Виктор Драгунский: Эгерде мен чоң киши болуп калсам

  • 10.04.2020
  • 4329

АҢГЕМЕ

Бир жолу олтуруп алып кыялданып кирдим дейсиң, ага өзүм да таң калдым. Кыялымда бул дүйнөдөгүлөрдүн бардыгы тескерисинче болуп калса деп ойлодум. Мисалы, бийликтин баары балдарга тийип, а чоңдор алардын айткандарын кыңк этпей аткарышса. Кыскасы, чоңдор балдардын ордунда, а балдар чоңдордун ордунда болуп калса. И-ий, кандай сонун, анан кызыктуу болмок. Мен аларга сонунду көрсөтмөкмүн, алардын ушу күнгө чейин мага кылгандарын унутпай калайын!

Биринчиден, мен каалагандай башкара баштасам, бул окуя апама “кандай жагарын” элестеттим, андай нерсе атама деле жакпаса керек, а чоң энем жөнүндө айтпай эле коёюн, ал керээлдин кечке менден көргүлүктү көрмөк.

Маселен, апам тамак ичкени олтурганда мен ага мындай демекмин: “Сен эмнеге нан жебейсиң я? Андай жаман жорукту кимден үйрөндүң? Өзүңдү күзгүдөн карап көрчү, кимге окшошуп калгансың? Кощейдин эле өзү! Мен сени же деп жатам!

Ал шылкыйып жей баштаганда буйрук бермекмин:

– Бол, бат-баттан же! Оозуңа толтуруп отура бербей, жут! Дагы эмнени ойлонуп олтурасың? Дүйнөлүк көйгөйдү чечейин дедиңби? Чайнап же! Үстөлдү кыймылдатпай шүк олтур, жыгыласың!

Аңгыча атам жумуштан келип, чечингенге үлгүрө электе мен ага кыйкыра баштамакмын: “А келдиңби? Качан болсо сени күтүш керек! Колуңду жууп кел! Жакшылап жуу, колуңдун кирин эзип алып, ошого ыраазы болбой. Сен аарчыгандан кийин сүлгүр пол жууган чүпүрөктөн айырмасы жок. Щетка менен жыш, самынды аяба. Канакей, тырмагыңды көргөзчү! Тууй иттики, тырмак эмей эле, тооктун шыйрагы! Кайчыны алып кел. Кыймылдаба! Этиңди кеспейм, коркпой эле кой, дегеле мунун жанынын таттуусун кантейин. Бышылдаба, ыйлагандай сен кыз эмессиң да. Мына бүттүм. Бар эми, үстөлгө олтуруп тамагыңды же”.

Ал олтуруп, апамдан акырын сурамак: “Кандай, иштериң жакшыбы?”

Ал дагы акырын жооп бермек: “Кудайга шүгүр, жакшы эле!”

А мен аларга дароо эле атырылып бир тиймекмин: “Тамак ичип жатканда сүйлөшкөнүңөрдү токтоткула! Мындан кийин муну эсиңерге жакшы түйүп алгыла! Бул силерге алтын эреже болот! Ата, гезитиңди ташта, деги сен мени кууратат экенсиң го!”

Алар жымжырт болуп сүйлөшкөндөн коркуп, бүрүшүп олтурушмак, анан чоң энем келгенде көзүмдү жүлжүйтө карап ага бакырмакмын: “Ата! Апа! Өзүңөрдүн сүйүктүү апаңарды көрүп алгыла! Кебетесин карагылачы! Төшү жакжайып ачык, тумагы желкесинде! Жүзү албырып, тердеп алганын көрдүңөрбү!? Эч нерсе айта албайсың, тим эле укмуш. Мойнуңа ал, дагы хоккей ойноп жүрдүң да ээ! Алдагы эмне болгон капкара ылай таяк? Аны эмне үйгө көтөрүп келдиң? Хоккей ойногон таякпы? Ары алпар, көзүмө көрсөтпөй жогот!”

Анан бөлмөдө ары-бери басып, үчөөнө буйрук бермекмин: “Тамак ичкенден кийин сабагыңарды окугула, а мен киного барып келем!”

Албетте, алар ыйлактай баштамак: “Биз дагы барабыз! Биз деле кино көргүбүз келет!”

А мен аларга мындай демекмин: “Жок, барбайсыңар! Кечээ туулган күнгө бардыңар, дем алыш күнү циркке алып бардым! Карасаң буларды! Күндө жыргап жүрүп көнгөн экенсиңер. Отургула үйдө! Мына, отуз тыйынга бал муздак алып жегиле, ошол жетишет!”

Анда чоң энем жалынып кирмек: “Жок дегенде мени ээрчитип алчы! Бир бала бир чоң кишини бекер киргизсе болот да!”

Мен ага мындай шылтоо айтмакмын: “А бул киного жашы жетимиштен ашкан адамдарды киргизишпейт. Үйдө жөн олтур!”

Анан алардын ыйлагылары келип, а мен жашылданган көздөрүн көрмөксөнгө салып, батинкемдин такасын такылдатып, алардын жанынан аркы-терки өтүп, кийинип алып күзгүнүн алдына барып, улам каранып, тигилердин жинине ого бетер тиймекмин да, акыры эшикти ачып сыртка чыгып баратып, артыма кайырылып минтип айтмакмын...

Бирок мен эмне деп айтышты ойлонуп бүтө электе, үйгө апам кирип келип мага мындай деди:

– Сен дагы эле олтурасыңбы. Тамагыңды түгөтө ич, карачы, кимге окшошуп калгансың? Кощейдин эле өзү болуп калыпсың!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Автор жөнүндө

Виктор Юзефович Драгунский (1-декабрь 1913—1972) — советтик жазуучу, балдарга арналган көп аңгеме, повестердин автору. Анын “Денистин аңгемелери” аттуу Денис Кораблев жана анын досу Мишка Слонов жөнүндөгү аңгемелер цикли чоң ийгилик жараткан. Ушул аңгемелер Драгунскийге атак-даңк алып келген.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз