Редьярд Киплинг: Сел

  • 27.04.2023
  • 0

Сүрөт https://interesnyefakty.org/redyard-kipling/ булагынан алында.

АҢГЕМЕ

Жок, бүгүн кечинде дарыядан өтө албайбыз, Сахиб. Бүгүн бир өгүз арабасы менен агып кеткенин уктум, сен келгенге чейин жарым саат мурда жөнөтүлгөн кайык тигил өйүзгө алигиче жете элек дешти. Эмне, Сахиб шашып жатабы? Мен азыр биздин пилди алып келип дарыяга айдайм, ошондо Сахиб өзү көрүп ынанат. Эй, пилчи, сен бастырманын астынан Рам Першадды алып чык, эгер ал сууга коркпой кирсе, анда иш оңунда.

Пил эч качан алдабайт, Сахиб. Рам Першадды досу Кала-Нагдан бөлүп салышкандыктан, ал өзү да аркы өйүзгө өтүүнү каалап турат. Жакшы! Абдан жакшы! Сен менин падышамсың! Бар, пилчи, дарыянын ортосуна барып, анын айтканын тыңша. Абдан жакшы, Рам Першад! Сен пилдердин арасындагы берметсиң, дарыяга кир! Башка чап, келесоо! Таякты эмнеге алдың эле, ыя? Майлуу далыңды тырмаш үчүнбү, акмак? Сок! Чап, аяба! Сага аккан таштар кеппи, Рам Першад, менин Рустамым, эй сен, менин кубаттуу тоомсуң! Бар! Коркпо! Сууга кир!

Жок, болбой калды! Пайда жок. Анын кандай кыйкырып жатканын угуп жатпайсызбы. Кала-нагга кечип бара албасын айтып жатат. Караңызчы! Ал артка бурулуп, башын чайкап жатпайбы. Ал келесоо эмес да. Бархви ачууланганда кандай болорун ал жакшы билет. Аха! Ооба, албетте, сен келесоо эмессиң! Көп жаша, Рам Першад. Пилчи, аны бак-дарактардын түбүнө алып барып, курсагын тойгузгула. Азамат, сен пилдердин эң мыктысысың.

Мырза, барып уктаңыз. Эми эмне кылабыз, айла жок? Сахибге дарыя тартылганча күтүүгө туура келет. Кудай буюрса, эртең эртең менен, болбосо эң болбоду дегенде бүрсүгүнү басаңдап калат. Сахиб эмнеге мынчалык ачууланды? Мен анын кулумун. Кудай көрүп турат. Селди мен жасаган жокмун. Мен эмне кыла алам? Менин алачыгым жана андагы бардык нерсе Сахибдин кызматында. Жамгыр да жаай баштады. Кеттик, мырзам. Анткени сиз аны жаман көргөндөн дарыя тартылып кетпейт.

Илгери англистер мындай эмес болчу. От араба аларды эрке кылып жиберди. Эски заманда алар араба менен күнү-түнү аттарды кубалап жүрүшкөндө алдын дарыя тоссо да, араба ылайга батып тыгылып калса да сабырлуу болушчу. Анткени алар бул Кудайдын эрки экенин билишкен. Азыр баары башкача. Азыр от араба ары-бери токтобой жүрөт. Ооба, от араба британиялыктарды бузуп салды. Мынакей, өзүңүз карап көрүңүзчү, жоголгон бир күн, атүгүл эки күн деген эмне? Эмне, ушунчалык шашкандай Сахибдин өзүнүн үйлөнүү тою болот бекен? Ох! Ох! Ох! Мен кары адаммын, сахибдерди сейрек көрөм. Алар менен сый мамиле кылууну унутуп калсам кечирип коюңуз. Сахиб ачууланган жокпу?

Өзүнүн үйлөнүү тою! Ох! Ох! Ох! Карыянын акылы нума дарагы сыяктуу. Бир эле даракта мөмөлөр, бүчүрлөр, гүлдөр жана кечээги куураган жалбырактар аралаш. Карыянын башында да ушундай – баары аралаш: өткөн, жаңы жана эчак унутулган нерселер. Керебетке отуруп сүт ичип алыңыз. Чыныңызды айтыңызчы, балким Сахиб менин тамекимдин даамын таткысы келгендир? Жакшы тамеки. Нуклаудан. Уулум ошол жерде аскердик кызмат өтөйт, ошол салып жибериптир. Сахиб, мынакей, канжаны кармаганды билсеңиз чеге бериңиз. Сахиб муну мусулмандар сыяктуу кармайт экен да. Вах! Вах! Ал муну кайдан үйрөнгөн? Өзүнүн үйлөнүү тою! Ох! Ох! Ох!

Сахиб бул тойдун эч кандай тиешеси жок дейби. Сахиб мага чындыкты айтмак беле, мен болгону кара түстүү карапайым бир чалмын. Анда эмнеге анын ушунчалык шашып жатканына таң каласың дейм да. Отуз жылдан бери мен бул өтмөктө кызмат кылам, бирок мынчалык шашкан бир дагы Сахибди көргөн эмесмин. Отуз жыл, Сахиб! Бул өтө эле көп. 30 жыл мурун бул өтмөк кербендердин жолунда болгон. Бир жолу түнү менен бул жерден эки миң жүктүү өгүз өтүп кеткен. Мына, азыр темир жол келди, оттуу арабалар тызылдап, бул көпүрөнүн үстүнөн жүз миңдеген пуд жүктөр өтүп жатат. Ооба, таң калыштуу нерсе... Азыр өтмөк бош, бул дарактардын жанынан кербен өтпөй калды.

Өзүңүздү кыйнап, асманды тиктеп отуруунун эмне кереги бар. Таң атканча жамгыр дагы жаайт. Угуңуз! Бүгүн кечинде дарыянын түбүндөгү таштар бири-бири менен сүйлөшөт. Аларды угуңуз! Эгер аркы өйүзгө өтүүгө аракет кылсаңыз сөөгүңүздү заматта мүлжүп жиберишет, Сахиб. Билесизби, мен бул жерге жамгыр кирбеш үчүн эшикти жаап койгонум жакшы. Вах!.. Ах! Ух! Бул өтмөктүн жээгинде отуз жыл! Эми мен карыдым... Караңгалгыр! Чыракка куйчу май кайда калды?

Кечириңиз мени, карыган сайын уйкум иттики сыяктуу сак болуп калды, сиздин эшикке чыккан дабышыңызды уктум. Бери караңыз, Сахиб. Караңыз да, жакшылап угуңуз. Жээктен жээкке чейин бир топ жазы тилке бар, – жылдыздардын жарыгында да аны көрүүгө болот. Азыр анын тереңдиги он фут. Канчалык ачуулансаңыз да, аны каргасаңыз да андан суу тартылбайт, дарыя тынчыбайт. Айтыңызчы, Сахиб, кимдин үнү катуурак, сиздикиби же дарыяныкыбы? Мейли, ага кыйкырып көрүңүз, балким сиз аны уяткарып коёрсуз. Андан көрө жакшырак уктап алыңыз, Сахиб.

Тоо этектеринде жамгыр жааганда Бархвинин каарын билем. Бир жолу мен бул сууну сүзүп өткөм. Анда түн мындан он эсе жаман болчу, бирок мен анын дарбазасынын алдында болсом да Кудайдын ырайымы менен өлүмдөн кутулгам. Бул тууралуу айтып беришимди каалайсызбы? Бул кызык окуя. Коё туруңуз, адегенде канжамды толтуруп алайын.

Андан бери отуз жыл өттү. Мен абдан жаш болчумун, жаңы эле бул өтмөккө иштегени келгем. Кербенчилер “өтө аласың, дарыя тынч” десем мага дайыма ишенишчү. Бир жолу түнү бою дарыянын толкунунда коркконунан жинди болгон жүздөгөн өгүздөрдү жанымды оозума тиштеп, бир да туякты зыянга учуратпай аркы өйүзгө алып чыккам. Андан соң титиреп корккон элди өткөздүм, алар мага сыйлык катары эң жакшы өгүздү – мойнуна коңгуроо тагылган бодо башчысын беришти. Мен ушундай сыйлуу болчумун! Мына эми жамгыр жаап, суу көтөрүлгөндө үйүмө сойлоп кирип, итке окшоп азуумду көргөзүп кыңшылап жатам. Менден каруу-күч кетти. Мен азыр кары адаммын, от араба пайда болгондон бери өтмөк бош. Алар мурда мени «Бархви дарыясындагы эң күчтүү адам» дешчү.

Менин жүзүмдү караңызчы, Сахиб, ал маймылдын жүзү. А менин колум кемпирдин колу. Бирок сизге ант берем, Сахиб, бул жүздү Аял сүйүп, башын дал ушул чыканакка жөлөп жатчу. Жыйырма жыл мурун, Сахиб. Мага ишениңиз, мен болгон чындыкты айтып жатам – жыйырма жыл мурун.

Эшикке чыгып, дарыянын аркы өйүзүн караңыз. Сиз ылдый жактагы, алыстан бир аз үлдүрөгөн жарыкты көрөсүз. Бул ийбадаткананын жарыгы. Патира айылында Ханумандардын ыйык жайы бар. Айылдын өзү түндүктө, чоң жылдыз турган жерде, болгону бул жерден тумшуктан ары жагы көрүнбөйт. Узак жол бар, кийимиңизди чечип салып сүзүп баргыңыз келеби? Байкап көрбөйсүзбү? Мен Патирага чейин сүзүп баргам – бир эмес, көп жолу. Ал эми бул дарыя крокодилдерден кур эмес экенин айта кетейин.

Сүйүү кастаны билбейт; антпесе, мен, мусулман, мусулмандын уулу, эч качан индус аялдын – индустун жесиринин, Патира башчысынын эжесинин сүйүүсүнө ээ болмок эмесмин. Бирок ушундай болгон. Ал жаңы эле турмушка чыкканда, башчынын үй-бүлөсү толугу менен Матхурага зыяратка жөнөп бара жатышкан. Дөңгөлөктөрүнүн күмүш алкактары күнгө чагылышкан өгүз чегилген арабадагы жибек көшөгө аялдын айдай жүзүн жашырып турган. Сахиб, мен аларды өтмөктөн өткөрүүгө шашылган жокмун, анткени шамал көшөгөнү ачып жибергенде мен аны көргөм.

Алар ажылыктан кайтып келгенде, анын күйөөсү жок экен. Ал каза болуптур. Мен аны өгүз арабадан да көрдүм. Кудайым ай, бул индейлер кандай келесоо! Ал индуспу же, таштанды жыйноочу кастаданбы, же оорулуубу, же жогоруда айтылгандардын баарысы чогуусу мененби, мага анын эмне кызыгы бар? Мен ага үйлөнмөкмүн, өтмөк жээгинде ага үй салып бермекмин. Тогуз осуяттын жетисинде мусулман адам мушрикти аялдыкка ала албайт деп айтылган эмеспи? Шииттер да, сунниттер да мусулмандарга бутпарастар менен үйлөнүүгө тыюу салган жокпу?

Балким, Сахиб көп нерселерди билген дин кызматчысыдыр? А мен ага ал билбеген нерселерди айтам. Сүйүүдө шииттер да, сунниттер да жок, тыюулар жана бутпарастар да болбойт. Ал эми тогуз осуят – бул сүйүү отунда чатырап күйүп кетер куураган тогуз бутак гана. Чынын айтсам, мен аны алмакмын, бирок кантип? Башчы жасоолдорун жиберип, башымды таяк менен талкалатмак. Мен коркпойм, беш-алты кишиден коркпойт болчумун, бирок айылдын жарымына ким теңелет?

Ошентип, мен түнкүсүн аны менен макулдашкандай, Патирага барып аны менен талаанын ортосунда жолукчубуз, бир дагы тирүү жан бул тууралуу шек алчу эмес. Эми кулак төшөп андан аркысын угуңуз! Мен көбүнчө ушул туштан аркы өйүзгө сүзүп өтүп, жээкти бойлой жунгли аркылуу дарыянын бурулушундагы темир жол көпүрөсүнө чейин барчумун, ал жерден жол Патирага бурула турган. Караңгы түндөрү ийбадаткананын жарыгы мага жол көрсөтүп турчу. Дарыя жээгиндеги жунглиде жыландар толтура эле, ал эми кумда кичинекей караиттер жайнап жүрүшчү. Анын бир туугандары, эгер мени талаадан кармап алышса, сөзсүз өлтүрүшмөк. Бирок ал экөөбүздөн башка эч ким эч нерсе билбейт эле. Менин изимди дарыянын куму чайкап кетчү.

Аптаптуу айларда өтмөктөн Патирага жетүү оңой болчу, жамгыр башталганда суу акырындан көтөрүлүп кыйынчылык болгон жок. Денемдин күчү менен агымдын күчүн жеңип, түнкүсүн өз алачыгымда тамактансам, а Патирада ичип жүрдүм. Бир жолу ал мага дарыянын баш жагындагы аркы өйүздөгү айылдын биринде жашаган Хирам Сингх аттуу шылуун кызыгып, ага жабышып жатканын айтты. Сикхтердин баары иттер – алар акылсыздыгынан Кудайдын белеги болгон тамекиден баш тартышкан. Хирнам Сингх ага жакындаса эле мен аны өлтүрмөкмүн. Анын үстүнө ал анын сүйгөн адамы барын билип, аны издеп табууга убада бериптир. Ал шылуун, эгер ал ага макул болбосо, бардык нерсени башчыга айтам деп коркутуптур. Бул сикхтер ушундай иттер!

Бул тууралуу уккандан кийин мен бычаксыз жүрбөй калдым. Кичинекей, курч бычак дайыма белимде болчу. Жолума тоскоол болсо бул кишиге жаман болмок. Мен Хирнам Сингхти таанычу эмесмин, бирок экөөбүздүн ортобузга ким кирсе да баарын өлтүрмөкмүн.

Бир түнү жамгырдын эң башталышында мен Патирага сүзүп барууну чечтим, бирок дарыя ансыз деле ачууланып турган. Бархвинин табияты ушундай, Сахиб. Жыйырма демде бийиктиги үч фут дубал көтөрүлүп барып ылдый кулады. Мен от жагып, калама бышыргыча, Бархви кичинекей дарыядан чоңоюп, Жамнанын эжесине айланды.

Бул жээктен сүзүп чыкканда, ылдый жакта анча терең эмес тайыз жер боло турган, мен ошол жерде эс алып, анан андан ары сүзүүнү чечтим. Дарыя мени түбүнө тарта баштаганын сездим. Бирок жаш кезде Сүйүү үчүн эмне гана кылбайсың! Сүйүүнүн күчү кандай керемет!

Жылдыздардын жылтылдаганы араң көрүнөт, сүзүп баратканымда бетимди агып келе жаткан кедрдин бутагы бетимди чийип кетти. Бул адырлардын этегинде башталган катуу жамгырдын белгиси эле. Анткени кедр күчтүү дарак, аны өсүп турган жеринен тамыры менен жулуп алыш оңой эмес. Алымдын жетишинче тез сүзүп бараттым, дарыя агымы азырынча мага жардам берип жаткан. Бирок мен тайыз жерге жеткенче, ал жерде суу эчак күчүнө кирип күркүрөй баштаптыр. Тегерегимдин баары суу, тайыз жерлер көрүнбөйт.

Мен бир жээктен экинчи жээкке тоголонгон толкундун туу чокусунда бараттым. Сахиб качандыр бир убакта колу-бутун кагып-согуп кыймылдатпай байлап алган, буркандап кайнаган тентек сууга түшүп көрдү бекен? Мен башымды суудан араң чыгарып бараттым, мага бардык жерде, жердин учу-кыйырына чейин суу, суу гана бар, андан башка эч нерсе жоктой. Суу мени чамынды сыяктуу агындылар менен кошо агызып баратты. Кутургандай агымдын шишип кеткен курсагында адам ушунчалык кичинекей нерсе. Бул – ошол кезде мен аны билбесем да, эл азыр да кеп кылып жүргөн Улуу Топон суу болчу.

Ичимден баары бүттү дедим, дөңгөчтөй болуп чалкаман жатып алып өлүмдү күтө баштадым. Суу тирүү жандыктарга толуп, баары кыйкырып, өкүрүп жатышты. Майда жандыктар жана малдардын ызы-чуусунун арасынан бир жолу жардамга чакырган адамдын үнүн уктум, бирок жамгыр шатырата жаап, сууну көбүртүп жиберди, мен суу алдындагы аккан таштардын күлдүрүнөн, үстүмдөгү жамгырдын шабыртынан башка эч нерсе уккан жокмун. Мени агым ары-бери айлантып, тегеретип, мен абадан бир ууртам болсо да жутуп алууга болгон күчүм менен аракет кылдым.

Жаштайыңдан жайрап өлүп калуу абдан коркунучтуу. Сахиб, бул жерден темир жол көпүрөсүн көрүп жатасызбы? Тигине жаркырап жатпайбы, бул почта поезди. Ал Пешаварга барат. Көпүрө азыр суудан жыйырма фут бийиктикте, бирок ошол түнү суу көпүрөнүн кырына чейин жетип, күркүрөгөн боюнча мени торго алып келип кептеген. Бирок ал жерде бир топ агындылар чогулуп калгандыктан, мен катуу урунган жокмун. Күчтүү адам алсызды баса калгансып, дарыя мени торго жабыштыра басты. Мен темир торлорду кармап, көпүрөнүн үстүнө араң сойлоп чыктым. Сахиб, темир жол рельси бир фут тереңдиктеги суу астында калып, үстүнө көбүк айланып жатты! Мына ушундан эле бул кандай сел болгонун өзүңүз баамдай аласыз. Мен эч нерсе уккан да, көргөн да жокмун. Көпүрөдө күйүккөнүмдү басалбай энтиге дем алып жаттым.

Бир аздан кийин нөшөр басылып, асманда жамгыр жууган жылдыздар кайрадан пайда болду, алардын жарыгынан кара суунун чети жогун, суу рельстен өйдө көтөрүлгөнүн көрдүм. Агындылар менен кошо жаныбарлардын өлүктөрү көпүрөнүн устундарына шыкалыптыр; кээ бир жаныбарлардын баштары көпүрөнүн торуна тыгылып калган. Арасында тирүүлөрү да бар, алар тыбырчылап, көпүрөнүн үстүнө чыгууга аракет кылышты, – буйволдор, уйлар, жапайы чочколор, бир-эки бугу жана жыландар менен чөөлөр. Алардын баарын санап бүтө албайсың. Алардын денелери көпүрөнүн сол тарабында карайып көрүнөт, кичинелерин суу тордон тешигинен түртүп чыгарып, чамындыдай агызып кетип жатты.

Анан жылдыздар кайрадан жок болуп, жамгыр жаңы күч менен жаап, дарыя ого бетер көтөрүлүп, адам ойгонордо бир капталынан экинчи капталында оодарылып жаткансып, көпүрө кыймылдай баштаганын сездим.

Мен корккон жокмун, Сахиб. Ант урсун, колу-бутумда күч калбаса да корккон жокмун. Аны кайра көрмөйүнчө өлбөй турганымды билдим. Бирок мен аябай үшүп жаткам, аңгыча көпүрө кычырай баштады. Чоң толкун келе жаткандай сууда силкинүү пайда болуп, көпүрө бул келе жаткан толкундун соккусунан капталын көтөрүп, оң торчосу сууга чөгүп, сол канаты суунун үстүнө көтөрүлүп калды. Калп айтсам сакалым өрттөнсүн! Сахиб, Кудай көрүп турат, мен нака чындыкты айтып жатам! Мирзапурда таш жүктөлгөн баржа шамалдан кыйшайгандай эле, Бархви көпүрөсү да оодарылып кеткен. Мындай ушундай болгон, башкача эмес.

Мен көпүрөдөн сыйгаланып барып сууга түштүм, артымдан каардуу дарыянын толкуну көтөрүлдү. Мен анын үнүн, көпүрөнүн ортоңку бөлүгүнүн кычыраганын уктум, ошол маалда ал чөгүп бараткан, андан кийин эмне болгону эсимде таптакыр жок, агымдын ортосунда баратканда гана эсиме келдим. Мен сүзүүгө аракет кылып колумду алга сундум, анан эмне болду дебейсизби! Колум адамдын тармал чач башына урунду. Ал өлүк болчу, анткени мен Бархвинин эң күчтүүсү гана дарыя менен болгон бул күрөштөн аман чыга алмакмын. Сыягы, ал эки күн мурун каза болгондой, денеси көпчүктөй шишип, суу үстүнө калкып чыккан экен. Ал мен үчүн куткаруучу болуп калды. Сүйүнгөнүмдөн күлүп жибердим. Менде аны көрмөйүнчө, мага эч нерсе болбойт деген ишеним бекем болчу.

Манжаларым адамдын чачына жабыша калды, анткени мен аябай чарчаган элем, ошентип буркан-шаркан түшүп кайнап жаткан дарыяда чогуу агып келаттык – ал өлүк, мен тирүү. Бул жардам болбосо мен чөгүп кетмекмин. Суук чучугума жетип, тытылып, сууга чыланган денем калтырап үшүп жаттым. Бирок ал учурда коркууну билген эмесмин, анткени дарыянын каарынын бардык күчүн билчүмүн. Мен өзүм каалаган жерге сүзүп бара алчумун.

Акыры оң жээкти көздөй агып бараткан капталдагы агымга кирдик, мен ал жакка сүзүү үчүн буттарымды жанталашып кыймылдата баштадым. Ал эми маркум кайнаган сууда катуу термелип жатты, мен ал кайсы бир бутакка илинип, дарыянын түбүнө чөгүп кетпесе деп корктум. Тизелерим тамаристин башына тийгенде, агым бизди эгиндин үстүнөн алып баратканын түшүндүм, бир аздан кийин өйдө туруп буттарым жерге тийгенде талаанын четине жеткенимди сездим. Өлүк анжир дарагынын түбүндөгү дөңсөө жерге кептелип, мен кургакка чыкканыма сүйүнүп, суудан чыктым.

Сахиб, агым мени кайда алып келгенин билеби? Патира кыштагынын чыгыш чек арасы болгон дөбөгө. Башка жерге эмес! Мен өлүктү чөп үстүнө сүйрөп чыктым, кантсе да ал мага кызмат кылбадыбы, анын үстүнө ал мага кайра керекпи же жокпу – билбейт элем. Анан үч жолу чөө сыяктуу үн чыгарып, башчынын үйүнөн алыс эмес, макулдашылган жерге бардым. Менин Сүйүктүүм мурунтадан эле ошол жерде күтүп олтуруптур, мени көрүп ыйлап жиберди. Ал Бархвиге өтүүчү жердеги алачыгымды сел алып кетти деп коркуптур. Мен суудан чыкканымда, ал арбак деп ойлоп, качып кете жаздаган экен, бирок мен аны кучактап калгам, – ал күндөрү мен эч кандай арбак эмес элем, бирок азыр арбактай болгон чалмын. Ха! Ха! Чынын айтсам, кургап калган жүгөрүмүн. Ширесиз жүгөрү. Ха! Ха!

Мен ага Бархви көпүрөсү кантип талкаланганын айтып бердим, ал менин жөн адам эместигимди айтты, анткени Бархвиден буга чейин сел жүрүп жатканда эч ким сүзүп өтө алган эмес, мен эч ким көрбөгөн нерсени көрдүм. Кол кармашып алып өлүк жаткан дөбөгө бардык, мен ага кимдин жардамы менен дарыядан сүзүп өткөнүмдү көрсөттүм. Ал жылдыздардын жарыгында өлүктү карады. Түндүн экинчи жарымы болчу, бирок таң ата элек эле. Ал колу менен бетин жаап: «Бул Хирнам Сингх!» деп кыйкырып жиберди. «Тирүүсүнө караганда өлгөн чочко артык, жаным» дедим. "Албетте, ал мен үчүн эң кымбат сүйүктүү жанды сактап калды. Бирок аны бул жерде калтырууга болбойт, анткени аны бул жерден көрүшсө мен жаманатты болом." деди ал. Анткени дене анын босогосунан атылган ок жеткендей жерде жаткан.

Мен анын денесин тоголотуп баратып кобурадым: "Бул да болсо Кудайдын буюругу: Хирнам Сингх, ал сенин каныңды менин абийиримде калуусун каалабады. Мен күнөө кылып, сенин денеңди өрттөө жөрөлгөсүнөн ажыратып жатам, эми каргалар менен каалаган ишиңерди кылгыла". Мен аны сууга түртүп жибердим, аны агым алып кетти, суу үстүндө анын калың кара сакалы трибунадагы жарчыныкы сыяктуу силкилдеп баратты. Андан кийин Хирнам Сингхти эч качан көргөн жокмун.

Сүйүктүүм экөөбүз таң агара баштаганда гана ажыраштык, мен токойдун суу жетпеген жерине бардым. Жарык киргенде түндө эмне кылганымды көрүп, бүт денем калтырай түштү. Патира менен аркы өйүздөгү бак-дарактардын ортосунда демейдегиден эки эсе көп каардуу суу өркөчтөнүп, көбүгүн асманга чачып буркандап агып жатканын, ал эми дарыянын ортосунда Бархви көпүрөсүнүн устундары абышканын тиштери сынган жаактарындай сыртка сороюп чыгып турганын көрдүм. Сууда бир да тирүү жан жок болчу – канаттуулар да, кайыктар да көрүнбөйт, өлүктөр, сансыз өгүздөрдүн, аттардын жана адамдардын өлүктөрү. Адырлардын этектериндеги эзилиген чоподон улам кан агып жаткансып кызарган дарыя. Мен мындай селди эч качан көргөн эмесмин, андан бери да көрө да элекмин, эй Сахиб, мен билгени мен кылганды бир да адам кылып көргөн эмес.

Ошол күнү кайра үйүмө кайтууну ойлогон да жокмун. Анткени азыр, жарыкта башчынын жерин таштап, бул коркунучтуу ишке кайрадан барышка батына албайт болчумун. Мен жээк бойлоп өйдө жактагы темир устанын үйүнө барып, сел мени алачыгым менен кошо агызып кетти деген сыяктуу бирдемелерди кобурадым. Жети күн бою кайык келгенче темир уста менен жашадым. Кайтып келсем үйүмдүн дайыны да жок – бир аз илешкек баткактан башка эч нерсе көрүнбөйт, дубалы да, чатыры да калбаптыр. Сахиб, мына ушундан эле дарыянын канчалык бийик көтөрүлгөнүн өзүң баамдап көр.

Ошентип мага үйдө да, Бархвинин ортосунда да, Бархвинин үстүндөгү көпүрөнүн урандыларынын астында да ажал буюрбаптыр, анткени анын эмнеден өлгөнүн билбесем да, Кудай мага эки күн мурда өлгөн Хирнам Сингхти калкыма жана таяныч болуп кызмат кылуу үчүн жиберди. Жыйырма жыл бою Хирнам Сингх тозокто болсо да, ал үчүн бул түндү ойлош бардык кыйноолордун эң коркунучтуусу болмок.

Мени угуңуз! Сахиб, дарыянын үнү өзгөрдү. Ал эми таңга чейин эс алат, а таң атканга бир саат гана калды. Таң атканда анын деңгээли ылдыйлайт. Мен аны кайдан билдим дейсизби? Бул жерде отуз жылдан бери жашасам, атасы баласынын үнүн билгендей эле, мен дарыянын үнүн кантип билбей калайын? Ар мүнөт сайын анын үнү азайып, ачуусу басаңдайт. Бир сааттан кийин, эң көп дегенде эки сааттан кийин эч кандай коркунуч болбойт деп ант берем. А эртеңки күнгө жооп бере албайм. Шашылыңыз, Сахиб! Мен Рам Першадды алдырайын, бул жолу ал артка кайтпайт.

Эй, пилчи, сен акмак, Сахибге пилди алып кел! Жүк брезент менен жакшы жабылганбы? Тигил жактагыларга айта бар, күндүз эч кандай өтмөк болбойт.

Акчабы? Жок, Сахиб. Мен андайлардан эмесмин. Жок, жок, мен балдарга момпосуй да албайм. Өзүңүз көрдүңүз го, менин үйүм бош, мен карыдым. Рам Першад алга! Жакшы барыңыз! Жолуңуз шыдыр болсун, Сахиб!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз