Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” романындагы нуска сөздөрдөн...
* * *
Байыркыны урматтоо – нагыз маданияттын белгиси. (Ф.Энгельс)
* * *
Ата конушу уулга мурас.
* * *
Башына куш консо,
Журтуна кут түшөт. (Эски макалдар)
* * *
Ач калганда ток болууну унутпаң,
Ток болгондо ач калууну эстең!
* * *
Эссиз болбо, билги бол.
* * *
Антты акбаган киши арам өлгүр!
* * *
Көрүнгөн киши өз эмес, өз бирдей эмес. (Эски макал)
* * *
Жер тамыры жыш, терең болгондой эле, эл тамыры да жыш, терең.
* * *
Кандын өлүмү – эли терс караганы.
* * *
Алптын өлүмү – эл алдында уятка калганы.
* * *
Эл баккан алптын уят болгону – өлгөнү.
* * *
Билгилигиң мокосо, кара күчүң жетим.
* * *
Билгиликти кээде эрдик башкарып эсиртип кетир.
* * *
Эрдиктин түбү – өзүнө жоо көбөйүр.
* * *
Кишинин бир жоосу – уйку.
* * *
Эр көзүндө көрүнбөгөн жебе бар.
* * *
Эр деми – эм. (Макал)
* * *
Киши өлөт, жакшылыгы калат. (Эски макал)
* * *
Бычак канча өткүр болсо да,
Өз сабын жонбойт. (Эски макал)
* * *
Жалганды чын кыйратат.
* * *
Ата кебин эшиткен уул адеп тутат.
* * *
Жер тамыры чөп өстүрөт, эр тамыры от күйгүзөт.
* * *
Тикенди түбүнөн үз.
* * *
Асабаң ала болсо, күчүң чала.
* * *
Кан эсирсе, элинен чыгат. Көзүн май басат. Теңирин тааныбай калат.
* * *
Эр уул жоого жашын көрсөтпөс.
* * *
Акылсыз кол башчы өздү жат көрөт.
* * *
Ишеним кишиге аска. Ишенбес киши көпшөк. Ол коркок.
* * *
Ээрчиме эрдиктин опуртмасы көп...
* * *
Кытай кебез менен мууздайт.
* * *
Малды жер асырайт,
Элди эр асырайт.
* * *
Эр кол башчы жокто – кол жетим.
* * *
Билги ажо жокто – эл жетим.
* * *
Бабаларды урматтабоо – барып турган наадандыктын, адепсиздиктин белгиси. (А.С.Пушкин)
* * *
Адамдын от менен суудан өлгөнүн көрдүм, зили адамгерчиликтен өлгөнүн көрбөдүм. (Конфуций)
* * *
Акыл иштеринин эң маанилүүсү жана пайдалуусу – өткөндөгү окуяларды сүрөттөп жазуу. (Саллюстий Гай Крисп)
* * *
Киши уулу эсиргенде – анын арты кырсык алып келет.
* * *
Отумду өчүргөнүң – өзүмдү өлтүргөнүң. (Эл сөзү)
* * *
Кеңешчил киши кемибейт.
* * *
Ырыс, береке, жылуулук кеткенде адам адам болбойт...
* * *
Уурулук – киши кыялына батпас эң ыпылас жосун.
* * *
Кырсык аяк астынан табылгандай, бакыт да кишиге айттырып келбейт.
* * *
... Тарыхтын негизги милдети ак пейилдер сөзгө алынып, жаман сөздөрдөн, жаман иштерден жана абийир төгүлүүдөн урпактар качсын деймин. (Тацит)
* * *
Жети атасын билбеген уул – кул,
Жети атасын билбеген кыз – күң.
* * *
Өмүр – киши уулуна өлчөлүү берилген.
* * *
Туткундагы эр – канаты сынган куш.
* * *
Жазыксыз журт кор болот.
* * *
Кеп эшиткендин билгени көп. Алтын, күмүштү байлык туткан киши башын жолдо калтырар, баба сөзүн улаган кишинин орду төрдө болот.
* * *
Акыл кеп өмүргө эшик ачат. Кепте кун жок.
Тукум кеп уласа, журттун жылдызы жарык.
* * *
Баатыр – согушта, акыл – ачуу келгенде, дос – зарылдыкта сыналат. (Чыгыш элдеринин сөзүнөн)
* * *
Эки киши күнөөкөр болсо, бир киши данакер. (Макал)
* * *
Тең-теңин тапса, деңиздей чалкып жашайт. (Эсхил)
* * *
Баатырлар кыйгач карашканы – баатырдык миздин тайганы.
* * *
Шыктуу, баамчыл тарыхчы өзү сүрөттөгөн окуяны кадиксиз сезет, аны көз алдына жандуу элестетет; тескерисинче, шыксыз тарыхчы сүрөттөөдө айрым иштерге көңүл буруп бөгөлөт, негиздүүлөрдү көңүлгө тута албайт. (Г.Гегель)
* * *
Эл өмүрүн үлгү туткан киши караңгыда чырактуу. (Эл сөзү)
* * *
Тарыхты билбегендигибиз, биз эмне үчүн жашап жүргөндүгүбүздү, эмне көздөп умтулганыбызды да билбей, тукумдабастан жаратылыштын, турмуштун мийзамы менен өлбөстөн кокустан жаралып, кимдиндир оолугуусу сындырган сөлөкөт-куурчак болуп каларыбызды моюнга алуубуз тийиш. (В.О.Ключевский)
* * *
Жер удулу табышка оң. (Кол башынын айтканы)
* * *
Тарыхтын шам-чырагысыз тактика – түнт. (А.В.Суворов)
* * *
Сени кишилер билбейт деп тынчың кетпесин, сен кишилерди билбейм деп тынчың кетсин. (Конфуций)
* * *
Киши – киши менен киши. (Эл сөзү)
Топтогон Мээрим Сайдилкан