Сүрөт https://www.google.com/ булагынан алынды.
Малевичтин «Кара квадратында» кандайдыр бир чеберчилик барбы? Талант барбы? Керемет сулуулуктун, жок дегенде “жыты” барбы? Жок. Өзүн өзү даңазалоонун амалдуу түрү бар. “Атым чыкпаса жер өрттөйм, чыр чыгарам, көрүүчүнүн эсин оодарам” деген максат бар. Ал, Герострат – архитектор, Чикатило, кечиресиз, – хирург сыяктуу эле Малевич да – “художник”.
Мында кем акылдарды алдоодо астына ат салдырбаган, мага жаккан Энди Уорхолду эстебей коё албайм. Ал бир ирет өзүнүн чеберканасына телефон чалып, фотографка жибек матага белгилүү темада сүрөт тартууга тапшырма берет, анан ал келет да даяр полотного сийип салат. Уорхолдун заарасынын издери түшкөн ошол кездеме Нью-Йоркто 10 миллион долларга сатылат! "Искусствону баалагандар "Уорхолд бул "шедеврди" жаратууда кандай роль ойногонун билип туруп, бири-биринен жула качып, ашык төлөсө да сатып алат.
Галереясына ушундай көрпайларды чогулткан ишкерлер өз ишин даана билет. Анткени, бул таштанды жөнүндө терең оюн көптүн атынан айтып, чындык катары баасын берген сынчылар бар эмеспи. Ал эми капчыктары чыңалган демилгелүү билермандар Дали айтканды – “дүйнөдө кем акылдар толтура” экенин эстеп, БУЛ үчүн аябагандай көп акча төлөшөт жана бир канча убакыт өткөн соң “шедеврди”, бери дегенде үч эсе кымбат сатышат. Мына, алдамчылыктын туу чокусу.
Тексттин автору: Андрей Кончаловский
Орусчадан которгон: Аваз Жокей
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR