Салижан Жигитов: Орустан нан талашып жегенге жарабагандын баары улутчул
- 07.05.2023
- 3706
Тил күйөрмандарынын айтымынча, кыргыз тили өз өлкөсүндө жакшы колдонулбай жатса, буга орус тилинин расмий тил деп Кыргызстандын Баш мыйзамына жазылып турганы күнөөлүү имиш; ал эми жаңы Баш мыйзамда кыргыз тили мамлекеттик тил да, расмий тил да деп жазылса, ошонун шарапаты менен кыргыз тили дүркүрөп өсө баштайт имиш. Мындай популисттик сунуштар же ой-пикирлер башын иштетпеген кыргыздардын оозунан гана чыгышы мүмкүн.
* * *
Англис тилинин жыты да жок Египетте деле аристократиясынын балдары өз тилин билбейт экен. Индиядагы аристократтардын балдары деле ошондой, бирок алар өз өлкөсү үчүн өлчөөсүз чоң иштерди аткарып жатат. Пакистанды мамлекет кылып курган Мухамед Жина өз тилин билген эмес, Жавахарлал Неру, кызы Индира Ганди, небереси Раджив Ганди да өз тилинде сүйлөй албаган, алар Индия үчүн эмне деген гана кызматтарды кылбады?
* * *
Бизде бир кыргыз өлгөн күнү иштин баарын таштайбыз. Биринчиден: сөөк чыкчу жерде 1-2 саат шоңшоюп күтүп отурабызбы, экинчиден, топурак салып келгенге, анан тамак жеп отурганга жарым күн убактыбыз кетет.
* * *
Биздин акындардын эң жаман жери — өздөрүнүн кайгысынан мурда Сталин өлсө Сталиндин, Киров өлсө Кировдун кайгысына каңырыктары түтөп, элдин атынан ыр жазып келишкен. Улуу акындар өздөрүнүн гана атынан сүйлөйт.
* * *
Биздин чоңдордун баары балык, бийликтен түшкөндө «суудан» кургак чыгышат.
* * *
Улуу элбиз деп мактанып, бакыра бербей бизден кыйын элдердин этегине эрмешип, тилин, иштегенин үйрөнүп оокат кылышыбыз керек.
* * *
Кыргыз микроб сыяктуу, кирген жерин чиритет.
* * *
Дуңгандай мээнеткеч, еврейдей куу, татардай акылдуу, чечендей намыскөй болгондо гана кыргыз башка элдер менен тең тайлаша алат.
* * *
Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт.
* * *
Кыргыз кыздардан «Оруска тиесиңби?» десең, «Тийбе-ейм!» деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт.
* * *
Чынында да мен идеалдуу же өрнөктүү дегидей өмүр сүрө алганым жок. Нускалуу өмүр сүргөнгө реалдуу турмуштан, коомдук шарттардан көбүрөк жеке өзүмдөн акылга жетиштүү бай эместигим, элеттик (провинциалдык) түшүнүктөрүм, ыкшоолугум, көп коёндун артынан кубалай бергеним, дагы башка өксүк жактарым жолтоо кылды окшобойбу. Ата-энем мени жакшы эле адамдык данек менен жараткан экен, а данектен дүпүйгөн чынардай бакыбат дарак өнүп-өсүп чыккан жок, жапалак арчадай бирдеме өсүп тим болду.
* * *
Кибиреген калктын мыкты кишиси болгончо, килейген калктын орточо кишиси болгон артык.
* * *
Биз патриотизм десе эле бардыгын кыргыздаштыруу деп түшүнүп алдык. Өкмөт да ойлоду: «Ушу чиновниктерди кыргыздаштырып койсок эле алар кыргызга кызмат кылат, кыргызга күйөт». А коюп алган акимдеринин кыргызга күйөр түрү жок. Алардын көбү бийликтин үзөнгүсүнө буту илинип, андан түшкүсү келбей, өкүртө пара жеп, жебесе эч нерсе жылдырбай, эл эсебинен той уюштуруп, эл эсебинен чет мамлекеттерди кыдырып, бирин-бири кожодой колдоп, өздөрүнчө катмар болуп алгандар.
* * *
Ар бир айылда баатыр көп. Акыл токтотуп карап, ойлоно келсек, эмне баатырдык кылыптыр? Ич ара согушуптур, мындайча айтканда кыргызды кыргыз кырыптыр.
* * *
Кыргыз патриоттору кыргыз тили деп бакыргандан башка кымындай иш кылалек. Мына, «Кыргыз тил» коомунун кыргызга же кыргыз тилине пайдасы бар дейсиңерби? Чогулуштарын көрүп, Тойбаев менен Бобуловдун талашын окуп атабыз го. Талашы ушу: кыргыз тилин өстүрөбүз деген шылтоо менен өкмөттөн, акимдерден, аяк-бияктан жулуп келген акчанын 15 процентин жулуп келген киши алсын деп Тойбаев айтат экен, Бобулов нысаптуулук кылып «жок, 7 эле процентин» дейт экен. Мисалы, Бобулов президенттен 1 миллион сом апкелсе, ошонун 70 000ин өз чөнтөгүнө салат имиш. Ошентип жок жерден пайда таап турса кыргыз эмес, кыргызча бир ооз билбеген дунганды коюп койсо деле бакыра бербейби: «кыргыз тили эле кыргыз тили» деп.
* * *
Эгер билим алуу чын эле «ийне менен кудук казгандай» татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса, кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак.
* * *
Өзүм окуткан балдарымды байкасам, жакшы окугандарынын баары эле мугалим, эптеп-септеп бүткөндөрү деректир. Деректирлер айылда эмне кылат? Жоро уюштурат, бүтүрүү экзамени жакындагандан баштап, бир-эки ай балдардын эсебинен ичип-жейт. Балдарыбыз мектепти ошентип бүтүп атат.
* * *
Республикада жашагандардын санына жараша проценттесек, кыргыздын жогорку билимдүүлөрү орустан да, дунгандан да, немистен да көп. Ошол жогорку окуу жайын бүткөндөр же илимдин кандидаты, доктор болуп алгандар жашоого келгенде дунгандын алтынчы классты бүткөн баласына уттуруп коюп атпайбы. Жашаганга жардам бербеген билимдин кимге кереги бар? Кудайгабы? Аны менен эсептешпей, үстөккө-босток ВУЗ ачабыз. Ошко, Жалал-Абадга… Баарын эле университет кылып тындык. Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда болсо эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт. 2,5 миллион элдин 1 миллионун билимдүү кылып, эл башкартып койсок, кимиси иштейт деги?
* * *
Интеллигенттерибиз той беребиз деп жардам сурайт, бизнесмен дегендерибиз баланчанын тоюна түкүнчө акча коштум деп көөдөнүн көтөрөт, бирок ушул элге билим жеткирели деген эч ким жок. Билимге өздөрү муктаж эмес.
* * *
Президент өзү эки-үч мектеп ачып койсо, анан ага таланттуу балдарды чогултуп, ага да сак болуш керек, таланттуу деп аким өзүнүн мөөрөп турган торпогун деле жиберип ийиши мүмкүн же тирүү туруп жетим деп баласын өлүп калган инисине жаздыра коюп жиберип ийиши мүмкүн.
* * *
Кыргыз тили сабагынын саатын көбөйтүп коюптур, аны кыскартып эле турмушка жардам бере турган сабактарды көбөйтүш керек. ВУЗдарда 5-6 жыл окутуп эмне кылабыз? Илгери мугалимдерди 2 жыл окутуп эле чыгарып ийчү, мисалы, айыл чарба институтунда 5 жыл эски китептерди сайрай берүүнүн кажети не? Же философияны окутпай койсо, өлөбү?..
* * *
Дүйнөдө коомго түз эмес, кыйыр пайдасы бар билимдүү кишилер көп. Мисалы, жазуучулар рухий турмушубузду түзөт. Бирок кыргыздын Айтматовдой дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 100 жазуучусу же мынабу Мурат Бегалиевдей 100 композитору болсо дагы экономиканы оңдоп жибербейт.
* * *
Орусча окуп, кыргызча жакшы билбей калгандар 30-40 миңдин тегерегинде болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок алар кыргызча билет, сүйлөйт, түшүнөт, болгону кыргыз китебин окубайт, кыргыз маданиятынан алыс. Эми ушулар да көп көрүнүп атпайбы кыргызга! Бакырчаак патриоттор аларды тим эле орустан да шүмшүк кылып салды.
* * *
Колунан иш келбеген киши улутчул болот, колунан келбей калганын сөзсүз бирөөдөн көрөт, орустан нан талашып жегенге жарабагандын баары улутчул.
* * *
Өз тагдырыбызды, мамлекет тагдырын жалаң эле кыргыз тилдүүлөр башкарса дегендер толо. Бирок айылдан келгендер бакыргандан башканы билбей, чолок мурдунан арыны көрбөй, эл таламын талашам, элге күйөм деп бирдеме айтса эле анысы кыргыз элине зыяндан башка эчтеме алып келбейт! Анан кыргыз тилин бузуп аткандар ошол эле кыргызча гезиттер, радио, телевидениеде сайрагандар.
* * *
Элге эмне деп айтыш керек? Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион калксың. Европанын бир эле шаарында үч миллион эл жашайт. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз, эки кол, эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүктөр турат. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан кор болуп жашайбыз.
* * *
Менин бир артыкчылыгым ушул: ар дайым үчүнчү сунушту айтам, аным эч качан суу кечпейт. Сунушум өтпөй турганын билсем да какшай берем.
* * *
«Котормо жасап колго алгыс, кутурдуң го сен жалгыз. О, кудай урган бездарность!» (Мактанчаак котормочунун китебине жазып берген кол тамгасы).
* * *
Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт.
* * *
Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топурга, шаан-шөкөткө түбүнөн каршымын.
* * *
Мен гезиттерди окубай койдум. Анткени мен алардан акылдуу экениме көзүм жетти.
* * *
Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап.
* * *
Мен өзүмө өзүм академик, өзүмө өзүм мүчө-корреспондентмин.
Топтогон О`Шакир
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.