«Тукум улоо – табияттын негизги мыйзамы. Ар бир эркек, жашы, карысы дебей аялга жолукса барбы, аны менен жыныстык катнашка жараша баа бермейи бар». — Чарльз Спенсер Чаплин, британдык киноактёр, кинорежиссёр, композитор.
«Жумуш десе ичкен ашын унуткандарды түшүнсөм буюрбасын. Тек мен өз заманымда төрөлбөй калгамын, 1760-жылы төрөлүшүм керек эле. Жеткен ойсоке болмокмун. Операга, салондорго тынымсыз барып, шарап менен шербетти шыңгытмакмын. Албетте, капкайдагы бейтааныш адамдар ычкырымды далай жолу чечмек дечи, бирок кудай аткырдыкы, жумушка салыштырмалуу секс дегениң эмне болуп калыптыр?!» — Жей Дэвидсон, англо-америкалык актёр жана модель.
«Аласын бекер ачып бербеш үчүн аялдар сойкулукту ойлоп тапса, эркектер секс үчүн акча төлөбөгөндү ойлоп, никени ойлоп табышкан. А акындарың муну жийиркеничтүү болбосун үчүн сүйүүнү ойлоп табышкан».— Гай Юлий Орловский, орусиялык жазуучу-фантаст.
«Бирөө менен болгон ойноштукта башың каңгып, өзүңдүн өзгөчөлүгүңдү унутуп койгондон өткөн чоң азап жок». — Эрнест Хемингуэй, америкалык жазуучу, журналист.
«Эркин аял деп никелешкенге чейин эле этегин түрүп бергендерди айтат». — Гертруда Стайн, америкалык жазуучу, адабиятчы.
«Секс көбүрөк болушун ушунчалык каалайм десең. Көр оозуна жакын калганга чейин бул дүйнөдө бардыгын даамын татсам дейм». — Анжелина Жоли, америкалык актриса, режиссёр, сценарист.
«Төшөктө эмне кылганыңдын баары туура, сопсонун. Эң башкысы, экөөңө бирдей жакса эле болду. Баары гармониябы? Демек, сеники туптуура! А сени келжиреп кеп кылгандардыкы – наадандык». – Зигмунд Фрейд, австриялык психолог, психоаналитик, психиатр жана невропатолог.
«Фрейд дегениңерден айырмаланып, мен адамдын жүрүм-турум комплексинде секс аныктоочу фактор экенине ишенбейм. Менимче, ач-жылаңач калуу, жакырчылыктан уялуу – адам психологиясын жеберине жеткире терең аныктайт». — Чарльз Чаплин, англиялык киноактёр, кинорежиссёр, сценарист, композитор.
«Сенин жылаңач денең сенин жылаңач жандүйнөңдү сүйгөн адамга гана таандык болуш керек». – Чарльз Чаплин.
«Дүйнөдө секстен башкасынын баары секс жөнүндө. Себеби, секс – чоң күч». — Оскар Уайльд, ирландиялык акын, драматург, жазуучу.
«Секс – табияттын бир бөлчөгү. Табият менен айкалышканым ошол». – Мэрилин Монро, америкалык кино актриса, ырчы жана секс-символ.
«Суроо кулагыма кирген жок, бирок секске кирип-чыкканым ага жооп». – Вуди Аллен, америкалык кинорежиссёр, куудул.
«Кылар ишиң жокпу, анда секс менен алектенгениң деле оңой иш эмес». – Чарльз Буковски, америкалык жазуучу.
«Секстен кийин өчпөгөн сезим гана чыныгы сезим». – Михаил Ефимович Литвак, орусиялык психиатр, психотерапевт.
«Мен Мадоннанын секс жөнүндөгүсүнө караганда… физика боюнча көп китеп саттым». – Стивен Уильям Хокинг, англис физиги, космолог.
«Милдеттүү секс – менимче, өлгөндөй тажатма». — Франсуаза Саган, француз жазуучусу, драматург.
«Секс дегениң – кыймылдагы сезимдер». — Мэй Уэст, америкалык актриса, секс-символ.
«Эгер биринчи же экинчи жолугушуудан кийин, балким, секстен кийин, жигит/кыз телефон чалбай «жоголуп» кетсе, демек, ден соолугу зыңк. Невротикалык реакция бул мамилеге болгон кызыгууну дароо жоготот. Ооба! Невротик үчүн бул улуу махабаттын башталышы». — Михаил Лабковский, орусиялык психолог, жазуучу, юрист.
«Бийчилердин сезим кытыгылаган секси бутта, тенорлордуку көмөкөйдө. Ошон үчүн тенорлор кыз-келиндердин, бийчилер эркектердин көңүлүн суутат». — Карл Краус, австриялык жазуучу, сатирик акын, адабий сынчы.
«Секстен ыракат алганың, ойноштук отун тутантат». — Марж Пирси, америкалык жазуучу, акын, феминист.
«Адамдагы төрт негизги муктаждык: кекиртек, уйку, секс, өч алуу». — Роберт Бэнкс (Бэнкси), чыныгы аты-жөнү белгисиз, дүйнөдө анын өмүр баяны боюнча шыбыр-күбүрлөр толтура.
«Секске тойбогон адам сексти, курсагы тойбогон адам тамакты, акчасызы акчаны кып кылса, олигархтар менен банкирлер адеп-ахлак жөнүндө кеп кылат десең». — Зигмунд Фрейд, австриялык психолог, психиатр, невролог.
«Ырайымсыз болбогула. Баңгизат колдонбой, опурталдуу ойноштуктан оолактап, буларды мага эле койгулачы». — Эминем, америкалык рэпер, актёр.
«Мен аял болуп деле жарытпадым. Мырзалар менин секс-символ образымдан улам менден көп нерсени күтүшкөнүн кантейин – коңгуроо кагышты, ышкырык салышты. Бирок менин анатомиям деле башка аялдардыкынан эч айырмаланбайт. Үмүтүңөрдү актабайм деле». — Мэрилин Монро, америкалык киноактриса, ырчы.
«Мен имам менен да, раввин менен да, дин көсөмү, ыйыктын ыйыгы, бардыгы менен сүйлөштүм. Бирок эч качан ыйык олуя болгум келбейт. Мен адамдарга гана жардам берип, маал-маалы менен секс кылып турсам болду». — Майк Тайсон, америкалык боксёр.
«Өз өмүрүң тууралуу жазуу – чоң мүшкүл. Бул секс жөнүндө жазгандай кеп да эми. Секс жөнүндө жазгандан көрө аны өз башыңдан өткөргөнүң сонун да». — Стивен Кинг, америкалык жазуучу.
«Чыгыш аялдары өтө сексуалдуу келишет. Түрлүү дагы, тек, жашыруун сезимдерин гана сууруп чыгыш керек. Менин эң ажарлуу шакирт кыздарымдын баарында чыгыштын каны бар эле». — Ирина Винер-Усманова, Советтик жана орусиялык көркөм гимнастика боюнча машыктыруучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор
«Дүйнөнүн негизги кыймылдаткыч күчү дин эмес, секс». — Хью Хефнер, америкалык басылма ээси.
«Интеллектуал деп секстен да кызыктуу нерсени таап алган кишини айтат». — Олдос Хаксли, англис жазуучусу.
Орусчадан оодарган О`Шакир