Кыскартылган түрдөгү бул маек 2003-жылдын 11-ноябрында «Независимая газетада» жарыяланган. Бирок ал төмөндөгү маекте басым койгон жагдайлар бүгүн деле мазмунун жогото электей...
– Сиздин көзкарашта, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка кандай тоскоолдуктар бар?
- Биринчиден, бул биздин өлкөлөрдү бөлүп турган аралык, ошондой эле белгилүү бир деңгээлде америкалыктардын көбү Өзбекстан жөнүндө маалыматы аз. Ошол эле учурда өзбекстандыктар Америка жөнүндө жетиштүү деңгээлде кабардар экенине көзүм жетпейт. АКШ жөнүндөгү элес-түшүнүктөрү негизинен телевизордон көргөндөрүнө көбүрөк негизделген. Бирок бул Американын карикатура түрүндөгү гана “теле версиясы". Ошондуктан Өзбекстандын эли Америка жашоосунун бардык татаалдыктарын жана нюанстарын толук түшүнбөйт деп ойлойм. Мындан тышкары, албетте, ортобузда маданий айырмачылыктар да бар. Америка иммигранттардын аркасы менен түптөлгөндүктөн, биз ар дайым түрдөнүп жана өзгөрүп турган коомбуз. А сиз тарыхый тамыры бар, маданий, диний жана этникалык шайкештик деңгээли тереңге кеткен коомдун өкүлүсүз. Бул айырмачылыктар өз ара тыгыз түшүнүү үчүн сөзсүз түрдө белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратат. Бул кыйынчылыктарды, өз ара байланыштарды кеңейтүү жана активдештирүү жолу менен гана баарын жөнгө салууга болот.
– Бул кыйынчылыктардан чыгуунун бирден бир жолу албетте, Өзбекстанда демократияны куруу. Бул процесстер кээде сынга кабылып келет. Демократия жолундагы Американын эки жүз жылдан ашык тарыхы бар, ал эми Өзбекстан бул жаатта абдан жаш. Заманбап Өзбекстанга демократия куруунун кандай формуласын сунуштайт элеңиз?
– Биринчиден, демократияны куруу – бул, албетте, ар бир өлкөнүн тереңдеги жеке маселеси, андыктан, демократияны түздөн түз бир өлкөдөн экинчи өлкөгө «экспорттоо» мүмкүн эмес. Демократия ар бир өлкөнүн тарыхый тажырыйбасына таянышы керек. Кылымдар бою топтолуп келген ар бир өлкөнүн маданий салттарын, философиялык жана диний баалуулуктарын өзүнө камтууга тийиш. Албетте, демократиянын өзүнө камтыган айрым жалпыланган принциптери, түшүнүктөрү бар, маселен: тандоо эркиндиги, сөз эркиндиги, саясый чогулуштарды өткөрүү эркиндиги, коомдун, өзгөчө мамлекеттин иш-аракетинде мыйзамдуулуктун сакталышы. Ошентсе да бир өлкөнүн демократиялык системасын экинчи өлкөгө өткөрүп берүү мүмкүн эместиги да талашсыз чындык.
Демократиялык система ар бир мамлекетте эволюциялык процесстердин негизинде калыптанууга тийиш. Демократия – бул тынымсыз жана үзгүлтүксүз өзгөрүү процесси. Кырк жыл мурун көптөгөн америкалыктар иш жүзүндө шайлоо укугунан ажырап келишкен, мен бул жерде ынды кара америкалыктар жөнүндө айтып жатам. Бул жетип турган дискриминация болчу. Ал эми сексен жыл мурун америкалыктардын жарымы добуш берүү укугуна ээ болгон эмес, анткени аялдар үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок болчу. Демек, америкалык типтеги демократия деле тынымсыз өнүгүп келе жаткан процесс. Андыктан Өзбекстанда жетимиш жылдык коммунисттик тоталитаризмдин жана 150 жылдык колониялык империализмдин кесепеттерин жоюу зарылчылыгы турат.
Демократияны өнүктүрүүгө дайыма колдоо көрсөтүп, кемчиликсиз конституциялык демократиянын формаларына акырындык менен өтүү абдан маанилүү. Бул үчүн керектүү инфраструктураны түзүү зарыл. Коомдук уюмдар эркин болууга тийиш. Саясый партиялардын ар түрдүүлүгү улуттук биримдик сезими менен бирге болушу керек. Бул абдан татаал процесстер. Аларды жөнөкөйлөтүү мүмкүн да эмес. Муну ишке ашыруу көп убакытты талап кылат. Ошондуктан, демократиялык институттарды курууга жакында эле мүмкүнчүлүк берилген өлкөлөр демократиянын өнүгүү деңгээлин баалоодо өтө этият болушу керек.
- Бжезинский мырза! Сиз “Эбегейсиз шахмат тактасы” китебиңизде Өзбекстанды аймактык лидердин ролунда негизги талапкер катары мүнөздөп, жалпысынан көптөгөн процесстерди болжолдопсуз. Дегеле Өзбекстандын келечегин кандай көрөсүз?
– Өзбекстандын келечеги көп жагынан бүтүндөй Борбор Азия аймагынын келечеги менен байланыштуу. Мунун өзү Өзбекстан үчүн ийгиликтүү заманбап жана өнүккөн мамлекетти куруу жолу абдан кыйын болот дегенди билдирет. Анткени Борбор Азияда диний же этникалык чыр-чатактар көп кайталанып турат. Мындан ары Борбордук Азияны мурдагы Советтер Союзунун беш мамлекетинин аймагы менен чектелген аймак деп айтууга болбойт. Борбордук Азиянын бүгүнкү концепциясы башкача болууга тийиш. Буга Ооганстан, Пакистан, Иран сыяктуу мамлекеттерди кошуу керек. Демек, бул аймактагы кыйла кеңейген туруктуулук азыр Өзбекстандын келечектеги өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир тийгизет. Эгер бул аймак дүйнөлүк экономикага карай натыйжалуу интеграцияга жетише алса, регион көбүрөк газ-түтүк, автомобиль жана темир жолдор аркылуу каттамдарын жогорулатса, анын ийгиликтүү өнүгүү келечеги кыйла жакшырат. Экинчи жагынан, бул аймакта улуттар аралык тирешүүлөр, ички чыр-чатактар, улуттар аралык кастык, диний фанатизм үстөмдүк кыла берсе, Өзбекстандын жакшы жолго түшөр келечегин алдын ала айтуу өтө кыйын. Ошондуктан Өзбекстан менен АКШнын аймактык туруктуулукту бекемдөө жаатында позициялары окшош эле.
Борбордук Азия жогоруда айтылган кагылышуулардан эркин аймак болушу керек жана кайсы бир колониялык мамлекеттин таасиринде болбошу зарыл деген позициябыз да окшош. Ушул эки учурда тең аймакта ички карама-каршылыктар, социалдык карама-каршылыктар күчөй баштайт, анын кесепети да жаман. Ошондуктан Өзбекстан-Америка кызматташтыгы Борбор Азиядагы туруктуулуктун эң маанилүү фактору жана аймактык прогресстин платформасы болуп саналат.
Которгон О`Шакир
Збигнев Бжезински – саясый илимдердин доктору. 1977–1981-жылдары президент Картердин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп иштеген. СССРдин жана социалисттик түзүлүштүн жакында кыйрап, коммунизмдин идеологиялык экспансиясынын таш талканы чыгары жөнүндө биринчилерден болуп көзү жеткен серепчи.
Ал постсоветтик мамлекеттердин көйгөйлөрүн, алардын тышкы дүйнө менен байланышын жана дүйнөлүк коомчулукка интеграциясын изилдеп келген окумуштуу. Анын эмгектеринин эң белгилүүсү «Эбегейсиз шахмат тактасы» китеби.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.