Шабдан Сулайманов: Силерге ыйык эмес Ата Конуш

  • 22.08.2023
  • 0

Ардандым. Коңулга кирип алып кошомат кылгандардан ардандым. Өз жерин өгөйлөгөн журтташтарымдан ардандым. Калыстыгын айта албай калчылдаган эл уулдарынан ардандым. Улуу делген улут кантип ушундай болсун ыя? Акты ак, караны кара деп айта албаган соң кайсы арыбызга көкүрөк кагабыз?

Уккула! Уккулачы ээй!
Укмуштай "кыйын" жандар.
"Уйт" деген буйрук келсе,
Уңулдап чөө-бөрүдөй жыйылгандар.
Килейтип курсактарын,
Кийе албай батинкесин ыйынгандар.
Акыйкат, кудайдан да бийик коюп,
Адамдын керт башына сыйынгандар!
А, силер бу дүйнөдө,
Абийирден такыр жоктой эч кабары,
Ардан да, намыстан да кеч жаралып,
Түбөлүк хан-бектерди колдош үчүн,
Түлкүдөй жойлош үчүн,
Жыландай сойлош үчүн келипсиңер.
Жалпайган таш жатса да,
Жабыла жалаганга көнүпсүңөр.
Катуу айтсам кечиргиле,
Кайдыгер жандар силер талаадагы,
Каңкайган өлүксүңөр!
Кош жүздүү, калың беттүү,
Кошомат кылып жүрүп өтөм деген.
Текебер жандар келсе тегеренип,
Телибай болосуңар тепеңдеген.
Максатың, тилегиң да жалгыз бирөө –
Мансапка же кызматка жетем деген.
Силерге ыйык эмес Ата Конуш,
Силерге жөн гана сөз "Мекен" деген.
Кайдыгер силер үчүн...
Каркыраң ай-далаага учуп кеткен...
Үзүлүп тогоосунан,
Үзөңгүң буттан тайып түшүп кеткен...
Сумсаят Кампа сарай жетимдердей,
Сууларын бөтөн жандар ичип кеткен...
Элеңдеп турат азыр Көл энебиз,
Элинен үмүт кылып,
Эмчеги шишип кеткен...
Көл эне, Көл энем ай көлкүлдөгөн,
Көздөрү мөлтүлдөгөн.
Көйкөлгөн жарыктыгым,
Көөдөнгө кысып алып кыз-уулуңду,
Көтөрүп келдиң эле тарых жүгүн...
А бүгүн... Бүгүн... Бүгүн...
Армандуу, аялуусуң,
Аккуудай жаралуусуң.
Арданып өлгүм келди ушунчалык...
Айтууга сөз калбады...
Созулган кагылайын Ыйык эне.
Сом үчүн болор-болбос,
Соодалап жатат сени өз балдарың...

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз