
(Бала күндөн бирге өскөн досум Касым Өмүракуновго арнайм)
Тоолорду тоолор тирейт, тоолор тайайт,
чын достук кыйын күндө жөлөйт, айайт.
Башыма сыноо түшсө сендей досум,
миң түмөн душманыма жалгыз жарайт.
Кокустан кырсык келсе кара басып,
чын достук күйөт экен каралашып.
Жалт коюп кетет тура жыгылганда
жалган дос жүрөгүңдү жара басып.
Туруксуз достор курчап, желелешип,
турчу эле тең бөлүшө "келе" дешип.
Кыйын күн башка түшсө о аларың
кыбасы канды канча жемелешип.
Тоо тиреп бийиктеги булуттарды,
бийиктик бийик дайым унутпайлы!
Бийиктик бийиктикти тиребесе,
пастагы нааданчылык курутпайбы...
Тоолорду тоолор тирейт, тоолор тайайт,
чын достук кыйын күндө жөлөйт, айайт.
Башыма сыноо түшсө сендей досум
миң түмөн душманыма жалгыз жарайт.
03.03.24.
Өздүк тааным
(Теолог, диний ишмер досум Мамбетасан Ибраевге арнайм)
Эх досум, абак көрүш керек экен,
рух айбат өстүрүүгө себеп экен.
Темир тор деген аты болгон менен
Теңирден буюрган бир белек экен.
Туйбасаң, аңдабасаң кереги не,
турмуштун сүңгүбөсөң тереңине...
Кууралын көргөн үчүн темир тордун
Кудайдын шүгүр деймин белегине.
Тентек мен өмүрүмдө соттолбогон,
теминип бала күндөн токтолбогон:
темир тор босогосун аттаган соң
түшүндүм - дүрмөт экем октолбогон.
Алыппыз көп билимди пайдасы жок,
адамдын кандай гана айласы көп?..
Өзүмдү өзүм таануум керек болду,
өмүрүм сая кетип калбасын деп.
Кабылгым келди турмуш мектебине,
кагылып-согулганым эп дедим да:
коомго мен батпай жаным кысылганда
кол шилтеп: "Мейли, - дедим, - жектегиле!"
Жетишти керек болду талабыма,
жиндилик кылдым анан: "Камагыла!“
Ошол дос, мен өзүмдү таанымайын
опол тоо болуш кайда заманыма...
03.03.24.
Тизгин жарыш достук
(Адабий ишмердиктеги өнөктөш досум Садык-Шер-Ниязга арнайм)
Үзөңгүлөш бирге биздин сапарлар,
сенин дагы, менин дагы такам бар.
Ташыркабай жетсек экен марага.
Кыйын, кыйын - сага дагы, мага даа...
Мүдүрүлсөк мүдүрүлдүк күү менен,
саяпкер жок экөөбүздү ”чү„ деген.
Саяпкербиз өзүбүзгө өзүбүз,
чоң жарышта күч үрөчү кезибиз.
Кандай жол деп качкан жокпуз таштактан...
Камчы көрсөң күлүк болдуң баш каткан...
А мен болсо адыраңдап келатам,
ачуу тийген камчысын да жеп атам...
Үзөңгүлөш, калышпасбыз катардан
сенин дагы, менин дагы катам бар...
Ката кетпей койбойт кадам, арышта,
мара көздөп бараткан соң жарышта.
Мүдүрүлүп нечен тулпар бут талган,
күч жок андан күлүктөрдү куткарган.
Аксабайлы, мүдүрүлсөк туралы,
аргымактай бойду керип суналы!
Тең чыксак дейм акырында мөрөйдө,
мактанбастан: „сен өйдө“ же „мен өйдө".
Сүрмө топтон озуп келдиң алдыга,
сүрмө топтон мен да оздум кардыга.
Эл бар бизди сүрөп, сөгүп, ашаткан...
тургус болуп күп жыгылсак кашаттан.
Тартпай досум, бош коёлу тизгинди,
саяпкер деп санайт элек биз кимди?!
Элдин жетпей тең күлүккө болжолуу -
эл кубаттап, сыймыктанса болгону.
Жеңиш үчүн жан үрөгөн марага -
жеңил эмес сага дагы, мага даа!
03.03.24
Медитация дзэн
(Калемдешим Каныбек Иманалиевге арнайм)
Темир тордо түзөп лотос-мандашты,
өзүм менен токтотподум кармашты.
Дейди ойлор кетпейт мээни көсөгөн,
демди тыңшоом - жымжырттыкка көзөмөл.
Дем чыгарып, дем тартканым угулбас -
шыбыр үндөй: "Жандүйнөңдүн муңун бас".
Жымжырттыкта демди ичке тартканым -
жүрөк тыңшайм: "Көөдөнгө жүк артпагын".
Ыргак бузбай чыгарганым демимди -
жүрөк устат: "Калтырба, - дейт, - кегиңди".
Будда-дзэн - уч кыйырсыз мейкиндик,
бүтүн дүйнө - сүйүү, бакыт, бейпилдик.
Мандаш токуп мен отурган түрмө бу -
маанисине жетип оңдоо дүйнөнү.