Айдай Бекбоева: Отургуч

  • 16.02.2023
  • 2119

ЭССЕ

Күз айы. Дарактын баш жагынан алтын түстүү жалбырак асманга эркелеп, аярлап үйлөгөн бейпил желдин кучагында акырын келип отургучтун үстүнө түштү.

Жыгачтан жасалган эң жөнөкөй парк отургучу, ал өз өмүрүндө отургуч катары көптү көргөн. Анын бүткүл өмүрү Бишкек шаарында, маданият жана эс алуучу эркиндик бульварында өткөн, жанында ак таш гүл түрүндөгү кичинекей фонтан. Парктын ортосунда кыргыз жазуучусу Темиркул Үмөталиевдин эстелиги орнотулган.

Жай акыркы жылдарда аптаптуу ысык болбодубу. Бирок ал жердеги ак кайыңдар, эмендер көлөкө берип турушат. Жаан жаап кеткендеги жыт бир укмуш десең.

Анткен менен үн катпай, отургуч адамдарды жакшы көрчү... Жашоосунда алардан көп азап да тартты. Эл анын бетине ысымдарын жазып, чоюн тамандарына тамекинин калдыктарын өчүрүп, үстүнө чыгып басып, анын ак сөөктүк ийри аркасына каргалардай отурушту. Бир жолу сомодой жигиттер аны күлкү үчүн сүйрөп кетмек болуп, бирок ордунан жылдыра алышкан эмес, ошого ачууланып, анын үстүнө таштанды салынган челекти ыргытышкан...

Отургуч кечиргенди жана чыдаганды үйрөнгөн. Ал чемичкенин кабыгын жана тамекинин калдыктарын, аптаптуу ысыкта күнгө күйгөндүгүн, кыш ызгаарын, күздүн жамгырын көтөрдү. Айтмакчы, жамгыр ага ойлонууга жардам берет.

Отургуч адамдар жөнүндө ойлонгонду жакшы көрчү. Алар дагы эле анын жашоосунун эң кызыктуу бөлүгү болгон. Канчалаган аңгемелерди тыңшап, демин кысып, конокторунан жакшы аңгемелерди укту... Канча сүйүүнү моюнга алып, ант берип, унчукпай күбө болду, канчалаган талаш-тартыштарга туруштук бере алды, канчалаган ынандырууларга, жалынууларга туруштук бере алды...

Бирок бардык адамдардын ичинен отургуч кичинекей балдарды жана карыларды артык көрө турган. Аларды акылмандыгы, мээрими үчүн жактырчу. Бүт жан дүйнөсү менен абышка-кемпирлерге жайлуу башпаанек болууга умтулду, аларды колтуктап жөлөп-таягысы келчү, балдарга байкоо салчу.

Отургуч эскерүүнү да үйрөнгөн...

Ал жакшы нерселерди эстегенди жактырчу. Бир нече унутулгус жылдар бою отургуч чындап бактылуу болду. Майдын аягынан сентябрга чейин күн сайын эртең менен саат тогуздарда кыска бойлуу, арык, көгүш кийимчен карыя кичинекей сары кыздын коштоосунда келип отурчу. Жаан-чачындуу күндөр болсо көрүнбөй калчу. Тажрыйбалуу отургуч чоң атаны көрүп, дароо аныктады, анткени кызга кайрылуусунда өтө назик, сабырдуулук анан да чексиз сүйүү бар эле.

Бул профессор, отургучка отурарда кыздын велосипедде же темир самокатта эки бутун коюп тээп баратканын сабырдуулук менен карап, күтүп, калың китептерди окуп, кээде узун карандаш алып четине өзүнө бир нерсени белгилеп коёт. Кыз чарчаганда аны жанына отургузуп алат, ага ошол жерде сатып жаткан “Шоронун” суусундугунан алып берип, небереси үчүн жука китепти алып чыгып окуй баштайт. Кыз да чоң атасынын жомогун укканга шашат.

Отургуч кийинки жылдары китеп окуган адамды сейрек көрчү болгон...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз