Татьяна Черниговская: Мээбиз тынымсыз иштеш керек

  • 10.07.2023
  • 3170

Эгерде биз диванда жарым жыл былк этпей жатсак, ордубузда турбаган бойдон калабыз. Эгер акылыбызга азык бербеген журналдарды окуп, кемчонтойлор менен баарлашып, жеңил-желпи музыкаларды угуп, маңызы жок фильмдерди көрө турган болсок, анда кептин баары өзүбүздө. Мээни тынымсыз иштете турган баш катырма сөздөрдү түшүнүүгө аракет кылууга тийишпиз.

Мээбизге оор тапшырмалар сөзсүз зарыл. Кимдир-бирөөгө жеңил көрүнгөн китеп, бирок сизге оор болушу ыктымал. Сиз түшүнө албаган фильмдер да болот. Демек, ойлонуңуз, талдаңыз. Же режиссёр эмне айткысы келгени түшүнүксүз, тишиңиз өтпөгөн спектакль көрсөңүз, талдап үйрөнүңүз. Мээбиз ошондо гана ишке салынат.

Татьяна Черниговская неврология, психолингвистика жана аң-сезим теориясы жаатындагы окумуштуу.

Материал https://web.telegram.org булагынан алынды.

Кыргызчалаган Бек Тамырлан

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз