Коён, кой жана ит
Эки кошуна болуптур. Биринчиси балдарына коён сатып берди. Экинчи кошунанын балдары аларга да кайсы бир үй жаныбарын сатып берүүнү суранышты. Ата-энеси аларга немис овчаркасынын күчүгүн сатып беришти.
Ошондо биринчи кошуна экинчисине кайрылды:
- Бул күчүгүң чоңойсо коёнумду жеп салбайбы?
- Жок, ойлонуп көрсөң, менин күчүгүм да, сенин коёнуң да али бала сыяктуу. Чогуу чоңоюшса, дос болуп калышат. Эч кандай көйгөй болбойт.
Ит ээсинин айтканы туура чыкты. Ит менен коён чогуу чоңоюп, дос болуп калышты. Иттин короосунан коёнду көрүү кадыресе көрүнүш болчу жана тескерисинче. Балдар да бактылуу эле.
Бир жолу дем алыш күнү коёндун ээси үй-бүлөсү менен эс алууга кетип, коён үйдө кароосуз жалгыз калыптыр. Жума күнү болчу. Жекшембинин кечинде ит ээси үй-бүлөсү менен чарпаяда чай ичип отурушса, алардын килейген ити кирип келди. Ал коёнду тиштеп алыптыр: коёндун денеси кан менен топурактан көрүнбөй калыптыр, эң жаманы – ал өлүп калыптыр. Кожоюндары итти сабап, аз жерден өлтүрүп коё жаздашты.
Кошунасы туура айткан экен. Эми эмне болот? “Бизге ушул эле жетпей жатты эле. Кошуналар бир нече сааттан кийин кайтып келишет. Алардын балдары кандай абалда болушат? Эмне кылуу керек?”
Баары бири-бирин карап калышты. Байкуш ит жараларын жалап кыңшылап жиберди.
Балдардын бири сунуш киргизди:
– Келгиле, аны жакшылап жууп, фен менен кургатып, короодогу коёндун ийинине киргизип коёлу.
Коёндун денеси бүтүн болгондуктан алар баланын айтканын жасашты. Коёнду ийининин алдына жаткызып, башын таманына жаздантып, уктап жаткандай кылышты. Аңгыча кошуналары да кайтып келишти. Иттин ээлери үйлөрүнө кирип, эшиктерин жаап алышкан. Бир нече мүнөттөн кийин алар балдардын ыйын угушту. Табышты! Бир-эки мүнөттөн кийин алар эшикти кагып, босогодо өңү кубарып, корккон коёндун ээси турду.
– Эмне болду? Сага эмне?.. – деп сурады иттин ээси.
– Коён... коён...
– Өлүп калыптырбы? Ал жана эле эле сопсоо жүргөндөй болду эле го!
– Ал жума күнү өлгөн!
– Жума күнү?
– Биз кетердин алдында балдар аны бакчанын башына алып барып көмүп келишкен! Эми ал үйгө кайтып келиптир!
Көрсө, жума күндөн бери дайынсыз жоголгон бала кездеги досун издеп жүргөн ит акыры аны таап, куткаруу үчүн казып алыптыр. Анан кожоюндарына жардам сурап алып келген тура.
Икаядан алчу сабак:
Чынында эмне болгонун текшербей туруп эч качан алдын ала жыйынтык чыгарып болбойт.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ