Тарыхка негизделген, бирок келечекке багытталган иш-чаралар эмнеге дагы деле жок? Эмнеге чоң адамдардын кыял, мүдөсүнө гана ылайык иш-чараларга балдарды кошо аралаштырабыз?
Акыркы күндөрү кичинекей бөбөктөрдүн, окуучулардын топ-топ (группа) болуп “Манас” айткан видеолору Фейсбукта көбөйдү. Балдарга ушинтип айтырсак эле, Манасты баалап калышабы? Атүгүл 9-майга карата да аларды жасап-түзөп, солдатча кийинтип, ыр айттырган видеолор болду. Түндүк Кореядай эле көрүнүш бул. Эмнеге балдарды солдаттардай кийинтип "Балдар согуш көрбөсүн" деп олтурабыз кайра? Согуш эмес тынчтык, адамзат баалуулуктарына таянган ойлорду, практикаларды качан үйрөтөбүз аларга?
Ойлонуп көрсөм, мындай мисалдар бала чагымдан берки салттар экен. Кичинемде, жашымда мүмкүн баары кылса – өөн учурабаса керек. Бирок азыр абдан одоно көрүнөт. Менимче, мына ушундай кылык-жоруктарыбыз, көргөзмөгө окшогон иш-чаралар балдарга баш ийүүгө, рамкага салып, аларды эркин ойлонууга, эркин жүрүш-турушка үйрөтпөй, кайра жолтоо болот. Кыскасы, кул мүнөз муун тарбиялайт экенбиз. Ал эми кул мүнөз журтту ар кимиси ар жактан басынта алат.
Качан жаштарды, бөбөктөрдү өздөрүн аралаштырып, шыктандырган маданий мурастарды, тарыхый окуяларды жаңыча интерпретация кылабыз? Мисалы, эмнеге “Манасты” азыркы замандын нугуна ылайык анимеге, графикалык аңгемеге, онлайн оюн (game), рэпке айланткандардын атаандаштык иш-чараларын өткөрбөйбүз? Жаш балдардын өздөрүн шыктандырсак боло? Маданий мурастарды болочок муунга кантип мурдагы доордун практикасы жана аң-сезими менен бере алабыз?
Эмнеге көчмөн элдердин негизги баалуулуктары саналган адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалаган санаттарды кайра жаңылап алып чыга албайбыз? Азыркы доордогу эң негизги жалпы Адамзат, Жер планетасы үчүн коркунучтуу климаттык өзгөрүүлөр туурасында качан кеп курабыз? Сыртта, жаратылышка байкоо жүргүзүп, айылынын фауна жана флорасын изилдеп, үйрөнүп жүргөн балдардын видеолорун эмнеге көрбөйбүз?
Сыягы, айрым практикалык иштерди ойлонуп анан өткөрүүгө убакыт келди. Эмнеге жеңиш күнүн дагы деле белгилейбиз? Мүмкүн, жеңиш күнгө басым кылбай, ошондой кандуу, каардуу, адамзат тарыхындагы кара тактардын бири болгон ыплас согушту болтурбоого, тынчтыкты курууга кандай салым кошобуз, кандай баалуулуктар маанилүү деген ойлор жана темалар көбүрөк керек ко дейм.
Жаш балдардын каткырып, эркин ойноп, күлгөн видеолорун көбүрөк көрсөк, алардын көз карашын чагылдырган иш-чараларды уюштурсак боло. Дегеле балдарды эркиндикке үйрөтөлүчү.
Германия
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.