АҢГЕМЕ
Далай шаарлардын небир атактуу дүрдүйнө дүкөндөрүн көрдүм, жасалгалары, кооздолушу, жайгарылышы, баарыдан да адамдын сугун ойготкон жаш айымдары тим эле ичи коюнуңа кирип имерилип, эмне алат элеңиз деп, мынакей көрүңүз деп, сылыктыгын айтпа, эпчилдигин айтпа, сага малай боло калганга мына азыр эле даяр өңдөнүп, кааласаңыз өзүмдү кошуп бүт дүрдүйнө дүкөндү сатып алып кетиңиз дегенсип, эгерим эле бирдеме алаарыңды чындап сезип калса, жаныңды койбой тоорулуп, арбап, тим эле пейили чечилип, анан сен жибип кетсең, соода кылып койгон соң, кайра байкалбай суз тартып, сууланган атыр самындай булт дегиче жылмышып, кайра кармалбай койгону жаман, ал үчүн дагы бир неме алышың керек, дагы кызылдай акчаңды калтырышың керек, айтор, соодаң бүтөрү менен алардын мамилеси да кошо соолот, мына ушундай, бирок дүйнөдө Султанбай байкенин дүкөнүнө жеткен адамкерчиликтүү дүкөндү көрө алган жокмун, дүкөнчүлүк ушу Султанбай байке менен кыязы бүткөн окшойт, кайран гана Султанбай байкенин дүкөнү, кайда жүрбөйүн эстейм, кайран кишини!
Биз анда балакай болчубуз, он чакты балакай чогулуп алып, велосипед менен бир айылдан экинчи айылга «айттачубуз»; бир заматта эле жарышып, кадим топ-топ болуп зыпылдап учуп келген чабалакейдей жетип барып, дүкөндүн оозуна токтоп, тыйындарыбызды чогулта коюп, же лимонад, же бир таттуу алып, аны бөлүштүрүп, анан дагы башка айылга зуу коюп кетип калчубуз. Биз, ошо кездеги балдар, ушинтип жыргачубуз, эл көрүп, жер кыдырып келгенсип, дердейип калчубуз.
Ал эми Султанбай байкенин дүкөнү эмнегедир эки чоң кыштактын дал ортосунда болучу, тээ сайда ГЭС бар деп айтышчу; ал жерде үч-төрт эле жатакана сыяктуу салынган узун тамдар бар эле, ал үйлөрдө такай кирлер жайылып турчу, берки калың чийдин четинде Жумагул байдын тегерек куйрук кара койлору жана ээр токумчан таргыл күрөң өгүзү оттоп жүрчү, анын бери жагындагы калың чийде анын кара кемпири эстеликтей болуп козголбой мал көздөп олтурар эле, ушинтип эл келбегенине карабастан ары өткөн, бери өткөндөрдү Султанбайдын дүкөнү кабыл алып жана кайра узатып турчу.
Биз адетибизче эдиреңдеп велосипедибиз менен ара жолдо жарышып келе жатканбыз, анан Мокейдин дөңгөлөгү жарылып калбаспы, аны чаптап, желин үйлөтүп кайра куюндап жөнөгөнчө эле жайкы күн жаш баладай эмеспи, нөшөрлөп жаап ийсе болобу, аргабыз жок, дүкөнгө тез жетип, анда корголодук; анан чогултуп бирдеме алалы дедик, дүкөн ачык, дүкөнчү жок; күттүк, дүкөнчү жок, кол менен каккыладык, дүкөнчү жок, сыртка чыгып кеткендир деп кирип-чыгып дагы күттүк, анан тыңшай калсак, тээ ички склад бөлмөдөн жарыктык коңурук угулуп жатпайбы, бирок балдардын кажы-кужусуна, ызы-чуусуна, күндүн күркүрөгөнүнө, жаандын шатырап төгүлгөнүнө, анан калса дүкөндүн эшигинин ачыктыгына карабаган бу эмне деген коңурук, анан биз ошо коңуруктун дарбазасына чейин кирип барбадыкпы, калп эле жөтөлбөдүкпү, жер тепкилеп көрбөдүктү, ышкыргандар да табылбадыбы, бирок кайран коңурук биздин аракетти бир тоготуп койсо гана; кадимкисиндей, тээ болгон күчүн үрөп, паравоз келе жаткандай түпкүрдөгү коңурук дагы эле уланып жатпадыбы!
Анан коңуруктун дарбазасын ачпадыкпы, эски темир керебетте кайран гана коңурук, эки бутту эркинче сунуп коюп, көзүнө чий калпакты кийип коюп, кудай-теңирин тааныбай, тээ ичеги-карындан берки капчыгайды артып келип, епкө-жүрөктөн берки демди сүрүп келип, анан узун мурундун нак кашатынан бул укмуштуу коңурук башталып жатпайбы, склад караңгы экен, бир гана коңурук угулат; эшикти ачаарын ачып, коңурук чыккан караңгылыкка даабай туруп калбадыкпы, кокус коңурук чыккан мурундун кашатынан карышкыр кол салса канттик, кокус жезтумшук чыкса эмне кылдык, көрсө дүкөндүн эшигин ачык таштап, ушу коңурук кароолчу болуп кайтарып жаткан тура, чын эле биз коркуп кеттик.
Бул жерден кеткибиз келди, бирок жаан жаап жатпайбы, тигинтип момпосуйлардын түрлөрү жайнап турбайбы, балдар чогулткан акчабызга таразага тартып момпосуй ала бербейлиби дешти, коңурук карап турбайбы, биз алдамак белек, жок күтөлү жаан басылгыча дедик бир даарыбыз, бирок көздөрү жайнап бизди карап турган момпосуйларды кыйбай кеттик; акчабызды санай коюп, ала турган момпосуюбузду таразага тарта баштадык, мына таразанын ташы аз канча конфетке оодук болгон кезде баягы коңурук угулбай калса болобу, жаныбыз чыгып кетти, эшикти көздөй дүрбөп качып жөнөдүк, анан кайра коңурук башталды, же момпосуйду, же кайра дүкөнгө кирип тиги чогулткан тыйыныбызды ала албай айлабыз кетпедиби, сен ал, мен ал болуп, жаанда шөмтүрөп, сыртта калдык; коңурук эми ышкыра баштабадыбы; анан Мокей эр экен, Султанбай дүкөнчүнү мен тааныйм, мен анын коңуругун бузам, мен ойготом дебедиби, бирок ар бириңер бул эрдигим үчүн бештен момпосуй мага төлөйсүңөр, баардыгы элүү момпосуй мага карыз болосуңар, же антпесеңер коңурукка өзүңөр баргыла дебедиби!
Макул болдук, сегиз момпосуйдун бешөөнү Мокей зыкымга бере турган болбодукпу, Керимбек ошондо эле эсепчи эмес беле, ал кудай жалгап Эркинди, Калыкты, Үсөктү, Кубатты, Тукунду, Белекти, Майрамкул менен Майрамбекти эсептегилечи дептир да, бизде үчтөн эле калып, Мокей бештен алып кетип жатпайбы, жок дегенде тепетең болсун дебедиби, бу зыкым түгүл сүткор Мокей ошондо да болбой жатпайбы! «Бу коркунучтуу коңурук, кокус колго түшүп калсам соттолуп кетем», — деп атпайбы; оңбогурдун сот деген эмне экенин билип алганын карабайсыңбы, жанагы Шакир деген милийса жездеси түшүндүрүп койсо керек, акыры тепетең бөлмөй болду — коңурукка кеткен Мокейге төрттөн эле момпосуй бере турган болдук.
Оо, кудай сакта, Мокей кирип кетти, биз мемиреп тим эле тыптынч болуп күтүп калдык, Мокей эр экен, дүкөндүн ичине кирээри менен эле: «Султанбай байке эле, Султанбай байке!» — деп ачкүзөн өңдөнүп, Синдбад чоң үңкүргө киргендей эле кыйкырбадыбы, анан Султанбай байке пайда болуп, коңурук жоголуп калбадыбы: «Кимсиң? — дебедиби», «Календердин уулу Мокеймин», — дебедиби, Султанбай: «Балакетиңди алайын, Мокей!» — дебедиби, — Азыр чыгам дебедиби! Коңурук кудай жалгап биротоло жоголбодубу!
Анан Султанбай дүкөнчү чыгып келди, аксак, таякчан, жаңы ышталган чаначтай жүзү тамылжып кыпкызыл, көзү бакыракай, жылдыздуу, анан буруксуп эле арак жыттанган киши экен. «Мокей каяктан жүрөсүң?» — дебедиби. Мокей: «Досторум менен келгем, тигине тыйыныбыз, мына момпосуюбуз», — деп эргул шыпылдай баштабадыбы. Султанбай «Чакыр досторуңду», — дебедиби, биз жөөлөшүп кирип барып, тизилип туруп калбадыкпы. «Сен кимдин баласы болосуң?» — деп Султанбай дүкөнчү тактап чыкпадыбы, ар бирибизге жалынып-жалбарбадыбы, жакшы кишилердин балдары турбайсыңарбы дебедиби, тыйыныбызды кайра бербедиби да, чөнтөгүбүзгө толушунча момпосуйдан бекер шыкабадыбы! Ошо бекер момпосуйдан да зыкым Мокей ар бирибизден кайра убадасынан жанып бештен момпосуй кийин албадыбы, ал башка сөз, бирок Мокейдин эпчилдигине азыр да ичим күйүп кетип жатпайбы!
Султанбай: «Балдар эми достоштукпу!» — дебедиби. Биз: «Достоштук!» — дедик, оозубуздагы момпосуюбуз менен таттуу кыйкырып! «Досторум — деди Султанбай, — силер үчүн дүкөн дайым ачык!»- деди. Биз ичибизден ого бетер сүйүнүп кеттик. Султанбай: «Мобу калың дептерди көрдүңөрбү?» — деди. Биз: «Көрдүк!» — дедик. Султанбай: «Силер жакшы атанын балдары экенсиңер, бул биринчиден, экинчиден, мен коңурук тартып жатсам да эч нерсе уурдабапсыңар, ошондуктан, мен мындан нары коңурук тартып жатсам да эч тайманбай ачык дүкөнгө кире берсеңер болот жана бул дептерге эмне алганыңарды, канча сомго карыз болгонуңарды жазасыңар да, болду каалаганыңарды алып кете бересиңер, канча алган момпосуюңарды, лимонадыңарды жазгыла да алып кете бергиле, түшүндүңөрбү, достоштук; мындан нары мени ойготуп убара болбогула, — деди да, кайрадан коңурук тартканы кирип кетти!
Биз жыргап эле калдык! Барган сайын анын коңуругу өзгөчө назик обондой угула баштады! «Обон укканы» келген сайын көк дептерге жазып эле каалаганыбызды ала бердик! Ушинтип, биротоло достоштук! Жеке биз эмес, элдин көбү эле ошентет экен, карызга ала беришет экен биздин достон! Анан көп өтпөй кызык окуя болбодубу!
Султанбай досубуздун дүкөнүнө күтүүсүздөн текшерүү келбейби, дүкөнү адатынча ачык экен; Султанбай досубуз өзү кызуу экен, баягы керебетте коңурукту кош тартып уктап жатыптыр. Султанбай ойгонгуча беркилер текшерип бүтүп, небак актысын жазып, милийсасын чакырып, камап коюптур деп эле калды бүт айыл. Айылдын эли кейип-кепчип эле калды, Сталин өлгөндө гана мынчалык бир кейишсе керек, биздин досубуз элге толук алынып бүткөн тура, аксакалдар бир түндө курултай өткөрүшпөдүбү, райкомго чейин барышпадыбы, баягы ар ким жазып ала берген беш көк дептерди тизмелей карап чыгышпадыбы да, өлгүдөй көп карыз кишини такташпадыбы, акыры бүт карызынан — Султанбайдын карызы — бул бүткүл элдин карызы деп, элди баккан мындай азамат табылбайт деп, эл өзү төлөп куткарып чыкпадыбы, деле карыз албаган киши жок экен, бүт эле биз сыяктуу дос болушкан окшойт!
Биз да чогулттук досубузга, камырдан кыл суургандай аны түрмөдөн чыгарып алдык, түрмөдөн ал чыгып келгенде укмуштуудай кубандык, эл түлөө өткөрдү, биздин көңүлүбүз да өзү эле момпосуйдан таттуу болуп турган эле, ошондо Мокей зыкымдын жүзү ачылбадыбы, досубузга сүткор болоюн дегенби, биз чогулткан кошумчабызды бербей коюптур, Султанбай досубуздан соо кезинде эле сурасак: «билбейм» дебедиби, биз да Сизди түрмөдөн чыгарганга акча чогулттук дегенди угуп, кадимкидей жашып жибербедиби, көрсө, Мокей байкушта деле чоң күнөө жок экен, ал атасы Календер аркылуу бериптир, атасына жазылып калыптыр биздин 11 сом 47 тыйын кошумчабыз!
Мына, чыныгы дүкөнчү деген ушу Султанбай байкебиздей — биздин сүйүктүү досубуздай болуш керек эле да, элдин болгон акчасын кагып албай; элди Султанбайдай эле мекеменин оозун кеңири ачып коюп багыш керек да, кайран киши, коңурук тартканы болбосо накта элдик, түз эле президент боло турган эле киши экен!
Дүйнөнүн көптөгөн Мокейден өткөн зыкым дүкөнчүлөрүн, инвесторлорун, кредиторлорун, саясатчыларын көрүп азыр кайрадан Султанбай досубузду баалап жатпайымбы!
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR