“Өз оюңду айтуудан өткөн катаал чектөө жок”. – Шарль де Сент-Эвремон, француз адабиятчысы, философ.
“Бийлик өз коопсуздугуна бекем ишенген жерде гана ой-пикир эркиндиги жаралат.” – Бертран Рассел, британиялык философ, логик, математик.
“Басма сөз эркиндигине болгон чектөө коомдук пикирди өздөрүнүн кызыкчылыгына багыттап, өз үстөмдүгүн орнотуу. Коомдогу жалпы сабатсыздык, коррупция күчөгөнүн анан көрүп ал. Эркин басма сөз – эркиндиктин коргоочусу; тыйуулар – эркинтинтин кордоочусу.” – Максимилиан Робеспьер, француз революциясынын эң таасирдүү өкүлү.
“Адегенде китептерин, анан авторун өрттөшөт. Кийинки кезек окурманга да жетет”. – Аркадий Давидович, орусиялык жазуучу, актёр.
“Партиянын туусуна жанаша турган жазуучу дегениң эртеби-кечпи же “ляппай” деп турганга, же тилин тишке катууга көнөт.” – Жорж Оруэлл, британиялык жазуучу, журналист.
"Эркиндик – бул адамдар уккусу келбеген чындыкты айтуу." – Жорж Оруэлл.
“Эркин басма сөз же жакшы, же жаман деп гана бөлүнөт. Бүттү. Тек, эркин эмес басма сөздөн өткөн эң кокую жок.” – Альбер Камю, француз жузуучусу, философ, драматург, публицист.
“Баардык доордо сөз эркиндиги болгон, тек жаза колдонуулары гана түрдүүчө: эркиндик үчүн XVI кылымда өрттөшкөн, XVIII кылымда чиркөөлөрдөн куушкан, XIX кылымда дуэлге чакырышкан, XX кылымда гезит бетинде каралоо күчөдү.” – Роберт Уильям Фогель - америкалык экономист.
“Эркиндик <...> дегениң мамлекетте эч качан нааразычылыктар, даттануулар пайда болбосун үчүн түптөлөт. Коомчулуктун көйгөйү ачык талкууланып, олуттуу маселелер тез арада жоюлсун үчүн эркиндик керек.” – Жон Мильтон, англис акыны, саясый ишмер, ойчул.
“Сөз эркиндигине ээлик кылуудан мурун, өз жүрөгүбүзгө ээлик кылганды үйрөнөлү!” – Такечи Хенпейта, Жапонияда Бакумацу доорунда Тоса аймагынын самурайы болгон.
“Караңгылыкты көрүп, жарыкты баалайбыз. Оозуң жабылган кезде, өз добушуңдун маанисине түшүнөсүң. Баарыбыздын зор күч-кубат сөзүбүздө”. – Малала Юсуфзай, пакистандык укук коргоочу.
“Сиз эркиндигине ээ болгондо гана мыйзамдуу жол менен күрөшүү мүмкүн.” – Тадеуш Котарбиньский, поляк философу, логик.
“Нокто катылган ит көтү менен үрөт”, – Генрих Гейне, немис акыны.
“Сөзгө тыйуу салынгандан өткөн коркунуч жок.” – Людвиг Берне, немис жазуучусу, публицист.
“Күйүп кеткен ар бир китеп дүйнөнү жарыктандырат.” – Ралф Эмерсон, америкалык акын, философ.
“Мен адеп-аклак, эс-акылга сыяр көз караштагы эркин ой жүгүрткөн адамга гана таазим кылам.” – Улуу Фридрих, 1740–1786-ж.ж. Пруссия королу.
“Өз элим менен тил табыштым: алар каалаганын айтат, мен каалаганымды кылам.” – Улуу Фридрих.
“Эркин ой жүгүртүү – жетиштүү. «Ойчул» деген ошол.” – Жюль Ренар, француз жазуучусу.
“Эгер адам эркин ой жүгүртө албаса, чөнтөгү акчага толбойт.” – Бертран Рассел, британиялык философ, логик, математик.
“Ката кетирүүдөн корккон эркиндик эркиндик эмес.” – Махатма Ганди, Индиянын улуттук лидери.
“Катачылыкка каалгаңды жаппа, босогодон чындык аттабай калат”. – Рабиндранат Тагор, индиялык акын, жазуучу.
“Ойго келгенди айт, жаз. Баарына уруксат. Тек, кылдат ойлонуш керек”. – Нора фон Эльц, немис жазуучусу.
“Кокус короодогу атың ооздукту мактап ырдаса, жакшылап кара: жылкы экени чынбы?” – Влодзимеж Счисловский, польшалык сатирик.
Адамдар өздөрү ээлик кылган эркиндикти эч пайдаланбайт, маселен, ой эркиндигин. Тескерисинче, акыбетине сөз эркиндигин талап кылышат.” – Серен Кьеркегор, даниялык теолог, философ, акын.
"Кимдир-бирөөнү жек көргөнүбүз үчүн эле сөз эркиндигине шек келтирсек, демек биздин эркиндикке болгон ишеним таптакыр тайкы." – Ноам Хомски, америкалык лингвист, публицист, философ.
“Өз оюн эркин билдирүү – жарандардын эң башкы укугу.” – Франсуа Вольтер, француз философу, жазуучу.
“Мамлекет деле адам денеси сыяктуу. Тулку бойдогу мүчөнүн баары эле асыл эмес. Кээсин, болгондо да эң керектүүсүн жашырып-жабууга туура келет.” – Анатоль Франс, француз жазуучусу.
“Өрнөктүү өлкөдө ачык-айкындуулук – сөз эркиндиги саналат, а жапайы өлкөдө жалган айтууну эркиндик деп түшүнүшөт.” – Александр Локтев, орус журналисти, бизнесмен.
Кыргызчалаган О`Шакир