1-бөлүм
— Апа, денсоолук кандай? Өзүм болсо аман-эсенмин. Момун аттуу жигитке турмушка чыктым. Ал Ош базарында «Тачкисттер» деп аталган компанияда иштейт. Орус кемпирдикинде батирде турабыз. Суранарым, келе көрбөгүлө, өзүбүз чакырабыз.
2-бөлүм
— Апа, сүйүнчү, уул төрөп, атын Эркиндик койдук. Караүңкүр конушунан жер алдык. Момун базардан көтөрүлдү. Ал азыр Молодая Гвардиядагы «Биржа труда» деген жеке компанияда иштеп жатат. Үйүбүздү бүтүп, анан чакырабыз, келе көрбөгүлө!
3-бөлүм
— Апа, Эркиндик чоңойду. Мектепке барбай эле Аламүдүн базарындагы «Обувщик» фирмасында өтүк жалтыраткыч болуп иштеп жатат. Момун «Биржа трудасынан» Казакстандын «Эмгек дала» компаниясына кирип кеткен бойдон дайынсыз. Үйдүн таштан тизген фундаменти тизилген бойдон турат. Келе көрбөгүлө. Өзүбүз чакырабыз!
4-бөлүм
— Апа, Эркиндик күчкө толду. Ошон үчүн атасы иштеп кеткен Ош базарындагы «Тачкисттер» компаниясына ишке кирди. Момундан кат да, кабар да жок. Караүңкүр конушу белден баткак, свет жок. Келе көрбөгүлө! Адашып кетесиңер. Өзүбүз чакырабыз!
5-бөлүм
— Апа, кырсык болду. Момундун сөөгү Казакстандан табылды. Бай кожоюндун дааратканасын тазалап атып, түшүп кетип каза болуптур:
Эркиндик «Токтогул кетип сүргүнгө» деген фирма менен Россияга кетип дайын жок. Таштан тизген фундамент чачылып кеткен, свет жок, баткак кекиртектен.
Биз баарыбыз кайын-журтка кетип баратабыз, келе көрбөгүлө, келгенде , келгенде өзүбүз чакырабыз!
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.