О’Шакир: Дудук

  • 02.04.2024
  • 529

(аңгеме)

2040-жылдардан кийин өлдү бечара. Өлөр өлгөнчө дудук деген жаман ат ээрчиди аны. Агер ал табиятынан дудук төрөлгөн болсо, эл аны жайына коймок. Кемтилгеси менен тубаса төрөлгөндөрдү шылдындоого, келекелөөгө адамдын оозу барбайт эмеспи. Анан эле тили менен балыкты чыркыратып сызгырган киши дудук болуп калгандабы...охо, не гана кептер чыкпады...

Өлкө эгемендигинин жылдарында элге өзүн демократ көрсөтүп жүргөн ал. Жаагын жанып, тили буудай кууруду, балык да кууруду, чаңды да сапырды. Тилинен чыккан чаң алдында Кумтөрдүн алтынын каскандагы тоонун чаңы биякта калды. Анын тили сапырган чаң эл көзүн будамайлады, акылын чаңдатты. “Ушул демократ өлкөбүздө президент болгондобу...” деп шыпшынышты көбү. Бирок ага президенттик бактыяр буюрбады.

Демократия табиятын билесиңер – ал дудуктар коому эмес. Тилин тишке катпаган коом гана демократия дөөлөтүн курган. А биздин каарманчы – отуз жыл бою какылдап, далайды көрдү. Саясый атаандаштыктарда көп жеңиштен кол жууп кала берди. Анын баары өзүнүн митайымдыгы, куулугу, амалкөйлүгүнөн болду. Өз сары эсебинде баарын артык кылам деп, тыртык кылды.

Өлкөдө саясый төңкөрүштөр токтободу. Биздин каарманга ишенген эл адилеттик орнотобуз деп, адилетсиздикти орнотуп алды. Эл анын үн катканын күттү, калыс оюна зар болду. Ошондо да биздин каарман элге көсөм, көрөгөч туюлуп, жалгыз жол башчыдай көрүндү кээсине. Кээси аны улуттук лидер санады.

Көсөмдүгү курусун, каарманыбыз күтүүсүздөн чоң кызматка илинип калбаспы. Баягысы калды. Көрсө бул жашооодо өнөрдүн чеги жок тура. Кызыл тилди сайраткан чечендик, акындыктан өткөн өнөр бар шекилдүү. Дудук болуу өнөрү барлар биздин каарманга окшоп: мансапка жетип да ийгилик жарата алат экен.

Мурунку демократыбыз дудукка айланары менен даражалуу кызматка жетти. Андыктан дудуктук өнөрдү да үйрөнө жүрүү керекпи деп калдым. Бул өнөр сага дудук деген өмүр бою жууса кеткис жаманаттыга кабылтканы болбосо, дудук болуп деле чоң кызматка тепкич тапса болот экен.

  30.01.24

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз