Ардагер журналист Толкунбек ТУРДУБАЕВ: Бийликке айкөлдүк артыкбаш болбойт

  • 18.04.2024
  • 813

«Олжобай Шакир» жана «О’Шакир» деген каймана аттар аркылуу белгилүү болгон журналист жана жазуучу Олжобай Эгембердиевдин камалышы коомчулук үчүн күтүүсүз да, түшүнүксүз да болду.  Бул окуя анын көптөгөн күйөрмөндөрүн түйшүккө салды...

Кыргызстанда эле эмес, Байыркы Кытайдагы карапайым калктын аң-сезимине ылайык, жазуучу, акын – бул чындыктын келишпес жарчысы, ошол чындык үчүн жапа чегишке да даяр турууга тийиш болгон адам деп кабыл алынчу. Бул өңүттөн алып караганда, эгерде ал бийликтин кысым-басымына дароо эле сынып, бийликтин ырын ырдап калса, деги эле чыгармачыл инсан, акын-жазуучу деп эсептелчи да эмес.

Кала берсе, совет доорунда ошол кездеги бийлик атактуу акын Иосиф Бродскийди анын мойнуна суу кечпес күнөө коюп, соттоп жатканда, залкар орус акынесса Анна Ахматова «Булар биздин сары чачтын өмүр баянын кандай гана санжыралуу кылып жатканын карасаң!» - деп күлүмсүрөгөнү белгилүү. Башкача айтканда, Ахматова бийлик өзүнүн олдоксон, акылга сыйбас иш-аракеттери аркылуу ал куугунтукка алып жаткандардын ишмердиги, жалпы эле өмүр баяны сөзсүз даңазалуу болуп калаарын баса белгилеген.

Ушул өңүттөн алып караганда, эртеби-кечпи О’Шакир эл алдында да, мыйзам алдында да, деги эле тарых алдында дагы толук акталат деп ишенемин.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жазуучу, публицист Олжобай Эгембердиевди (Олжобай Шакирди) «Массалык башаламандыкка чакырды» деп айыптаган.

УКМК анын билдирүүлөрүнө текшерүү жүргүзүлүп, массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырык болгонун, бул жөнүндө мекемеде тийиштүү эксперттик корутунду бар экенин белгилеп келет.

Атайын кызмат Олжобай Эгембердиевге каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык баш аламандыктар») боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын мазмуну төмөндөгүдөй: «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат».

Бул мекеменин маалыматына ылайык, «Олжобай Эгембердиев Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген».

Бир топ кесиптештери менен укук коргоочулардын, жарандык активисттердин жана урук-туугандарынын талап кылганына карабастан, жазмагер-публицист ушул күнгө чейин абакта.

О’Шакирге «Бийликти басып алууга аракеттенген» деп айып тагылганын анын жактоочусу Бакытбек Автандил мындайча билдирген:

- Коюлган айып боюнча айта кетсем, «Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган», - дейт. Ошондой эле «Бийликти басып алууга аракет кылган» деп, такыр эле негизгиз айыпталып жатат. Олжобай Шакир онлайн тынчтык митиңге чакырып жаткан. Азыр акылга сыйбаган айып коюлду...

Олжобай Шакир бийликтин дарегине өз сын пикирлерин ачык, курч айткандыгы аркылуу да белгилүү инсан. Бирок ага карата «Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган», «Бийликти басып алууга аракет кылган» деген айып тагуунун өзү таптакыр орунсуз туюлат, анткени Олжобайды билген кишилердин бири да анын мындай иш-аракеттерге барышын деги эле көз алдына келтирип, элестете албайт.

Ушул өңүттөн алып караганда, жакында өтүп кеткен Ыйык Рамазан айынан пайдаланып, бийлик Олжобайга мейли «Сениби!» деп, сөөмөйү менен бир-эки зекип, аны боштондукка чыгарып койсо, дүйнөнүн түркүгү түшүп кетпейт эле го. Мындай шартта бийликтин өзүнө да айкөлдүк артыкбаш болбойт эле, ал мындай жагдайларда болсо да өзүнө бир топ саясий упай топтоп алмак.

Муну айтып жатканымдын дагы бир себеби, өкмөт башчынын орун басарларынын бири Эдил Байсалов өз пикирин ачык айткан инсандарды камакка алууну «Бул тарбиялоо чарасы!» деп мүнөздөгөн. Бирок тарыхта болбогон мындай «таалим-тарбияны» колдонуу да эби-чагынан небак эле ашып кетпедиби?!

«Деги О’Шакир деген кишинин мойнунда кандай оор кылмыш-кыянаттар болду экен?!» деп түйшүктөнгөндөргө ток этер эки сөз. Ал Ысык-Көлдөгү пансионаттарды айрым кошуна мамлекеттерге берип коюуга каршылыгын билдирип келген. Ошондой эле мамлекет башчысы менен УКМК төрагасын маектешүүгө чакырган эле. Ал эми 2023-жылдын 31-августунда майрамдала турган кезектеги Эгемендик күнүнө карата нааразылык акция өткөрүү демилгесин көтөргөн. Бирок мында дагы бир жолу тактап кетчү жагдай, аталган иш-чарага ал онлайн түрүндө гана катышууга үндөгөн.

Элестетип көрсөңүз, окурманым: журналист, жазуучу, публицист курч мүнөздө болсо да укугу бар, Кыргызстан Конституциясы кепил кылган  ой-пикирин айтып койгону үчүн гана дээрлик сегиз айдан бери камакта отурат! Болгондо да, аны менен бирге аялын, балдарын, айтор, бүт үй-бүлөсүн, урук-туугандарын жана деги эле жакын көргөн кишилердин баарын кошуп, ушундай «тарбиялоо» туурабы?!

Айтпасаң да, миңдеген эле эмес, миллиондогон адамдардын көз алдында Москвага жанаша жайгашкан Красногорск шаарынын «Крокус Сити Холл» оюн-зоок сарайындагы каргашалуу окуя турат. Ал борборго чабуул жасап, жүздөгөн кишилердин өмүрүн кыйып, андан да бир нече эсе көбүрөөк адамдарды майып кылып, ден соолугуна олуттуу зыян келтирген террорчулар менен Олжобай Шакирдей инсандардын ортосундагы асман менен жердей айырма айтпаса да, көрүнүп турбайбы...

Таланттуу журналист, акын жана жазуучу Олжобай Эгембердиев Кыргызстанда «Олжобай Шакир» жана «О’Шакир» деген каймана аттар аркылуу белгилүү болгон, таанымал инсан. Мындан бир нече жыл мурда ал «РухЭш» деп аталган адабий Интернет-сайтты негиздеген. Ал өзү жазгандай, «Негизинен сайттын багыты – коомубузду рухий жактан агартуу».

Өткөн жылдын 24-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасын караган да, ал аталган сот чечими боюнча УКМК тергөө абагына алгач 23-октябрга чейин камалып, андан кийин бул бөгөт чарасы ушул күнгө чейин улам узартылып келүүдө.

Толкунбек ТУРДУБАЕВ,

ардагер журналист

Комментарий калтырыңыз