Каракалпак жазуучуларынын чыгармаларынан

  • 08.02.2023
  • 1841

КЫСКА АҢГЕМЕЛЕР

ТИЛЕК

- Дүйнөдөгү эң жакшы тилек кайсы?

- Эч качан өлбө.

- Дүйнөдөгү эң жаман тилекчи?

- Эч качан өлбө.

Аллаяр Дарменов

МУРДАГЫ СОЮЗ

Мурдагы Союздун Ички иштер элдик комиссарлыгынын башчысы 138 кишини атып салууга арналган актыны Сталиндин бөлмөсүнө кол койдурууга алып кирди.

Башкы катчы ал документке кол койду.

Махсуд Примбетов

АЛЛАНЫН КУДУРЕТИ

Аял төрөдү. Уулунун көзү азиз төрөлдү.

Жыйырма жылда баланын көзү ачылды, бардыгы таңгалды. Алланын кудурети.

Баланы карашса – кепинге оролуп жатат. Адамдар мергенчинин үйүнө намазга шашып баратышат.

Алланын кудурети.

Атабек Алланиязов

ӨСҮҮ

- Атаке, чоңойсом беделдүү адам болом.

- Баракелде, ниетиңе жет балам.

Баласы атасына айткан бул сөздөн кийин арадан отуз жыл өттү. Ал өстү. Тек гана чач-сакалы жана мазмунсуз өткөн өмүрү.

Тимурбек Кабылбеков

ЭВОЛЮЦИЯ

Топурак. Адам. Уруу. Эл. Согуш. Тил. Улут. Согуш. Улут. Илим-техника. Тил. Глобализм. Тил. Оору...

Азизбек Дабилов

МАЕК

Журналист: Кишилердин ортосундагы мамилени кандай баалайсыз?

Психолог:  Карама-каршы.

Журналист: Эмне үчүн?

Психолог: Дүйнөгө келгениңде сен ыйлайсың, алар кубанышат. Дүйнөдөн өткөнүңдө сен кубанасың (менимче), алар ыйлайт.

Перийзат Пиржанова

СТУДЕНТ

Август айы. Бардык абитуриенттер окууга тапшырууда. Мен да окууга кирүүгө даярдык көрдүм. Бирок менин билимиме көпчүлүгү ишенген жок. Тест болуп өттү. Жооптор чыкты. Мен студент болдум. Билимдүү экенимди далилдедим...

Нилуфар Тажимуратова

ЖЫЙЫРМАНЧЫ КҮЗ

Кубанычтуу, азаптуу “жыйырманчы күз”.

Ошол күздө кыялы орундалып, жогорку окуу жайдын студенти болду. Ал жерде көз ачып көргөн адамы – махабатын жолуктурду. Бул таза, бирок жоопсуз күз махабаты эле.

Елеонора Турсынбаева

БЕШ ЖАШАР КЫЗДЫН ИШИ

- Кызым, жөжөлөрдү камап кел.

- Эмне үчүн?

- Талаада уктап калат.

- Мен бая эле уктаткам. Мойнунан кыскан элем, көзүн жумуп алды.

- Жакшы кылыпсың, алар эми эч качан ойгонбойт.

Хафийза Султаниязова

ТЕХНОЛОГИЯ КЫЛЫМЫНЫН КИШИСИНЕ ТӨРТ СУРОО

- Жубайыңыз менен кандай таанышкансыз?

- Телефон аркылуу.

- Ата-энеңиз, балдарыңыз үчүн убакыт бөлүп турасызбы?

- Телефон аркылуу.

- Досторуңуз менен да сүйлөшүп турасызбы?

- Телефон аркылуу.

- Эми акыркы суроом. Сиз үчүн бул жашоонун мазмуну эмнеде?

- Телефондон издеп көрөйүнчү...

- ???

Икром Пардабаев

ШҮГҮРДҮН КӨРҮНБӨС КҮЧҮ

Маянам аз, жумуштан да кыйналып кеттим...

Бүгүн карантин жарыяланды, эми жумушсузмун. Ар дайым дүкөндөн толуп кайткан баштыгым бүгүн жеңил. Эт жеген күнүбүз – майрам. Макарондор туруктуу оокатыбыз болду.

О, Жараткан кудуретиңден, шүгүр кылбаганым үчүн сабак алдым.

Дилфуза Турсынбекова

ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

Мен өтө күчтүүмүн. Алардын агымына кошулбайм. Алар мени кандайча алдашын да билем...

Мен өтө күчтүүмүн. Динимди аягына чейин коргойм. Бул жолдо эч кимди аябайм. Алга! Алга!

Айжамал Пиржанова

ОПААСЫЗ

- Ал мага бактылуу күнүңдө да, кайгылуу күнүңдө да ар дайым жаныңда болом, эч качан сени таштап кетпейм деген эле. Эми болсо кайгылуу күндөргө бир өзүмдү таштап кетти.

- Ажыраштыңарбы?

- Жок... - деди отуз жаш курагындагы келин көзүнө жаш алып, жубайынын дубалда илинген сүрөтүнө карап.

Байрам Айтмуратов

УШАК

- Мына бул келин кыска көйнөк кийет экен.

- Чачын да кыркып алган.

- Саламы да азайган.

- Ошондой, бир баладан башка төрөгөн да жок ээ?

- Аялга окшоп, ушак айтууну да кыскартты.

- Туура жигиттер, азыркы аялдарда бардыгы кыскарып баратат.

Махсет Абдижамилов

ЭКЗАМЕНГЕ ДАЯРДАНУУ

Ал экзаменге даярданып жаткан. Курсташ досторуна товарларын көрсөттү.

- Мына бул духини көр, оргинал духи.

- Мейли, алайын. Акчасын кийинчерек берсем да болобу?

- Болот, экзаменден мурда берсең болду.

М.Дарибаев

ОРУНДАЛБАС УБАДА

- Мага качан велосипед алып бересиз, бардык досторумда бар го.

- Мектептен "5" баа алсаң алып берем.

- "Мугалим, сураныч, мага "5" койбоңуз", – дээр эле, кедей атасынын убадасы орундалбай, кысынып калуусун каалабаган бала.

Тазабай Юлдашев

ЖАЛГАН

Апам убайым тартпасын деп ооруусун узак убакыт жашырып жүрдү, аттиң, жансыз денесин жашыра албастыгын түшүнгөнчө кеч болду...

Мейрамбек Абдикалиев

ЖАҢЫЛЫШУУ

Ал апасына ар дайым аралашпаңыз дечү. Ал унчукпай калды... Эми мындай айтпайм деди. Эми мындай сөздү айтпастыгы анык... Ал мүрзөнүн үстүнө гүлдү коюп, үйүнө кетти.

Н.Кыдырниязов

КЫСКА ӨМҮР

Апасы баласын каш карайганда мал короодон жумуртка алып келүүгө жиберди. Арадан бираз убакыт өтүп жумуртканы эмес, беш жашар баласынын жансыз денесин алып келди.

Санавар Жуманиязова

КЫЯЛ

24 жашар жигиттин айтканы...

- Чоңойсом мен да ушундай машине аламын...

Икрам Бекбердиев

Депутаттардын бири конференциядан чыгып мактанып сүйлөдү:

"Өзбекстан автомобиль өндүрүүчү 28 мамлекеттин бири".

Бирок ал автомобиль алуу үчүн бюджет кызматчысы 28 жыл айлыгын ичпей-жебей жыйноо керектигин айткан жок.

Марат Мамутов

ЭЛДИН ЧЫНЫГЫ КОРГООЧУСУ

- Данияр, сен органда иштеп элди коргойсуңбу же мыйзамдыбы?

- Албетте, мыйзамга баш ийип, элимди коргойм.

- Эмне үчүн?

- Себеби алардын артында үй-бүлөм менен бирге оокат кылып отурам.

Салават Султанов

АНДИЖАНДЫК НААБАЙЧЫЛАР

Кызы үйүнүн маңдайында Андижандан келген наабайчыларга карап:

- Апа, буларга эмне азап экен, Андижанда нан бышырып сатууга болбойбу?

- Андай дебе, алар да сенин атаң Казакстанда жүргөндөй жүрөт да.

Хүрзия Жумабаева

Каракалпак тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз