Лариса Кудаева: Жапондордо бала тарбиялоо принциптери

  • 06.08.2023
  • 6688

Жапондук тарбия системасы көпчүлүк орус үй-бүлөлөрүнө жагат. Баланы адептүү, токтоо, эмгекчил жана тартиптүү кылып тарбиялоо идеясы орус ата-энелерине абдан жагат. Эмесе “Икудзи” түшүнүгүнүн негизги сырларын үйрөнөлү.

Жапонго келген чет элдик туристтер көбүнчө жапон балдардын жүрүм-турумуна таң калышат. Алар батыш балдарындай ызы-чуу кылышпайт, чыр-чатак чыгарышпайт, жүрүм-туруму жетилген, европалык тең чамалаштарына караганда эркин болушат.

Интернеттен жапондордун реалити-шоусун көрсөңүздөр болот. Апасы баласын жашоосундагы алгачкы тапшырманы аткаруу үчүн жөнөтөт. Беш жашар бала эки жаштагы карындашын колунан жетелеп, шаарга азык-түлүк алганы барат. Албетте, дүкөнгө баруу унутулгус окуялар менен коштолот. Бала кошуна короодогу балдар менен таанышат, андан соң сумкасын жоготуп алат. Ал аз келгенсип апасы буйрутма берген азык-түлүктөрдүн тизмесин унутуп калат. Бирок карындашы экөө картөшкө, киви, нан азыктарын сатып алышат. Андан соң адашпай, аман-эсен үйлөрүнө кайтышат. Ал эми биздин өлкөдө ата-энелер балдарын өспүрүм куракка чейин мектепке, сабакка, түрдүү курстарга ташышат, бул баарына жетишүү үчүн эмес. Биз уул-кыздарыбызды өтө эле кичинекей деп ойлойбуз, аларга өз алдынча болууга шарт түзбөйбүз, ишеним бербейбиз.

Анда Күн чыгыш өлкөлөрүндө балдарды тарбиялоонун сыры эмнеде?

Жапон балдары тең укуктуу тарбияланышат

Жапондор теңдик принцибине ишенишет, бардык адамдар кандай үй-бүлөдө төрөлгөнүнө карабастан бирдей, тең укуктуу. Мисалы, социалдык абалы жогору жашаган балдар менен карапайым үй бүлөнүн балдары бир мектепте окушат, ар кандай иш-чараларга чогуу катышат. Аларда жеке өзү үчүн гана эмес, өзүңө тең чөйрө үчүн да жоопкерчилик сезим (башкача болушу мүмкүн эмес) түшүнүгү бала кезинен калыптанат. Башка адамдар да сиздей сезимде экенин түшүнгөндө гана толук кандуу адам боло аласыз: алар да оорушат, кайгырышат, коркушат жана кубанышат.

Жапон мектептеринде социалдык диспропорция жок: эч ким башкалардан жогору же төмөн эмес. Атаандаштык түшүнүгү жок. Эч кимди үлгү катары көрсөтүшпөйт, бирөөнү кемсинтишпейт. Эгер кимдир бирөө математиканы начар билсе же музыкалык жөндөмү жок болсо, ата-энесин мектепке чакырып жемелешпейт. Спорттук мелдештерде көбүнчө достук же команда жеңет.

Байланыш мыйзамдарынын бири: жаныңыздагы ар бир адамга жылуу мамиледе болуу. Айтмакчы, жапондор өздөрүнүн жүрүм-туруму боюнча эч качан бай менен кедейди, интеллектуалдуу же жөнөкөй адам деп айырмаланбагандыгы чет элдик өнөктөштөрдү таң калтырат.

Улуулар жаш балдарга жеке үлгү көрсөтүү менен ар дайым ар кимге жылмайып жүрүүгө үйрөтүшөт – бул Күн чыгыш өлкөсүнүн жашоочуларынын социалдык милдети. Жылмаюу – жапондордун жарым аң-сезимдүү кыймыл-аракети жана адам эч ким менен сүйлөшпөсө да жылмайып жүрөт. Ошондой эле жапондор баланы кичинекейинен эле башкалардын тынчтыгына доо кетирер эмоцияларды билдирүүдөн алыс болууга үйрөтүшөт.

Эне менен баланын жакындыгы

Жапон аял баласын көтөрүп бардык жакка барат: чачтарачка, дүкөндөргө, достору менен жолугушууга ж.б. Жаш энелер баланы коляскага салып түртүп жүрүшпөйт, алар ар дайым баланы көтөрүп алышат. Эне менен баланын ортосундагы тактилдик сезимдер балага келечекке ишенимдүү караганды үйрөтөт деп ойлошот. Апалар көбүнчө ымыркайы менен бир төшөктө укташат.

Жапондордун менталитетин “амаэ” деген сөз менен түшүндүрүүгө болот, аны “башкалардын боорукердигине көзкаранды” же “башкасынын боорукердигине көзкаранды жана ага таянуу” деп которсо болот. Бул түшүнүктүн башка тилдерде так эквиваленти жок. Балдар ата-энелерине, жаштар улууларга, ал эми коомдун улгайган мүчөлөрү чоңойгон балдарга таянышат. Бирок бул көзкарандылыкты жогоруда айтылган көзкарандысыздыкка каршы коюунун кереги жок. Алыстагы бала апасына «ишенип таянат», ага эч нерсе болбойт деп ишенет. Балким буга шаарга беш жашар бала карындашы менен базарга барганы мисал боло алат.

«Амаеру» дегендин уңгусу «жылуулук» деп которулат жана баланын апасы менен болгон мамилеси «амаеру», башкача айтканда, түбөлүктүү жылуулукту сезүү. Тарбияда мунун сыры терең. Бала наристе кезинде энесинин мээримин, жылуулугун сезсе, дүйнөгө оңой ачыларын батыш психологдору эчак аныкташкан. Ал эми тескерисинче, эгер ал керексиз экенин сезсе, апасы аны өзүнөн алыстатса, бала дүйнөгө азыраак ишенет, демек, ийгиликке жетүү жана коомдо ордун табуу кыйынырак.

"Балдарды окутуу жана тарбиялоого багытталган философия "икудзи" аталат. Ал байыркы салттарга негизделген маданияттын бүтүндөй оригиналдуулугун чагылдырат. Тарбияга болгон мамиле баланын жашына жараша аныкталат: бала беш жашка чейин – Кудай, бештен кийин – Кул».

0 жаштан 5 жашка чейинки бала Кудай

Балада кичинекей кезинен эле аны баары жакшы көрүшөрү, ал сүйүмдүү бала экендиги тууралуу түшүнүк пайда болот. Беш жашка чейинки наристе өзүн императордой сезет, ага бардык нерсеге уруксат берилет, дайыма көңүл бурулат. Эне ага "ысык", "оорутат", "коркунучтуу" деген сөздөрдү гана колдонот. Кызыгы, баласынын жыгылып, жараат алганы үчүн өзүн күнөөлүү сезет. Жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Ал көз жаздымда калтырып, колдоо көрсөтпөгөнү, ошол эле секундда аны кармап калбаганы үчүн баласынан кечирим сурайт. Ал эми орусиялык апа кызына же уулуна "жыгылганы үчүн, түз баспайсың, өзүң күнөөлүүсүң" деп кыйкырып, урушат.

Жапондор балдарына үнүн көтөрүп сүйлөшпөйт, насаат айтышпайт, эч кандай физикалык жазага тартышпайт. Аларда максималдуу эскертүү: "Мындай жүрүм-турумуңду уланта берсең, баары сенден жүзүн бурат" дешет.

Жапондор билимдүү сылык адамдар гана дүйнөгө позитивдүү мамиле кыларын айтышат. Бала энесине ишенет, азыраак чатак чыгарат, талап коё билет, ачууланбайт. Бул ыкманын карама-каршылыгы – тарбиялоонун катуу принциби, ал нааразычылыкты күчөтөт.

6 жаштан 15 жашка чейинки бала – Кызматчы

Өсүүнүн экинчи этабында ата-эненин мээрими өзгөрбөйт, бирок бала коомго аралашууга муктаж болгондуктан, коомдун катуу эрежелеринде тарбиялана баштайт. Ушул жаштан баштап «император» «кызматчыга» айланат.

Алты жаштан баштап балдар мектепке барышат, ал жерде аларды катуу эрежелер менен жашоого үйрөтүшөт жана алар команданын бир мүчөсү болушат. Жапон балдары өспүрүм куракта эмне жакшы, эмне жаман экенин, коомдо өзүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөнүшөт. Команданын муктаждыктары жеке кызыкчылыктардан жогору турат. Балага өзүнүн индивидуалдуулугун сезүү жапондордо коомдук мамилелердин жалпы кабыл алынган модели – командалык оюн. Буга балдарды мектеп курагында үйрөтүшөт.

Уулунун же кызынын энеге жакындыгы чоң мааниге ээ, бала, апасын капа кылгысы келбейт, мындан улам, ал туура жашоо чечимдерин өз алдынча издей баштайт.

Өспүрүм 15 жашка чыкканда аны менен тең укуктуу баарлаша башташат. Бейрасмий түрдө бул курак бойго жеткен курак катары эсептелет. Жана бала өз иш-аракеттери үчүн жооп бере алат. Бул жаштан баштап жапон кыздары жана балдары өздөрүнүн жашоо образын, кийимдерин, кесибин, өнөктөшүн өз алдынча тандашат.

Эреже катары, бала кезинде калыптанган жүрүм-турумдун эрежелери, принциптери жана философиясы өмүр бою негиз болуп саналат.

ҮЛГҮ

Психологдор жапон жана европалык балдарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ болгон үй-бүлөлүк тажрыйба жүргүзүп, апаларга балдардын конструктору берилди. Жапон өлкөсүнүн апасы балага анын кантип жасалганын көрсөтүп, аны алгач өзү чогулта баштайт. Чогултуп бүткөн соң ажыратып, баласын кайра чогултуп чыгышын суранган. Бала аны кантип чогултуу керектигин түшүнгөнгө чейин, апасы чыдамдуулук менен конструкторду чогултуп, чачып көрсөткөн.

Бул учурда европалык апа уулуна конструкторду кантип чогултуу керектигин сөз менен түшүндүргөн. Ал бардык аракеттерди бала өзү аткарышы үчүн оозеки көрсөтмөлөрдү айткан. Батыш энеси жапондордон айырмаланып, кээде ымыркайдан эмне талап кылынарын түшүнбөгөнү үчүн ачууланып, урушкан.

Бул тажрыйбанын тыянагы Күн чыгыш өлкөсүндөгү эненин пайдасына чечилген: жапондор жеке үлгү көрсөтүү балага тарбия берүүнүн эң мыкты жолу дешет. Жана алар бул ыкманы кылымдар бою колдонуп келишет.

Материал https://www.wday.ru/ булагынан алынды.

Которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз