Бир жылы немис жергесинде согуш оту тутанары угулду. Бул кабар жеткенде туулган шаары Шильд үчүн катуу күйгөн, аны абдан сүйгөн шильдбюргерлер өзүлөрүнүн мүлкүнөн мурда шаар дарбазасында илинген жез коңгуроону сактап калуу далбасасына түшүштү.
Анткени бул таза жезден куюлган коңгуроо шаардын тумарындай эле, эгер аны душман колуна түшүрсө эритип туруп замбирек куюп салмак. Шаар башчысы баш, шаар кеңеши төш болуп замбиректи сактап калуу боюнча чогултулган шильдбюргерлер жыйынында ары кетип, бери кетип жатышып, акыры коңгуроону согуш бүткүчө деңизге чөктүрө туруу чечимине келишет. Ошентип коңгуроону кайыкка жүктөп, деңиздин бир далай жерине чейин барып чөктүргөнү калышканда бир шильдбюргер сурап калды:
- Урматтуу, шаар башчы, кийин согуш бүткөндө коңгуроону деңиздин кайсы жерине чөктүргөнүбүздү кантип билебиз?
- Туура айтасың, кийин таппай калып жүрбөйлүк. Ошон үчүн кайыктын азыр коңгуроо турган кырына белги салып коёлу. Кийин ошол боюнча таап алабыз.
- Акылыңа баракелде! – деген шильдбюргерлер коңгуроону сууга түртүп жиберип, кайыктын каптал кырына белги салып кайтып келишти.
Согуш да бүттү, тынч заман келди. Шильдбюргерлер коңгуроону ордуна илмей болуп, баягы белги салынган кайыкты деңизге салып, коңгуроону издеп жөнөштү. Көп узабай эле кайыктын кырындагы белги боюнча коңгуроо чөктүрүлгөн жерди табышты. Бирок союл менен сайгылашса, коңгуроо жок болуп чыкты. Кайыктагы белги боюнча башка жерден да издешкени менен жолдору болбоду. Эч нерсеге түшүнбөгөн шильдбюргерлер ошондон бери коңгуроону издеп келатышат. Деги коңгуроого эмне болду экен?
Орус тилинен которгон Кубанычбек АРКАБАЕ