Абай Кунанбаев: Адамды бузар пейил – өзүмчүлдүк

  • 24.05.2023
  • 3500

Жаман дос көлөкөдөй: күн ачыкта артыңан калбайт, күн бүркөктө жаныңан таппайсың.

*       *       *

Адамдын эң нааданы эч нерсеге умтулбай жашайт.

*       *       *

Турмушка жөндөмсүз адам гана тагдырга баш ийет.

*       *       *

Адамды бир гана эрк, илим-билим жана адилеттик бийиктетет. Мындан башка жолду акмак гана издейт.

*       *       *

Адамдын ар-намысы ал өз максатына жеткен, жетпегендиги менен эмес, кандай жол тандагандыгы менен бааланат.

*       *       *

Бай бай эмес, жакырчылык менен сиңишип кеткен адам бай.

*       *       *

Арын саткан ант ургурдун айткан сөзү курусун.

*       *       *

Анттын, шерттин, адалдыктын, уяттын бир токтоосуз кеткени не?! Ыймансыздык.

*       *       *

Жаштыкта көкүрөк зор, убайым жок.

*       *       *

Напсинин куу мүнөзүн тил да үйрөнөт.

*       *       *

Адамды бузар пейил – өзүмчүлдүк.

*       *       *

Бүтүндөй адам баласын кордочу үч нерсе бар: алар – наадандык, жалкоолук, зулумдук.

*       *       *

Шашылыш түбү – өкүнүч.

*       *       *

Адамдык касиет үч нерседен турат: жигердүү кайрат, нурлуу акыл, жылуу жүрөк.

*       *       *

Жаалын сыртына чыгарган адамдан эмес, ачуусун ичине каткан адамдан кооптон.

*       *       *

Бийлигим болгондобу, адамды адам болбойт дегендердин тилин кесмекмин.

*       *       *

Өз кара жанын багыш үчүн эмгек кылган адамдын айбандан айырмасы жок. Чыныгы адам гана башкалар үчүн мээнеттенет.

*       *       *

Куру кеткен жаштыктын кууралын тартасың.

*       *       *

Эмгек – кубаныч, жалкоолук – айрылгыс азап.

*       *       *

Ооздон оозго өтүп жүргөн накыл кептин да баркы кетет.

*       *       *

Сакалын саткан карыдан көрө эмгегин саткан бала артык.

*       *       *

Адамдын адамчылыгы – акыл, билим, жакшы ата-эне, жакшы курбу, жакшы устаттан.

*       *       *

Даанышмандын кебин эсине тутуп калган адам кеменгер болуп чыгат.

*       *       *

Адам баласынын эң жаманы – талапсыздык.

*       *       *

Нарктуу адам көптү каалап турса да азга шүгүр дейт, ачкөз адамга ашыгы менен берсең да аз көрүнөт.

*       *       *

Сократты кимдер ууландырды, Жанна д’Аркты кимдер өрттөдү, Христосту кимдер асты, Мухамедди төөлөрдүн сөөгү менен кимдер көмүп тынды?! Караламан калк. Демек, көпчүлүктүн акылы жок. Жайнаган элди анан кантип акыйкаттын жолуна сала аласың?..

*       *       *

Өнөр турмуштук чындыкка коошкондо гана ынанымдуу болот.

Кыргызчалаган О`Шакир

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз