Эркиндик жөнүндө асыл ойлор

  • 18.10.2022
  • 3804

“Мен өмүрү акчанын артынан сая кууганым жок, актёр болгонум деле атак-даңк күтүп, акчага маруу эмес болчу. <...> Тек, чөнтөгүңдөн акчаң чубуруп турса – кандай сонун. Бакытты акчага сатып алалбайсың дешет, эй ушу мээге кадалган түшүнүк суу кечкенин көрдүңөр беле? Акчаң эле болсо кана, өзүң каалаган жашоо эркиндигин сатып алсаң болот”. – Киану Ривз, канадалык актёр, продюсер жана музыкант

“Акча деген акча. Ресторан, батир ж.б… төлөгөнгө келгенде чөнтөгүңдөн шамал ышкырып турганы жагымдуубу? Анан эле бакытты акчага сатып ала албайсың деп келжирешет”. – Киану Ривз

"Эркиндик эмне экенин жетик түшүнбөгөн эл, эркиндикти бүлгүн салчу эң кооптуу балээдей көрөт." – Аркадий Филиппович Давидович, жазуучу, афорист.

“Мен бир кулчулукка кабылган адамдын эркиндикти эңсегенин көрүп, ага ушунчалык урматым артты. А эркиндиктеги кулду көрүп, аны ушунчалык жек көрдүм." – Гарегин Нждех, Армениянын аскердик жана мамлекеттик ишмери

"Чыныгы эркиндик үмүтсүздүктүн экинчи жагынан башталат." – Жан-Поль Сартр, француз философу, жазуучу, драматург

"Башкаларды эркиндигинен ажыраткандар эркиндикке өздөрү татыксыз." – Авраам Линкольн, АКШнын 16-президенти 1809–1865

"Дос – бул өзүң менен өзүң болууга толук эркиндик берген адам." – Жим Моррисон америкалык ырчы, акын жана музыкант

"Жалгыздыкты каалабаган адам эркиндикти да каалабайт." – Артур Шопенгауэр немис философу

"Көнгөн адат канча көп болсо, эркиндик ошончолук чектелет." – Иммануэль Кант немис философу

"Эркиндик – сулуулук башаты." – Мэрилин Монро америкалык кино актриса, ырчы

"Эркиндик менен тайраңкелик, экөө таптакыр эки башка түшүнүк." – Ким Нам Жун (Рэп Monster)

"Ой эркиндигинен куру жалак адамдар анын ордуна сөз эркиндигин талап кылышат." – Сократ, байыркы грек даанышманы

"Христиандык ишеним тээ башатынан эле курмандык чалуу болуп саналат: болгондо да бүтүндөй өз эркиндигиңди, ариет-арыңды, өзүңө болгон рухий ишенимиңди садага чаап, анан калса өзүңдү басынткан кулчулукка өзүңдү өзүң кыйнап салып бергениңчи" – Фридрих Ницше Немис философу

"Эркиндик кайда болсо, ал жер менин мекеним." – Томас Жефферсон, АКШнын 3-президенти

"Чардагың келеби? А мен жан дилим менен каалайм. <...> Эркиндик анан акчаң эле болсо кана. Палубада чалкая отуруп, шараптан кагыштырып, адабияттан сөз кылып, кечиндеси айымдардын койнунда болсоң...” – Антон Павлович Чехов, орус жазуучусу, драматург, дарыгер

"Түгөткүр дүйнө ушундай десең, кул көзөмөлчүлөрүнүн эркиндик жөнүндө үндөрү бийик чыгат." – Сэмюэл Жонсон англис адабиятынын сынчысы, лексикограф, акын

"Сөз эркиндиги болбогондо бизди оозуна чөп албаган койдон бетер союуга алып жөнөшмөк." – Жорж Вашингтон, АКШнын 1-президенти 1732–1799

"Адамдар ар дайым эле эркиндикти пайдаланууну билбей туруп, бирок жок эркиндикти талап кылганга кыйын." – Сорен Оби Кьеркегор, даниялык философ, протестант теологу жана жазуучу

"Адам эркиндик үчүн тарбияланат." – Георг Гегель, немис философу

“Эркиндик – бул ар ким эле өзүнө ыйгара албас жыргалчылык.” Отто фон Бисмарк, князь, мамлекеттик ишмер, Германия империясынын 1-канцлери

"Эркиндик эркиндиктей жаңылыш-жаздымга кабылбаса, анын куну түккө да арзыбайт." – Махатма Ганди, Индиянын Улуу Британиядан көзкарандысыздыгын коргоо кыймылынын лидери

“Азаттыктын азабы оор. Ким тобокелчиликке барат, барбайт – ар ким өзү чечүүгө тийиш. Мен өзүм үчүн жооп бералам. Себеби, өзүм менен өзүм болуп, акыйкатты айта алганым үчүн бактылуумун. Ууру, бечел бийликтен жалтаңдабайм." – Борис Ефимович Немцов, орусиялык саясатчы, мамлекеттик-коомдук ишмер, бизнесмен

«Эркиндикти коргоодогу экстремизм кеп эмес, тек, адилеттик үчүн тилди тишке каткан жаман." – Михаил Владимирович Светов, орусиялык саясат таануучу, блогер

"Кимдир-бирөөнү жек көргөнүбүз үчүн эле сөз эркиндигине шек келтирсек, демек биздин эркиндикке болгон ишеним таптакыр тайкы." – Ноам Хомски, америкалык лингвист, публицист, философ

"Экономикалык коопсуздук жана көзкарандысыздыкка жетмейин чыныгы эркиндикке жетүү мүмкүн эмес." – Франклин Делано Рузвельт, АКШнын 32-президенти

"Эркиндик – бул адамдар уккусу келбеген чындыкты айтуу." – Жорж Оруэлл англис жазуучусу жана публицист

“Эркиндик жөнүндө кой менен карышкырдын түшүнүгү эки башка.” – Авраам Линкольн, АКШнын 16-президенти

Кыргызчалаган О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз