Ги де Мопассан: Өчмөндүү кек

  • 13.07.2022
  • 4607

АҢГЕМЕ

Паоло Саверини деген жесир аял жалгыз уулу экөө Бонифачонун сепил катары курулган коргонунун четинде алачыктай кичинекей үйдө жашашчу. Тоо бооруна жайгашып, кай бир жерлеринде деңиздин үстүнө салаңдап турган шаар, суу астындагы арсайган аска таштуу кысыктын жогору жагынан Сардиниянын анча тик эмес жээк тарабын карап турат. Шаардын карама-каршы бетинде, так эле шаар этегинде асканын жаракасынан пайда болгон тоо кыркасы шаарды курчап, эбегейсиз зор коридорго окшоп созулуп жатат; ал порт катары кызмат кылгандыктан, италиялык жана сардиниялык балыкчылардын кайыктары, ал турсун Аяччого жөнөгөн эски, күшүлдөгөн пароход да бир айда эки жолу салаңдаган аскалардын ортосунан узак жол жүрүп аралап өтүп, үйлөрдүн так түбүнө чейин келишет.

Үймөк-үймөк үйлөр аппак болуп тоо боорунан дароо көзгө урунат. Чоң кемелер да батынып кире албаган айбаттуу деңиз коридорунун өйдө жагындагы үстү-үстүнө тыгыз үйүлгөн үйлөр аскаларга жармашып, чымчыктардын салган уяларына окшош болуп көрүнөт.

Шамал эч токтобой деңиз үстүн сабалап ургулайт, анын соккусунан жешилип бүткөн, ар кайсы жеринде гана анча-мынча чөп кылайган жылаңач жээкти шамал тынымсыз чапкылап турат; кысыктын ичине дагы жулунуп кирип, жээгин бүлгүнгө учуратат. Ак көбүктүү суу тилкелери, толкунду жарып көрүнүп турган кара-көк аскалардын бийигирээк жерлерине жармаша калса, парусинанын айрыктары сууда калкып, суу үстүндө ары-бери чайпалып, аскаларга урунуп тургандай көрүнөт.

Жесир кемпир Саверининин деңиз жээгиндеги аскага жармаштырылып курулган алачыктай үйүнүн үч терезеси тең ушул кунарсыз, жапайы деңиз мейкиндигин карап турар эле.

Жесир кемпир мында уулу Антонио жана ити Семильянта болуп жашап турушчу. Ити овчарка породасынан, жүнү катуу жана кайраттуу, килейген арык канчык болчу. Кемпирдин баласы Антонио аны ээрчитип мергенчиликке чыгар эле.

Күндөрдүн биринде Антонио Саверини бирөө менен чатакташа кетип, андан соң аркасынан билгизбей сайылган бычактан өлүм тапты, аны өлтүргөн Николо Раволати ошол түнү эле Сардинияга качып изин суутту.

Жолдон өткөн адамдар таап, уулунун өлүк денесин кемпирге алып келишкенде, кемпир бир тамчы жаш чыгарбай, далайга үн-сөзү жок көзүн албай тиктеп турду; анан, сөөктүн үстүнө бырышкан-тырышкан арык колдорун жайып, кек кууп өч алууга ант берди. Ал кимдир-бирөө аны менен үйдө калышын каалаган жок, үйдө улуп-уңшуган ити менен гана калды. Ити куйругун кыпчып, мойну-башын Антониого карай созуп, сөөктүн буту алдында токтобой улуп турду. Ал да эне сыяктуу кыймылсыз эле. Эне сөөктүн үстүнө эңкейип, көз айырбай тиктеп, үн чыгарбай көз жашын төгүп жатты.

Одурайган сукнодон тигилген курткасынын көкүрөгү бычактан тешилген жана айрылган бала чалкасынан жатып уктап калгандай көрүндү; бирок анын бүт жери кан эле: алгачкы жардам көрсөтүү үчүн айрышкан көйнөгү, жилети, кийген шымы, колу-буту да. Копкоюу болуп каткан кан чачына, сакалына да жармашып калган эле.

Энеси аны менен сүйлөшө баштады. Эненин үнү чыкканда ит унчукпай басылып калды.

— Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, мен сенин өчүңдү сөзсүз алам, менин кичинекейим, байкуш балам. Уктай бер, уктай гой, мен өч алам, уктуңбу? Энең убада берип жатат! А энең, өзүң билгендей, дайыма айтканын аткарат.

Ошентип, ал шашпай, жай эңкейди да, муздак эриндери менен уулунун жансыз эриндерин өптү.

Семильянта ошондо кайрадан улуп жиберди. Ал созолонто, жүрөктү титирете солкулдаткан, кайгыга толо үн менен коркунучтуу улуп турду.

Кийинки күнү Антонио жерге берилди; Бонифачодо болсо тез эле аны эч ким эстебей да калды.

Антонионун эч кандай жакыны – же бир тууганы, же аталашы, же алыс тууганы калган эмес. Ал үчүн өч ала турган бир дагы эркек аттуудан жок эле. Бир гана карыган энесинин кеги кетпеди, өч алуу ою өчпөдү.

Кысыктын аркы тарабында, деңиздин жээгин бойлой кеткен аскалардагы ак чекит ага күнүгө таңдан кечке көрүнүп турчу: Лонгосардо аталган сардиниялык чакан айылда өз жеринде куугунтукка дуушар болгон корсикалык баш кесер каракчылар жашырынып жүрүшчү. Бул кыштак толтура ошондойлор жашашчу; алар бул жерде өз мекени менен бетме-бет, көзмө-көз жашап, өз жерине кайра кайтып келүү үчүн оңтойлуу учурду күтүп ар бир күндү өткөрүшөт. Николо Раволати да дал ушул жерде жашырынып жүргөнүн кемпир билүүчү эле.

Керели кечке терезенин түбүндө жапжалгыз отуруп, наркы жээкти тиктеп, анын ойлогону эле өч алуу. Бир буту жерде, бир буту көрдө турган жалгыз, алсыз кемпирдин колунан эмне келет? Бирок ал уулунун сөөгү үстүндө ага, уулуна ант берген эле да. Ал муну унута албайт, жашы өтүп калгандыктан күтө да албайт. Эмне айла табууга болот? Кемпир түн уйкудан безип, жегени желим, ичкени ирим болуп, күнү-түнү өч алуудан башканы ойлободу. Анын буту алдында ити үргүлөп жатат да, анда-санда башын көтөрүп, алыска-алыска көз тигип улуп кирет. Ээси өлгөндөн бери ит ушинтип көп улучу, мунусу ээсин чакырып жаткан сыяктуу, айбан болсо да көңүлүнөн чыгара албай, эч унутулгус эскерүүлөрүн эсине сактап жүргөндөй эле.

Дагы бир ушундай түндөрдүн биринде Семильянта да кайрадан улуп-уңшуп кыңшылай баштаганда эненин башына бир ой – эң эле жини толо кекчил, жапайы адамга гана ылайыктуу ой – тык этти. Ал бул ойду таң атканча башында бышырды, таң менен кошо туруп чиркөөгө жөнөдү. Таш төшөлгөн жерге жатып, Кудайдын алдына чөгөлөп жыгылды, сыйынды, уулу үчүн өчмөндүү кегин алууга алдан тайып шалдыраган денесине күч-кубат берип, колдоо көрсөтүүнү дуба кылып жалынып-жалбарып суранды.

Анан үйүнө кайра келди. Короодо жамгыр суусун чогулта турган эски темир бочка туруучу эле; аны жыгып, ичин бошотту, казык кагып, алдына кээ бир жерине таш тыгып, жерге бекем орнотту, анан ага Семильянтаны байлап коюп үйүнө кирди.

Эми үйүнүн ичинде чаалыкпай да чарчабай, Сардиниянын жээгинен көзүн албай карап, ары-бери баса берди. Уулунун жанын алган неме – ошондо!

Ит күнү бою, түнү бою улуп чыкты. Эртең менен кемпир ага бир мискейге суу куюп алпарды: нан да, жугунду да, башка эч нерсе бербеди.

Дагы бир күн өттү. Шайы кеткен Семильянта уктап жатты. Андан кийинки күнү анын көздөрү жалтылдап, жүнү тик туруп түксүйүп, алы-күчүнүн барынча жулкуна берди.

Кемпир ага дагы эле наар сыздырбады, эч нерсе бербеди. Жаныбар жини келип, ачууланып, кырылдап үрө баштады. Дагы бир түн өттү.

Таң атар менен кемпир кошунасына барып эки боо саман сурап келди. Күйөөсүнөн калган эски-куску кийимдерди таап, ичине самандан тыгып, адамдын денесине окшотуп каракчы жасады.

Семильянта жаткан кепенин алдына казык кагып, ага жанагы каракчыны адамдай кылып бүткөн бою менен тик тургузуп койду. Андан кийин эски чүрүрөк-сапырактан ал каракчыга баш жасады.

Канчык канчалык ачка болуп кыйналып турса да, самандан жасалган адамга унчукпай таңыркап карап турду.

Андан соң кемпир эт сатылган жайга барып кандуу колбасанын узунун сатып алды. Өз үйүнө кайтып келип, короодогу иткананын жанына очокко от тутантып, колбасаны кууруй баштады. Семильянта акылдан ажырап, чынжырын үзө жаздап жулунду; тумшугунан ак көбүк үзүк-үзүк чубурду, куурулуп жаткан тамактан тешиле көзү өтүп, тамактын жыты ашказанына чейин жетип жатты.

Кемпир анан саман кишинин мойнуна жагоо тагып жаткансып буусу бурулдап-буруксуган кандуу колбасаны ороп чыкты. Узакка дейре колбасаны каракчынын мойнуна тереңдете киргизип, тыгыздап тыгып жатты, бүтөр менен канчыкты агытып жиберди.

Укмуштай тездик менен ит каракчыга секирип жетип, эки ийнине асылып, моюнун жулуп-тыта баштады. Оозундагы олжосу менен жерге жата калып аны жеп, кайрадан секирип барып асылып, тиштери менен арканды кырчып тытып, жей турганын жулуп алып, бирде жата калып, кайра тура калып, жаалданып каракчыга асыла берди. Ал саман кишинин бетин курч, күчтүү азуулары менен тытмалап, моюнун үзүк-үзүк кылып таштады.

Кемпир көздөрү жалындап күйүп, үн катпастан, шырп этип бир кыймылдабай итти карап турду. Анан аны кайрадан чынжырга байлап, кайрадан эки күн бою ачка кармап, кайрадан ушул таң каларлык машыгууну кайталады.

Үч ай бою кемпир итти тиштери менен гана өз тамагына жетүү үчүн күрөшкө үйрөтүп жатты. Эми ал аны байлабай эле бош коюп, колу менен жаңсап, итти каракчыга айдактап калды.

Акырындык менен ал каракчынын моюнуна тамак байлабай эле итине каракчыны тыткылап, быт-чытын чыгарууну үйрөттү. Ыраазы кылыш үчүн итке куурулган колбасадан берип жүрдү.

Самандан жасалган каракчыны көрөр замат Семильянта дирилдей түшчү да, ээсине, кемпирге карачу, кемпир болсо бармагын жогору көтөрүп, киркиреген үнү менен:

— Ал! — дечү.

Качан гана кемпир өзү болжогон мөөнөт келип жетти деп эсептегенде, тобо кылып, күнөөсүн кечирүүнү дуба кылып сыйынууга жөнөдү да, жекшемби күнү таң атар менен бүт ынтаасын коюп, өзүн-өзү унуткан абалга, экстазга жете кудайга сыйынды; андан соң эркекче кийинип, карыган селсаякка окшошуп алып, сардиниялык бир балыкчы менен сүйлөштү, балыкчы аны ити менен кошо кысыктын аркы жээгине жеткирип койду.

Кендирден согулган каптын ичинде чоң кандуу колбаса жаткан болчу. Семильянта болсо эки суткадан бери ачка эле. Кемпир итке даамдуу тамак колбасаны кээде жыттатып коюп, ачкалыгын козгоп күчөтүп, кызыктырып коюп жүрүп отурду.

Алар Лонгосардого киришти. Корсикалык кемпир ал жерде аксаңдап басып калды. Ал наабайканага кайрылып кирип, Николо Раволати кайда жашарын сурады. Николо дагы эле мурдагы жумушу жыгач устачылык менен алектенип жүрүптүр. Ал ушул маалда өз устаканасында жалгыз иштеп жаткан эле.

Кемпир эшикти түрттү да, аны атынан айтып чакырды:

— Эй, Николо!

Николо бурулуп карады; ошондо кемпир итти коё берди да, буйрук берип итти айдактады:

— Ал, ал, жул, жул!

Ачкалыктан акылынан ажыраган айбан жулкунуп барып Николонун мойнуна асылды. Киши кулачын кере жайып итти кучактап жерге тоголонду. Бир нече секунд тырбалаңдап, буту менен жерди ургулап, анан жаны чыгып жатып калды, а Семильянта анын моюнун кемирип, тытмалап-жулмалап жатты.

— Өз босоголорунда отурушкан анын эки кошунасы, кийин жыгач устанын устаканасынан ээси күрөң түстөгү бир нерсени ыргытып берген сайын аны илип алып жеп жаткан арык кара ит ээрчиткен кайырчы чалдын чыгып келатканын көргөнүн эстерине даана түшүрүштү.

Кечке маал кемпир үйүнө кайтып келди. Ушул түнү ал бейкапар тынч уктады.

Орусчадан оодарган Адилет ШАДЫКАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз