Динара Бейшеналиева: Асман оюну

  • 02.07.2024
  • 4912

АҢГЕМЕ

Караңгыда

Бул келин сүрөтчү, тикмечи, уз, уста да экен. Эки кабат үйдү заңгыратып  салып таштаптыр. Өзү көп сүйлөбөйт. Адамдын көзүн тике карап тыңшайт сөзүңдү. Бөлбөйт,  тынч гана угуп отурат. Заманың минтип эпкиндеп, эбелек жеңил булганып турганда, кол тийе элек нак алмаздай нукуралыгынан жанбаган асыл жандар да бар экен.

Автоавариядан катуу кырсыктап ооруканада жыл маалы даарыланып калат. Өбөк-жөлөк болуучу күйөөсү куйругун түйүп таштап кетиптир ошондо. Кийин келиндин жашоосу оңолуп, иши жүрүшүп, байып кеткенин укканда келиптир.  “Балдарым менен талаада калдым” - дейт.  Бул анан үй алып берип, балдарын бала бакчага орнотуп, колунан келгенин баарын жасайт. Келинчегине иш ыроолоп, жакшы айлык берип турат. Аны деле баса белгилеген жок, сөз арасында айтылып калды.  “Эмнеге анттиң?” дедим. ”Эмне кылам анан талаада калса” деп койду. Акылдуу сөз деле айткан жок.

Тагдыры болсо өзүнчө эле кино. Жазуучу ойлоп таба албайт ко мындайды. Жараткандын жазган тагдыры. Жараткандын тагдырын көтөргөн сабырдуу адам. Сабырдын түбү сары алтын. Кудай алуучу эмес, берүүчү. Эгер, өтүп кетүүчү оор тагдыр жазган болсо, өтпөй калуучу көкүрөк көздүн жарыгын бермеги бар тура...

Күмүш чөгөрүлгөн кайыш кемер, ээр токум, чоподон жасалган карапа, кийиз буюмдарын  гезитке азын-оолак жазган болдум. “Бул жагын өзүңүз чыгарма кылып жазсаңыз болот” - деди калган уккан-көргөнүмдү.  Жазса жазайын...

Экөөбүз үйүнүн жертөлөсүндөгү өнөрканасында сүйлөшүп отурдук. Эртең менен баргам, кеч кирди. Бүркөлүп турган күн күчөгөндөн күчөп, күркүрөп- шаркырып, чарт-чурт эткен чагылганын коштой көнөктөп жаап кирди. Келин токтоо кебетесинен жазбай, бир калыпта сүйлөп атты. Аңгыча, терезе пардалар делбектей түшүп,  жарык өчүп калды.

- Иий, биздин райондо жарык өччү эмес эле, электр проводко чагылган тийди окшойт.

Сүйлөнгөн келин  ордунан туруп барып, шам күйгүзүп келип  үстөл үстүнө коюп койду. Жарымына чейин күйүп бүтүп, эриндиси табак менен бир болуп катып  калган  шам экен. Андан чыккан кичинекей жалын форточкадан кирген желге жаналекетке түшүп тыпырап, бийлеп кирди. Үстөл үстүндөгү “кыр-кыр, кыр-кыр” этип айланып аткан диктафонду карадым. Тигил да карады.  Көзүбүз диктафондо болгон менен оюбуз сырттагы озондоп аткан шамалга кошулуп, чиркин дүнүйөнүн оор-жеңилин салмактай самсаалап, үнсүз айкайлайт. Токтоп калган  каректерде, токтолбогон  шам бийлеп жатыры...

Терезеде отурган кара мышык

Боз-чамбыл дубалынан бери каңырсыган жыт жедеп сиңип бүткөн бул үй өңдөнгөн нерсенин эшиги аңырайып ачык. Ичи жылаңач. Кемпирдин көзүндөй үңүрөйгөн жарымы сынык  терезесинде мышык отурат. Жаздын жанданып келаткан жылуулугу мышыктын гана жанынан орун алгандай. Күн ушул жерге болор-болбос ылмысыйт. Бөлмө ичи муз менен таш.  

Темир керебеттерде энеден туума жылаңач  кишилер жатат. Тамтыгы жок денелери тулуп туюк. Мышык эң четтегисин карап отуру. Бул мышык жаныбар  кызык  келет экен өзү, адам көрбөгөндү көрүшөт окшобойбу.  22-24 жаштардагы кыздын денесинен көзүн албайт.Уктап  жаткан кишини карап отурган сыяктуу. Алда кандай жамандыктан сактап, карооолчу болуп отурган  сыяктуу кыймылдабайт.   

Бул кыз чын эле тирүү. Каза болду деп эки күн мурун алып келип ташкашкан айылдын четиндеги морг деп аталган ушул медициналык  мекемеге. Муздак жерде  жатып тоңуп калды. Көзүн ачканга аракет кылат, бирок кирпиктерин көтөргөнгө дарманы келбейт. Мунарык... Каякта?.. Ким?.. Боз мунарык... Муздак мунарык. Мышык кыздан көзүн албайт. Мына, мына, азыр көзүн ачат. Мышык  тикирейет. Кыз чын эле көзүн ачты. Мышыкты көрдү. Кайрадан көзү жумулду.

Аңгыча ар жактан туфлинин  тык-тык эткен  дабышы угулду. Үн уламдан-улам  жакындай берди. “Мыяу!” деп үн чыгарган  мышык терезеден “дүп”  этип сыртты көздөй секирип кетти.

- Йе,  жүрөктү түшүргөн десе, мышык беле? Дагы эмне балакет деп  коркуп кеткенимчи....

Орто жашап калган ак халатчан  аял өзүнчө сүйлөнүп,  жакасынын ич  тарабына  “түф! түф” деп эки-үч жолу түкүрүнүп алды. Анан түз эле кыздын жанына басып келип, мурда мээлеп-мерчемдеп койгондой башын жулкулдата эле кармап, алтын сөйкөлөрүн чыгара баштады. Сөйкөлөрдү  чөнтөгүнө салып, эми колуна өттү. Майда сөөктөрү бычыранып кеткен кол шишип чыгыптыр, шакектердин чыгышы кыйын болду. Колдорду кармап, ары-бери силкилдетип аткан аял өзү да тердеп чыкты. Анын колунан өткөн жылуулук кызга акырындап тарай баштады. Кыз баарын түшүнүп турду, бирок көзүн ачалбайт. Кыймылдай албайт. Азыр бул кетип калат. Кыз  бар күчүн жумшап,  аялдын колун апчый кармап калды.

“Аа-аа!” деген ач айкырык менен “күп” деп кулаган үн чыкты.Тыяк-быяктан тапырап кишилер чуркап келе баштады...

Палатада

Кыз көзүн ачты. Жанагыдай үшүбөй калыптыр.Үстүнө төшөк жаап коюшкан турбайбы. Колунда асма укол тамчылап жатат.

- Айым, кара жерге киргир, чыгарып алган шакегине да ээ болбой, алапайын таппай калды го. Өзү да жатат тигинтип, жан айласын таппай, -деди укол салып аткан биринчи медайым.

- Өлүп эле калса болот эле ошол жерде. Дагы  Марат Исанович  боорукер да. “Эч кимге айтпагыла, эми жаңылыштык кетирбейт”- деп дарылап атпайбы, - деди жанындагы жардамчы медайым.

- Бирок ошол келесоонун айынан кыздын тирүү экенин билип калдык.

- Анысы бар. Дагы бир күн калса өлүп калмак деп атышпайбы. Марат Исанович “Талкаланбаган жери жок болчу. Хирург Калыйбек Абасович, кардиолог Ормон Барктабасович үчөөбүз, төртөөнө “өлүк”  деп бүтүм чыгарып, патологоанатомдун колуна өткөзүп бергенбиз. Бул жагы Кудайдан болуп кетти,  жакшы карагыла”- деди го эртең мененки  чогулушта.

Кыз тигилердин сөзүн тыңшап жатты. Кечээ күнкү тонгонун эстеди. Эч эси-көөнүнөн чыккыс болду го. Ой-ой, жама-ан үшүдү.

Уколго денеси жылыган неменин көзү мемиреп илинип баратты. Колуна жумшак бирдеме урунгандай болду. Көзүн ачса маңдайында атасынын карындашынын кызы Акзыйнат эжеси отуруптур. Жалгыз ушул эжеси күйүнөт бу кызга.

- Баары жакшы, баары жакшы болот...

Эжеси көзүнүн жашын жеңи менен аарчый, ордунан тура калды. Кыз унчуга алган жок. Чачынан тырмагына чейин жанчылгандай, бүт денеси ооруп атты.

- Мм-м...

Онтоп да алды. Эшик ачылып, алардын үстүнө врач жигит кирди.

- Качанкыга дейре ушинтип жата беребиз? Бүгүн беш күн болду жатканыбызга. Карабай эки күн моргго да таштап салыпсыңар! – деди эжеси ачуусу менен кыйкырып сүйлөп.

- Ой, эже, тирүү кишини кантип таштап салмак элек, ушундай болуп калды.Төртөөн тең мен лично текшерип, тыңшап, бир топ врачтар менен бир  бүтүм чыгарганбыз. Мээси да чайпалган, ичине да суу толгон, операция жасаш керек. Биздин күчүбүз да жетпейт.

- Жетпесе, жетпейт деп айтпайт белеңер эрте эле. Бишкекке алып кетем!..

- Ой, сиз да кызык экенсиз, жетпейт Бишкегиңизге.  Жолдон кайта кайтасыңар. Кызды кыйнап эмне кыласыз? Андан көрө үйгө чыгарып барып,  эки  күн жакшы карап туруңуз да...

- Ай жигит, сен эмне, Кудай болуп кеттиңби? Тирүү киши жөнүндө ошентип айтканга кантип оозуң барды?

- Ээ, кандай немесиз өзү, өлсө доом жок деп тил кат жазып, алып кете бериңизчи!..

Врач эшикти “тарс” эткизип жаап чыгып кетти...

Жолугушуу

Жаан төгөт.  “Чарк-чурк” эткен чагылган бөлмөнүн ичин жап-жарык кылып барып, жалп өчөт.

Келин ордунан туруп барып форточканы жаап, чылк караңгылык каптаган алысты карап калды. Аны жакшылап тиктесем, тиги кумура көтөрүп сууга бараткан өзү тарткан сүрөткө окшош экен.Сүрөттөгү аял да алысты тиктейт. Бут алды укмуштуудай толтура майда гүлдөр, бирок алысты тиктейт. 

Чагылгандын байма-бай жаркылдаганынан улам калың териге күйгүзүлүп, оюлуп түшүрүлгөн дубал бою турган баатырлардын элеси тирүү кейиптенип, жоого каршы, жолго аттанып баратышкандай удургуп турушту мени тегеректей.

- Светтин ошо күндөн ушу күн өчүп калганын кара.

- А-а?

Ойго алаксып келиндин сөзүн  укпай калдым.

- Светти айтам, бүгүн өчпөй турса болбойт беле.

- Аа, светпи?.. Мейли энди, өчсө өчүп калыптыр да.

Экөөбүз тең унчукпай калдык. Бу келин айтып берип аткан жанагы жаман караңгы үй бир топ эле чочутту мени.  Билинер-билинбес титиреп да чыктым.

- Үшүгөн жоксузбу?

- Жо-ок, жакшы элемин.

- Жамгыр жакшы жаап жатат, ээ.

- Ийи, жамгырдын жааганы жакшы да. Жанагы алтындарыңды алган неме коркунучтуу неме экен.Үшүп да  чыктым.

- Ал бир байкуш да... Акчаны жакшы таап баштагам ошондо эле. Машине алгам. Колум, кулагымдын баары алтын болчу.

- Силердин машинаны коюп кеткендер соттолдубу?

- Жок. Төртөөнүн өлүмтүгүнө төрт кара берди деп уктум. Биздин машинеден үчөө, өзүнүн машинесинен бирөө көз жуумптур. Мен жаным менен алек болуп жүрүп, аны менен ишим болгон жок. Өзүмдүн атам, жанымдагы дагы жаш сүрөтчү жигит, анан Амантур аке өтүп кетти да. Амантур акени бүт эл сыйлачу эмес беле. Кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирип турган жакшы киши эле го.

Ошол жолу да кол өнөрчүлүккө байланыштуу иштер менен айылга барып, кайра Нарын-Кочкор трассасы менен келетканбызда уруп кетип атпайбы. Тиги жаш сүрөтчүнүн аты Өсөр болчу. Рулда мен элем. Катуу келаткан “Джип” менин жолуман чыга калып, бизди сүзүп кетти. Анан жанагинтип  ойгонуп атпаймынбы.

- Авария болгон жерди кайра бир барып көрө алдыңбы?

- Ооба. Арадан он жыл өткөндөн кийин Нарынга баратып атайын токтодум. Ар жак, бер жакты карап жүрсөм бир улгайган, атчан киши жаныма бастырып келди.

- Кызым, бирдеме издеп жүрөсүңбү? – деди учурашкандан кийин.

- Жок ата, жөн жай эле. Он жыл мурун ушул жерде биздин машине авария болгон. Кызыл “Джип” биздин жеңил машинени сүзүп кеткен. Ошондон бери келе элек элем. Жакындарым кайтыш болгон ушул жерди бир карап өтөйүн деп кайрылып калгандагым, - дедим.

Муну уккан тиги киши теңселип кетти.

- Ой, ошол авариядан аман калган киши болдубу? Ой-ой, мен алардын баарын өзүм машинадан сүйрөп чыгаргам. Мен ушул жерде мал багам да. Эч ким келе электе мен биринчи келгем. Ичинде тирүүсү жок болчу. Ары-бери чапкылап кишилерди чакырып, өткөн-кеткен машинелерге салганбыз. Аа-а кызым, турмушта нелер болбойт. Сенин аман калганың бекеринен эместир, бир чоң иш бүтүрөрүң бар экен анда, - деди  тиги киши.

- Өзүң кандай ойлойсуң аман калганыңды? Түбөлүк жайга көтөрүп барар бир нерсе жасай алдым дей аласыңбы?

- Бар ойлонгонум ошол. Тигил киши мага бекеринен жолугуп, бекеринен жанагы сөздөрдү айтпаса керек...  

 Чагылган “чарк” этти....

Ак кийинген үчөө

Үстөл үстүндө шам бүлбүлдөйт.

- Ысык кофеден ичсеңиз, печенье менен. Мен өзүм кан басымым түшүп кеткенде кофе ичип алам. Жана да тамак ичпей койдуңуз.

- Мен өзү аз ичем.

- Фигура сактайсызбы?

- Кайда, компьютерде көп отурам.

- Аа, аныңыз жаман экен. Кыймылдаш керек. Мен көп басам, жаным тынбайт.

- Баякы  айылдык ооруканадан Бишкекке келдиңерби анан?

- Ооба. Авария болгондорду, уулангандарды дарылачу ооруканага алып келишти. Ал жерде бир ай дарыландым. Колу-бутум, акырегим, кабыргаларым сыныптыр. Кичинемен ат чаап, кар күрөп, чөп чаап, чыйрак элем. Ошонум үчүн көтөрүп кеттим окшойт. Колу-бутумдун булчуңдарына айнектин сыныктары шыгырап, жыш сайылып калыптыр. Тигил айылдык ооруканадагылар ошону да алып коюшпаптыр. Анан мээде суу бар деп чыгышты. Себеби, киши тааныбайм. Операцияны көтөрөбү, көтөрбөйбү дешип атышты. Акыры эртең операция жасайлы деген чечимге келишти. Кан алып текшеришсе эле эки айлык боюмда бар экен. Операцияны кайра токтотушуп, жөн дарыламай болушту. Бир жумадан кийин аппаратка салса, мээде суу жок. Диагнозду адашып коюп алышыптыр...

- Тиги жаныңдагыларды качан  угузушту?

- Ошол бир ай жатып, жакшы болуп калганымдан кийин угузушту. Ага чейин Амантур акелер каякта деп эжемден сурасам, алар да бир ооруканада дарыланып жатат деп койчу. Бир күнү түш көрдүм. Түшүмдө атам, Амантур аке, Өсөр үчөө палатага кирип келишти. Апапак көйнөк, ак калпак кийип алышыптыр.  Ии, силер келдиңерби? Мени да ала кеткилечи, – дейм.

- Жок, сен барба. Сага ал жакка барганга болбойт, – дейт Амантур аке. - Сенин жасай турган иштериң көп. Мына бул видеокамераны карачы. Мына-мынакей, ушунун баарын жасашың керек, - деп сонун сүрөттөрдү, боёкторду, бийик-бийик тоолорду көрсөтүп атты. “А-ий!” - деп суктанып атам. Кызык, дал ошол камераны кийин ЦУМдан сатып алдым. Жаңыдан өнөркана ачып, сүрөттөрүм өтүп жаткан. Үйгө кардарлар келмек. Аларга көрсөткөнгө сүрөт, видео керек дешти. Алып жатып, муну каерден көрдү элем деп коём. Анан барып эстебедимби. Ошол Амантур аке көрсөткөн нерселердин баарын ошол камерага жыйнадым. Ишим жүрүштү. Көп кишиге кол сундум, жардам бердим...

- Ак кийинсе анда жакшы кишилер экен да, - дедим. Мен ошентээр замат шам бир башкача жаркырып күйө баштады. Кызыгы, жайпак табактагы бу шам жана бир өчө турган болгондо калың пахта жиптен үзүп алып, үч жерине үчөө кылып салып койгом. Экөө өчүк болчу. Азыр үчөө тең өзүнөн өзү жаркырап күйө баштады. Шамды караган келиндин көзү жалжылдай түштү.

- Түшүнүксүз, кызык нерселер көп  ээ, эже.

- Биз көп нерсени билбейбиз да...

- Эртеси эжеме түшүмдү айтсам эле ыйлап жиберди. Ыйлап атып угузбадыбы. Араң турган жаным кайра эстен тандым. Менин ал карыган абышкадан башка эч кимим жок эле да...

Атам менен апам карып эле калганда балалуу болушуптур.Тагыраагы кимдир-бирөөлөр мени эшигин астында таштап кетишиптир. Байкуштун баласы жок деген го. Же атамдын үнү Кудайга угулганбы, билбейм. Бар тапканын мага жегизип, бар тапканын мага кийгизип чоңойтушту. Атымды Мыскал Өмүрканованын атынан улам, эл кызы болсун деп Мыскал деп коюшуптур...  

Аман калган миң балык

Күн чыгышын  күмүштөй жылтылдап тосот  Соң-Көл. Соң-Көл керемети күн кечке төрт мезгилди ойнотот го. Экрандан көрсөткөндөй көз алдыга жая берет. Бир туруп эле аптаптуу жай, бир туруп эле ала шалбырт жаз, бир туруп эле бороонду күз, кайра эле кар-борошолуу кыш болот да турат.

Күн аркан бою көтөрүлүп калганда толкундар жээкке дембе-дем сүрүлүп, бороондун көтөрүп атканына  карабай, карарган асман тамчыларын жаадырып, дабырап жиберди. Айлана заматта алай-дүлөй түшүп жатып калды. Асман оюну кандай башталды, кайра ошондой токтолду. Күнүнө ушул. Кыз муну жакшы билип алган. Чыбык атын минип алып, жээкти көздөй шашылат. Оо жалгыз аяк жолго чейин жетип келген толкундар кумдун үстүн жылтылдатып салышат. Толкун менен жээкке сүрүлүп келип, кум үстүндө калып кеткен балыктар куйруктарын  жерге чаап жылтылдаганычы. Тимеле шишенин сынактарындай күнгө чагылат ко. Мунусу “Жардамга, Мыскал, жардамга”- деп аткандай.

Кичинекей туурук бет кыз чарчап, ээси ооп калгыча балыктарды сууга ыргытат.

Мына бүгүн да “атын” минип, жээкке жетип келди. Эмнегедир койдой-койдой болгон мойну узун куштар толтура экен. Караса балыктардын көзүн чокуп жатышат. Башка жактарына тийбейт.

Кыз ыйлап кирди.

- Кет! Кет дейм!

Тигилер дегеле тоготчудай эмес. Кыз тарапты карап да коюшпайт. Былтыр байкабаптыр да. Анда кичине болчу, көл  жээкке келчү эмес. Бул ак куу деген куш экенин, эсирип тойгонунан балыктын жумшак көзүн гана чукуп жеп жатканын кыз кайдан билсин. Ыйлап да жүрөт, балыктарды сууга ыргытып да жүрөт.

Аңгыча алыстан атасынын карааны көрүндү. Ал кызынын каякка кеткенин билчү. Бирок кызы мынчалык көпкө жоголуп кетчү эмес эле. Ошого, өзү артынан акмалап чыгыптыр. Ошондо гана ичтерин көтөрө албаган чоң-чоң куштар бир топ жерге чейин жүгүрүп барып, анан гана көккө көтөрүлүп, жапырт учуп кетишти. Ошондон кийин булар дайыма келе турган болушту. Бир мезгил гана эмнегедир жок болуп кетишет.

Биринчи таяк

Жаан дале  шатырап куюп жатыры. Караңгы бөлмөдө шам бүлбүлдөйт.

- Сен ошон үчүн ак кууларды көп тартат экенсиң да? - дедим келинге.

- Көп тартам, бирок жакпайт.

- Айбан да, кектебей эле койчу.

- Кектебейм. Бирок бир жаман сүрөт көкүрөктө тартылып калды да. Мен ошол кичине кезде эле жайлоонун майда гүлдөрүн жата калып жыттачумун. Ошол гүлдөр көкүрөгүмө боёк болуп берди. Андай жытты эч жерден кездештире элекмин.

- Анда сени ата-энең дегеле урушбаптыр да?

- Бир жолу урушкан. Ата-энемдин менден башка жардамчысы жок да. Кечке кой жаям. Анан бир жолу тажап, ойноп кеттим окшойт. Апам “Сен эмнеге бизди укпайсың, ыя”- деп аркама “күп” эткизе эки койду. Атам да кошулуп, тилдеп кирди. Бирөөсү тилдесе, бирөөсү болушчу эле да.  Мурда мындайды көрбөгөн жаным, энди менин азабымды тарткыла, өкүнгүлө деп үйдөн качып чыктым. 5 жашта элем. Жайлоо, кеч күз, күн батып бараткан маал эле.

Баладай ыңаалап, аялдай ыйлаган  “мышыктар”

Ай жап-жарык. Карарган бийик аска-зоолуу тоолордун боору менен чыт көйнөкчөн кыз  чуркап келатты. Караган бутактардын артында аны бирдемелер карап аткандай болот, токтой калса жок. Кайра чуркайт. Чарчады. Үшүдү. Жана үйдөн чыкканда эле үшүгөн.Тоңуп калды тимеле. Түндүн мынчалык суук болоорун билбептир да. Токтоп калды.Таш үстүнө көчүк басты. Ушуну гана күтүп аткансып, карагандын артынан жайнаган мышык чыга келди.  Кыз ордунан тура калды. Алар бир аз ары кеткенчиктешти. Бала сыяктуу ыңаалап,”ыйлай”  башташты. Жаман мышыктар экенин сезген кыз кайрадан чымын-куюн болуп чуркап жөнөдү. Энди жанагы мышыктар аялдай ыйлап, “боздоп-сыздап” жандап  жүгүрүп келатышты.  Кыз токтосо токтоп калышат.Чуркаса кошо чуркашат.Өзүнүн жыгылышын гана күтүп атканын түшүндү кыз.  Жыгылбашым керек. Бирок, эки буту титиреп, арышы жайлап, оозунан көөк-шилекей чыгып атты. Тоңду. Тиш-тишине тийбей титирейт. Энтиккен кыз токтоду.Чайпалып баратты. Жайнаган жылтылдаган көздөр аны карайт. Аңгыча, тээ алыстан, сай ичинен от көрүндү. От? Чын эле от. Кыз сүйүнүп кетти. Чыйрала түштү.Энди ал сай тарапты көздөй жүгүрүп жөнөдү. Мына, итттин да үргөнү угулуп калды. Кыз бат эле сайга түшүп келди. Шылдырап суу агып жатат. Артын карады. Жанагы мышыктардан дайын жок. Качан калып кетти экен?

Жээкте бир уй кепшеп турат. Жанында тушалган ат. Аттын жанына барып, ага жабышып жылыныш керек болду. Кыз билет булоолонгон аттын денеси азыр ыпысык, жакын барып жылынса го. Бирок, тээп жибербес бекен? Кыз улам бир кадамдан арыштап атка жакындап баратты. Ат бир жолу башын көтөрүп, кызды карап койду. Бала экенин көрдү мал жаныбар. Жерден баш көтөрбөй оттой берди. Ушуну эле күтүп турган кыз барып эле аттын бутун бекем кучактап, жабышып калды. Жылый түштү. Ай-иий. Ат дагы бир жолу башын буруп карап койду. Тоңуп калгансың го дегенсиди.

Кыздын үшүгөнү басаңдаган жок. Жанында жакшы жаныбар тургангабы, кайра күчөп, тиш-тишине тийбей калчылдады. Тиги жактагы бозүй менен чатырдан көзү өттү. Үйдүн ичи ысык экени сыртынан эле билинип атты жарык бүлбүлдөп. Барайын десе эшиктин алдында эки дөбөт жатат. Болбой эле буттары ошол жакка алып жөнөдү. Чыдабай калды. Жана абалап аткан иттер балага үргөн жок. Бир-эки жолу “ав!” деген болушту. Тоңгон, титирген, суу болгон байкуштун жардам издеп келатканын сезишти го. Кыз чатырдын эки бөлүк чүпүрөк эшигинен башын ичкери киргизип, мойнунан төмөн жагын колу менен кармап алды. Кичинекей, көгөргөн, саксайсан баш гана үй ичине кирип калды. Төрдө бир аял бешиктеги баласын эмизип отурат. Үргүлөп уктап кетип, кайра ойгонуп балага көз жүгүрткөн болот. Үстүндөгү жеңил ак көйнөгүнөн ылдый төгүлгөн кара чачы төшөктө чубалат.Меште дуулдап от күйөт. Бала да болсо азыр кыйкырбаш керек экенин, уйку-соо арасындагы аял коркуп кетээрин билди. Титиресе да аялдын баласын эмизип бүтүшүн күттү. Аял кыйладан кийин баланын жанынан туруп, от жакка басты.

-Эже, эж-ее! -деди тиги чыгып турган баш.

-Аа-ай! - аял азезилди көргөндөй чаңырды. Күйөөсү төшөктөн атып турду. Аркы боз үйдөгүлөр да чуркап келишти. Тапыр-тупур болуп эле жатып калды. Үйгө, адамдарга жеттим дедиби кыз да өзүнөн кетти. Бир эсине келсе кишилер аны көтөрүп, отко тосуп атышкан экен.

-Аай-иий, тоңуп калган турбайбы таза. Байкуш ай, бутун чечкиле. Буту да суу экен.

- Атана кокуй ай-е! Кашайып, бирөөлөр издеп жүрөт го муну.

- Мештин түбүнө төшөк сал, жылуу жатсын.

Кыздын уккандары ушулар болду. Аз-аздап үндөр угулбай калды. Кыз көшүлүп уйкуга кирди.

  Эртең менен ойгонсо атасынын үнү угулуп атыптыр. Ыйлап аткансыйт. Көпкө чейин каякта жатканын аңдай алган жок кыз. Иий, кечээки мышыктарчы. Кыз чоочуп кетти.Үйдөн качкан да. Ордунан ыргып туруп, атасын кучактай ыйлап жиберди.

-Кызым, кызым, бизди өлтүрүп коё жаздабадыңбы...

-Ата, экинчи качпайм. Мен аябай корктум. Көп мышык мени кубалады! – деп атты кыз ый арасында. Атасы кызын бекем кучактап, көзүнүн жашын аарчыды. Анан жарданып карап тургандарга бурулду.

-Кызымдын сүйүнчүсүнө бир жылкы. Жылкы бердим, – деди ый аралаш. Тигилер сөзгө маани деле беришкен жок. Бардыгы чал менен кошо жашып турушту.

 Өлүм-өмүрдүн башталышы

Жаандын үнү угулат. “Жарк” эткен чагылган.  Бөлмөнүн ичи караңгы. Жымжырт.Үстөл үстүндө ”Кыр-кыр,кыр-кыр” этип иштеп аткан диктафон.

-Жанагы мышык дегениң чөө го дейм?- дедим келинге суроо узатып.

-Ийи, эртеси атам айтты. Жалгыз-жарым калган мал-жанды  жеп коёт деди да. Ошондо барып корктум.

-Биз жакта да бар. Мен да бир-эки курдай кезиккеним бар. Өлүп кала жаздаган турбайсыңбы.

-Өлүмдөн коркпойм. Каэрде, кантип өлөм деп корком.

- Аның туура. Жерден баш көрбөйт турбайбызбы. Баш көтөрүп дегеним, ойлонуп дегеним го. Менин сегиз жашта Фатима деген кызым бар.Ыр жазат. Бир жолу дептерине  минтип  жазып коюптур. Бир окуп  жаттап алдым эле.

Все покидают этот мир,

И это очень жаль.

Оставив за собой,

Лишь горечь и печаль.

Мы плачем и орем,

Провожая родных.

Но что ж поделать нам,

Нет уже их в живых.

Смерть – начало новой жизни,

Не зная этого, мы плачем.

Если мы об этом знали,

То бы не оплошали...

Умирая,

Становимся ближе к богу.

Ближе к свету,

Ближе к вечности.....

-Да-а.“Устами младенца глаголит Истина” деп бекеринен айтылбайт да. Эмнеден улам ушинтип жазды экен?

-Ким билет?  Ал жарык дүйнөгө келгиче Жогоркунун көп сырын көрдүм. Мен анын акын болушун каалабайм. Сүрөгөн да жокмун. Кызымдын өзүн-өзү таанышын каалар элем. Өзүн өзү таануу деген-Кудайды таанысын дегеним го.

-Жакшы адам экенсиз, эже. Болбосо, мен дегеле киши менен эзилишип сүйлөшө бербейм-деди келин мага карап.

-Жакшы адам экенимди билбейм. Бирок,  алар бар. Бар үчүн дүйнө урабай турат деп ойлойм...

Баса, көкүрөгүң көксөгөн сүрөттү тарта алдыңбы?

-Жок. Тарталбай жүрөм. Кээде тарталбаган нерселер да болот экен.

-Болот. Менин  да жазалбаган нерселерим бар. Тамганын, калемдин күчү жетпейт. Жүрөгүмө калтырып койгон жазмаларым бар...

Кызарган булут

Айыл чети. Айдап койгондой кызыл кызгалдактуу адырлар. Андан ары ак кар, көк муз тоолор заңкаят.

Бир таман жолдо 15-16 жаштардагы кыз кетип баратты. Кыска, чыт көйнөгү менен тең келген өрүлгөн чачы булактап, сеңселген саамайлары шамалга шаңдана кубанычтуу жүзүн чапкылайт. Антпегендечи, аны достору күтүп  жатпайбы. Жылдыз, Динар,  Чынаркандар  гүл терип атышса керек. Аман аларды алыстан  уялыңкы карап  отургандыр. Аман өзү чакырбадыбы.

“Күндө кыздар менен сууга түшүп ойнойсуңар го чоң адыр суусунда, ошол жакка келе аласыңбы? Коркпо, кыздар да бар”- дебедиби. Келесоо, мен  Амандан коркмок белем. Мен аны жанымдан да артык жакшы көрөөрүмдү сезбейт го... Кыздын жүзү нурдана түштү.

 Аңгыча,  арыктын ичинен сорок эткен  Санжардын  башы көрүндү. Кыз токтоп калды. Бул ушул айылдын бейбашы. Балдарды токмоктоп, тамеки тарттырат. Мектепти да ушу бейбаштыгынан бүтпөй калган. Рекэт болуп, өзүнөн кичүүлөргө салык салат.

Санжардын артынан дагы он чакты бала чыга калды. Санжар кыздын колунан тартып, бир метр арыраакта турган чуңкурдун ичине күч менен тартып  түшүрдү. Беркилер жар үстүндө тизилип карап калышты.

-Коё бер дейм! Колум ооруп кетти.

-Ии, сүйгөнүң сатып кеттиби?  Мен алдап чыгарып бер дегем ага. Сен бүгүн менин катыным болосуң...

-Эмне? – кыз тигинин сөзүнө түшүнбөй  калды.

-Эмне уксаң, ошол.

-Айбан ! Айбансың сен!..

-Хи-хи, күлдүрөсүң го адамды. Бирок, сен ачууланганда суп-сулуу болуп кетет экенсиң. Тээтигилер менин бандам. Бүгүн менин бир эрдигиме күбө болушат.

-Колуңан эч нерсе келбейт!

-Келбегенди азыр сага көрсөтөм, даярсыңбы? Даярсыңбы дейм? Же күчкө салайынбы?

-Жакындаба мага! Жогол деп жатам, айбан!

-Ии, тигини кара, жакындасам эмне кыласың?

-Чабам. Өлбөгөн жерде калам. Жогол. Коё бер колумду!

Кыз күч менен жигитти эки колдоп түрттү эле, тигил кетенчиктеп барып отуруп калды.Төбөдө карап тургандар “дуу” күлүп жиберишти.  Санжар намыстанып кетти. Жигит бар күчү менен кызды түрттү эле, энди ал отуруп калды. Ачуусу келе түшкөн эркек кызды ич талаштыра  удаа-удаа тээп-тээп жиберди. Кыз ичин басып, бүк түштү. Жигит жерде жаткан кыздын эки колун капшыра кармап,  кайрый баштады. Тарамыштай болуп, дегеле күчтүүсүн айт. Күшүлдөп-мышылдап аткан жигиттин колдору болоор-болбос калтырап атты. Анысынан кыз эркектин алсыз экенин сезип калды. “Тапкан экенсиң сага оңой эле тебеленип калчууну. Өлсөм өлөм бирок, тебеленбейм” деп ойлонду  ичинен. Оңтоюн таап колун бошотуп ала сала тигини жакка чаап жиберди. Чындап жини келген эркек энди кызды жерге көтөрүп чапты. Көйнөктөрүн тарткылап, айрыганга аракет кылып атты. Кыз аны көкүрөктөн ары түртөт. Экөө боз чаңга оонап калышты.  Баары бир кыз  бала алсыз  экен, “ырп” этээрге дарманы келбей сулк түшүп калды.

-Санжар,  мага тийбе. Андан көрү өлтүрүп салчы.

Кыздын үнү акырын, алсыз  чыкты.

-Өлтүрбөйм. Мен сени өлтүрбөйм....

 Кыз ошол учурда асманды карады. Мурда мындайды көргөн эмес, булуттар куду кызды карап аткансып,  дал эле анын үстүнө чокмороктошуп, үйүлүп алышыптыр.

-Булуттар, жардам...Жардам бергилечи....

Кыз оозун билинээр-билинбес ачып, көктү карады...

Ошол учурда анын оозуна бирдеме кирип кеткенсиди. Байкаса, Санжардын кулагы экен. Жаны кашайып турган неме “шап” эле тиштеп калды. Тиштегенде да кырча тиштеди. Бар күчү, бар ызасы менен кырча тиштеди. Анан эмне болот, азыр эмне болот деп ой жүгүрткөн да жок.  Санжар ачуу кыйкырды:

-Коё бер кулагымды. Коё бер дейм, Мыскал. Мыскал!Азыр өлөсүң. Бошонсом өлтүрөм. Ит болоюн, өлтүрөм!...

Кыз үн катпады. Ага эми баары бир. Санжар аны эмчек талаштыра, моюн, бөйрөк тараптарга муштап атканын да сезген жок.

-Коё бер дейм!..

Жигит кызды алдаганга өттү.

-Коё берчи, жигиттик сөзүм, мен сага тийбейм. Шарт кетип калам. Тээтигилердин астында уят кыла көрбөчү мени. Кыз кулакты кырча тиштеп жата берди. Аңгыча кыздын көзүнө, бетине ысык бирдеме тамчылап, көзү көрбөй калды.

-Энеңди-ии  гана урайын!..

Сөгүнгөн Санжар кыздын үстүнөн турду жаагын сыйпалай. Анан ал кызды шалактатып көтөрүп барып, агып жаткан дарыяга салып жиберди. Кыз оозунда жүргөн нерсени “түф!” деп түкүрдү эле, кулак экен. Тиги зөөкүрдүн кулагы оозунда калган турбайбы. Шуулдап агып бараткан кулакты карады.  Тигинден аман калып, кулак экөө агып баратканына сүйүндү. Эми ал тебеленбей  өлөт. Кандай жакшы өлүм. Кыз каткырып күлө баштады.  Агып баратканына чындап сүйүндү. Жүзүндөгү, денесиндеги кандар  жуулуп, суунун бети кызарып чыкты. Санжар андан мындан бир аттап жете келип, агып бараткан кызды кармап калды.

-Жинди болдуңбу? Агызса эле агып кете бересиңби? Эй, эсиңе келчи, эмне күлүп атасың? Эсиңе кел дейм!

-Булуттар да кызарып кетишиптир, хи-хи!..

-Жинди болбочу, алар кызарбай эле көзүңө кан толуп калыптыр. Мен сага тийбейм. Азыр кетем, сен да үйүңө кетип кал, бу жерде калба. Кулагымды үзүп алганыңды эч кимге айтпа,  макулбу?  Бирөөгө айтчу болбогун! Уктуңбу?

-Уктум.

Тигил кетти.  Кыз асманды караган боюнча чалкасынан түшүп жата берди. Козголгон да, ыйлаган да жок. Булуттар жанагыдай чокмороктошпой, жайылып калышыптыр.

-Ырахмат, булуттар! Ырахмат асма-ан !... Ырахма-аат!

Ал акырын үн катты. Дулдуйган, жарылган ээги араң ийкемге келди. Анын көзүнө сөлдүрөп турган жанагы Амандын элеси тартылды. Көзүнө жаш келди энди. Кыз таяк жегенине эмес, тебеленип кала жаздаганына эмес  сүйгөнүнүн сатып кеткенине эчкирип ыйлай баштады.  Боз чаң үстүндө солуктап жатты....

Жарык

Күн күркүрөгү дале күчүндө. Чагылгандын жаркылдагы бир  керемет го.  Ал мага жарыктын бир ирмемин гана көрсөтүп коюп жатыры. Ооба. Чыныгы жарык сенде да,чагылган. Асманга каттыңбы? ...Мен терезени тиктейм.  Экөөбүз тең үн катпадык. Бүлбүлдөгөн шамдын жарыгында тиги келин улам бийиктеп баратты көз алдымда.

- Амандын жүзүн карабай койгон чыгаарсың?

-  Анте албадым. Анте ала турган болсом ага турмушка чыкпайт элем да. Ооба, ал мени Санжарга салып берди. Ооба, ал мени ооруп атканда таштап кетти. Бирок, Аман ушул азыр келип, “мага аябай керек болуп жатат, жаныңды алганыңы келдим”- десе ойлонбой туруп ал демекмин.  Ал мага сүйүү берди. Сатты, сатпады ал көр пенде маселеси. Жерпенде маселеси. Ал жанымда эмес. Бирок, ал  берген улуу сүйүү жанымда. Дүнүйөнүн нак жүзүн тааныдым. Боёкторду тааныдым. Мен кечиримдүүмүн, көр эмесмин. Мен сокур эмесмин...

Чагылган “жарк” этти. Чагылган дагы, дагы “жарк” этти...

Биз экөөбүз тең  үнсүз терезе тиктейбиз. Көзүбүз терезеде болгон менен оюбуз сырттагы озондоп аткан шамалга кошулуп, чиркин дүнүйөнүн оор-жеңилин салмактай самсаалап,  айкайлап жүрдү....

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз