Бейшебай Усубалиев: Жираф

  • 01.05.2023
  • 3172

АҢГЕМЕ

(Жаны жамгырдан бүткөн Түгөлбай Казаковго)

Ошол кыз эсиме түшкөн сайын, мен дайыма аны биринчи жолу эстеген күндү эстей берем.

Биз кырда отурганбыз. Мен, анан Черик апа. Мен анда тогузунчу класста окучумун. Ал мезгилде жетинчи жана тогузунчу класстын окуучуларын жазында кой туутка жардамга жиберишчү. Мен үйүбүзгө жакын эле жердеги Кара-Колотто коюн туудуруп жаткан Тынар деген чабанга бөлүнгөм. Тынар орто бойлуу, кызыл жүздүү киши эле, көбүнчө куйкум сүйлөчү. Мени жакшы таанычу.

– Аа, акыры маа келген экенсиң да, – деген ал мыйыгынан жылмая, – бар эми тиги Черикке кошулгун. Жомогун угуп, жыргап жүрө бер…

Азыр мен Черик апа деп атпаймынбы, анда апа дебей эле, жөн эле Черик дечүмүн. Албетте, көзүнчө айтчу эмесмин, атүгүл ага бир да жолу кайрылган жок окшоймун. Дегеле аны эч ким апа, же эже, же жеңе деп айтчу эмес, баары эле бешигин терметкенсип, Черик дешчү. Буга ал эч бир терикчү эмес, атүгүл көңүл бурбаса да керек. Баса, анын чыныгы аты Черик эмес, башка экен. Мага муну атам бир жолу атайы айтып берген, эмне үчүн Черик деп аталып калганын да айткан. Көрсө, Черик деп аталып калганы ал ушул уруудан экен. Ат-Башыдан келип, биздин айылга Абылай деген кишиге турмушка чыгыптыр. Анан эле анын черик уруусунан экенин кимдир бирөө угуп калып, ал Черик деп атап, мунусу айылга тегиз жайылып, өз аты таптакыр унутулуп, Черик деп аталып калыптыр. Сыягы, анын ушул ысымы жалпы элге жакса керек. Жарыктык киши, эми ойлосом, кудайдын бир момуну экен. Бирөөгө да дит багып өйдө караганын көргөнүм жок.

– Ал эми бир жабылуу кара иңген да, – деп атамдын айтып жатканын көп уктум. – Абылай кургурдун багы ушул Черикти алгандан кийин ачылбадыбы. Мына, балканактай болгон уул-кыздарды тууп берди. Өзү болсо бир былк этип койбогон момун, колунан баары келет, береке тим эле төгүлүп турат…

Кызык, эми ойлосом, атам деги эле аял аттуунун жаман же жакшы, бактылуу же бактысыз экенин, анын төрөгөнүнө же төрөбөгөнүнө карай быччу экен.

Дагы бир кызыгы, мен Черик апаны биринчи жолу кандай көрсөм, дал ошондой бойдон дүйнөдөн өтүп кетти. Эч бир өзгөргөн жок, карыбаган бойдон өттү да кетти. Сексенден өтүп барып кетти окшойт, мен ага өтүп кетеринен бир-эки ай мурда жолуктум. Черик апа баягысындай эле экен. Дүйнөдө өзгөрбөгөн адамдар болобу, же мага ошондой көрүндүбү — билбейм…

Ушул Черик апа экөөбүз кырда отурганбыз. Ал – чоң сакмалчы, мен – жардамчы сакмалчы. Ар жакта жайнаган кой-козулар. Баары аппак, биз отурган тоо тим эле аппак карга чулганып калгандай. Чуру-чуу. Бирөө козусун, бирөө энесин таппай безилдеп маарашкан кой-козулар тоо жаңыртат. Айтпадымбы, Черик апа эч кимге катуу сүйлөчү да эмес, капа да болчу эмес. Наалычу да эмес. Ошондуктанбы, элдин баары ага ушу сенин наалый тургандай эмнең бар деп карагандай туюлчу мага. Бирок адам деген адам да, анын ичинде эмне кайнап жатканын ким билет, атүгүл ошол адамдын өзү да биле бербесе керек. Кээде эле Черик апа негедир бир кызыктай болуп калат. Мен муну баягында биринчи жолу байкап калдым. Анда ал мени улам-улам карап, анан өз оюна макул болбогондой башын буруп кеткен эле. Бирок анын мага бир нерсе айткысы келип атканын да, айтууга дити барбай жатканын да мен даана эле туюп жаттым. Өзү деле жаңы эле келген. Өйдөкү айылдан бир аял кайтыш болуп, ошого кеткен болчу. “Сен карай тур, мен сөөктү алып чыгары менен эле жетип келем. Сак бол!..” – деп маа какшап кеткен. “Ынак курдашым эле, кантип барбай коёюн!..” – деп кемшеңдеп жашып кеткен. Чын эле, тез эле келди. Негедир муңайым. Бир нерсени айтсамбы, же айтпасамбы дегендей чайналып отургансыйт. Акыры чыдабай кеттиби:

– Кишилер кызык болуп калыптыр… – деди мага куду чоң кишидей табышмактуу. Анан жүзүн буруп кетти да, үнү кардыга мага аял кантип өлгөнүн, үзүлгөндө эмне дегенин, кимдер келгенин, ким кандай ыйлаганын… айтып кирди. Бир маалда тык токтоду да, мени жалтактай карап:

– Мени киргизбей коюшту… – деди ыйламсырай.

– Кайда?! – дедим мен элейип.

– Сөөк жууганга… Мени киргизбей коюшту. Баары эле турушту. Сен жуугун деп эч кимиси… – Кемшңдеп ыйлай баштады.

Мен эмне кыларымды билбей калдым. Айлам кетип калды. Анан сөөк жууганга куда-сөөктөрү кириши керек деп атамдан уккандай болдум эле, ошол капысынан эсиме түшө калды да, сүйүнүп кеттим:

– Сөөк жууганга көрүнгөн кишилерди эле киргизе бербейт да! – дедим эдиреңдей.

Черик апа чочугандай башын шак көтөрүп алды да, жоолугунун учу менен көздөрүн аарчый:

– Мен көрүнгөн киши белем!.. – деди үшкүрүнө. – Мен эң ысык курдашы… — Сөзүн улай албай бир азга кемшеңдеп турду да, мени унутуп калгандай өзүнчө эле сүйлөнүп кирди. – Сен жуугун деп эч ким үн каткан жок. Мен да унчукпадым. Унчукпай койсом эле эч ким мени элес алган жок. Сөөк жууганга киресиңби деп сурап да койбоду. Эч кимиси…

“Сөөк жууганда эмне! – дедим мен өзүмчө ойлонуп. – Өлгөн кишини жууйсуңбу, жуубайсыңбы баары бир да. Жуубай койсо деле болот да. Болуптур жуусун дейли, өзүн ким жууп жатат – бул өлгөн кишиге баары бир да. Эмне, бул киши, – Черик апаны айтып жатканым, –  жууганда, эмне, өлүк башка болуп калабы! Сени ким жууйт – өлгөндөн кийин баары бир эмеспи…”

Менин эмнени ойлоп жатканыма назар бурбай, Черик апа сүйлөнө берди:

– Деги кишилер кызык болуп калыптыр… Эми өлүктө да өң карап, колуңду карап… Мени киргизиши керек эле да, ыя! Жакын курдашы болсом, мен жууп чыксам болмок. Акыркы ирет көрүп алсын, экөөндөй ысык эч ким жок эле дешпейби, ыя! Мен андан эмне үмтөтөт элем, көйнөгүнүн деле, чепкенинин деле, деги эле эчтекесинин кереги жок маа. Өлүктөн бирдеме үмтөтсөм кудай урбайбы!.. Сөөк жууйт дегенде баары эле турушту. Жанагы мени карап туруп эле көрбөмүш болуп койду. Алымканчы, ошол. Көрүп туруп эле унчуккан жок. Мен эң ысык курдашы экенимди билбейт дейсиңби, билет… Кайдагы бир аялды киргизишти, анысы тиги өлгөн байкушту мурда-кийин көргөнүн кудай билет… Анысы корком деп туйлады. Өлүктөн корком дейт. Ошондо да мага унчугушкан жок. Өлүктөн да киши коркобу, сен жалгыз эмессиң да деп болбой киргизип жиберишти. Ошол ырыстуу жууйт дейсиңби! Корксо… Мурда-кийин тааныбаса… Иренжийт да, ыя. Сөөктү өтө ысыктары жууш керек, боорлору жууш керек. Алар таза жууйт. Коркпойт, иренжибейт, аяйт… Этин оорутпайт.

Мага Черик апанын сөздөрү анча жеткен жок, мен түшүнүп-түшүнбөй эңги-деңги болуп жаттым. Бирок үнүнүн доошу жанымды кыйнап жиберди. “Өлүккө баары бир эмеспи, – дедим элдир-селдир өзүмчө. – Өлүктүн да эти оорумак беле…”

– Жанагы кичүү кызынын жууркан-төшөнчүсүн берип кетсем дегенде, –  деди аңгыча Черик апа, башын чайкай-чайкай, – тим эле эки көзү төрт эмес беле. Үлгүрө албай кетти байкуш… Ушу күздө бармак…

Негедир Черик апа ордунан ыргып турду да, ар жактагы төө куйруктун жанына барып отура кетти. Анан алды жакты муңайым тиктеп, кыйлага отуруп калды. Анын ушул отурушу эмнегедир менин эсиме бир нерсени салып, жүрөгүмдү акырын мыжып жаткандай болду. Мен ушундан кийин ээ, кудай, Черик апа баягыдай болуп отуруп калбаса экен деп тилей берчү болдум. Отуруп-отуруп көксөсү суудубу, айтор, бир маалда баягы ордуна келип, көчүк басты да:

– Мен бая күнү жаман сүйүндүм, – деди мени карап, таптакыр эчтеке болбогондой. – Кызым да кудуңдап сүйүнүп келди. Сени жакшы көрүп келди. Мен да ыраазы болдум сага…

Эмнеге дегендей, мен суроолуу карап калдым.

– Балдар сабаарда сен ажыратып калган  турбайсыңбы!..

Мен негедир уялып кеттим, үндөгөн жокмун. Черик апанын кемшеңдеп ыйлабай калганына, жанагындай жер тиктеп отуруп калбаганына сүйүнүп жаттым.

– Кызым айтып келди, жакшы бала экен деп сүйүнүп келди, – деди Черик апа өзү да сүйүнгөндөй, анан ойлуу кошумчалай кетти. – Ошентип каралашып жүр, кантсе да, кыз бала да, анын үстүнө туугансыңар, бир атанын балдары болгондон кийин тууган болбой анан… Адамдар кызык… – деди анан башын чайкай умсуна, – иттер деле ургаачыларына тийбейт, талабайт…

– Алар кантип билишет? – Мен ойлонуп-ойлонбой кыйкырып, анын сөзүн үзүп жибердим.

– Кимдер?

– Иттерчи. Бир-биринин ургаачы же эркек экенин кантип билишет?

Черик апа бир азга ойлонуп туруп калды да:

– Аларда деле көз бар да, – деди күлүмсүрөй, анан ошол күлүмсүрөгөн бойдон башын чайкай. – Билбейм, жыттап билишсе керек…

Менин көз алдыма бир-бирин качырып келип, анан жытташып, момурайып туруп калышкан иттер тартыла түштү. “Жыттап…” – дедим анан сүйүнө, мен үчүн ааламдын бир сыры ачылгандай. Менин бул шыбырымды кимдир бирөө угуп койгондой, негедир уялып кеттим да, коомайсыздана Черик апаны карадым. Ал мени унутуп калгандай тээ коктунун оозун ойлуу карап отуруптур. Бир селт этип алдым да, кайра сүйүнүп кеттим. Жанагыдай жер тиктеп отурбаганына сүйүндүм.

Мына ушул Черик апа бүгүн да бир орунга отура албай, бир кызыктай болуп жатат. Ал бир орунда эле отурат, бирок ичинен тыбырчылап, отура турган жер таппай жатканын мен туюп эле турам. Ошондуктан ээ, кудай, Черик апа баягындай жер тиктеп отуруп калбаса экен деп тилеп отурам. Ал ичинен тыбырчылап жатканын мага да, өзүнө да билдиргиси келбегендей, өзүн алаксыткысы келгенсип, адатынча тээ коктунун оозун ойлуу тиктеп калды. Бир кезде селт этип алды да, элтеңдей мага кайрылды:

– Карасаң, бирөө келатат! – деди колун кокту оозуна жаңсай. – Келатышы башка, тим эле салып-уруп келатат… Деги тынч болгой эле…

“Тынч болбогондо, эмне… – дедим мен өзүмчө кыжына. – Атын катуу чаап келатса эле…” Черик апанын ушинтип чочулап, шекшине бергени негедир мага жакчу эмес. Кадимкидей жүдөтүп, атүгүл эзип жиберчү. Мен да Черик апа менен кошулуп карап калдым. Тааныдым. Тааныдым да, жылмая кеттим. Келаткан караан классташым Мурат экен. Аны көргөндө эле Токтор байкенин аялы төрөдү бекен деген ой кетти мага. Мурат эки күн мурда эле келип кеткен. Жерге-сууга батпай дердеңдеп, бапыраңдап өтө жайдары болчу. “Өзүң жалгыз куураган турбайсыңбы, кешиги жогум! – деген мага чын дитинен боору ооруп. – Биз кыздар менен чогуубуз, жыргал… Чабаныбыз да кызыктай неме. Токтор байкени билесиң да, биздин чабаныбыз- ошол. Кыздардын төштөрүнөн кармалабайсыңарбы, киши болбой каласыңар, кыздарыңа да убал да… Биз түндүктөн кирчүбүз, а силер бирге жатасыңар да… – дей берет… Баса, аялынын ичин көрсөң – тим эле челкейет, качан тууйт деп элдин баары  күтүп жатат. Аскербек байкенин жини келгенде же катыны туубайт, же Токторуң аны жакшылап куубайт деп элдин боорун эзе берет… Куубайт деген эмне, ыя?.. “Ушинтип мени сүйүндүрүп да, өкүндүрүп да, анан таңдандырып да кеткен. Бизге жакындай бергенде, Мурат атынын оозун тартты да, желдире бастырып жаныбызга келди. Черик апа менен ооз учунан: “Жакшысыңарбы!” – деп учурашып койду. Анан мени карап, жүрсөң дегендей башын жаңсады. Арыраак барганда эле атын тык токтотуп:

– Билесиңби, Адыл, – деди демиге, –  биздин кыздар ит экен!..

Башка жегендей мен деңдароо боло түштүм:

– Кандайча?..

– Алмагүлчү… – деди Мурат шыбырай, эки жагын элеңдей карап. – Биздин үйдүн жанында эле жашайт го. Ошолчу… Азыр анын үйүндө эч ким жок, өзү жалгыз. Анан кечиндечи… Быяктан кеткендечи, аркы өйүздөгү Казирачы, дайыма эле сабактан кечигип басып жүрөт го, ошогочу… жалдырап дайыма кечинде үйүнө ээрчитип кетип жүрөт. Коркум жатам, биздин үйгө жатчы десе, мен деле барат элем да, ыя!.. Мен анын коңшусумун да, ыя!
Мен эмне… – Мурат сүйлөй албай калды да:

– Ээ, сенин кыздарыңды!.. – деп камчысын бир шилтеп алып, чуу коюп кетип калды.

Мен түшүнбөй элее карап кала бердим. Мураттын эмнеге ызаланып жатканын чын эле түшүнгөн жокмун. Ага негедир боорум ооруду. Ал мага дүрт этип бир күйүп кеткен оттой, жалбырт этип бир жанып кеткен жалындай сезилди. Ушул жалбырт этип бир жанып кеткен жалын арасынан Алмагүл менен Казыранын үрүл-бүрүл элестери көрүнүп кетти. Алмагүл бизге былтыр эле кошулган, биздин өйүздөгү жалгыз кызыбыз. Мурда кайсы бир айылда окуптур, өткөн жылы ата-энеси биздин айылга көчүп келишкен. Биз сүйүнгөнбүз. Биздин өйүздөгү эркек балдардын баары өзүбүздүн өйүзүбүздөн бизге кыз кошулду деп сүйүнгөнбүз. Чын эле, алар Муратты үйүңнүн жанында болсо керек эле. Алмагүл көп сүйлөбөгөн, үлбүрөгөн назик кыз болчу. Сабакта да акырын жооп берчү. Мен аны менен бир жолу да сүйлөшүп көргөн эмесмин. Казира тарсылдап тың болчу. Эшикти шарт ачып, карс жапчу. Эшик шарт ачылганда эле, биз Казиранын кечигип келатканын билчүбүз. Мен ушуларды ойлоп бүткүчө болбой, Мураттын ызага муунган, дүрт эткен, жалбырт эткен элеси көз алдыма келе калды да, дагы эле аянычтуу көрүнүп кетти. “Эмнеге?..” – деп шыбырадым эмнени сурап жатканымды өзүм да билбей.

– Эмнеге?.. – деди аңгыча жалтактай чыккан бир үн. – Эмнеге келиптир?..

Мени бүшүркөй карап, Черик апа туруптур. Мен эмне дээримди билбей калдым. Алмагүл мени чакырбай койду деп таарынып жатат дейминби? Көңүл кош ийнимди куушурдум:

– Билбейм… Жөн эле…

– Жөн эле болсо эмне колун шилтеп кетти?.. – Черик апа ого бетер бүшүркөй карады.

Мен үндөбөстөн, кайрадан ийинимди куушуруп койдум. Черик апа мени бир азга таңдана карап турду да:

– Кой… – деди чарчагандай. – Мен койдун алды жагын карап келейин. Сен тиги… – колун жаңсап койду да, жөнөп кетти.

Мен ал көрсөткөн жакты бир карап, бери бурула бергенде эле, Черик апанын мени көздөй келатканын көрдүм. “Эмнеге орто жолдон кайра келатат?” – деп ойлоп койдум. Негедир шашылыш келаткандай. Колунда бир нерсеси бар сыяктуу. Ооба, бар экен. Алжапкычын бырыштыра-тырыштыра бекем мыкчып алыптыр. Жүрөгүм тыз дей түштү. Баягында да ушинткен. Сөөк жууганга кирбей калгандачы. Ушинтип келген. Алжапкычын ушинтип бырыштыра-тырыштыра мыкчып келген. Анан…

Черик апа жаныма келди да:

– Тынч бекен?.. – деп койду сабыры суз.

Мен башымды ийкедим. Отура кетти. Баягы бырышкан-тырышкан алжапкычын алды жакка таштап койду. Отурбайсыңбы дегендей мени карады. Мен да отурдум. Үндөшпөй бир азга отурдук.

– Маа деле берип коюшса болмок… – деди Черик апа көп өтпөй умсуна. Анан бирөө угуп калдыбы дегендей, эки жагын элеңдей карай кетти. Таңдана, суроолуу карап турган мени көрүп, биресе чочугандай, биресе уялгандай бир силкинип алды.

– Маа деле берип койсо болмок… – деди анан күнөөлүүдөй, мага карап.

– Эмнени? – дедим мен таңдана.

– Жанагычы. Орденди.

– Кайсы орденди?

– Бурулчага бергендичи.

Мен шыдыр эле түшүндүм. Анда айыл күүлдөп жаткан. Эки сөзүнүн бири эле ушул болчу. В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата бир тобуна медаль тапшырылган. Аны Ленин медалы дешчү билгендери. Билбегендери Ленин ордени дешчү. Айтор, айыл күүлдөп, бирө толкуп-ташып турган. Черик апа да ушул медалды айтып жатканын мен билдим. Аны “анын саа эмне кереги бар эле…” – дегендей таңдана карап калдым. Ал мага назар бурбады. Оозун кыбыратып жаткансыды. Ушунчалык аянычтуу көрүнүп кетти.

– Ал орден эмес да… – дедим аны аяп жаткандай. – Медаль да…

– Мейли… Маа деле берип коюшса болмок…

– Көрүнгөн кишиге эле бере бермек беле!..

Мен капысынан эле оюмдагыны ачык айтып таштадым. Муну өзүм да сезип калдым да, ыңгайсыздана кайпастай кеттим.

– Мен көрүнгөн киши белем?! – Черик апа чарчагандай кектүү шыбырады.

Жооп таба албай калдым. Ал ого бетер аянычтуу көрүндү.

– Жакшы иштегендерге берет да аны, – дедим анан аргам түгөнгөндөй.

– Мен жаман иштеп жүрөмбү?..

Дагы жооп таба албай калдым. Черик апа баягыдан да аянычтуу көрүндү.

– Жакшы эле иштейсиз. Бирок… – Айлам кете тайсалдадым.

– Мен, эмне, жаман иштеп жүрөмбү? – деди ал кайрадан. – Бар деген жагына барам. Айткандарын аткарбаган күнүм боло элек. Аткарбады дешсе, кудайга койдум. Анан… – Алаканын жайды. – Мына, Тынарга баары барбайбыз деп чуулдашты!

– Эмнеге? – Мен сөзүн бөлдүм.

– Билбейм… “Былтыр эки ай уйку бетин көрбөй темселеп иштедим, алганым араң алтымыш сом!” – деп бирөө алкынып чыкты. – Ачуулана кетти. – Козусун кырып салса, алтымыш сом албаганда, ага, эмне, үйдөй алтын бермек беле?! Андан да жанагы Ак көз акени айтсаң, атайы сөз алып, айтканы бу: “Атсаңар да барбайм Тынарыңа! Мен былтыр бир чыны кесме үчүн анын катыны менен ит жебеген бокту жешкемин!..” – Мени карап, алаканын жайды. – Ушу да эл алдына айтчу кеппи, ушу да эркек айтчу кеппи?! – Колун шилтеп, үндөбөй отуруп калды.

“Мунун эмнесине жини келип жатат? Кызык”…- деп ойлоп койдум мен өзүмчө.

– А мен, – деди Черик апа шыбырап, — унчукпай келе бердим. Тынарга барасың дешти…

– Жакшы эле иштейсиз… – дедим боор ооругандай.

– Мен келгенде орден алган Бурулча…

Черик апанын сөзүн жара:

– Орден эмес!.. – дедим мен чыдай албай, бурк эте. – Медаль дебедимби!..

– Ошону… Ошол орденди алган Бурулча кичинекей сапсары кыз эле…

Мен кайрадан өзүмчө кыжына кеттим: “Орден эмес, медаль деп миллион жолу айттым окшойт. Кайра эле орден!..”

– Анан эле селсебет болуп кетти.

– Ким?! – дедим мен чочугандай таңдана.

– Бурулчачы. Орден албадыбы – ошол. Селсебет болуп иштеп кетти.

“Дагы эле орден!..” Мен кайрадан күрсүндүм. Черик апа баягы алжапкычын телмире тиктеп, үндөбөй отуруп калды. Өзүнчө сүйлөнүп жаткан шекилдүү. Мен да алжапкычты карадым. Таңдандым: “Кызык, күн сайын ушуну көтөрүп алат. Эмне кереги бар экенин билбейм, шалпаңдатып эле көтөрүп жүрөт. Мунусу кирдебейт, алдына деле салынып отурат, топуракта деле оонап жатат, такыр кирдебейт. Чаң жукпайбы? А менин шымымчы: отурдумбу бүттү бозала чаң. Кызык…”

– Селсебет болуп көп жыл иштеди, – деди Черик апа ойлуу.

– Анда ошого караган тура!.. – Мен өз жообума сүйүнүп кеттим.

– Мен кат билчү эмесмин, – деди Черик апа. – А тиги окуптур, атка мингизип коюшту. Өзү да тың экен… – Ойлуу туруп калды да: –  Мен деле ошондон бери баш көтөрбөй иштеп келатам, иштеп эле келатам. Анан… – Өзүнчө муңдуу шыбырагандай болду. – Эртең келбейм… Таптакыр…

Мен үндөбөдүм. Эмне деп көңүл жубатаарымды билбей турдум. Чындыгында Черик апанын эмнеге наалып жатканына оңгулуктуу деле түшүнбөдүм. Аргам кеткендей алжапкычка тигилдим. Кайра таңдандым: “Кызык… Таптакыр кирдебейт…” Аңгыча аркы кырдан кыйкырык угулду. Экөөбүз тең селт эте ал жакты карадык.

– Ээ-эй, Адыл! Бери ке-ел! Те-ез!..

– Сени чакырып жатат, бирдеме болгон го? – деди Черик апа адатынча элеңдеп.

Мен көңүлсүз кол шилтедим. Эмнеге чакырганын билем дегендей ишарат кылгансыдым.

– Те-ез! А-д-ыл! Концерт!..

Үн жаңыра берди.

– Барчы! Эмне балээ болуп кетти?! – деди Черик апа тыбырчылап.

Мен ордуман көңүлсүз турдум. Черик апа жалгыз калды. Артты карагым жок, бирок Черик апанын жалгыз элесин маңдайымдан көрүп турдум. Биресе кубандым. Керимкулдун алаксытып кеткенине чын эле сүйүндүм. Болбосо… Болбосо баягындай болмок. Черик апа оозун кыбыратып жер тиктеп отурмак. Ушул элестен качкандай жүгүрүп бараттым. Жете береримде, Керимкул нааразылана колун шилтеди:

– Ай-ай ата, акырын келбейсиңби!

– Эмне болду?

– Ажырашып кетишпедиби!

– Кимдер?

– Карачы тигилерди. – Керимкул колун жаңсады.

Эки чоң кумурска эки жакка чуркап баратышат. Мен эчтеке түшүнбөдүм.

– Азыр көрөсүң кызыкты, – деди Керимкул сырдуу күлүп.

Качып бараткан кумурсканы камчысы менен артка кайрыды. Ал беркиге жакындап келатты.

– Мына, мына… Азыр!.. – деди Керимкул чыйпыйы чыгып.

Бир маалда бирөө экинчисинин үстүнө минип алды.

– Башталды! – Керимкул кудуңдай каткырды. – Көрдүңб?! Карасаң!.. Байкуштар!..

Мен да күлдүм. Анан уялып көзүмдү ала качтым.

Керимкул ары басып барды да, кыйкыра баштады:

– Тынар бай-ке-ее! Бери кел. Концерт! Бол! Бүтүп калат.

Мен кызыга карап жаттым. Керимкул жаныма келгенин да байкабай калыпмын. Бир маалда Керимкулду көрүп, уялып кеттим. Ал кудуңдай:

– Уялба! Көрдүңбү, булар да билишет! Байкуштар!.. – деди.

– Эмнени?

– Көрүп турбайсыңбы?! Минтпесе болбойт. Жашоо токтоп калат. Жыргал жок болот. Бул жыргал да, ыя?! Байкуштар!.. – Жеңимден тарткылап. – Карабайсыңбы, кумурскалар да билишет экен да ыя жыргалды! Карасаң… Байкуштар! – Тынарды карап, кайра кыйкыра баштады. – Бай-ке-ее! Бо-оол!

Керимкулдун эмнеге кудуңдап сүйүнүп жатканы мага табышмак эле. Бир кумурска бир кумурскага минип алыптыр, мунун эмнесине… Керимкулду карадым. Ал дале жерге батпай жадырап турат. Кызык… Негедир уялып кеттим. Ордуман туруп, кетүүгө кам урдум.

– Кайда?! – деди Керимкул таңдана. – Таштап кетесиңби?.. Уялба! Эмнеси бар экен, мындан эч ким качып кутула албайт. Сен да… Жыргал да! Байкуштар!..

Аңгыча Тынар чаап жетип келди.

– Эмне, козу өлдүбү?! – деди ал элеңдеп.

Керимкул каткырды:

– Кайдагы козу?! – Кумурскаларга колун жаңсады. – Карачы, байке, жыргап жатышат! Байкуштар…

– Сенин эрмегиң ушул экен да! – деди Тынар ачуулана. – Уялсаң боло, катын-балаң бар. Анан жаш баладан бетер… Койду карабай…

Керимкулдун ындыны өчө түштү.

– Атаңдын оозун урайындар десе, деле сезип коюшпайт да! – деди Тынар ачууланганын унутуп калгандай кумурскаларды кызыга карап. – Көзгө илип коюшса боло, иттер болсо эчак качып кетишмек. Иттер акылдуу болот го ыя булардан… – Экөөбүзгө суроолуу тигилди.

Экөөбүз тең жооп кайтарбадык.

– Моокумуңар кангандыр, – деди Тынар жооп ала албаганына ызалангандай, – эми койду карагыла… – Атына камчы урду.

– Атайы чакырса!.. – деди Керимкул өзүнчө күңкүлдөп. – Козу өлдүбү деп… Ушинтип отурса кантип өлбөйт?!.

Негедир мага да, Керимкулга да кызыксыз болуп калды. Баарын Тынар кыйратып кеткендей болду. Кумурскалар биздин эсибизден чыгып кеткенсиди. Керимкул туталана берди. Аны карап туруп, менин күлкүм да келди, боорум да ооруду. Кумурскалар да жылт коюп жоголушту. Экөө эки жакка бөлүнүп кетти окшойт…

Тынар ары барды да, бир нерсе эсине түшкөндөй артка бурулуп кыйкырды:

– Керимкул! Катыныңды сагынган окшойсуң, бүгүн кечинде үйүңө барып кел. – Каткырган бойдон атын чаап жөнөдү.

Керимкул негедир жандана түштү.

– Сагынбай коймок белем?! – деди ал мага. – Бир айдан бери үй бетин көрбөсөм, бир айдан бери… Тээ алыска узап кеткен Тынарды кыжырдана карап: – Бир айдан бери!.. Же эмне, коюң катыныңдан артык бекен?!

Бала уялгандай жер карады.

– Туптуура бир ай болду! – деди ал кайра туталанганын токтото албай. – Бир ай!..

– Дагы канча жүрөсүз? – деди бала.

– Кетем, энесинин урайын! – деди Керимкул бурк этип. – Тигинин катынын талашып жүрөмбү, кетем!..-Керимкул жини келгенинен туттугуп, сүйлөй албай калды.

Мен таң калдым: “Кызык, Тынардын аялын эмнеге талашат?..”

– Аялым чогуу жүрсө, бир жөн… – деди бир аздан кийин Керимкул актангандай. Кайра колун шилтеди. – Энесинин урайын, кыйын болсо бойдоктордон коюп алсын!… – Керимкул мурчуюп отуруп калды.

Менин боорум ооруду. Керимкул кадимкидей ызаланды. Кызык, мунун эмнесине… Мен таңдандым. Мага чоң кишилердин баары табышмактуу туюлуп кетти. Алар майдаланып бараткандай. Кызык, болбогон нерсеге деле, жада калса кумурскага да… Мен көңүлсүз кайттым. Керимкул мага назар бурган да жок. Ал баягындай эле мурчуюп отурат. Кимге ызаланганы белгисиз. Керимкул Тынарда жардамчы койчу болуп иштейт. Менден болгону төрт-беш жаш эле улуу. Мектепти бүткөндө окууга барайын десе, атасы: “Чоң окууну бүткөндөрүң эмнени кыйратып жатыптыр!.. – деп жер сабаган. – Мына атүгүл бакыйган соттукун бүткөн Эрмегиң деле жүрбөйбү күн сайын мас болуп, жер сүзүп… Анын үстүнө жалгыз баламсың, кашымда эле жүр…” Ушинткен да, аял алып берип койгон. Азыр эки баласы бар. Эми минтип өзүнчө эле ызаланып отурат. А тиги кырда Черик апа отурат. Отурабы же турабы мен муну билбейм, анткени ал жакты караганым жок, карагым келбеди, чындыгында кароого дитим барбады. Ошентсе да ал баягы калыбында эле отургандай туюлуп кетти. Кысылышта калдым. Артымда – Керимкул, тике маңдайымда – Черик апа. Экөө тең нааразы. Экөө тең эмнеге нааразы болуп жатканын түшүнгөнүм жок. Мага экөө тең, дегеле чоң кишилердин баары тең бир кызыктай туюлуп турду. Мына, Керимкул өзүнчө эле жер сабап отурат. Мунун жер сабай тургандай эмнеси бар? Болуптур, кумурскалар менен ойноп отургандыгы үчүн Тынардан тил угуп калды. Тил уккан деле жок, кичине эле кагуу жеп калды. Анан неге кетем деп жатат? Кетем деп!.. Өз сөзүмдөн өзүм селт эттим. Бул сөз Черик апаны эсиме салып жиберди. Черик апанын эмне дегени мага эми араң жеткендей болду. Тык токтодум да, бир силкинип алдым. Келбейм дейби? Эмнеге?.. Кызык. Эми алды жактан Черик апа куушуруп келаткандай болду. Жалгыз калгансыдым. Черик апа кетсе эле, бүтүндөй бул дүйнө жок болуп кетчүдөй туюлуп кетти. Эч нерсе, эч ким жок. Мен жалгыз. Жапжалгыз. Эки көзүмдү бекем жумгандай болдум. “Сурайт, – дедим анан шыбырап. – Сөзсүз сурайт…” Черик апа экөөбүз сүйлөшүп жаткансыдык: – “Эмнеге чакырыптыр?” – “Ээ, жөн эле…” – “Жөн эле да киши чакырмак беле?..” – “Тиги… кумурскалар…” – “Кумурскалар?!. Кайсы?..” – “Тиги… Билбейм… Жөн эле…” Мен атайы шылдыңдап жаткандай, Черик апа мени томсоро карайт да, башын чайкап-чайкап алат. Анан… Титиреп кеттим. Муңайым отуруп калат. Кимдир бирөөнү эске салып, жер карап отуруп калат. Жүрөктү сайгылаштырып отуруп калат. Ушул элестен качкандай, дикилдеп жөнөдүм. Бирок жүрөктүн ар бир согушу менен ошол элес көз алдыма тартыла калгандай болуп жатты. Чыдай албай кеттим. Башымды шак көтөрдүм да, кырды карадым. Отурат. Ошол!.. Көзүм тунара түшкөнсүдү. Туман чулгап кеткендей болду. Башымды чайкай-чайкай кайрадан карадым. Ошол… Тумандан суурулуп чыгып келаткансыды. “Ооба… – дедим мен шыбырай. – Ошол…

Анда экинчи класста окучубуз, ооба, экинчи класста. Муну мен жакшы билем. Биздин өйүздүн балдарынын баары тең жакшы билишет. Балдар деп мен эркек балдарды айтып жатам. Анткени биз эркек балдарды гана балдар дечүбүз, а кыздарды жөн гана кыздар деп койчубуз. Бүт айыл ушинтчү. Кыз балдар, эркек балдар деген жок болчу, балдар, анан кыздар гана бар эле. Биз бала кезде. Эки айылдын балдары бирге окучубуз. Аркы өйүздүн балдары, берки өйүздүн балдары. Өзүбүздү берки өйүздүн балдары дечүбүз, анткени суунун берки өйүзүндө элек. Аркы өйүздүн балдарын аркы өйүздүн балдары дечүбүз. Аркы өйүздүн балдарынын арасында кыздар бар эле. Берки өйүздүн балдары шагыраган эле эркек балдар элек, сыягы, берки өйүздө биз менен тең кыздар төрөлбөсө керек. Айтор, бизге, берки өйүздүн балдарына дегеним, мектепти бүтөр-бүткөнчө кудай кыздардан айтпады окшойт. Баса, биздин өйүзүбүздөн деле бир кыз окучу эмес беле, биринчи класстан окучу. Анан биринчи классты бүткөндө көчүп кетишпеди беле. Экинчи класстан ошол кыз келди да. Ошон үчүн экинчи класс экенибизди жакшы билем деп жатпаймынбы. Атын унутуп калдым, биринчи класста чогуу окуган кызды айтып жатам, атүгүл атын деле билбесек керек эле. Эч кимибиз билчү эмеспиз, эркек балдарды айтып жатам. Анткени биз кыздарды атынан айтчу эмеспиз – уялчубуз. Чоң класстын балдары гана кыздарын атынан чакырышчу. Биз суктанчубуз. Самачубуз. Тезирээк эле чоң класс болсок экен, кыздарды атынан чакырат элек деп самачубуз. Ошол биздин өйүзүбүздүн кызы, биз менен биринчи класста чогуу окуган кызыбыз, милийсанын кызы болчу, ары жактагы эле Нарын шаарынан көчүп келишиптир. Күйүп турган кыз болчу. Бирок күйүп турганын билдирбей кармап турган кыз болчу. Эч кимден коркчу эмес, аны карап туруп эле, эч кимден коркпосо керек деп ойлой берчүбүз. Баарыбыз коркчубуз. Титиреп коркуп турчубуз. Бирок титиреп жатканыбызды билдирчү эмеспиз. Балдардын атамандары болор эле. Тиги өйүздүн атаманы, бул өйүздүн атаманы. Эки атаман. Ушул эки атаманды кошуп туруп биздин өйүзүбүздүн кызы тепкилеп коюп жатпайбы. Окуганыбызга эки-үч ай өтпөй эле тепкилеп таштаган. Өздөрү тийишкен эле. Атамандарды айтам. Азыр да эсимде турат. Экөө тең ыйлап калышкан. Эжей биздин өйүзүбүздөгү кызды урушкан. “Кыз башың менен!..” – деп урушканын билем. Калган сөзүн түшүнгөн эмесмин, азыр аны унутуп да калдым, бир гана “кыз башың менен!..” дегени эсимде калыптыр. Кызык, ушул биздин өйүзүбүздөгү кызыбыз, эми ойлосом, ушу эки атаманыбыздан бөлөк эч кимибизге тийбептир. Тиймек турсун, сүйлөшпөсө да керек эле. Өңгөсүн билбейм, мен аны менен бир жолу да сүйлөшкөнүм жок. Жок, жок, сүйлөшүптүрмүн. Көпүрөнүн жанынан. Мага кызыл, көк, жашыл сыр карандаштарын берген. Эмнеге бергенин билбейм. “Ме, алгын, сага бердим!..” – деген. Мен алгам. Сүйүндүм беле, же жок беле, билбейм, колума алып, көпкө кармалап тургам. Баса, мен ошондо биринчи класста биз менен бир ай чогуу окуп-окубай кеткен өзүбүздүн өйүзүбүздөгү дагы бир кызды эстебедим беле. Бул кыз мени менен бир партада отурчу. Койчунун кызы болчу. Атасын өмүрүмдө бир-эки жолу гана көрдүм окшойт. Айылга келчү эмес. Дайыма тоодо жүрчү. Жайында – жайлоодо, кышында – кыштоодо. Анан бул кыз да атасы менен кошо жүрө бериптир. Кой, уй, жылкылар менен жүрө бериптир. “Кызыңды быйыл мектепке бербесең – камаласың! Жетет!..” – дегенде гана коркконунан алып келиптир. Ушул кыз менин жанымда отурчу. Баарыбыздан беш-алты жаш улуу болчу. Ал мага эжейибиздин да эжейиндей туюлчу. Экөөбүз сүйлөшчү эмеспиз. Сүрөт аркылуу гана сүйлөшчүбүз, үн чыгарбай сүйлөшөр элек. Сүйлөшкөнүбүз ушул – ал мага бактын жалбырактарын тартып берчү. Мен андай бакырайган, бадырайган жана да бажырайган тирүү жалбырактарды бактардын өздөрүнөн да көргөн эмесмин, көргөн жокмун, алигиче көрө да элекмин. Куурулган буудайдай барсайып, бадырайып турчу. Мен ага кол тийгизгим келчү эмес, колум тийип кетсе эле, бузулуп, булганып калчудай туюла берчү. Ошентип, мен баарыбыз корккон өзүбүздүн өйүзүбүздүн кызыбыздан алган кызыл, көк, жашыл сыр карандаштарын кармалап жатып, биз менен биринчи класстын башында бир ай окуп-окубай кеткен, биздин эжейибиздин эжейиндей көрүнгөн өзүбүздүн өйүзүбүздүн дагы бир кызын, баарынан да, ал тартып берген бадырайган, барсайган тирүү жалбырактарын эстегем. Ушул ар кандай  түстогү карандаштарды алганымды биздин эжейибиздин да эжейиндей көрүнгөн өзүбүздүн өйүзүбүздүн кызыбызды, анын бажырайган, барсайган жалбырактарын эстегеним гана эсимде калыптыр. Айтпадымбы, биз корккон кыз биз менен сүйлөшчү эмес. Бир карап гана койчу. Көзүндө от бар болчу, мунарыктаган ой бар болчу. Анан ал биздин өйүзүбүзгө биз менен бирге келчү. Биз сезип турчубуз. Биз корккон кыз менен чогуу келатканыбызды кадимкидей сезип-туюп турчубуз. Ал бизди көзгө көрүнбөгөн жип менен чырмап байлап турчу. Биз ээн-эркин кыйкырып-өкүрүп, китеп баштыктарыбыз менен койгулашып ойной алчу эмеспиз. Сүйүнгөнбүз. Ушул кыз быйыл биз менен окубайт экен, башка жерге көчүп кетиптир дегенде баарыбыз сүйүнгөнбүз. Өзүбүз бала болсок да балалыгыбыз кайтып келгендей сүйүнгөн элек. Биз кайрадан кызы жок калдык. Берки өйүздүн балдары кайрадан кызы жок өз өйүзүбүзгө топурап, шагырап жөнөп калчу болдук. Анан көп өтпөй эле бир кыз кошулуп калды. Ошол кыз. Коңшу айылдан көчүп келишиптир. Атасы эле бар экен, анысынын да бир колу жок экен, чолок экен дешти, кароолчу болуп иштейт экен, бир колу жок болсо кантип кароолчулук кылат дешти. Атасын мен бир да жолу көргөн жокмун. Кыздын элеси азыр да маңдайымда турат. Бирок аны сүрөттөп жаза албаймын. Анын элесин кандайдыр бир үн жутуп кетет. Чайылдап, чыркырап чыккан үн. Мен бул үндөн коркомун. Азыр да коркуп отурам. Ошентсе да ошол кыздын сырткы кейпин тартып көрөйүнчү. Чачы кара эмес болчу. Күрөңүрөөк болсо керек эле. Эки бөлүп өрүп жүрчү. Көзү орточо эле. Бакырайып да турчу эмес, жүлжүгүй да эмес болчу. Мойну узун болчу. Жаагы да узун эле. Бүт келбети шукшуюп турчу. Кийими… Анда форма кийчүбүз. Балдардыкы өзүнчө, кыздардыкы өзүнчө. Балдардын баары бир-бирине окшош болчу, кыздар да бир-бирине окшош эле. Кыздардын форма көйнөгү. Бардык кыздар ушул форманы кийишчү. Сыртынан баары бирдей болчу. Оңойлук менен ажырата алчу эмеспиз. Ошол кыз гана шокшоюп турчу. Шокшоюп ажырап, бөлүнүп турчу. Кышындачы. Кандай кийинчү эле? Көргөн жокмун да. Аны кышында бир да жолу көргөн жокмун да. Кар түшкөнчө эле көчүп кетип калышпады беле. Өз айылына кетишиптир дешти, туура эле кылды, жалгыз колу менен чиедей үч баласын бөлөк-бөтөн жерде кантип бакмак эле дешти. Биз, берки өйүздүн балдары, кайрадан кызы жок калдык. Ошол шукшуйган кызды жираф дечүбүз. Минтип ким биринчи атаганын да билбейм. Бир билгеним – бул ат класска, атүгүл бүтүндөй мектепке чагылгандай тез тарап кеткен эле. Көз ачып-жумгуча эле тарап кетип, дуу болуп эле жатып калганбыз. Жираф… Муну биз билчү эмеспиз, бул сөз эмнени билдирерин эч кимибиз билчү эмеспиз, атүгүл бул эмне деп бири-бирибизден деле сурабасак керек эле. Бирок баарыбыз жираф дечүбүз. Кийин-кийин билдик. Жираф деген Африкада жашаган мойну, буттары узун жаныбар экенин биз кийин-кийин география сабагынанбы, же биология сабагынанбы, айтор, кийин бир сабактан билдик. Анда эч кимибиз билчү эмеспиз, бирок ай-ааламды ала салдыра жираф деп кыйкыра берчүбүз. Бир кызыктай кыз эле. Ошол кызды айтам. Жираф деген сөздү укканда эле чайылдап ыйлап кирчү, жираф деген эмне экенин өзү деле билбесе керек,ошентсе деле ыйлай берчү. Ар бир баланы артынан кубалап, китеп баштык менен чапкылап кирчү. Чайылдап ыйлап да баратат, чапкылап да баратат. Кээде таяк жеп да калчу. Бир кызыктай кыз. Шукшуюп баарыбыздан бөлүнүп турчу. Бул жарык дүйнөдөн өзгөчө бир бөлүнүп турчу. Көргөндө эле күлкүң келчү. Мурда жираф дегенди укканда ыйын баштачу. Кийинчерээк уга электе эле баштачу болду. Сабак учурунда, тыныгуу маалында да анча деле билинчү эмес, сыягы, сабакка алагды болуп унутуп калсак керек. Сабак бүтүп, тарап кетип баратканда башталчу. Өзүбүздүн айылдын балдары өзүнчө бөлүнүп чыкканда эле көзүбүзго шукшуйуп ошол кыз урунаар эле.Азыр ойлоп таң каламын, ошол кыз эмне үчүн бизден бөлүнүп кете алчу эмес, күтүп-күтүп отуруп, биз алыс-алыс узап кеткен соң деле жөнөсө болот эле да. Же тарарыбыз менен эле бизди күтпөй эле зыр койбойбу дейм. Жок, сөзсүз күтүшү керек. Биз менен топурап чогуу кетиши керек. Берки өйүздүн балдары бөлүнүп, кыр ылдый түшүүгө кам уганда эле, убадалашып алгандай, жапырт артка бурула карачубуз. Шукшуюп ошол кыз келаткан болот. Анан биз жоону беттеп, ура-аа! – деп кыйкыргандай, жираф! – деп кыйкырып сала беребиз. Өткөн жылы баарыбызды титиретип жүргөн кыздан коркуп, ээн-эркин оюн салып, ээн-эркин кыйкыра албай калгандыктан, ичибизде бук толуп калгандай, ошол буктан арылып жаткандай айкайлап кыйкырып кирер элек. Тиги да, ушул эле сөздү күтүп келаткандай, “а-аа!..” деп бир чаңырып алат да, китеп баштыгын булгалай артыбыздан кууп жөнөйт. Жираф… жираф… жираф… күлкү аралашкан, шылдың да эмес, табалоо да эмес, балалыктын дал өзүндөй туптунук балалыктын өзү аралашкан ушул сөз чып-чып этип ар кайсы жерден чыгып жаткан болот. Кимисине барып, кимисин коёрду билбей, жан айласын таппай, бар күчүн чайылдаган үнүнөн чыгарып, байкуш ошол кыз жүрөт. Кызык, кийин биз жираф деп кыйкырбай калдык, кыйкырыштын кереги да жок болуп калды. Анткени биздин жапырт карап калганыбызды, жок, жок, кароого камданып жатканыбызды туяры менен эле, ошол кыз чайылдап кыйкырып сала берчү болду. Ошол чайылдаган үн менен баарыбызды дырылдата кубалап жөнөйт дейсиң. Жираф деп кыйкырууга үлгүрө албай, жок, жок, ушинтип кыйкырууга тийиш экенибизди унутуп коюп, таманыбыздагы чаңга аралаш чыккан кандайдыр бир кереметтүү, кандайдыр бир тунук үндөрүбүздү бул дүйнөгө чачыратып биз, балдар, качып келаткан болобуз. Өңгөлөрдү билбейм, мен ушундай күндөрдүн биринде бир кызыктай абалга туш болуп, эсим эңгирей түшкөнсүдү. Биз адаттагыдай эле сабактан тараганбыз, адаттагыдай эле кырга келгенбиз, адаттагыдай эле артыбызды жалт бурулуп караганбыз. Адаттагыдай эле ошол кыз келатты, китеп баштыгын булгалап келатты, биз дагы жакындап келишин күтүп туруп калдык. Ошол кыз жакындап келатты, мындан кийинкиси менин эсимде жок, көзүм да, акылым да мунарыктап, жер көчүп бараткандай болду. Ошол кыз жакындап келгенде эле кандайдыр бир жалооруган, дүйнөдө ушул жалооруган үндөн башка эч нерсем калган жок, силер ушуну кантип сезе албай койдуңар дегендей жалооруй сыздаган үндү уктум да, жер көчүп жаткансып, көзүм тунара түштү. Балким, мурда деле, күн сайын эле ошол кыз ушундай жалооруй сыздай кыйкыргандыр, мен муну элес албасам керек. Чындыгында, мен ага жираф! – деп кыйкыргым деле келчү эмес, ал жакындап келатканда эле өзүмдөн өзүм ыңгайсыздана көзүмдү андан ала каччумун. Бирок балдар кыйкырганда мунун баары эсимден чыгып кетчү да, мен да айкырыкты салчумун. Балдардын кыйкырыгы канымды дүргүтүп, элиртип жиберчү. Мындай жалооруй сыздаган үндү мен мындан кийин ошол кыздан да, башкалардан да далай жолу уккандырмын, бирок ошол күнкү үн алардын баарын өзүнө жалмап алган көрүнөт. Дегеле мен ошондон кийин бир да жолу андай үн укпагандай болуп жүрөм. Мен андай үндү укканда үн ошол кыйкырып жаткан адамдын оозунан эмес, а менин жүрөгүмдөн чыгып жаткандай болот. Өзгөчө наристелердин, анан кимдир бирөөлөрдүн кордугуна чыдабай сыздай чыккан чопчоң эле адамдардын үндөрүн укканда жан дүйнөм талкаланып жаткансып, өзүмдү коёрго жер таппай калам. Ыйлап жаткан наристенин же чопчоң эле адамдын үнү эчак эле басылса да, менин ичимдеги үн жаңыра берет, эзе берет… Азыр болсо анда өзүбүз бала болсок, анан аяганды кайдан билмек элек деп ойлоп коёрбуз, көңүл жубатарбыз. Бирок бир туруп аёону билбеген балалыктын эмнеси балалык деп ойлоп кетесиң да, кайра туруп эгер балалык аёону билбесе, мени өмүр бою эзип келаткан үн кайдан жаралды деп да баш чайкайсың. Эми өткөн өттү, кеткен кетти деп кайрадан көңүл жубатып коёюн да, ошондо мурда таптакыр элес албай келган бир нерсени байкап калганыма өтөйүн. Балабыз да, баягы үндөн кийин деле биз ошол кызды далай жолу чайылдатып ыйлаттык окшойт. Бирок мурда таптакыр назар бурбаптырбыз, атүгүл муну менден бөлөк балдар билбей деле калды көрүнөт. Биз, өзүбүздүн өйүздүн балдары, ошол кызды көпүрөгө чейин эле эзип келер элек, анан ал бир жакка жоголуп кеткендей, аны унутуп калчубуз. Көпүрөдөн өткөндө эки жол бар эле: солго жалгыз аяк жол кетчү, аны менен өйдөкү айылдын балдары кетиши керек эле, түз кеткен чоң жол менен ортоңку, анан ылдыйкы айылдын балдары кетиши керек болчу. Бирок, эмне экенин билбейм, өйдөкү айылдын балдары биз менен кара жолго чейин чогуу келишчү да, тиги кыска жол менен кетпей, биякка эмнеге келип калдык дешкенсип, баштарын чайкап өйдөкү айылды көздөй жөнөп калышчу. Айтпадымбы, көпүрөгө жеткенден кийин биз ошол кызды эсибизден чыгарып жиберчүбүз, ал өйдөкү айылда жашачу, анан мен ошол жалгыз аяк жол менен кетсе керек деп ойлоп жүрчүмүн. Ушинтип ойлочумунбу, же ойлочу эмесминби – билбеймин, бир нерсени байкап калганымдан кийин гана мурда ушинтип ойлоп жүрсөм керек деп ойлоп калгам. Көрсө, ошол кыз бизден бөлүнүп жалгыз аяк жол менен кетпей эле, көпүрөгө жеткенде оңго бурулуп, суу жээктеп барып отуруп калчу экен. Мен муну эки-үч жолу байкап калдым, бирок балдарга айткан жокмун. Эмне үчүн айтпадым – муну билбеймин, атүгүл азыр да айталбаймын. Анан бир күнү негедир анын жанына баргым келди. Балдардан акырын бөлүнүп калдым да, аны көздөй жөнөдүм. Аста жакындап бараттым. Жүйүртө басып, эки колун тизесине коюп, ага башын жөлөп отуруптур. Башын акырын көтөрдү да, суунун агымын карап калды. Бир колунда чыбык бар экен. Ошол чыбыкты суунун агымына карай аста шилеп коёт да, анан жер тиктеп отуруп калат.Ооба, мен кара кайгыга малынып, не кылар айласын таппай, жер тытмалап сыздаган кишилерди кийин-кийин көп эле көрдүм. Арийне, аларды карап туруп, тирүү жансың да, жүрөгүң бир тыз деп алат. Бирок, эч бир үндөбөй, оозу, бети, көздөрү эч бир кыймылга келбей, жерди телмире теше тиктеп отурган ошол кыз ошондо эмнени ойлоп отурду экен? Азыр кээде мага ушул ой келет да, жүрөгүмдү бир булкуп алат, анан мен баягы жалооруган үн кулагыма кайрадан жаңыра баштагансып, башымды чайкап-чайкап алып, деңдароо боло түшөм. Мен анын жанына келдим да, эмне дээримди билбей, туруп калдым.

– Сен жөн эле ыйлай бересиңби?.. –  дедим калтаарый, өз сөзүмө өзүм түшүнө бербей.

Ал үндөбөдү. Менин ким экенимди эчак эле билгендей, мени атайылап күтүп жаткандай, башын көтөрүп да койбоду.

– Жөн эле ыйлай бересиң… – Мен кайрадан күңк эттим.

Кыз ошондо гана башын көтөрүмүш болду да, мен жакты карап:

– Анан силер уруп жатпайсыңарбы?.. – деди ыйламсырай.

– Уруп?! Качан?.. Кайра өзүң баштыгың менен чапкылап…

– Анан силер шылдыңдап жатпайсыңарбы!.. – Кыз бышактай баштады. – Баарыңар эле кордой бересиңер…

– Мен бир да жолу урганым жок да сени…

– Урбасаң да шылдыңдап жатасың да!..

Кыз бүлкүлдөп ыйлап кирди, мен эмне кылаарымды билбей калдым да:

– Сен ыйлап жатасыңбы?! – дедим анын ыйлап жатканына таңдангандай. – Мен сени урган жокмун да, – дедим анан актангандай, –  бир да жолу…

– Мен силерди билем!.. – деди кыз өзүн токтото албай. – Менин апам жок, ошон үчүн кордоп…

Сөзүн улай албай калды, заманасы куурулуп кетти.

– Апаңды атаң өзү өлтүрүп салды беле? – дедим аргам түгөнгөндөй.

Кыз тып басылды, ыйлай албай калды.

– Аны сага ким айтты?!

– Калый! – дедим мен кыздын ыйлабай калганына сүйүнгөндөй. – Ал баарына эле ушинтип жайып жүрөт.

– Апам ооруп өлгөн… – деди кыз улутуна. – Атам өлтүргөн эмес. Калый бизди бир күнү топ жетимдер деп тилдеген. Анан атама айтсам, Калыйды өлтүрүп коё таштаган…

Мен сүйүндүм. Кыздын таптакыр ыйлабай калганына сүйүндүм. (Азыр да сүйүнүп отурам, кыздын апасын атасы өлтүрбөгөнүнө сүйүнүп отурам).

– Жаңы апалуу болгонбуз, – деди кыз кайра улутуна. – Ал да бизди урчу. Атам бир күнү кубалап жиберген. Анан биз өзүбүз эле калдык. Атам камыр жууруганды билет. Мен да билем…

– Кантип жууруйт? – дедим мен таңдана.

– Ким?

– Атаңчы? Бир колу жок да…

– Бир колу менен эле жууруйт, – деди кыз. – Бул колумдан ажырасам да, эки бутумдан ажырап калсам да, силерди өзүм эле багам деген атам. Жаңы апабызды кубалап жибергенде, ушинтип мешти койгулап ыйлаган…

– Атаңа айтпайсыңбы, – дедим мен боорум ооругандай.

– Кимди? – деди кыз.

– Балдардычы, – дедим мен, – шылдыңдай беришет дебейсиңби.

– Атамдын жини жаман!.. – Кыз селт эте түштү. Акырын шыбырады. – Өлтүрүп коёт… Ыйлайт…

«Ыйлайт!.. – дедим мен өзүмчө. – Эмнеге ыйлайт, чопчоң эле киши…»

Анан сөзүбүз түгөнүп калган, эмнени сүйлөшөлү дегендей, өз-өзүбүзчө дымый түшкөнбүз.

– Жираф деген эмне? – дегем мен анан.

– Билбейм…

– Мен да билбейм…

Экөөбүз тең жылмайгандай болгонбуз.

– Жираф дебесе деле… – дегем мен көп өтпөй актангандай. – Жөн эле карап коюшса эле, ыйлай баштайсың…

– Силер бөлөкчө карап жатпайсыңарбы… – деген кыз үнү кардыга.

– Кандай бөлөкчө?

– Шылдыңдап, кордоп…

Мен үндөй албай калгам. Шилекейимди жутуп алгандай болгом. Анан балдардын кырга чыгып калганын көрүп, алардын артынан тыз коюуга камдансам керек эле. А кызчы? Ал калып калган, ооба, кала берген.

– Мен бетимди жууп алайын, – деген ал мени унутуп калгандай, өзүнчө сүйлөнүп, – атам билип коёт…

Ооба, ушинткен. Мен болсо тыз койсом керек эле. Эртеси эле баштачубуз. Ошондо ар кимибиз ичибизден: «Кой, экинчи минтпейличи, жетим болсо байкуш…» – деп ойлосок керек. Бирок минтип бири-бирибизге айтчу эмеспиз, тескерисинче, баарыбыз убадалашып алышкансып, байкуш кызды чайылдатып чабуулга өтөр элек. Анда биздин дүйнөдөгү жападан жалгыз эрмегибиз ушул болсо керек. Мындан башка эч нерсебиз калбагандай сезилчү. Балабыз да, балалыгыбыз биздин ошондогу ушул жосунубузду актап кете алар бекен! Минтип азыр ойлоп отурам. Баса, мен кезектеги чабуулубуздан кийин, жер тиктеп отурган ошол кызга эки-үч жолу дагы барбадым беле. Эмне үчүн барчумун – муну анда да билчү эмесмин, азыр да билбейм. Бир билгеним – эмне үчүн барганымды, атүгүл балдардан бөлүнүп калып, ошол кызга баратканымды да билчү эмесмин. Качан гана кыздын жанына келгенде, мен биякка келип калганымды билип, селт этип алар элем. «Жөн эле ыйлай бересиңби?..» – десем керек эле баягыдай эле актангандай. «Силер шылдыңдап жатпайсыңарбы!» – десе керек эле ал адатынча ыйламсырай. – Кордоп…» Ушинтишчүбүз. Анан көп өтпөй мен жөнөп калчумун. Ал өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай кала берчү: «Мен бетимди жууп алайын… Атам билип коёт…» Жок, жөн эле кала берчү эмес экен. Мен андан узап баратканда, ал мага негедир ыраазы болгондой, ичинен жылмайып жаткандай болуп узата карап калчу тура. Мен бир жолу да артыма бурулуп карабадым. Бирок сезчүмүн, бутумдун башынан тарта чымырап, анан акырын өйдө жылып бараткан бир нерсени кадимкидей сезчүмүн да, көңүлүм сергилең тарта түшчү. Артты карай албай койгонум да дал ушул табышмактуу кубанычтанбы деп ойлойм, артты карасам эле андан ажырап калам деп ойлосом керек, антип деле ойлобосом керек, деги эле мен ошондо эч нерсе ойлобосом керек. Ушинтип жүргөн күндөрдүн биринде эле ошол кыз сабакка келбей калды. Биз ошол кыз сабакка келбей калганын деле билмек эмеспиз. Анын бар же жок экенин сабак учурунда элес алчу эмеспиз да. Эжейибиз айтты: «Сен мындан кийин такай ушул партада отурушуң керек, уктуңбу, – деди бир кызыбызга, – бул жерде отурган кыз мындан кийин келбейт, такыр келбейт. Көчүп кетишиптир. Биз ошондо гана «мындан кийин такыр келбей турган» кыз ким болду экен деп эжей көрсөткөн партаны караганбыз. Такыр келбей турган кыз ошол кыз экен. Анан биз анын такыр келбей турганын сабактан кийин гана билдик, далай жолу билдик. Келбей калуу эмне экенин да билдик. Оозубуздан алдырып жибергенсип, бир дабдырай, бир томсоро түштүк. Биз эле эмес, бүт дүйнө томсоро түшкөндөй болду. Баягындай кырда атайын күтүп туруу деген жок, баягыдай чайылдаган үн жок. Баарыбыз дүйнөдөгү жападан жалгыз кубанычыбыздан ажырап калгансып, эми эмне кылчубуз дегендей бири-бирибизди суроолуу тиктешкендей болобуз. Далайга коңултуктап жүрдүк окшойт. Мен болсо жетимсиреп калдым. Көпүрөгө жете бергенде акырын уурдана ошол кыз отурган жээкти карап калам. Бүйүртө басып, башын бир тизесине жөлөп, суунун агымын улутуна узата караган кыздын элеси элес-булас тартыла калат да, анан анын жалооруган баягы үнү жаңырып кеткендей болот. Башымды чайкап-чайкап алам да, эмне болуп жатам дегендей күбүрөмүш болгонсуп, балдардын артынан жөнөп калам. Ошондо анын кимдир бирөөгө айтып жаткансыган, кимдир бирөөгө ыраазы болгонсуган акырын жана муңайым үнүн угам: «Мен бетимди жууп алайын… Атам билип коёт…» Буга кошул-ташыл баягы бир нерсе бутумдун башынан тарта аста чымырата баштайт да, ал аркамдан акырын түртүп келаткансып, мен жер менен баспай эле, калкыган бойдон балдарга жете келем. Кырга чыга бергенде бир бурулуп карайм. Негедир баягы элести көрө албаймын, бирок баягы үндү кадимкидей уккандай болом: «Мен бетимди жууп алайын… Атам билип коёт…» Кимдир бирөөгө ыраазы болгонсуган, кимдир бирөөгө ичи жылыгансыган үн, бирок эмне үчүн ичи жылып, ыраазы болуп жатканын өзү сезип-туйбаган үн. Мен экинчи класстын башындагы өйдөдөгү окуяларды эстеп, аны менен кошо дагы көп нерселерди эстеп, бул нерселерди акыры баягы үн («Мен бетимди жууп алайын… Атам билип коёт…») коштоп, Черик апаны көздөй келаттым. Мен кыжалаттанып кысынбай калдым, атүгүл эч нерсени ойлобой да калдым окшойт. Кызык, ушул маалда, менин эсиме бир карасаң, ушул окуялар менен таптакыр байланышы жоктой, бир карасаң, кандайдыр бир байланышы бардай туюлган башка ойлор да биринин артынан бири түшүп, мени ойдон ого бетер ажыратып таштады. Мен негедир ошол кичинекей кезимдеги козу-улактарымды эстедим, баары көз алдымдан чубап өтүп жаткансыды. Чунаңдашып, так секиришип, эркелешип… Анан куюндай уюлгуп, тегеренип келишип, колуңду эркелей, жалдырай карап калышканычы. Жумулган колуңду ача салсаң, озунганы алаканыңдагы тоголоктолгон камырды шапылдап жей баштайт. Жеген сайын тили алаканыңды кытыгылап, ал бүт денеңе тарап, сен болсо өзүңдөн өзүң калкып, ошол козунун же улактын өзүнө айланып бараткандай болосуң, оюң биротоло токтоп калат. Жүрөгүм сыздайт, азыр ушуну жазып жатып, жүрөгүм зыркырап сыздайт, ушул козу-улактарыбызды биз кийин-кийин союп жесек керек эле!.. Силерди ушул үчүн гана, кийин-кийин союп жеш үчүн гана, бапестеп, эркелетип бактым беле байкуштарым!Кой, бул ойлорду жолотпоюн, ошондогу өз оюма өтөйүнчү. Ошондогу ойлор, Черик апаны көздөй келаткандагы ойлор, бир кызыктай ойлор эле, алар жок ойлор болчу, токтоп калган ойлор болчу. Мына, мен ошондо мындан беш-алты күн мурда эле башымдан кечирген окуяны ой жүзүндө эмес, элес жүзүндө эмес, дал ошол окуянын өзү менен камыр-жумур жуурулуша кайрадан өз башымдан кечиргемин, менин ойлорум ошол окуянын өзүнө, ошол окуяда баштан кечирген кыймыл-аракетимдин өзүнө айланып кеткен эле. Черик апа экөөбүздүн сакмалыбызда бир тентек да, эрке да козубуз бар эле. Бир тигинин желинине асылып, бир мунукуна асылып, койлордун таза айласын кетирчү, койлор андан кадимкидей качып калышкан. «Бул жанды койбойт го, койбойт го!..» -деп Черик апа аны көргөндө эле же жек көргөнү билинбей, же ыраазы болгону билинбей, күлөр-күлмөксөн болуп башын чайкай берчү. Өзү эле дыргаяктаса бир жөн, өзүнүн артынан бир канча козуну дүрбөтүп ээрчитип алат да, бир тиги кырга жөнөп калса, бир бул кырды көздөй дыргаяктап жөнөйт. Куюндай уюлгуп чимирилишет, башка сакмалга кошулуп калбасын деп же мен, же Черик апа алардын артынан тызылдап жөнөйбүз. Кийинчерээк бул козу тим эле суй жыкчу болду. Бир жолу мен жалгыз элем, Черик апа: «Өңгөнү карабасаң да, ушу козуга сак боло көр!..» – деп какшап кеткен. Ал баягы жоругун улам-улам баштап, менин айламды алты кетирди. Эмне кыларымды билбей калдым. Эптеп кармап колумдан чыгарбай отурайын десең, караандатып да койбойт. Бир маалда тиги кырга зуу коюп, кайра берки кырга келип тык токтоп, эдиреңдеп туруп калды. Жиним кайнап араң турган жаным жерден кичинекей эле бир ташты ала койдум да, козуну берип калдым. Ал таш так эле чыкыйына тийген көрүнөт, байкуш козум «ма!..» — дегенсиген бир үн чыгарып алды да, турган ордуна тегеренип-тегеренип келип, жерге күп дей түштү. Эмнени ойлодум билбейм, көзүм караңгылап эле кетти. Чуркаган бойдон жанына келдим. Былк этпейт, суналып жатат. Чынымды айтайын, ыйлап жибердим. Суналган козуну карап, төрт дүйнөм чачылып, кыймылдай албай калдым. Козу элес-булас эле көрүнөт. Жок! Козу бир кезде тыбырчылап кыймылдай баштады. Анан шак ордунан турду да, селт эте мени бир карап алып, куюндай чимирилип жөнөп калды. Менин да куюндай чимирилгим келип кетти. Сүйүнгөнүмдү айтпа, эмне үчүн сүйүнүп жатканым белгисиз. Адам эмне үчүн сүйүнүп жатканын  билбей сүйүнсө, бакыттын жеткен чеги ушулбу деп ойлоп кетем азыр. Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир кезде өзүмө келсем, кадимкидей солуктап ыйлап жатыптырмын. Эки жагымды абдан жай карадым, дүйнө бүгүн эле, мына азыр эле жаңыдан жаралып жаткандай ушунчалык тунук, ушунчалык таза көрүнүп кетти. Ошентип ой артынан ой басып, бир окуя экинчи дагы бир окуяны чубап чыгып, мен мен болбой эле, ошол ойлор менен окуялардын өзүнө айланып кетип, акыры менин жанагы Черик апанын жанына кантип барам, кантип көзүн карайм, муңайым жер тиктеп отурганын кантип карап тура алам деген заарканууларым өзүнөн-өзү тыптыйпыл болду да калды. Черик апага кантип жеткеним, анын эмне деп сурагандары, менин кандайча жооп кайтаргандарым азыр менин эсимде жок, алар тууралуу айтып отуруштун да кажети жок. Бирок айтпай коюуга мүмкүн болбогон бир нерсе бар. Мен ошол кызды ушундан кийин эстедим беле? Кызык, бир да жолу эстебептирмин, бирок эмне үчүн эстешим керек эле? Жок, мен аны эстептирмин, эстебей жүрүп эстеген экенмин. Мен эмне үчүн адамдардын, өзгөчө наристелердин жалооруган үнүн, ыйын көтөрө албайм, эмне үчүн жер карап муңайым отурган адамдарды көргөндө жүрөгүм мыжылып, жан айламды таппай калам? Дал ушул маалда, балким, ошол кыз ошондогу мени ичи жылыгансыган, ыраазы болгонсуган түр менен карап турган чыгар? Баса, азыр Черик апанын да, Тынардын да, Керимкулдун да, Мураттын да көздөрү жок, баары тең чым жазданып жатышат. Ошол кыз болбосо, мен азыр Черик апаны, Тынарды, Керимкулду, Мураты… эстейт белем?.. Ушундай баш катырма суроолорго чулганып отуруп, мен ошол кызды эмне үчүн кайрадан эстегенимди, ошондон бери эстей береримди эстедим.

Бир үйгө тойго барсак керек эле. Тыныгуу маалында мен капысынан төркү бөлмөгө кире калдым. Телевизор шакылдап иштеп жатыптыр. Бурч жакта төрт-беш жашар кыз отуруптур. Мага көңүл буруп да койгон жок, аа, телевизордун акесин окутуп аткан экен да деп ойлоп койдум. Жок, жакшылап баам салсам, анын телевизор менен да, мени менен да, дегеле бул дүйнө менен да таптакыр иши жоктой. Мелтиреп жер тиктеп отурат. Анын бул отурушун көрүп, менин эсиме бир нерсе келе түшкөнсүдү, негедир чочугандай:

– Ой, эмне?.. – дедим эмне дээримди өзүм да билбей, жылмайымыш боло.

Кыз башын акырын көтөрүп, мени кысынгандай жылмая карап койду. Мени карап келатканда, көзүнөн жаш мөлт дей түштү да, акырын ылдый жылып жөнөдү. Муну анын өзү да байкабай калды окшойт. Мен оңтойсуз абалда калдым, же эмне айтарымды билбей, же шарт бурулуп чыгып кетеримди билбей, ой… эмне… ой… деп эле кайпастап калдым. Кыз менин эмне дегениме көңүл деле бурбады көрүнөт, бирок эмне айткым келгенин жүзүмдөн билгендей:

– Жөн эле… – деп койду чарчагандай, баягындай эле жылмайымыш болуп. Анан көзүнөн жаш мөлт дей түшкөнүн байкап калганымды сезди окшойт, дагы эле жылмайымыш болуп, оңтойсуздана башын буруп кетти.

– Аа… – деп түшүнүксүз булдуруктап, мен бөлмөдөн чыга жөнөдүм.

Мен кызды унутуп калгансыдым, анын мөлт эткен жашы гана маңдайымда тургансыды. Ал менин эсиме бир нерсени салгансып жатты. Мөлт эткен жаштан мен өзүмдү көргөндөй болуп кеттим, негедир өз көзүмдү күзгүдөн карагым келип кетти. Мени менен элдин эмне иши бар, той болгон соң күрү-күү да. Бирок, мөлт эткен көз жаш мага ушул күрү-күүнү жакшы угузбай жаткандай болду. Ооба, ал чайылдап, кээде чаңыра кыйкырып ыйлай берчү. Ошол кызды айтам. Бирок кызык, көзүнөн бир да жаш чыкчу эмес. Мен бир да жолу көрбөптүрмүн. Муну азыр билип отурам. Ошондо мага бир нерсе жетишпей жаткандай эле сезиле берчү. Көрсө, ал көз жаш тура, анткени мен ыйды көз жашсыз элестете алчу эмесмин да. Анан: «Мен бетимди жууп алайын… Атам билип коёт…» – деп кобуранганын укканда, көзүңдөн жаш чыкпаса деле, эмне үчүн бетиңди жууй бересиң деп сурагым келе берчү, бирок сурачу эмесмин, сыягы, унутуп калсам керек. Же сураганга дитим барбаса керек. Ыйласа, болгондо да чайылдап чаңырып ыйласа, анан көзүнөн жаш чыкпаса. Кызык. Жок, жаш чыкчу экен. Мен муну азыр билип отурам. Атүгүл азыр кадимкидей көрүп отурбаймынбы. Ал башын көтөрүмүш болуп, мен жакты карап: «Анан… Силер уруп жатпайсыңарбы!..» – деп ыйламсыраганда эле, көзүнөн жаш мөлт дей түшчү эмес беле. Муну ошондо эмне байкабадым десең. Чайылдап чыңырганда, жалооруй кыйкырганда эмне үчүн көзүнөн жаш чыкчу эмес. Анан бизден кутулуп, суу жээгинде ээн-эркин отурганда көзүнөн жаш мөлт этип. Жанында эч ким жок болсо, эч ким аны шылдыңдап кыйкырбаса деле жаш мөлт этти… Чаңырып кыйкырганда төкпөйбү көз жашын. Же эчтекени ойлобой эле чаңыра берчү беле? Ойлонгондо гана көздөн жаш чыгабы? Же ошол чаңырып чайылдап кыйкырып жатканында көзүнөн чыгып келаткан жашты атайын агызбай токтотуп, аларды жыйнап келип, суу жээгинде улутуна отурганда төкчү беле? Дегеле эч кимден ыдык көрбөй, ээн-жайкын отурганда, көз жаш кайдан келчү? Кызык. Азыр ушинтип ойлоп коём. Бул ойлор менен кошо суу жээгинде отурган бүдөмүк элести көрөм, ал элес Черик апаны да, Муратты да, Керимкулду да чубалтып ээрчитип чыгат да, анан жалооруган үн жаңыргандай боло түшөт. Улам мезгил өткөн сайын, мага бул жарыкчылыктагы үндөрдүн баары жоголуп, жападан жалгыз ошол жалооруган үн гана калгандай туюла берет. Ошондуктанбы, кандай гана үндү укпайын, селт этип чочуп кетчү болдум. Кээде мен бул жарыкчылыкка ошол үндү эстөө үчүн гана жаралгандай, менде ошол үндөн бөлөк эч нерсе калбагандай да туюлуп кетчү болду. Деги ошол үн эмне, мен, эмне, бул жарык дүйнөгө ошол үндү угуу үчүн гана жаралганмынбы? Башым катат, анан бул суроого жооп издегенче болбой, башка суроолор өзүнөн-өзү эле чубалып чыга берет: ошол кыздын аты-жөнү ким эле, азыр тирүү бар болду бекен,  күйөөгө чыкты бекен, күйөөсү кандай неме болду экен, бала-чакалуу болду бекен?.. Анан…

Анан ойлоп коём, ошол кыз азыр мени эстейт болду бекен деп…

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз