О'Шакир: Саймалуу колдор

  • 01.04.2024
  • 814

Апам кургур уул-кыз төрөп он алты,
баарыбызды багып, бөлөп он алты -
тартып азап, убайым жеп өмүрдө
тапты бекен бизден жөлөк он алты?..

Туш-тушунан ээрчигендей балапан,
турчу түнү: үрүл-бүрүл таң ата.
Түйшүк анан эртеден кеч бүтпөгөн.
Күндү карайт - күүгүм батып баратат.

Жетпейт эле апакеме убакыт,
жетти бекен жыргал жашоо, куу бакыт?
Жетпейт эле он алтынын кем-карчы,
жеген чыгар турмуш эзип, кууратып?

Шырдак шырып, кыздарына сеп камдап,
ала кийиз, туш кийизи деп сандап...
ийик ийрип, сайма сайып, жүн тытып,
теменеси тешип манжа, жеп бармак...

Оттон, суудан алаканы туурулган,
а түндөсү нанга камыр жуурулган.
Оюн, күлкү салар элек биз болсо,
он алтыбыз туш-тушунан чуу кылган.

Жүндү боёп, кечке кийиз тепкилеп,
тогуз кызга камдап жүрүп септи көп:
турмуш анын колдоруна кесилген
кыйма-чийме сайма салган тепчилеп.

Өмүр бою анда тыным болбоду,
баарыбызга байпак, колгап торлоду.
Сайма болчу кооз: кызыл, көк, жашыл,
жарык, шишик, жумшак, мээрим колдору.

Ойлойм эми: бүтпөй азап чеккени,
о кургурум, уул-кыздарын эптеди.
Оору дагы өз саймасын түшүргөн
оймо-чийме чаар болучу беттери.

О апакем, колдору кооз саймалуу,
ошончо биз туш-туштан жеп айлаңы -
түйшүк менен өтүп кетти өмүрүң,
түйшүк сенин болсо керек майрамың!
29.03.24.

Сотко собол
Сот алмашып, мөөнөт улам узарып,
соолутабы өксүү, эңсөө, кусалык?

Онлайн митинг түшүндүрсөм дайынын -
оор кылмышпы? Деги эмне айыбым?

Пикир үчүн көрмөкмүнбү абакты?
Пил кылуубу чиркейди да канаттуу?

Жаамы журтту тынч митингге чакырган -
жарашабы кылмыш издөө акындан?..

Эркин сүйлөп, эркин жашоо  кыялым.
Эл тарттыбы же ошонун зыянын?..

Нелер сынып, талкаланып күбүлгөн -
не далил бар шаарыбызда бүлүнгөн?

Айнек сынып же кыйроолор болуппу?
Аары, чымын, бир кумурска өлүппү?..

Күбө барбы, далил барбы - тапкыла!
Күнөөм тоодой болсо камап жаткыла!

Ууру, жемкор эмесмин го жеп-ичти,
үй камагын берип деле териштир!

Жарашабы урматтуу сот, өкүмүң -
жазаласаң адабият өкүлүн?..
08.03.24.

11- март
|
Туулган күнүм - 11-март бүгүн.
...Апам кургур азабымды тартты миң...

Бейбаштыгым безелентип апамды,
абакта да тынчын алып жатамбы?..

Түшкө кирет эмнегедир байма-бай -
түйшүгүмдү тартканыбы кайрадан?..

Апам байкуш жер алдында муңабы?
Абак жайда жатканымды туябы?..

Улам-улам түшкө кирип калганы -
убайым жеп тынч эмеспи арбагы?..

Өлсө дагы о Эненин күчүн көр:
сот залынан көрдүм бүгүн түшүмдө!!!

Коштоп, жандап жүрөт окшойт арбагы -
коргогонго жетпей Эне дарманы?!

||

Жанымда жок жакын достор, үй-бүлөм:
жанды бирок муң-зар эмес күйдүрөр.
(Эгемендик орносун деп өлкөдө
эркиндикке элди үндөп жүрдүлем).

Жан кайгыга айланганда Мекениң -
жаагымды жаап, башты катып нетемин...
Өмүр ушул садагага кетсе да,
өлкөм туяр бул курмандык экенин...

54 жаш - баралыма жеткенде,
эл-жер үчүн айыпталып кеткен не?..
Башым катып, тилим жутуп, үн-сөзсүз
басынамбы эл башкарган бектерге?!

Токтобосо коррупция, кылмыштар -
тойдум түфү! Кечтим мындай турмуштан!
Жалгыз башта бир өлүм бар кутулгус,
жан корчолоп, жалтанамбы кур муштан?!

Туулган күнүм - көп суроого камалдым:
бул дүйнөгө деги неге жаралдым?..
Адабият жүгүн тартып алымча,
атпай журтту агартууга жарармын?..

Кантип эле коомго тийбейт керегим?
Кантип эле өмүр текке кородуң?
Кантип, кантип - сая кетет бул өмүр?
Кантип мындай ой-санаалар ородуң?!

Тос кагышып дос, туугандар, агайын,
тосом дагы туулган күндүн далайын!
Жаркын жашоо, жарык күндөр алдыда,
жанды неге туңгуюкка камайын!

Кайра жаңы туулган жашоо келди бейм...
Каалоо айтчу мейманым жок келгидей.
Туз даам татып, темир тордо шарап жок,
туулган күнүм бүгүн жалгыз белгилейм...
11.03.24.

Комментарий калтырыңыз