О`Шакир: Коммунист-молдо

  • 14.07.2022
  • 2812

АҢГЕМЕ

Эркиндик паркында скамейкада отурам. Жанымдагы бош орунду бирөө келип ээледи. Кепкачан. Улам саатын тиктейт. Бирөөнү күтүп отургандай. Күткөнү да келди. Жашамал курактагы адам экен анысы. Ак калпакчан. Колуна куран китебин көтөрүп алганы.

– Арыбаңыз, агай... Жакшы жүрөсүзбү? Баягыле демиңизден тайбапсыз... – Кичипейилдик менен ордунан тура калып учурашты.

– Кайдагы баягы кез... Чал болбодукпу.

Экөөнүн сөзүнө караганда калпакчаны кепкачандын мектептеги мугалими экен. Экөө өткөн-кеткенден сөз баштап, бир убакта калпакчаны кепкачанды матаганга өттү:

– Жаңы бүткөн романыңды окудум, – адегенде олуттуу, сабырдуу баштады сөзүн. – Кандай эле аталышы?.. Ии, ошол. Сен да бузулупсуң… Батышты колдоп. Сенден сурайын дегеним, биринчиден: большевиктерде эмне өчүң бар?! Экинчиден: большевиктер бийликке келбегенде, билесиңби эмне болмокпуз?! – Кекеткенге өттү.

Экөөнүн ортосунда уланган кеп мага да кызык туюлду. Ордуман былк этпедим, кулак түрүп отура бердим. Мага көңүл бурар түрү жок экөөнүн.

– Үчүнчүдөн,  – кебин улады калпакчаны, – большевиктерден кыргыз эмне жаманчылык көрдү эле?! Көргөн эмес! Караңгы элди сабаттуулукка үйрөттү мектеп куруп. Ооруканаларды салды. Илимдүү-билимдүү кылды, – деди эле, сөздү жула качты тигиниси:

– Йе... коюңузчу, агай. Большевиктер келгени... адегенде улуттун каймагы болгон бай-манаптарды кулакка тартып жоготсо, кийин илимдүү-билимдүүлөрдү репрессияда кырды, – деген кепкачаны сөздү чыйрак эле баштагансыган… Бирок калпакчаны улуулугуна салып, окуучусуна кулак салар эмес.

– Коммунизмге асылбагыла! – сөөмөй кеседи асманга, – Ал керек болсо тегинде Теңиризмге жакын! Түшүнөсүңбү?! Аллага жакын.

Муну уккан кепкачаны ыргыштады:

– Мунуңузда эч бир логика жок! Атеизмди окуткан коммунизмди эми Аллага кантип жакындаткыңыз бар?! Сиздин пайгамбар мурда Ленин менен Сталин эмес беле!

– Эми андай катаны жалпы коммунисттерге чаптаба. Арасында акмактар…

– Коюңузчу! Таптакыр артта калган турбайсызбы, агай.

– Силер артта калгансыңар! Батышчылдар! Батыш бизден канчалык артта, билесиңби?! – кепкачанды как маңдайга сүзчүдөй алдыга опурулду.

– Макул, сиздин оюңузда Батыш артта дейли.

– Артта, артта алар! – калпакчаны жанданды.

–  Артта болсо… – куу экен кепкачан, тигини кебездеп мууздай турган кебин чеберлеп жылжытты: – Алдагы колуңуздагы ыйык куран тартыш заманбы азыр?

– Тартыш эмес, кенен. Миллиондогон тираждары момун мусулмандардын колуна жайылган заман.

– Йеп, бали мына! А кантип жайылган?

– Себеби бул ыйык китеп болгон үчүн! – коммунист-молдо так ушул жерден оңкосунан сайыларын күткөн жок тигинин кебинен.

– Бул ыйык куран асмандан түшкөн да, туурабы? – митайымданган кепкачан тигини жамбашка салып чабар алдында чочутпастан, акырындап элөөрүттү. Коммунист-молдонун сөзгө жыгууга камдап, күрөшкө чыккан ыктуу балбандай боюна жакындатты.

– Албетте. Алланын китеби да. Ыйык китепти адамдар жазды дейсиңби?

– Алланын китебин адам баласына кеңири жайылтуу иши мусулмандардын колунан келген деп ойлойсузбу?

– Келбегендечи, – дале эч нерседен шек албады агайы.

– Ыйык куран китебин момун мусулмандар эмес, Батыштын каапырлары жайылткан, – агайын сынай карады тиги. 

– Кантип?! – коммунист-молдо катуу чочуду. – Мисалың барбы?..

– Бар эмей. 1445-жылы Иоганн Гутенберг деген немис чыгыптыр.

– Ии… Ал каапырың эмне жакшылык кылыптыр мусулмандарга?

–  Литер деген шайманды ойлоп тааптыр, китеп чыгарган. Азыркыча айтканда “печатный прессти”... Ошондон тарта жалпы адамзат тарыхында чоң өзгөрүү кылыптыр… Миңдеген китептер пайда болот.

– Кайдагыны айтпачы. Китеп деген те алмуздак доордо эле жаралган! – калпакчаны кызаңдады.

– Ооба, китеп илгерки доордо эле жаралган. Анда талашым жок, – кепкачаны сабыр тутунду. – Бирок илгерки заманда китептер колдон колго көчүрүлүп же жыгачтан оюлган калыпка түшүрүлүп, оголе оор түйшүк жаратыптыр адам аткырга.

–  Туура, китептин ар бир тамгасын жазуу оңой дейсиңби? – деди агайы.

– Ал заманда китеп аттуу абыдан сейрек кездешкендиктен, баасы да өтө кымбатка турган, – деди окуучусу.

– Тиги немисиң анан кантип жакшылык кылыптыр мусулмандарга?

– Иоганн Гутенбергдин ойлоп тапкан литери өз доорунда жаңы революция жаратып, жалпы адамзаттын өнүгүүсү ылдамдайт.

– Хе… Кыйратыптыр, – калпакчандын кыртышы сүйбөдү бул кепти. – Анан?

– Эң мурда Библияны басып чыгарат. Укмуш эми. Ошону менен ал ыйык китеп дүйнөгө дүң болуп тарайт. Артынан башка дагы көптөгөн китептер чыгып, тез жайылат. Китеп өндүрүшү күчөгөн сайын билимди жайылтуу тездейт. Батышта экономиканын өсүшү дүркүрөйт. Билимдүүлөр арбыйт. Көрсө, адамзаттын өнүгүүсүн билим гана тездетет экен. А Чыгыш элдери, айрыкча мусулмандар өтө артта калат ошондо. Цвилизациядан кечигет.

– Эч кандай артта калган эмес мусулмандар! – титиреңдеди коммунист-молдо буга.

– Артта калганда да кандай калат, уксаңыз адегенде! – Чукчуңдаган агайы канчалык уккусу келбеген түр көрсөткөнү менен, кызыга кулак түрдү кепке. – Анда да так сизге окшогон мусулмандар каапырлардын ойлоп тапкан технологиясын кабыл алышпаптыр, – мыскылдуу жылмайды агайына. – Алланын ыйык китебин каапырлардын басмаканасынан бастырбайбыз деген мусулмандар 300 жылга ошентип артта калган. Бирок болбой эле акыры ыйык Куран китебин кеңири жайылтуунун жолун таппаган мусулмандар Иоганн Гутенбергдин инновациясын колдонууга туура келиптир. Мына, сиз артта деген Батыштын мусулмандарга кылган жакшылыгы!

Жаагы жап болгон агайы дагы эле моюн бергиси келбеди. Ар нерсени далил келтирди, бирок анысы “2” деген баага татыктуу мектеп окуучунун жообундай угулду.

– Адегенде кытайлар чыгарган китепти, – деди оозу бош, бирок айласы кеткендей.

– Во! – кепкачаны күүлөндү. – Туптуура, агай! Кытайда IX кылымда эле китеп пайда болгон. Корейлер да алардан калышкан эмес. Алар да китеп чыгарышкан. Араб, перс элдеринде деле китептер болгон. Бирок Гутенбергге чейин жалпы адамзатка билим үрөнүн жайылткан адам чыкпаптыр.

– Каапырыңды мактаганыңды койчу сен! – тескери бурулду коммунист-молдо.

– Мактабай эле… Мен сизге тарыхый мисалды гана айттым.

Калпакчаны дугдуңдап жолго түштү. Көңүлүн калтырган кишиге таарынгансып; кепкачанга кол шиледи артына бурулбай.

Кепкачаны кыйкырып кала берди артта:

– Эгер Гутенбергдин инновациясын ислам дөөлөтү эрте кабыл алганда, мусулман элдери Батыш өлкөлөрүнөн 300 жылга артта калбайт болчу, агай! Түшүнөсүзбү?! Агай дейм! – артынан чуркады окуучусу.

Экөө андан ары эмнени сүйлөштү – укканым жок.

2016–2022-ж.ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз