МЕКЕНИМ, АЛТЫН, МЕКЕНИМ!
(В.Беловго)
Тал-терек, булбул, булагың,
Тынчтыкка балкып чөмүлгөн...
Балалык гүлгүн курагым,
Энем да сага көмүлгөн.
... Көрүнбөйт мүрзө карасак,
Болобу, барып көрүшкө?
Таң калып мага карашат:
– Мүрзөлөр тигил өйүздө.
Акырын сайдан агат суу,
Жай жылат жүктүү араба.
Чиркөөлөр турган тарапты
Чөп басып калган аябай.
Балыкка барчу кашатта,
Чөп тырмап, чөптү ташууда.
Сайларды буруп башатка
Жүргөндөр канал казууда.
Өзүңдө өттү кечегим,
Келчү элем ойноп кечинде.
Мекеним, алтын, Мекеним,
Унутпайм, баары эсимде.
Жаңырып мектеп, эл дагы,
Жашарган аянт, айдыңдар.
Каргага окшоп мен дагы,
Дубалга конуп алгым бар.
Мактанчым жыгач мектебим,
Максатка мени курчаган.
Алыска сендеп кеткемин,
Артымдан жолдор чуркаган.
Көөдөндө, мээңде, көзүңдө,
Көлөкөң менмин айланган.
Өмүрүм сенин өзүңдө,
Өлүмүм сага байланган.
* * *
Шамал анда ыйлай берчү басылбай,
Күүгүмдөгү үй бурчуна жашынып.
Чөп короонун артындагы акырда
Саман жатчу ойду-келди чачылып.
Сүйүү эмне, билчү деле эмеспиз,
Көп шумдугу бар турбайбы анын да.
Жөн эле биз сезимибиз эметкис,
Өбүшчүбүз жыйган отун жанында.
Оюнчук да жок эле анда жыргаган,
Ойнош үчүн чыгар элек ашыгып.
Болгону ошол –шамал-бала ыйлаган,
Жыйган отун, саман жатчу чачылып.
Күүгүм басса эгер ошол дөңдөрдү,
Басылбастан кайчылдашар каалгалар.
Жакындаса кыштын деми, көлдөрдү,
Жабуу тартып, муз да келип далдалаар.
КАЙЫҢДАР
Кайыңдарым, асылдарым шуулдаган,
Кайдан уксам үнүңөрдү кыялбай,
Ыйлап жүрүп, эбак соолуп, кургаган,
Көз жашымды турчу болдум тыялбай.
Көп элестер эрксиз кайра жанды да,
Көп нерселер түштү кайра көңүлгө.
Жүрөктү эзеп кубаныч да, кайгы да,
Кимдир-бирөө сүйлөйт сүйүү жөнүндө.
Канча айбанды адам кылды айылдар,
Канча адамды жинди кылды мүшкүлдөр.
Шуулдап турат дал ушинтип кайыңдар,
Апам жаткан көрүстөндүн үстүндө.
Атабызды согуш огу жалмаган,
Айыл-кыштак жетим калган жалдырап.
Жамгыр куюп, шамал тынбай чаңдаган,
Ошондо да жаап турган жалбырак.
Русь сенин, кайыңдыңды шуулдаган,
Кандай күнү уксам дагы кыялбай.
Ыйлап жүрүп, эбак соолуп, кургаган,
Көз жашымды турчу болдум тыялбай.
ДОБУЛ МААЛЫНДА
Күтүүсүздөн көктү думбалап,
Күн күркүрөп, тытты асманды.
Шамал жатты тепсеп жулмалап,
Биздин үйдөн аркы бактарды.
Токой тоздоп, күүгүм тартылып,
Курчап келет күчөп калың жаан.
Ийрелеңдеп изин калтырып,
Учуп түштү жерге чагылган.
Булут чүмкөйт баарын жылчыксыз,
Койчуманды, койду, коңулду.
Ыйык чиркөө гана кынтыксыз,
Тоготкон жок ушул добулду.
Унчукпадым уялганыман,
Кыял учуп, жыргап элирдим.
Айталбастан кубанганынан,
Аптыкканын көрүп жеримдин.
Баары кетти көккө мелжиген,
Ыйы угулду бешик ырынын.
Чагылгандын оту эргиген,
Табар бекен күткөн кылымын.
КЕЛМЕ КЕЗЕК
Сүйүү деген эмне экенин унуттум,
Айлуу калаа, арасы эле бактардын.
Сенин антың жели беле булуттун,
Эстегенде жинди боло жаздаймын.
Бир күнү эле жабышыпмын дубалга,
Чочуп турсам, төшөгүмдө баш жатыр.
Кыйкырдым мен: “Калалекте убалга,
Кетем сенден, кетем эми таптакыр!”
Өтүп жатты оор мүнөттөр санаган,
Түн жармында эшик аста ачылып,
Сүйүү менен жылуулукту самаган
Жырткыч өңдүү турдум сага ачыгып.
Өң далээтсиз, айттың мага: – Кеткиниң!
Биздин сүйүү айланган жок балага.
Эми сага эмесмин мен эч кимиң,
Кет! Кетип кал, көз жашыма караба!
Токой жолу, мен басчу жол түбөлүк,
Үйлөнүү тол, болгон ыр, бий, тамашам.
Азыр эми аргам да жок, түнөрүп,
Түн жамынып бурганакта баратам.
КОШТОШУУ ЫРЫ
Сайды муздар каптап калар жалтылдап,
Айлым эми кетем сенден, аман кал!
Түнү бою эшик турар кайчылдап,
Короом турар тазаланбай, каралбай.
Уулун ойлоп, жүрөгү ыйлап басылган,
Энем кантсин, паана кылар жатагын.
Каадасы жок буюм өңдүү чачылган,
Калат анда менин тартчу азабым.
Кайгы-муңдан кайышса да унчукпай,
Калканч издеп чалгы менен ороктон.
А түнүндө жем ташыган чымчыктай,
Колу менен тамак берип чоңойткон.
Улуп-уңшуп шамал күчөйт бакты эзип,
Уктап атып кызым күлүп атабы.
Балким аны периштелер апкетип,
Түшүндөгү асманда ойноп жатабы.
Бекер эле жээкке келип чыйрыгып,
Күтөм дебе, жаздын кайтчу кемесин.
Кел, ичели, андан көрө ыр кылып,
Жүрөктөрдө калган жылуу неме үчүн.
Кереги жок андай-мындай дегендин,
Сен экөөбүз эки бөлөк куштайбыз.
Балким бир күн кайра кайтып келермин,
Балким келбейм, келмек беле учкан куш.
Билесиңби, кайсыл жерде жүрбөйүн,
Такай бирөө алычудай алкымдан.
Ким-бирөөнүн коркунучтуу үндөрүн,
Азыр деле укчу болдум артымдан.
Эстейм кылым, сага бакыт тилеген,
Күнүмү эстейм, гүлүн эстейм короонун.
Татынакай куурчак салып жибергем,
Ошол сенин болот соңку жомогуң.
Апакесин чуркап тосуп тепеңдеп,
Карегинде жайнап чыгар элестер.
– Карачы, апа? Сонун куурчак экен! – деп,
Балким ыйлап, балким күлүп мени эстээр...