Абийрбек Абыкаев: Аялзатка напси тыйылбайт

  • 29.04.2023
  • 2302

АҢГЕМЕ

Жылдар зымырап өтүп, жылдар менен кайран жаштыгы кайрылгыс болуп кетип жатса да отуз жаштан өтүп, кыркты чамалап калган “карт бойдок” атка акырындап ээ болгон Ашырга акыркы күндөрү жолуккан эле киши качан аял аласың дей берип тажатышчу болду.

Бара-бара ал суроолорго камдап алган түркүн жооптору да азайып, элдин арасына баргандан заарканат.

Эң таамай жоопту аталаш агасы Курманаалыга берди:

— Ай, Ашыр жүрө бербей аял алсаң боло, тиги жеңемдин колу-буту узарып, келиндин чайын ичсем дегенде эки көзү төрт болуп жүрөт.

— Байке, эки көйгөй бар, ошол көйгөйлөр чечилсе эле үйлөнөт элем.

— Ал эмне болгон көйгөй экен?

— Биринчиси, акча жок.

— Экинчисичи?

— Кыз жок.

— Биринчи көйгөйүңө жардам бере алам, экинчиңди көйгөйүңдү өзүң чеч, — дейт агасы күлүп. Анда жанында турган Ашырдын классташтарынын бири Жакып:

— Бир аз чыдай тур Куке, менин кызым мектепти бүтөрүнө аз калды, – деп атпайбы.

Буга чейин көп аял алуу жагынан айылдын рекордун коюп, 8 жолу аял алган 36 жаштагы Нурсултандыкы андан да өтүп кетти:

— Менин кетирген аялдарым биринен бири өткөн сулуулар, молдокебизге нике кыйдырган сайын мындай өңдүү-түстүү немелерди кайдан таап аласың, нике кыйып атканда кээде сага эмес эле өзүмө кыйгым келип кетет дечү эле. Жакемдин кызын күткүң келбесе, менин кетирген аялдарымдын бирин макул кылып киргизип берейин, баарынын калыңы төлөнгөн, — дептир.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз