аю жатар чээн экен, буларды балким, кандайдыр бир орто кылымдагы кытай стили деп ойлосо керек өзүлөрү, – деди.

Ал ички үйгө кирери менен мейман күтүүчү үй тарыла түштү. Хемингуэй айым китептер коюлган шкафкагы китептерди карай баштады.

– Папа, көрдүңбү? – деди аялы. – Баары көз боёомочулук экен. Папа, булар китеп эмес, китептин тышкы мукабасы гана.

Хемингуэй портфелин жайдак төшөккө койду да, шкафтын жанына барды. Анан акырын гана: «Башталгыч экономика», «Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү». «Швеция жери жана адамдары» деген китептердин, Феллис Бентлидин «Тынч уктай бер» деген китептердин аттарын окуп чыкты.

– Биз чынында эле ушу түгөнүп бараткан окшойбуз, – деди ал галстугун чечип атып.

Хемингуэй жатар бөлмөгө жүктөрүн жайгаштырууга бараткан аялына галстугун, күрмөсүн карматты да өзү жакасын чечип, телефонго барды.

– Капустага телефон чалайынчы, – деди.

Ал Плазга телефон чалып, Дитрих айымды сурады.

Дитрих жок экен. Хемингуэй ал кишиге кечки тамакка бул жакка келсин деп өтүндү. Андан кийин ресторанга телефон чалып, икра менен эки бөтөлкө «Перрье-Жуэ» шампанына заказ берди. Ал китеп шкафынын жанына кайра келип, эмне айтаарын билбегенсип бир аз турду да, жаңкы китептердин түптөрүнө карап:

– Бул дагы шаардын өзү өңдүү тышы жылтырак, ичи көңдөй алдамчы нерсе, – деди.

Мен ага ушул күндөрү адабиятчылар арасында өзү жөнүндө көп сөздөр тарап кеткенин, сынчылар ал жазган китептер гана эмес, болочоктогу жаза турган китептери жөнүндө да түрдүү ушак таратып жүргөнүн айттым. Хемингуэй «Нью-Йоркто алды менен ушул сынчыларды көргүм келбейт. Так ошолорду…» деп жооп берди.

– Алар бейсболго барарын барат, бирок программаны көрбөй эле оюнчулардын атын айтып бералбаган кишилерге көбүрөөк окшоп кетет. Мейли, өзүм жактырбаган кишилер эмне айтса ошону айтсын, ага менин эмнем короп атыптыр. Эгер алар кишиге жамандык ойлойм десе, ойлой беришсин. Мына бул өкүнүчтүү иш. Бирок оюндун аты оюн эмеспи. Сынчылардан кийин менин аз учурашкым келген кишилерим эч качан согушта болбогон, бирок согуш жөнүндө жазган жазуучулар. Алар ыңгайлуу келген топту да кармап кала албай жерге түшүрүп жиберишет, ошентип бүткүл команданын эмгегин жокко чыгаруучу, же өздөрү топ бергенге чамалары келсе да көп оюнчулар аны чыгарып таштоого тырыша турган оюнчулар өңдүү.

* * *

Официант икра менен шампан алып келгенде, Хемингуэй бөтөлкөнү ачып бериңиз, – деп өтүндү.

Аялы жатаар бөлмөдөн чыгып күйөөсүнүн тиш щеткасын табалбаганын айтты. Хемингуэй ага щетканын кайда экенин билбейм, жок болсо жоголсун, башкасын сатып алууга болот да, – деди.

Аялы күйөөсүнүн айтканын куп көрүп, жатаар бөлмөгө кайра кирип кетти. Хемингуэй эки бокалга шампан куйду да бирин мага сунду, экинчисин өзү ичип алды. Официант андан көзүн албай карап калыптыр. Хемингуэй ага бурулуп, испан тилинде бирдеме деди эле, экөө тең күлүп калды. Андан кийин гана официант чыгып кетти. Хемингуэй колуна бокалды кармаган бойдон кызыл тактай төшөккө барып отурду. Маңдайында турган креслого мен отурдум.

– Дүйнөлүк биринчи согуштун мага жаман таасир калтырганы шончо, ал жөнүндө катары менен он жыл жазалбай калдым, – деди кокусунан эле катаал түргө келип. – Согуш – жазуучунун жүрөгүнө көпкө чейин айыкпас жара калтырат. Бул тууралуу мен жаңкы «Жат элде», «Силер кандай болсоңор да», «Азыр өзүмдү өзүм кармап бердим» деген үч аңгеме жазгам.

Ал согуш жөнүндө жазган өзүн экинчи Толстоймун деп эсептеген, бирок Толстойго бир жери окшош, дайыма жылаңайлак жүргөн жазуучунун атын айтты.

– Ал эч качан мылтык добушун укпаган, ошондо да Севастополь согушунда кан төккөн, өз ишин жакшы билген артиллерия офицери, төшөктө жатса да, ичимдик ичкенде да, же бош үйдө үстөлдө ойлуу отурса да – кайда жүрбөсүн, накта эр азамат болгон. Толстой менен өзүн теңештиргиси келет. Мен алгачында жупуну баштасам да, кийинчерек Тургенев мырзадан ашып кеттим. Андан кийин көбүрөк эмгектенип, көп күч жумшап Мопассан мырзаны жеңип алдым, Стендаль мырза менен эки жолу тепетең чыктым, бирок аны соңку мелдеште упай саны жагынан жеңдим окшойт. Бирок накта эсимен ажыраганда же кол жетпеген бийикке чыкканымда гана болбосо, Толстой мырзага каршы мелдешүүгө өмүр бою барбастырмын… – деди.

Хемингуэй жаңы китебинин жаралышына кыска-кыска аңгемелер себеп болгонун айтты.

– Андан ары өзүмдү токтото алганым жок. Аңгеме романга айланды, – деп түшүндүрдү ал. – Бардык романдарым ошондой болгон. Жыйырма беш жашымда Сомерсет Моэм менен Стефан Сент-Виксен Бенеттин романдарын окуп жүрдүм, – деп тамагын кыра күлдү, алардын жазган китептери бар, ал эми менин бир да китебим жок, ошону өзүмө уят сездим. Ошентип «Күн» романын жазып чыгардым. Ал кезде жыйырма жетиде болчумун, ал китепти алты жума ичинде жазып таштадым. Аны туулган күнүм – 21-июлда Валенсияда баштап, сентябрдын алтынчы күнү Парижде аяктадым. Бирок роман начар чыгып калды. Ошон үчүн беш ай бою кайрадан оңдодум. Балким бул жаш жазуучулар үчүн үлгү болор. Ошентип алар өзүн эмдеп жүргөн писихиятор дарыгердин берген акылын аткарбай деле коёр. Бир кезде ушундай дарыгерлердин бирөө менден: «Сиз психиатор дарыгерлерден эмне үйрөндүңүз?» деп жазыптыр. Мен ага: «Анчалык деле эч нерсе үйрөнө албадым. Эгер алар түшүнгөн болсо, менин китептеримен да анчалык таасир алалбаган чыгаар» деп жооп узаттым. Коргоно берген боксчу эч качан жеңип чыгалбайт. Эгер жеңе албасаң бекерден бекер балээге өзүңдү зордобо. Каршы жактагы боксёруңду бурчка камагын да шилесин тырыштыр. Бар күчүңдү жыйнап, өзүңө сокку даарытпай, талуу жерлериңе эч жуутпай үстү-үстүнө төпөштө. Папа ушунун баарын өз башынан кечирген.

Хемингуэй өзүнө дагы бир бокал шампан куйду да: – Кол менен жазганды жакшы көрөм. Жакында магнитофон сатып алган болсом да, аны байкап көрүүгө мүмкүндүгүм болбой атат, – деп койду.

– Сүйлөй турган машинканы пайдаланууну үйрөнүп алгым келет, – деди ал. – Андай машинкага баарын айтып берип, андан кийин секретардан машинкага бастырып алсаң болду.

Хемингуэй жазганда көп кыйналат экен да, диалогдорду оңой жазат окшоду.

– Чыгармаларымдагы кейипкерлерим өз ара сүйлөшө келгенде алардын сөзүн жазып үлгүрө албай калам. Ошондой болсо да чоң табит менен жазып чыгам. Мен ар бир сүйлөмүмө чоң маани батырууга тырышам. Сөздү асманга учуруп, чарк ургузуп эркин, батыл, кээде ал түгүл, өз мейлинче каалаганындай учуруп жиберем. Мисалы, мыкты учкучтар кээде ошондой учат. Алар көбүнчө өтө тездиктен лаззат алып, көбүнчө эмин-эркин түз учуу менен болот. Мына, жазуучу өмүрдү ушундай узартат, башкача айтканда, менин айтайын дегеним, жазуучунун чыгармасы ушундай болгондо гана узак өмүр сүрөт. Ал эми мырзалар силер, буга эмне дейсиңер?

Ушул иш ага өзгөчө маанилүү өңдөндү, бирок анысын мага түшүндүрүп айткан жок.

Мен «Сиздин оюңузча, жаңы китебиңиздин мурдагылардан өзгөчүлүгү кандай?» деп сурадым. Ал мурдагысындай жаратпаган кейпи менен көпкө карап турду.

– Сиз өзүңүз кандай деп ойлоор элеңиз? – деди бир аз үнсүз отургандан кийин. – Сиз «Кош бол, куралым» өңдүү Аддис Абебадагы солдаттар же канонерди басып алган солдаттар жөнүндө менин жаңы бир нерсе жазганымды кааларсыз!

Андан ары ал азыркы китеби экинчи дүйнөлүк согуштагы командирлер жөнүндө экенин айтты.

– Менин жалпы эле солдаттар жөнүндө жумушум жок, – деп бир отоло олуттуу түргө келгенсиди. – Болбосо, өз башыман өткөн адилетсиздиктерди аңгемелеп жаткан мен эмесмин, сөздүн кыскасын айтсак, – менин жазарым, катаал согуш илими гана!

Жаңы романында, өзүнүн айтканына караганда, орой сөздөр көп өңдүү.

– Анын себеби, мен канчалык сыпаа сүйлөгүм келсе да согушта эл өтө орой сүйлөшөт, – деди.

– Ушул жагынан алып караганда, менин оюмча, бул роман «Кош бол, куралымдан» алда канча күчтүү чыккан, – деди да портфелине кол узатты. – Бул китепте мурдагыдай жаштык, аңкоолук жок. Андан ары ал чарчаган үн менен дагы:

– Ал эми, мырзалар буга эмне дейсиңер?—деди.

Ушул учурда эшик кагылды.

Хемингуэй тез басып барып ачты эле, Марлен Дитрих экен. Булар бирин бири көрүп кубанып калышты. Хемингуэй айым мейманканадан чыгып, келген конокту кучагын жая тосуп алды. Марлен Дитрих Хемингуэйден саал ары барып, өтө ыкластуулук менен анын тулку боюна карап чыкты да:

– Папа, дидарың кандай жагымдуу, – деди жай гана.

– Кызым, сени сагынып калыптырмын, – деди да Хемингуэй колун бетине такап, ийнин солкулдата күлүп алды.

Дитрих айымдын ийнинде булгун ичик, ал ичигин чечип Хемингуэй айымга берип атканында катуу үшкүрүп алды. Андан ары дагы бир жолу үшкүрүнүп, жумшак креслого отуруп калды. Хемингуэй бир бокалга шампан куюп коногуна сунуп, калганын бокалдарга толтурду.

– Капустанын ажары өтө жагымдуу экен, – деди мага бокал карматып атып.

Анан орундугун жылдырып, Марлен Дитрихтин жанына жакыныраак келип отурду. Булар курбу-курдаштары, өткөн-кеткендери жөнүндө айтып отурушту. Театр, кино кызматкерлери жөнүндө сөз жүрдү. Хемингуэй алардын бирин сөз арасында «Деңиз каракчысы» атады. Марлендин “аны эмнеге мындай атадыңыз?” – дегенине:

– Эмне үчүн десең, кургактыктан деңиз чоң, – деп жооп берди.

Хемингуэй айым үйдөн чыгып кеткен. Бир нече минутадан кийин икра сүйкөлгөн бутерброд алып кирди.

– Мэри, папага айтып атканым, таэне болгонумдан кийин жүрүш-турушум да башкача болушу керек ко, – деди Марлен бутербродду колуна алганда. Эми мага дайыма неберелерим жөнүндө гана ойлонууга тура келет. Өзүң билесиң да папа?

Хемингуэй аны түшүнөм дегендей ишара кылды. Дитрих болсо бизге сумкасынан небересинин ар нерсеге суктана берүүчү сүрөттөрүн алып көрсөттү. Небереси бир жарым жаш чамалуу экен. Хемингуэй бул бала бокс чемпионуна окшоп турат, эгер боксор болсом, денсоолугум ушундай эле болсо деп суктанар элем, – деди.

Дитрих айым жакын арада кызынан дагы бир перзент көрөрүн айтты.

– Папасы, ошентип кош неберелүү болгону турам, – деди.

Хемингуэй ага көңүлсүз гана карап койду.

– Бир нече айдан кийин өзүм да чоң ата болгону турам, Бамби деген уулумдун жубайы наристе күтүүдө.

Хемингуэй айым күйөөсүнүн чоң уулу Берлинде турган армиянын капитаны Джондун «Бамби» деп аталып кеткенин айтты. Экинчи уулу Патрикти өздөрү «Чөнтөк кагаар» дейт экен. Ал азыр Гарвард университетинде экинчи курста окуйт, жашы жыйырма бирде, июнь айында үйлөнөт экен.

«Жижи» деген атка конгон үчүнчү уулу Грегори жакында гана Анyаполис шаарындагы Сент-Жон согуш академиясына кирген. Ал он сегиз эле жашта экен. Патрик үйлөнүү тоюна мында отурган Хемингуэй айым менен Хемингуэйдин мурдагы экинчи аялы жана Жижинин тууган энеси Полина Фейферди чакырмак болуптур. Хемингуэйдин биринчи аялы Бамбидин энеси Хедли Ричардсон деген аял азыркы фамилиясы Пол Скотт Моурер айым экен. Үчүнчү аялы Марта Геллхорн деген аял.

– Жашоодо эмне иштесек да ,бардыгы балдарыбыз үчүн, – деди Дитрих.

– Бул туура сөз, баары балдар үчүн, – деди аны коштоп Хемингуэй.

Бул сөзүнөн кийин Марлендин бокалын дагы толтура куйду.

– Ракмат, папа, – ал дагы бир жолу үшкүрүп алды, – Азыр папамда отурам, – деди ал Хемингуэйге, – бирок көбүнчө убактымды үчүнчү авеню көчөсүндөгү кызымдын үйүндө өткөрөм. Папа, күйөөм менен кызым бир жакка кеткенде менин ким болорумду көрдүң эле го, – деп сөзүн узарта түштү да шампандан бир ууртады. – Мен бала багам. Экөө үйдөн кетээри менен үй ичиндегилердин баарын өз орундарына коюп, жыйнаштырам. Бурч-бурчтарынын баарын карап, жашиктердин капкагын жууп, чаң тозоңдорун аарчыйм. Апыластык оозу-мурдунан чыгып турса, мен андай үйдө жашай албайм. Плаздан ала келген жоолугумду колума алып, бурч-бурчту аарчып чыгам. Андан кийин алар түнкү бир же экиде келишет. Ошондо гана кир жоолук менен бир нерсеге баланын жуула турган кийимдерин бууп-түйөм да такси чакырам. Шофер, кыязы мени үчүнчү авенюдан келаткан кир жуугуч аял деп ойлосо керек, мага боору ооруп машинесине отургузат. Плазга алпарыңыз деп айталбайм. Ушунун кесепетинен машинадан үйдүн жанынан эмес, бир көчө калганда түшүп, түйүнчөктөрүмдү далыма көтөргөн бойдон үйгө жөө келем. Анан баланын кийимдерин жууп болгон соң гана уктаймын.

– Кызым, сен алар үчүн эмес, өзүң үчүн иштейсиң, – деди Хемингуэй астейилдик менен.

Бирөө эшикти какты, буларды күтүүчү аял гүл алып келди, Хемингуэй айым коробканы ачты эле, өз энеси ага арнап бир десте жашыл орхидея гүлүн жиберген экен. Айым гүлдү вазага салып атып:

– Кечки тамакка заказ берээр маал болуп калды, – деди.

Тамак үстүндө Хемингуэй менен Марлен Дитрих согуш жөнүндө маектешип отурушту. Ушул отурган үчөө тең согушту көргөн кишилер. Ошол учурда Мэри Уэлч деген ат менен жүргөн Хемингуэй айым «Тайм» гезитинин Лондондогу кабарчысы болуптур. Азыркы күйөөсү Хемингуэй менен ошол жерде иштеп жүрүп таанышыптыр. Ошондо экөө тең Лондондо, кийин Прижде Марлен Дитрих менен тез-тез кезигишип турушкан экен. Марлен майдандагы артисттер бригадасында кызмат иштеп, Европанын бардык согуш майдандарында дайыма сахнага чыгып жүрүптүр. Согуш жөнүндө айта баштаганда ал бир аз кайгырып, муңайып отурду. Өзү солдаттарга оюн көрсөткөндү жактырат экен, айткандарына караганда: үй жайынан айрылып, жат жерде жүргөн ошол адамдардын жылуу ыкластуу чырайлары баарынан кымбат сезилет экен.

– Алар ар качан адамгерчиликти унутпаган адамдар, – деди Марлен, – жамандыкта да, коркуу, үркүү дегенди билбеген, бири-бирине жакшы мамиле жасаган гана адамдар.

Хемингуэй ушул кишинин эсендиги үчүн ичип койду.

– Биздин папа, азыр согуш аяктагандан кийин дайыма жабыркап жүргөн себебин эми гана түшүндүм, – деди Хемингуэй айым. – Анткени тынчтык күндөрдө кандайдыр бир эрдик көрсөтүүгө шарт жок.

– Согушта бардыгы өзгөчө, – деди Дитрих, – анда адамдар мындай таш боор эмес, кайра бири-бирине боор тартып турушат.

Хемингуэй андан ары согуш мезгилинде жазып алынган пластинкалар кайда экенин сурады. Алар Америкага кеңири таралган белгилүү ырлардын немис тилине которулган нускалары экен. “Чиркин, ошол пластинкалар өзүмдө болсо эмне”, – деп койду.

– Кызым, ошол пластинкаларга мен жаңы жазган китебимдин кол жазмасын алмашып жиберер элем, – деди.

– Папа, алар болгондо сага алмаштырбай эле берер элем го, анткени сени ушундай жакшы көрөм, – деди Дитрих.

– Мен дагы өзүм көрүп жүргөндөрдүн ичинде сендей жакшы адамды кезиктирген эмесмин, – деди Хемингуэй.

Которгон Аман САСПАЕВ 

“Жаңы Ала-Тоо” көркөм-адабий журналынан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз