Мен – орусмун!!!
Баарыңарга салам, мен Орусияданмын. Мени кол аарчыдай ыргытып, тилдей көрбөгүлө. Ата-энени тандабайт дейт эмеспи. Анын сыңарындай туула турган жериңди да тандай албайсың. Дал ошол сыяктуу менде да тандоо болгон эмес. Мен кайсы жерде туулсам, ошол жерде туулгам. Менин Мекеним Орусия. Соррян. Азыр Украинадагы калайман үчүн кечирим сурайм. Абдан оор. Азыр ар бир акылы ордундагы адам орус агрессиясы – «жакшылык» менен «жамандыктын» кармашы экенин түшүнүп турат. Бул «жамандыктын» «жакшылыкка» каршы кол салуусу! Бул бүтүндөй бир өлкөнү жана улутту жок кылуу. Бул геноцид! Билесиңерби?
ОРУС МАДАНИЯТЫ
Бул жерде бир топ талаш суроо жаралат. Мисалы, орус маданияты тууралуу. Музыканттардын тромбон жана саксафондорунан орус абасы агып өтүүдө. Аларды нотага да түшүрө башташты. Аларды орус маданиятына тийбегиле деп афиша кылып илишүүдө. Согуш өз жөнү менен болсун, орус маданияты тууралуу өзүнчө кеп салалы. Бул жерде Достоевскийди орк-гуманоиддер менен чаташтырбагыла. Билесиңерби? Ныпым жок! Орус маданияты дүйнөгө эч нерсе берген жок. ЭЧ НЕРСЕ! Ал бир заматта ичи көңдөй экени көрүнүп калды. Көңдөй.
Азыр орус маданиятынан орусфобия же башка бир нерсе үчүн эле баш тартып жатышкан жери жок. Же Путинди туздагысы келгендер эле баш тартып жатышкан жок. Анткени орус маданияты адам тарбиялоо жагынан толугу менен нөл. Азыр бүт дүйнөдөгү адамдардын бардыгы так мына ушул орус маданияты өз өлкөсүндө жылаңач фашизмди туу тутуп келгенин аңдап-билишти. Анын алдын алуу үчүн орус маданияты кол сермеп да койгон жок. Дагы катуу айтсам, орус маданияты теңирден тетири кетти. Өзүнүн аңгеме, поэма, роман, фильмдеринде артыкчылыгын шардана кылып келди. Башкалардын үстүнөн кайсы бир «орус» расасынын артыкчылыгын кантейин… Маселен, билсеңер?.. Орус цивилизациясы, өзүбүздүн жолубуз, табышмактуу орус жан дүйнөсү сымал… тата-патасы андан ары улана берет. Бул жерде эч нерсе жок. Ташжалак. Табышмак да, өзгөчө жол да, кудай колдоочу эл да жок. Орус жоокери уур-кески, зордук, жан алгычка айланды. Так мына ушул «орус маданиятынын» жардамы менен.
Орус жоокери Орк-гуманоидге айланды, түгөт. Ушул аймактык маданиятты жалпы дүйнөлүк маданияттан силкип ыргытса, таң калбагыла. Спектакль, концерт, фильмдерин, китепканадан китептерин алып ыргытышууда. Айран таң калбагыла. Орус маданияты – инсанды калыптоодо өз кемпайлыгын, ууктургуч экенин ачык айгинеледи.
ОРУС ПРАВОСЛАВ ЧИРКӨӨСҮ
Толук кыйрады. Бүтүндөй. Орду толгус. Согуш башталган биринчи күнү эле ал эмне кылышы керек эле? Ой, ошонун энесин урдум. «Өрт чыкты!» деп үнү айрылгыча кыйкырып, болгон коңгуроосун кагып, болгон-бүткөн аянтка чыгып айкырып: «Өлтүргөндү токтоткула!!!» «Согушту токтоткула!!!» Согуш тутанды! Жараткандын «ӨЛТҮРБӨ!!!» деген насыятын буздук деп чакырык салып, бардык кыштак, шаарлардагы элди көчөгө айдап чыкса болот беле! Христтин бул насыятын бузганды токтоткула!!!
Ага чейин орус педерациясы ашынган акылы менен мактанчу эмес беле. «Өзүңө кумир жаратпа» деген Христтин насаатын бузган адамдарды колдоп келгенин кантейин. Мен Путин тууралуу айткандагым. Уурдаба. Мен Крым тууралуу айткандагым. Ошондо эле орус педерациясы түшүнүктүү болгон.
БИРОК! Киши өлтүрүү, зордуктоону колдоп бата берүү – мени өзгөчө нес кылды. Селейтти. Орус православ чиркөсү орус маданиятына эч нерсесин карама-каршы коё албастан, орус жоокери менен бирге ууру, зордукчу, жан алгычты тарбиялады.
ОФИЦЕРЛЕР
Орусияда көптөгөн бирикмелер бар. Аталыштарынан чаташасың. «Орусиянын офицерлер Биркмеси», «Согуш аракеттеринин ардагерлер Бирикмеси», «Ооган согушунун ардагерлер бирикмеси», «Ар кандай вымпелдер жана АЛЬФА тобунун Бирикмеси» …тата-пата деп кете берет. Жалаң балакай-жалакайлардын бирикмелери. Согушчандардын, уйпалангандардын жана чынчылдардын. Бул жерде башкы сөз – чынчылдар. Офицерлер... ха-ха... Анан… кана ошол офицерлер!? Элиттик офицердик училищелердин бүтүрүүчүлөрү кана? Нахимовчу, суворовчу... чача-мача... Бизде армиянын элитасы кана? Биздин жердин тузу, сөөгү ак, каны көгүштөр кана? Согуштун биринчи күнү ошолор кайда житти? Мейли… Биринчи эмес, экинчи, үчүнчү күнү жер жуттубу? Алар каякта эле? Бучадан кийин, ушул канабайрамды бүт дүйнө айыптап атканда булар кайда эле? Офицерлер!
Кремлге келип, дубалынын алдына түптүз парадга тизилгендей какайып, – БУЛ «АРМИЯга ТИЕШЕБИЗ ЖОК!» деп кыйкырып, погондорун, болгон-бүткөн орден-медалдарын жулуп, мавзолей жакка ыргытышса жарашмак. Рух айбатын, күч-кайратын көрсөтөр жоокерлер элитасы экендигин баса белгилеп коюшса болот беле. Башкы командачынын иштен кетүүсүн суранып, бардык согуш кылмышкерлерине согуш трибуналын талап кылышса, куп жарашпайт беле. Ошондо азыркы таптагы Орус армиясы аталгандардын бардыгынан бөлүнүп кетишмек. Азыркы орус офицерлеринин жүзү курусун! Фикция. Ал жерде абийир да, каармандык да, элге берилгендик да, кесипке берилгендик да жок. Өңчөй талап-тоноочулук, зомбулук, киши өлтүргүчтөр, болгондо да эң жогорку даражадагы.
БИЛИМ БЕРҮҮ
Путин режими орногонуна 22 жыл болду. Бул – учурда Украинада уурулук кылган, зордук көрсөткөн, канына забын бозуландардын жашына туура келет. Мына, орус билим берүүсүнүн жеткен чеги канчалык. Бул балдарды кимдер тарбиялаган? Ким аларды ушунтип өстүрдү? Орус маданияты? Орус дини? Орус офицерлери? Же орус билим берүүсүбү… Дүйнөдөгү эң мыкты советтик билим берүүнүн мураскору.
Ушул балдарды ууру, зордукчу, киши өлтүргүч кылып ким тарбиялады? Орус мугалимдери 22 жылдан бери эмне иш жасадыңар? Балдар колуңарга тийгенден тартып, дүйнөгө кыпкызыл киши өлтүргүч, зордукчуларды даярдадыңарбы? Мен түшүнөм, силердин ишиңер да болгон жок. Силер «единый» партия үчүн добуш берип, киши караанын чогулткандан колуңар бошогон жок. Бул жолу 4-6 жылга. Андан башка убакта эмне кылдыңар? Ушул балдарды кантип тарбияладыңар? Силерге ишенген ишенчээк ата-энелердин балдарын ууру-кески, зордукчу, киши өлтүргүчгө айланттыңар. Бул балдарга эмнени үйрөттүңөр? Абийиргеби? Боорукердиккеби? Ак жүрөктүккөбү? Жок. Жок. Дагы бир жолу ЖОК!!! Так ушул силер, алардын Украинадагы кылгылыктарына үйрөттүңөр. Педагог катары бул так силердин «эмгегиңер». Буча – силердин сабагыңардын натыйжасы.
Мына бардык жерде. Кайда сайба, бардык жерде жара. Кайда баспа – бүт сыздоок. Маданият бар, бирок кемпай. Түркөй. Дин бар, бирок ара туулган. Армия, офицерлер бар, бирок абийир жок. Мугалим бар, бирок алар адам өмүрүн баалаганды үйрөтүшпөйт.
Билесиңерби? Азыр жан-дүйнөм сыздап турат. Жаным ачыйт. Жаным ачып бүттү.
Менин өлкөмдүн Украинада жасагандарын карап туруу – чоң азап. Аны кандай гана талкалабады, кандай гана кыйнабады. Менин өлкөм украиналыктарды өлтүрүп атат. Мен үчүн украиналыктардын азабын көргөндөн өткөн азап жок. Агылган качкындар жүрөгүмдү сыздатканы – жаныма батты. Бардыгын таштап качып-бозуп, качып бараткан адамдарды карап турууну киши башына салбасын. Жакшы жашоо издеп эмес, башын арачалап калуу үчүн. Тирүү калуу үчүн!!! Аялымы көрүп, жаным сыздайт. Ал балалыгын Николаеводо өткөргөн. Азыр уйку бетин көрбөй калды. Жаңылыктарды көз ирмебей акмалап, туулган шаарын картадан тиктеп отурат. Николаевди аткылаган кабарлар менен жашап атат. Жашап атат!!! Ушуну менен…
Мына ушунун бардыгын менин өлкөм жасап аткандыгын аңдоо абдан оор. Менин Мекеним. Менин Мекеним дүйнөлүк жарага айланды.
Орус теле көрсөтүүлөрүн кароо мага оор, качандыр бир учурда сыйга татыктуу адамдар ушул жамандыктын жанкорлоруна айланышты. Алар федералдык каналдардын бардыгынан өзөктүк ракетаны каякка мээлеш керектигин талкуулап атканын көрүү – азап эмей эмне. Каткырып, арамданышып, Варшаваны, Лондон же Нью-Йоркту талкаласак кантет дешкеничи. Кем акылдыгына, жазага тартылбастыгына ыракаттанышкандай. Өздөрүн дүйнөгө тирөөч, өлбөс сезишкенин айт.
Бардыгы кырылып, алар гана тирүү кала тургандай... Дагы эмне дешти билбейм.
Мен – орусмун. Ушундан чарчадым. Өз өлкөмөн чарчадым. Анын үстөмдүк кылам деп тынымсыз жулкуна бергенинен чарчап бүттүм. Анын кекирейген улуулугунан чарчадым.
Анын ары жоктугунан, тирилигинин пастыгынан, караңгылыгынан, тунгуюк-жолсуздугунан чарчадым. Өмүр бою бирөөнү кууп ашып өтөм, бирөөнү тизгиндейм, бирөөнү бомбалайм дей бергенинен чарчадым.
Мен орусмун. Мен чарчадым.
Мен бир гана нерсени билем. Бул планетанын денесиндеги жара, аны дарылаш керек. Керек болсо хирургиялык жол менен кесип ыргытыш керек. Башка эч жерде, эч качан мындай балээ пайда болбош үчүн. ЭЧ КАЧАН!
Р.S. Бардык казактар орус маданиятынан тезирек айыгып кетишин каалайм.
Которгон Венера Акмат
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.