Аида Кубатова: Улуу инсан жана анын кол тамгалары

  • 21.07.2023
  • 2962
  • 1

Баяндамада Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы жарык көргөн кыргыз тилиндеги араб арибинде жазылган, өлкөнүн абалы жана келечеги жөнүндөгү ой чабыттарын чагылдырган “Кыргызстан” деген чакан эмгеги тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Жусуп Абдрахмановдун “Кыргызстан” деген эмгеги тууралуу...

Жусуп Абдырахмановдун бүгүнкү күндө эл ичинде белгилүү болуп калган, бир кезде пенде катары сүйүү сезимине кабылып, бир чети үй бүлөсүн кыя албай, экинчи чети өзү белгилегендей “ыйык сезимин” кайда катарын билбей ички туюмун жазып, ошол эле учурда мамлекеттик жооптуу кызматты аркалап тургандыктан, өлкө тагдырын да кошо чагылдырган күндөлүгү учурда изилдөөчүлөргө дагы бир тарыхый булак катары кызыгууну жаратууда.

Күндөлүктү, анын кол жазмаларын, билдирүүлөрүн улуу инсандан калган баалуу улуттук тарыхый мурас катары сактап, элге жеткирүү иштери алгылыктуу жүрүүдө десек жаңылышпайбыз.

КР БМА Коомдук-саясий архивинде сакталган Жусуп Абдрахмановдун өмүр баяны

Ал өзү күндөлүгүндө белгилегендей, “даңктуу тарыхый доордун окуяларынын күбөсү” гана болбостон, ошол мезгилде болуп жаткан ар бир тарыхый окуяга, тактап айтканда 1916–1938-жылдардагы кыргыздардын Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнөн тартып, Кеңеш бийлигинин орношуна, Кыргыз советтик мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, калктын социалдык абалынын жакшырышына, экономикалык өсүшкө, элге билим берүүгө, маданиятка түздөн-түз салымын кошкон улуу инсан катары эсептесек туура болот. Мындай кыйын кезеңде Ж.Абдрахмановго колдоо көрсөтүшүп, анын лидер катары калыптанышына таасирин тийгизген кыргыздын интеллигенция өкүлдөрү – А.Сыдыков, Э.Арабаев, И.Айдарбеков, А.Орозбеков, К.Тыныстанов ж.б. да өлкө үчүн эбегейсиз зор иштерди жасашканы маалым.

Китепченин жазылышы

Буга чейинки улуу инсандын жарыяланган эмгектери, кол жазмалары бүтүндөй орус тилинде жазылган, алардын ичинен “Эркин-Тоо” гезит бетинен жарык көргөн бирин-экин чакан билдирүүлөрүнөн тышкары, бул китепче кыргыз тилинде жазылган жападан-жалгыз эмгеги. Албетте, анын бул эмгеги изилдөөчүлөр арасында белгилүү эле, бирок жалпы коомчулукка белгисиз болгон. Көпчүлүк улуттук интеллигенция өкүлдөрү сындуу эле Ж. Абдрахмановдун да араб арибинде жаза билиши кызыгууну жаратты. Анткени, анын эмгектерине кайрылган учурда мезгил талабына жараша орус тилинде өтө сабаттуу, жогорку деңгээлде жазылгандыгына күбө болобуз.

Алсак, Ж.Абдрахмановдун Сталинге каттары, күндөлүгү, докладдары ж.б. аны далилдеп тургандыгына карабастан, бул эмгек менен таанышууда Жусуп Абдрахмановдун кыргыз тилинде да мыкты жазгандыгы баамдалат. Чындыгын айтканда, бул эмгек менен адеп таанышкан учурда анын бул китепчени өзү жазгандыгы күмөн туудурган, анткени, Ж.Абдрахманов ошол учурда мамлекеттик эң жогорку аткаруу бийлиги болгон – Эл комиссар советинин төрагасы болуп иштеп тургандыгы, экинчиден, кыргыз тилинде жазылгандыгы... Бирок Күндөлүккө көз чаптырсак, “1928-жылы 8-октябрда... Октябрдын 11 жылдыгына карата “Кыргызстан” деген брошюра жазып баштадым. ЭККда (СНК) 11ге чейин отурдум. Үйдөн иштей албай жатам...”

Үч күндөн кийин, тактап айтканда, 13-октябрда “...Китепчемди бүтүрүп, басканга бердим”, – деп жазган.

Китепче 1928-жылдын 1-ноябрында жарыкка чыккан. Бул тууралуу ошол эле күндөлүктө Ж.Абдрахманов төмөндөгүдөй баяндаган: “Мага “Кыргызстан” китепчесинин басмадан жаңы чыккан нускасын алып келишти. Канчалык аны популярдуу (жеткиликтүү) кылып жасаганга аракет кылсам дагы брошюра оюмдагыдай болгон жок. Менде орусча ой жүгүрткөн анчалык туура эмес адат калыптанып калган жана ал брошюрада байкалып турат. Бул адаттан сөзсүз арылышым керек...” деп жазганы, улуу инсандын өзүнө сын мамиле менен карагандыгын тастыктап турат.

Ж.Абдрахмановдун китепчеси – өлкөнүн ал кездеги жетекчисинин жаштыгына карабай, ишке жоопкерчиликтүү мамилесин, ички бай жана терең туюмун, бийик интеллектисин тастыктап турат.

Жаш лидердин калыптанышы

ХХ кылымдын 20–30-жылдарындагы кыргыздын саясий элитасынын лидери тууралуу көптөгөн илимий изилдөөлөр, макалалар, эскерүүлөр жарык көрүп жатканына карабай, Ж.Абдрахмановдун өмүр таржымалы жөнүндө кыскача маалымат берүүнү туура көрдүк. Жусуп Абдрахманов (1901–1938) Күңгөй Ак-Суу болуштугунун болушу Абдрахмандын (документтерде – Абдраман Балпан уулунун) үй бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Балпан Өтөгөн уулу да 1900-ж. айылдын бийи болгон. Анын манаптын же падышалык Россияга кызмат өтөгөн төбөлдүн уулунун ушундай денгээлге жетиши, өзү күндөлүгүндө жазгандай: “манаптын эрке уулу, малчы, батрак, Кызыл армия менен гвардиянын катардагы аскери, комсомолдун уюштуруучусу, артта калган аймактардын айылдарында партиялык ячейканы уюштуруучу ж.б. жыйынтыгында – Кыргызстандын ЭКС төрагасы жана Союздук БАК Президиумунун мүчөсү. Мунун баарына мен талбаган татаал күрөштүн артында жана жалгыз жеттим...”.

Ушундай улуттук лидердин калыптанышына же анын бийик улуттук аң-сезиминин калыптанышына кандай себептер болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Ар бир инсандын калыптанышына мезгил, андагы окуялар жана айлана-чөйрөсүнүн таасири чоң.

Ал билимди алгач Сазановкадагы (азыркы Ананьев айылы) орус-тузем мектебинен алган, кийин окуусун Караколдогу шаардык жогорку башталгыч окуу жайынан (төрт класстык деп айтылган, бирок окуу алты жылга созулган) уланткан. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнөн кийин ал көпчүлүктүн бири болуп, эл менен Кытайга качкан.

Ашуудан эң жакын жети тууганынан айрылып, бөтөн жердин азабын башынан кечирип, 1917-жылы мекенге кайра кайткан. 1918-жылдан кызыл гвардиячылардын катарына кирип, кеңеш бийлигин чыңдоого катышат. Верный (Алматы) шаарында командирлик курста окуган, Түркстан комсомолдук жаштардын бюросунун президиумунун, Жети-Суу областтык Уюштуруу бюросунун мүчөсү болгон.

1920-жылы Москвада өткөн Бүткүлорусиялык жаштар союзунун (комсомолдун) III съездинин делегаты болуп, анда В.И.Ленин менен жолугушуп, пикир алышкан. 1925-жылы Бүткүл союздук коммунисттик (большевиктер) партиянын Борбордук аткаруу комитети тарабынан Персияга (Иран) СССРдин Башкы консулдугуна, Мешхед шаарына  иш сапар менен келгендиги анын жаштыгына карабастан, Союзда кадыр-баркы жогору экендигинин дагы бир далили.

Өздүк иши менен таанышкан учурда 1922-жылы анын өз колу менен толтурулган баракчадагы кайсы тилдерди билери жөнүндөгү графада – кара-кыргыз, ошондой эле орус жана татар тилдеринде эркин сүйлөй алам деп жазылат, он жылдан соң 1932-жылы 31-майда ошондой эле графага өзбек, казак, орус тилдерин да билерин белгилеген. Алгачкы жазганынан бул улуу инсандын ошол мезгилдеги жаңы усулда окуткан мектеп-медреселерден билим алышкан – Эшенаалы Арабаев, Акматбек Койбагаров, Ыбырайым Абдрахманов, Каюм Мифтаков, Абдырайым Чункелеев ж.б. сыяктуу көпчүлүк алдыңкы агартуучулар, коомдук ишмерлер сыяктуу эле орус тилинен тышкары, жалпы эле түрк тилдүү элдердин тилдерин да билгендигин көрсөтүп турат.

Бул көрүнүш Совет бийлиги орногонго чейин ХХ кылымдын башында түрк тилдүү жалпы мусулман элдерине мүнөздүү көрүнүш болгон жана алардын биримдигинен кабар берип турат. Жусуп Абдрахмановго ошол мезгилде коомдук аң-сезимди өзгөртүүгө багытталган, алгач агартуучулук, кийин саясий кыймылга айланган жадидчилик кыймылынын өкүлдөрүнүн да таасири тийген.

Кийинки табылган маалыматтарда же болбосо 1925-жылы 26-мартта толтурган өздүк баракчасында европалык жана мусулманча билим алгандыгын (эски усулда окутуучу мектепте окугандыгын) жазган. Бул биз үчүн дагы бир маанилүү жаңылык болду, анткени буга чейин орус-тузем жана башталгыч окуу жайын бүтүргөн деп гана берилчү. Мындай факторлор анын жаштыгына карабастан, лидер катары калыптанышына негиз болсо, кийин мамлекеттик саясий жооптуу кызматка – 1927-жылы 26 жаштагы Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССРинин Өкмөтү – Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп дайындалып, такшалган мамлекеттик ишмер катары Кыргызстанга гана эмес, Союзга таанылган учурунда Борбордогу саясий ишмерлер менен өтө жакындан кызматташуусу аны саясий жактан такшалдырган.

Ошондой эле бул кызматташуулар жана анын өтө чечкиндүүлүгү аркылуу алгачкы ГЭСтердин, темир жол бутагынын, өнөр жай объектилеринин ж.б. курулушу ишке ашкан.

Жусуп Абдрахмановдун чыгармачыл жогорку маданий чөйрөгө Мария Натансон аркылуу кошулуп калышы, анын интеллектисинин өсүшүнө, маданиятты, адабиятты, искусствонун шедеврлери менен таанышуусуна өбөлгө түзгөн.

Ж.Абдырахманов саясий ишмер гана эмес, Кыргызстандын тарыхына алгачкылардан болуп кызыккандардын бири. Ал 1916-ж. көтөрүлүштүн тарыхый мааниси тууралуу 1926-жылы “О восстании 1916 года. По поводу статьи т.Меницкого” деген көлөмдүү макаласын жарыялаган, анын аракети менен чыгыштаануучу, академик В.В.Бартольд “Кыргызы. Исторический очерк” деген эмгекти жараткан.

Жусуп Абдрахмановдун агартуучулук маселесине кайрылышы же жадидчилик кыймылы

Ж.Абдрахманов “падышачылыктын жеке эле чет жактагы элдерден гана эмес, великорусстардын төмөнкү катмары болгон жумушчу-дыйкандарынын да агаруу, билим алуусунан да корккондугу белгилүү...”– деп жазып келип, “падыша өкмөтү чет жакалардагы элдердин маданий өсүшүнө залдарын көп тийгизди” – деп көрсөткөн. Ал билим берүүнүн тарыхына токтолуп, оторчул бийликтин эч кандай билим берүүгө жарабаган диний мектептерге эрк берип, ал эми дүйнө илим-билиминен кабардар кыла турган жаңы усулдагы мектептерди куугунтуктагандыгын, орусташтыруу максатында жергиликтүү орус-тузем мектептерин ачышкандыгын көрсөткөн.

Чындыгында эле ХIХ кылымдын аяк ченинде Волга боюнда жаралган жадидчилик (арабдын “жаңы” деген сөзүнөн алынган) кыймылы Түркстан аймагына да жайыла баштаган. Жадидчилер аракеттерин алгач агартуучулуктан баштап, бара-бара коомду түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган коомдук-саясий кыймылга айланган. Октябрь революциясынын алдында айрым маалыматтар боюнча Түркстан аймагында 100дөй жаңы усулда окутуучу мектептер (Курандан жана дин сабактарынан тышкары, кадимки предметтик сабактар да окутулган) болсо, Кыргызстанда 30га жакын мектептер ачылган. Жаңы усулдагы мектептердин ачылышына орус бийлиги да, эскиче окуткан кадимчилер да каршылык көрсөткөн.

Бул тууралуу Ж.Абдрахманов "Предвестник Октября (к 15-летию восстания в Киргизии в 1916 году)” деген макаласында: “кыргыз айылдарында жаңы усулдагы, б.а. табият таануу, география, тарых ж.б. окутууну киргизген мектептерди Борбордук Россиянын жана анын башка аймактарында уюшулган революциялык уюмдардан да аёосуз куугунтукташкан”, деп жазган. Бирок кыргыз жергесинде бул жаңылык көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, Шабдан Жантай уулу, Канат Ыбыке уулу, Дүр Сооромбай уулу, Сагаалы манап ж.б. өз каражаттарына мектептерди салышып, мугалимдердин маяна-акысын төлөп турушкан.

Мындай көрүнүш кыргыз элинин менталитетине тиешелүү; жаңы нерсени бат кабыл алып, аны колдоо алгылыктуу сапаттарынын бири болгон жана бул көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин уланууда. 

Белгилей кетчү нерсе, автордун айыл-кыштак тургундарынын 6 жаштан тартып караганда, алардын 92,2%ын сабатсыз деп көрсөтөт. Бул биз үчүн өтө маанилүү көрсөткүч, анткени, кеңеш бийлиги орногонго чейин сабаттуулардын көрсөткүчү ар кандай айтылып, айрымдары 0,05%, кээде 0,005% деп да көрсөтүлүп келген. Анткени, акыркы изилдөөлөргө, тактап айтканда, А.Жаманкараевдин маалыматтарына таянсак, ал статистикалык маалыматтарды эсептеп чыгып; “Кыргызстан боюнча 60 миң сабаттуу кыргыз болгон. 1914-жылы кыргыздардын саны 770,1 миңге жеткен. Демек, революцияга чейин Кыргызстандын сабаттуулугу 7,8% болгон” деген жыйынтыкка келген. Бул жерде Ж.Абдрахманов менен изилдөөчү А.Жаманкараевдин маалыматтары дал келгендигин белгилей кетүү абзел.

Агартуучулар Совет бийлиги тушунда да ишмердүүлүгүн улантышкан

Жергиликтүү элдин алгачкы интеллигенция өкүлдөрү – Э.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Данияров, С.Карачев, алгачкы тарыхчылар О.Сыдыков, Б.Солтоноев ж.б. алгач билимди жаңы усулда окуткан мектептерден алышкандыгы белгилүү. Алар кийин кеңеш бийлиги орногондон кийин да бардык аракеттерин, күчүн элдин жаркын келечегине арнап, илим-билимдин, мамлекеттүүлүктүн башатында турушкан.

Кыргызстанда 1928-жылга чейин араб арибинде окуп-жазып, эмгектерди жаратып келишкен. Мисалы, “Эркин-Тоо” чыкканга чейин эле Түркстан БАКнын (Борбордук аткаруу комитети) органы катары жумасына эки ирет басылып турган 12 миң даана нускада “Ак жол” гезитине (1920–1925) Э.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Данияров, О.Алиев үндөө макалалары менен чыгышкан. Мисалы, 1921-ж. Б.Данияров “Кыргыз азаматтарына” деген макаласында кыргыздардын жалпы санын тактаганга аракет жасап, кайсы аймактарда, кайсы уезддерге караштуу, Кытайда канча кыргыздар бар? сыяктуу соболдору менен элге кайрылган. Ошол учурда кыргыз айыл-кыштактарында да сабаттуу адамдар болгондугуна ишенген автор макаланы аяктап жатып, бардык азаматтарыбызды “Ак-Жол” аркылуу элге тааныталы” деген чакырык жасаган. Муну менен ал жер-жерлердеги кыргыз жаштарын кабар жазып, активдүү болууга үндөгөндүгү таасын байкалып турат.

Ушундай эле мааниде 1921-жылы О.Алиев “Казак-кыргыз жаштарынын азыркы жана мурдагы абалы”, Э.Арабаевдин “Кыргыз шакирттери” (1921), 1924-жылы “Казак-кыргыз институтунан эмне күтсө болот?”, “Кара-кыргыз алданбайт”, “Сынтакканда”, “Биздин кыргыздар кандай орун алат”, 1923-ж. “Шолпан” журналына “Байкаган” деген каймана ат менен “Эсиң барда, этегиңди жап” деген макалалары жарыяланган. Жогорудагы макалалар менен таанышкан учурда кыргыз саясий элита өкүлдөрүнүн кыйын кезеңдерде элдин мүдөөсүн, өз алдынча өлкө болуу идеясын, улуттук кызыкчылыктар жөнүндөгү маселелерди көтөрүшүп, “Эркин-Тоо” гезити чыкканга чейин эле басма сөз беттеринде жарыялап турушкандыгына күбө болобуз жана мындай иш чаралар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу экендиги талашсыз.

“Кыргызстан–Швейцария”

Ж.Абдрахмановдун “Кыргызстан” аталышындагы эмгеги “Жер жүзүнүн жалчылары бириккиле!” деген чакырык менен башталат. Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөрдүн арасында талаш жараткан анын аты ар кандайча жазылышы жана айтылышына (Юсуп, Усуп) автордун өзү аты-жөнүн бадырайтып эле Жусуп Абдракман уулу деп жазгандыгы чекит коёт деген ойдобуз. Китеп менен таанышууда терминологиялык маселелер, тилдик өзгөчөлүктөр да байкалат. Мисалы, автор товарды “мал” деп берип, “чийки мал” (“жүн, тери-терсек мал” деп өзү түшүндүрмөсүн жазган), “өндүргөн мал” (“өнөр жай товарлары”) деп бөлгөн.

Колония, колониячыл деген сөздөрдү да пайдаланып, айрым жерлеринде “отор”, “оторчул” деп да которгон. Россияны “Орусия”, жаңы усулдагы мектептерди “жаңы тартиптүү мектептер”, статистиканы “эсеп алуу иши”, советти “кеңеш”, жер-суу реформасын “жер-суу төңкөрүшү”, түстүү металлды “өңдүү металл”, пудду “бут”, темир жолду “от араба жолдору”, заводду “зоот”, социалисттикти “социалдык”, кооперативди айрым жерлерде “кеперетиб”, согушту “уруш” деп жазган. Ал маалыматтарды “уруш башталганга чейинки” деп, 1914-жылдагы Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки маалыматтар менен салыштырган. Эмгекте кездешкен айрым терминдерди карап чыгып, аларды күндөлүк турмушта да пайдалансак болчудай.

Кыргызстан” китепчесинин биринчи жана акыркы беттери. 1928-ж.

Китепчеде он бир жыл аралыгында Кыргызстандын айыл чарбасы, өнөр жайы, агартуу, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактардагы өнүгүүнү, ошону менен бирге кемчиликтерди жана аларды кантип жоюу керектигин далилдүү фактылар жана цифралык салыштырууларды өтө чебер пайдалануу менен чагылдырган. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө уруучулдук мамиленин кедергиси тийип жаткандыгын жана “республика элинин көпчүлүгү түшүнбөгөн тилде иштөөчү аппарат, ошол эл үчүн жат болушун койо албайт, ушуну эске алып, Кыргызстан өкмөтү аппаратты улутташтыруу ишин үч жыл ичинде бүтүрүү керек”, деп белгилеген.

Ж.Абдрахманов эмгегин: “англичандар Кыргызстандын бир району болгон Каракол кантонун “Азиянын Швейцариясы” деп аташат. Бүгүн Кыргызстандын өзүнүн табигый-географиялык шарттарына караганда, Швейцария болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ошентип, он бир жыл илгери падышачылык жана орус байларынын отору болгон Азия Швейцариясынын ордунда, Ыраакы күн чыгыштагы өзгөрүш абанпосу (илгери жактагы кароолу) болуп кеңештер союзунун социалдык (социалисттик) Швейцариясы бекип да жатат. Анын аты автономиялуу Кыргызстан социалдык кеңештер республикасы” деген сөздөр менен аяктаган. Муну биз кыргыздын чыныгы мекенчил, даанышман мамлекеттик-саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун өлкөбүздүн келечеги тууралуу муундан-муунга айтылчу улуу керээзи катары кабыл алсак.

Оренбург шаарынын Набережная көчөсүндөгү Жусуп Абдрахманов өмүрүнүн акыркы жылдарында жашаган үйү.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Майрамбек Деркенбаев

    Кочкордогу Кара-Күнгөй айылында1910 -жылдары жаңыча мектеп ачып балдарды окуткан Ыйманбай Орозалы уулу ( Иманбай Орозалин) деген болгон. 1911-жылы Ыйманбай Орозалы уулунан билим алган алгачкы мугалим Ленин орденинин ээси Раманов Асылбек деген мугалим " Бизди 1911-жылы Ыйманбай Орозалиев деген имам окутуп калды. Ал медреседе балдарга Жагрофия ( География), Хесаф ( Математика), Хайбанат ( айбанат) сыяктуу сабактарды окутуп, орус падышасы Петр – 1 нин сүрөтүн илип койчу. Өзү бизге орусчадан аз-маз сабак берип, "теңчилик заман болот ", "Кепаратив болобуз" -дейт эле. Ал орусча кийинип жүрө бергенден, эл “чокундук” деп, “Орозалынын чокундугу” аталды. 1914-жылы байлар согушка жөнөтүп кутулушту. 1922-жылы Алма-Атага мугалимдер сьездине барсам баягы мени окуткан мугалим Ыймамбай казак-кыргыз аскер комиссарынын орун басары экен. Ал мага бай-манаптар менен кантип күрөшүүм керектигин үйрөттү. Келгенде Турганбай Мендабаев деген миң башыны, Акулу Жалгаев, Миңбай сыяктуу байларды кулакка тарттык деп эскерген. Ыйманбай Орозалин 1917-жылы фронттон келип жазуучу Бөрүбай Кененсаринге Ленин, Маркс, Энглис, большевиктер партиясы тууралуу айтып, ага таалим берген ( Б.Кененсариев Убактылуу өкмөт) Ал 1922-жылы Казак_кыргыз аскер комиссарынын орун басары, Копал ( Талды_Коргон) райкомунда 1-секретар болгон экен. Айдакеев Шаршенаалы деген аксакал Ыйманбай бизди 1916-жылга чейин окутуп, "Искра" деген гезитти " учкун" деп окуп берчү. Ленинди тааныйм дейт эле. 1922-23- жылдары болсо керек, Турганбай болушту кулакка тартып, мага анжиан ээрин алып берген.Мага -" Сени кайра бир келгенде ичкериге алып барып окутуп, киши кылам. Кайра келемин.Биз кыргызды, казактан бөлүү боюнча иш жүргүзүп жатабыз" -деген эле. Ошону менен катпай калды. Ошол кеткенден кийин Алматыда Кудайкулов дегендер, аялы аркылуу уу бердирип жайлаптыр. Аялы татар же орус болот эле. Ал кезде шарт жок туугандары бара албай,сөөгү ошол жакка коюлду -деп эскерген. Азыр Ыйманбай Орозалин тууралуу билген киши жок. Жадид окуусун окутуп, Эшенаалы Арабаевдер сыяктуу кыргыздын алдыңкы инсаны Ыйманбай Орозалиев келечекте изилденээр

Комментарий калтырыңыз